![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №33, 06.05.08-ж. |
Меймансап Форум Эл аман Эсте сакталуу, көңүлдө катталуу Редакцияга телефон чалып, "Улуу жеңиш күнүнө карата, согуштун ардагери, бир нече ордендердин ээси, майып болуп келген атама эскерүү берсемби" деген Күлүйпа Сайфидин кызы Исаева апанын өтүнүчүн гезитибизге жарыялоону туура көрдүк. Атам Исаев Сайфидин Атамекендик согуштун ардагери. Согушка чейин педагогикалык окуу жайын бүтүрүп, мугалимдик кесипке ээ болуптур. Биртууган иниси Исаев Райке мектептин директору болуп, экөө иштеп турганда каардуу согуш башталган экен. Анда мен үч жашта болчумун. Атам эки иниси менен согушка аттанат. Атамды, дагы бир топ жаштарды азыркы Панфилов районунда алты айча пулемет атканды үйрөтөт. И.В.Панфилов өзү жетектеген 316