![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №32, 02.05.08-ж. |
Меймансап Форум Улут көчү Инвестиция, инвестиция жана инвестиция (Уландысы. Башы өткөн санда) Өткөндө улуттук аң-сезим деңгээлине бир аз токтолдум. Ой жоруубуз, үрп-адатыбыз байыркы көчмөнчүлүк доор менен жашап келатабыз маанисинде. Албетте, улут көөнөргүс салт-каадасы, үрп-адаты менен улут экени талашсыз. Бирок, элди - эл, улутту - улут кылып турган, дүйнөтүзүмдө ордун таптырган, алга сүрөп, артта калтырбай улам жаңы заманга алып чыгып турган - аң-сезим өрүшү, анан чарбачылыктын жаңы ыкма-жолдору. Мезгил турбайт. Ачыгын айтсак, кыргыз улуту азыр тарыхында сейрек учуроочу тагдыр чечкен өткөөл учурду баштан кечирип жатат десек, болгонду болгондой айтканыбыз. Бүгүн улуттун жаңы заманга умтулган, байыркыдан таптакыр башкача көчү башталды. Азыр башыбыздан кечирип жаткандын баары - ошол улуу көчтүн башаты. Илгери журт которуп, башка жерге сүрүлүп көчкөндөгү тоо-таштан, аска-белден, какыраган эрме чөлдөн, ай талаадан, шаркыраган суулардан өткөндөй эле бүгүнкү тар замандан, зар замандан өтүшүбүз керек болуп турат. Бүгүн бизге илгерки Манасты пир тутуп, байыркынын нарктары, кенчи, көчмөнчүлүк туруп-тутум бойдон кала берүү, буларга сыйынуу колу-бутубузду тушап жатканы айкын болууда. Жаңыча бир нерсе сунуш кылган, мейли европача, америкача же орусча болобу, айтор, ашатылган тери, шыбоо жыттангандан башкача жолго түшөлү, дүйнө өрүшүнөн калбайлы дегендерди жемелеп-жулмалап, кекетип-мокотуп, кыргызды сатты, элди бузду деп киребиз. Эл мурдагыдай эле кайдан-жайдан бир Манас сыяктуу жолбашчы келет, баарын оңдоп-түзөп, илгери Бээжинди чапкансып, рынокко, капитализмге, иши кылып, жаңыча жашоого алып өтөт деген сезимге байланууда. Жеке кудуретибизге ишенбей, майда-барат иште да жетелеме, айдатма болуп көнгөнбүз. Жакшы бийлик болсо эле жыргайбыз деп. А бийликтин ою таптакыр башкада. Балким, Курманбек Бакиев, дагы бир эки-үч жетекчи элдин келечегин, аны кантип курушту ойлоор. Калганы карабашынын камын ойлогон көрпенде эле бойдон. Ушундай шартта коррупция менен күрөшүү дегеле болбогон нерсе. Азыркы бийликтегилер, тагыраак айтканда, мамлекеттик администрациялардын, министрлик-ведомстволордун басымдуу көбүндө өзүлөрүнүн чын кудуретин жакшы билишкендиктен, алгылыктуу эч нерсе жасабай, жалаң бирине бири кагаз которуу менен алек. Жөнөкөй мисал: жакында мамлекет башчысы өкмөттү жыйнап, аткарылган ишти сурап талап кылса, өкмөт мүчөлөрү Апенди менен Куйручукча кайра президентке акыл үйрөтүп, жасакерленип, Бакиев "бээ" десе, алар "төө" деп отуруп алышты го. И.Чудиновдун өкмөт башчы катары аброю начардыгы, катуу талап кыла албастыгы билинип калды. Бир чети тегерегинде бүт машташкандар курчап турса, эмне кыла алат. Бирдеме жасайын, тартип орнотоюн, талап кылайын десе эле кайдан-жайдан тигилердин крышалары, колдоочулары жаалып кирет. Аларга чындап каршы турганга жүрөгү даабайт. Бүгүн чындыгын айтканда эл дал Конституцияда жазылгандай накта бийликтин ээси, булагы болуп турганын өзү сезбей жатат. Себеби, бийликтин чамасы чакталуу болуп калды. Чоң бир козголуш болсо эле ыдыраганы турат. Албетте ага жеткирбей мыйзам чегинде катаал чараларды көрө алат. Бирок, өзүнө да, бүгүнкүдөй арабөк жашоого да батпай бараткан калың элди жалаң куралдуу күч менен кармап туруу мүмкүн эмес. Андан көрө дээрлик ар бир жарандын жеке турмушунда сезилгидей реформа, жаңылануу суудай керек болуп турат. Ал үчүн бийликке канчалык жакпаса да, ага жарандык коомчулук, оппозициянын таза өкүлдөрү, бейтарап күчтөр менен биргелешип жаңылануудан, анан өз катарын тазартуудан башка аргасы жок. Улуттун аң-сезимде кескин бурулуш жасоо үчүн азыр эң башкы нерсе - улуттук өнөр жайды, ал аркылуу улуттук жумушчу табын түптөө. Большевиктердикине окшоп турса да, мындан башка ылайыктуу жол жок, табылбайт. Себеби, көчмөн доорунун сезими менен жашап келаткан калың элди өнүгүп-өөрчүгөн маданияттуу эмгек аркылуу гана ойготууга, өз күчүнө ишендирүүгө, адал эмгеги аркылуу баар тапканга үйрөтүүгө болот. Антпесе, эл жалаң соода-сатык менен алектенип, соодагер болуп кетти. Ал эми өнөр жайды четтенби, өзүбүздөн болобу, инвестициялар аркылуу калыптандырууга, бутуна тургузууга мүмкүн. Кезегинде мындай инвесторлорго салык жеңилдиктери берилиши, ал тургай салыктан таптакыр бошотулушу керек. Мунун акыбети эртең эле эки-үч эселенип келет. Күркүрөп иштеген завод-фабрикалар, ишканалар, алардан казнага түшүүчү салык, жүз миңдеген жумуш орундары түрүндө. Анан, албетте, мунун баары катаал мамлекеттик көзөмөлдү, тартипти, мыйзамды бузгандарды, алкы бузук машташкандарды аеосуз жазалоону шарттайт. Болгону ушул. Ушуну жасаш гана керек. (Уландысы бар) Садырбек Чериков Акүйдү караган "ачкадан" өлбөйт Кампабыз кампайабы же каатчылык аралайбы? 30-апрелде Жогорку Кеңеште азык-түлүк коопсуздугу боюнча өкмөттүн маалыматын уккан адаттан тыш жыйын өттү. Сессия да, парламенттик угуу же комитеттин жыйыны да эмес. Иши кылып эл өкүлдөрү чогулган бир жыйын болду. Муну төрага А.Мадумаров үч фракция биргелешкен азык-түлүк коопсуздугу боюнча өкмөт отчетун угуу жыйыны деп атады. Алды менен узакка созулган баяндаманы премьер-министр И.Чудинов окуду. Андан кийин депутаттар суроо-жоопко өтүшүп, өкмөт мүчөлөрүнөн тийиштүү жоопторду алышты. "Күзүндө буудайдын баасы канча болот?" деген депутат А.Шадиевдин суроосуна айыл чарба министри А.Ногоев "18-19 сомдун тегерегинде болушу мүмкүн" деп жооп узатса, төрага А.Мадумаров "Ушуну айтпай эле койбойсуңарбы, себеби, күзүндө баланча экен деп айрым адамдар буудайын катып алат" деп тынчсызданды. Ошондой эле спикер "Бир айдан кийин кээ бир райондордо буудай оруу башталат. Анан камаз-камазы менен биздин буудайларды коңшу өлкөлөргө ташый баштайт. Муну тез арада токтотуу керек. Эгер мындай кылбасак коңшу өлкөлөр эртең эле "Кыргызстан биздин буудайды ташып кетти" деп кайра өзүбүздү күнөөлөйт" деди. Азыркы күндө жер дыйкандарга бөлүнүп берилгени менен аны иштетүү оңойго турбайт. Иштетип эгин айдаган күндө да түшүмдү сатуу дыйкандар үчүн бир топ түйшүк. Көпчүлүк учурда жер өз кайтарымын актабайт. Ошондуктан айдоо жерлердин көпчүлүгү пайдаланылбай, буга дыйкандардын кызыгуусу калып кеткен. Бул маселени депутат А.Сабиров көтөрүп чыкты. Ал өлкөнүн түштүгүнө барсаң кайсы жер тажиктерге, кайсы жер кыргыздарга тиешелүү экенин айдалган эгинден эле байкаса болот деди. Кээ бир депутаттар эгер дыйкандар жерди үнөмдүү пайдаланбаса кайра алып коюу чараларын киргизүүнү сунуштады. Бирок премьер-министр И.Чудинов "Эгер дыйкандын колунда кызыл китеби болсо эмне кылса өзү билет, дыйканды жерди иштетүүгө мажбурлоонун жападан жалгыз жолу - жер салыгын көтөрүү" деп жооп берди. Чындыгында жер Кыргызстанда бардык адамдарга бирдей өлчөмдө бөлүнгөн эмес. Анан да адам өзүн жердин чыныгы кожоюну катары сезсе, аны мыкты иштетет деген илгери үмүт бүгүн өзүн актаган жок. Себеби, элдер үлүшкө тийген жерине там салып жашап жаткан фактылар өтө эле көп. Эгер ушундай боло берсе, келечекте биз эгинди чатырдын башына эгебизби деп А.Сабиров жана бир катар депутаттар кабатырланды. Сенегал, Гаити, Мазомбик сыяктуу мамлекеттерде ачкачылык бунттары чыгып жатканын, "ооруну жашырсаң, өлүм ашкере кылат" дегендей, мунун баары маалымат каражаттарында жарыяланып, атургай улуу Кытай мамлекети өздөрүнүн жарандарын чет жерлерге дан эгиндерин айдап оокат кылгыла деп жөнөтүп жатканын кабарлап, айыл чарба министри А.Ногоевден береги эле чоң Чүй каналынын астындагы жерлердин эмнеликтен айдалбай жатканын сурады. Министр мырза дыйкандар буудай эгүүгө кызыкдар болсун үчүн 300 миң тонна буудайды четтен эмес, кыргыз дыйкандарынан жыл сайын сатып алуу керектигин, ошондо гана дыйкандар буудай айдоого кызыкдар болорун маалымдады. Ал эми жанагы ачкачылык каптаган Африка өлкөлөрүндөгү жашоо-турмуш биздегиден жүз эсе жамандыгын, кудай буюрса бизде ачарчылык болбой турганын баса белгиледи. Анан да министрдин айтуусу боюнча жыл сайын 350-400 миң тонна буудайды Казакстандан сатып алабыз. Ошол буудайды биз өзүбүздүн дыйкандардан сатып алсак болмок, себеби, 100 миллион доллар акчабыз Казакстанга кетип жатат. Казак өкмөтү өздөрүнүн дыйкандарынан бир тонна буудайды 150 доллардан сатып алып, бизге 250 доллардан сатып жатат. Ушундай плансыз саясаттын айынан 2007-жылы 147 миң гектар жер айдоосуз калган. Азыр матрезервде 70 миң тонна буудай сакталып турат. Эгер баа кескин көтөрүлүп ун тартыш болсо, өкмөт колунда жок адамдарга ундан жардам бермекчи. Муну премьер-министр И.Чудинов билдирди. "Президент Бакиев Казакстанга барганда 300 миң тонна буудай алуу үчүн сүйлөшүү жүргүзүп келди. Ошол буудай биздин кайра иштетүүчү ишкерлерге берилеби?" деген суроону депутат Р.Тагаев берди эле, премьер-министр биринчи кезекте дал ошол тегирмендерге таратыла турганын кабарлады. Андан тышкары депутат Р.Тагаев элдин басымдуу бөлүгү жерди иштетүүнү каалабагандыгын, ошондуктан иштөөгө мажбур кылуу жолун табууну сунуштаса, коммунист Б. Акунов азыр эң ири капиталисттик өлкөлөр деле пландуу иш алып бара жатканын айтып, бизде да муну колдонуу керектигин белгиледи. Мындан тышкары депутаттар ирилештирилген айыл чарба кооперативдерин түзүүнү, кайра иштетүү, күйүүчү май боюнча айыл чарбасына тиешелүү маселелерди көтөрүшүп, округдарда иштөө үчүн 14-майга чейин тарап кетишти. Келдибек НАЗИРОВ |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|