Коомдук-саясый гезит
№33, 06.05.08-ж.

Меймансап
Форум




  Миң түркүн ... президент

Михаил Саакашвили
Грузия президенти негизги шериги - парламент спикери Нино Бурджанадзе менен да эки ачакей жолго түштү. Башкача айтканда, аны менен бирге "роза революциясын" жасагандардын баары президентти таштап кетти. Россия менен болгон мамиленин акыбалы да начар. НАТОнун, Батыштын жардам кылары бүдөмүк. Кыскасы, Саакашвили парламенттик шайлоо алдында "саясый жетимге" айланып, Грузияда ички саясаттын жаңы кризиси башталды.

Владимир Путин
"Коомдук пикир" фондунун сурамжылоосу боюнча, Путиндин башкаруу мезгилинде ички да, сырткы да саясый жетишкендик, өсүш байкалганын Россия калкынын 78%ы белгилеген. Элдин айтуусу боюнча, президенттик мөөнөт аралыгында ал "элге жакындап", "өзүнө бекем ишенген", "талап кое билген", "акылман" жетекчи болууга жетишти. Анын саясый ишмердүүлүгүн колдогондор көрүнө өсүп келет. Эртең, 7-майда анын полномочиеси аяктап, жаңы президент Дмитрий Медведевдин инаугурациясы өтөт.

Уго Чавес
Венесуэланын президенти "Алло, президент" телепрограммасынан өзүнүн мамлекетин "Түштүк Америкадагы эң бактылуу мамлекет" деп атады. Мындай пикир британдык окумуштуу Эдриан Уайттын изилдөөсүнө таянат. "Венесуэла өкмөтү өз калкын азык-түлүк, медициналык тейлөө, жана башка жашоо шарттары менен камсыздоодо көз жаздымда калтырбайт. А эми эл өзүн бактылуу сезиш үчүн мындан башка эмне керек" дейт президент.

Первез Мушарраф
Пакистан президенти тактысынан таптакыр кол жууп калбас аракетин кылып, парламенттик республикага ылайык полномочиесин чектөөгө даяр. Мунусун Пакистандын бекем демократиясы үчүн деп актанганы менен, президент импичменттен коркуп турганы көрүнөө. Февраль айындагы парламенттик шайлоодо ага каршы эки оппозициялык күч - экс-премьер Наваз Шариф жетектеген Пакистан мусулман лигасы менен Пакистан элдик партиясы (өлтүрүлгөн Беназир Бхуттонун күйөөсү Асиф Али Зардари лидерлик кылат) уткан. Андыктан, президент булардын жетегинде болуудан башка айласы жок. Ушул эле учурда президенттин бийлик чектөө кадамына каршы турган жаңы премьер катуу позиция карманарын билдирди.




 Айланбас жердин айланма жаңылыктары


АБХАЗИЯ. Жекшемби күнү кечинде Абхазия аймагында грузиялык эки чалгындоочу пилотсуз учактардын атып түшүрүлгөндүгү белгилүү болду. Биринчи учактын айрым бөлүктөрү аталган республика аймагында табылды. Жергиликтүү бийлик Тблисинин согуштук аракеттерине каршылык көрсөтүүгө даяр экенин билдирди. Ал эми Грузия мындай маалыматты дароо четке кагып, "грузин-абхаз конфликтисинин курчушуна себепчи боло турган провокация" деп баалоодо. Россия Грузиянын мындай аракетин сынга алып, Абхазияны колдоо максатында кошумча аскер техникасы менен камсыздоодо.
БОЛИВИЯ. Өлкөнүн эң ири жана бай Санта-Крус провинциясы 4-майда Боливиянын курамындагы өзүнчө автономиялуу республика болуу үчүн референдум өткөрдү. Конституцияга киргизген өзгөртүүлөргө каршылыгын жергиликтүү калк ушундай ыкма менен көргөздү. Президент Эво Моралес референдумду мыйзамсыз атап, ага өз тарапкерлерин катышпоого үндөдү. Добуш берүү кагылышуулар менен коштолуп, 25 адам жараат алып, 1 адам өлгөн. Ушундай эле референдумдар Боливиянын дагы бир нече провинциясында күтүлүүдө.
КЫТАЙ. Мамлекеттин саламаттык сактоо министрлиги энтеровирус-71дин кеңири жайылышынан улам коңгуроо кагууда. Инфекция булагы болгон бир эле Фуян шаарында вирустан 22 бала көз жумган. Расмий билдирүүлөр боюнча вирус жугузгандардын саны 3763кө жетти. Он беш шаарда жалпысынан 4,5 бала вирус жугузган. Адистердин айтымында вирустун өнүккөн мезгили июнь, июль айларына туш келип, өлкөнүн башка аймактарына да тарап жатат.
МЬЯНМА. Тропикалык "Наргис" циклону 351 адамдын өмүрүн алып кетти. Табигый кырсыктан өлкөнүн борбор шаары Янгон ири көлөмдө жабыр тартты. Имараттар кулап, байланыш каражаттары бузулган. Мындан тышкары, өлкөнүн көпчүлүк калктуу пункттарын суу каптаган. Ушу тапта циклон коңшу Тайландды көздөй бет алды.
ИРАК. Багдадда өлкө президентинин жубайы Хиро Ибрагим Ахмедге кол салуу аракети болду. Кортеж Улуттук театрга бараткан жолдон жардырууга дуушар болгон. Биринчи айым аман калып, төрт жансакчысы жабыр тарткан. Ирак полициясы иликтөө иштерин жүргүзүп жатат. Экстремисттер Хиро Ибрагим Ахмед айымды терактка саясый маани берүү үчүн бута катары тандаган деген маалыматтар да бар.
ГОНДУРАС. Абактагылардын өз ара келишпестигинен улам мушташ чыгып, 18 адам өлгөн. Жаңы келген арестанттарга жергиликтүүлөр бычак, пистолеттер менен кол салышкан. Полициянын айтымында, мушташ түрмөдөгү бир нече топтун ортосундагы кастыктан улам чыккан.
ВЕНГРИЯ. Афганистандагы аскер кызматкерлеринин санын көбөйтүүнү пландаштырууда. Эми Кабул аэропортунда 60 венгер аскери кызмат өтөп, 2009-жылы алардын саны 40ка көбөйөт. Бүгүнкү күндө Афганистандагы венгер контингенти 210 адамды түзөт.
ОЛИМПИАДА ОТУ Кытайга кайтты. От өлкөнүн 113 шаар-райондорунда болуп, 40 миң км аралыкты басып өтөт да Олимпиадага 2 күн калганда, 6-августта, Пекинге жетет. Жергиликтүү калк Тибет тарапкерлеринин козголоңдоруна карабастан, Олимпиадага колдоо көрсөтүшүп, анын ийгиликтүү өтөрүнөн кам санашпайт.




  Дүйнөкүн

Эсдүйнө. Түркмөн бийлиги Ашхабаттын так ортосунда жайгашкан Сапармурад Ниязовдун эстелигин алып салууну чечти. Алтын жалатылган бирнече метрлик айкел күндүн айлануусу боюнча жылып турат. Эми ал эстелик шаардын түштүк аймагына көчүрүлөт. Түркмөнбашынын жана анын туугандарынын көптөгөн эстеликтери Ниязовдун көзү тирүүсүндө тургузулган.
Жардүйнө. Американын белгилүү ырчысы Мэрайя Кэри өзүнөн 11 жаш кичүү, кең чөйрөгө ысымы эчнерсе айтпаган актер Ник Кэннонго баш кошту. Экөөнүн таанышканына толук бир ай бололекте мындай кадам кылганына ырчынын тууган-достору аң-таң болуп, бул нике көпкө созулбастыгын көзүачыктык кылышууда. Ал эми Мэрайянын биринчи жары Томми Моттолой рекорд-бизнестин магнаты болгон.
Сотдүйнө. Россиянын Новгород шаарынын сот аткаруучулары бересе адамдан 6 тыйын карызды өндүрүп алышты. Бул үчүн сот аткаруучулар ондогон иш кагаздарын ар кай жакка даярдап жөнөткөн. Ал эми бир конверттин эле баасы карыз тыйындан 130 эсеге кымбат турган. Новгороддун ушул эле Боровическ районунда 2008-жылы бир рубльга чейин соттошууга 150 иш кагазы аткарылууга даярдалган.
Таңдүйнө. Американын Элтон шаарындагы колледжде 50 жаштагы мугалим Джейн Кодрас окуучуларынын арызы менен камакка алынды. Сабак учурунда тарыхты саймедирегендин ордуна, мугалим абийирсиз сөздөр менен ар кыл окуяларды баяндап көп сүйлөгөнү аз келгенсип, өмүр "тарыхын" уятсыз кыймыл-аракети менен да коштоп берген. Натыйжада, студенттердин нааразылыгы полиция тарабынан канааттандырылды.

Бетти даярдагандар
Салтанат КЫДЫРМАЕВА, Канышай БЕШБАЕВА














Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan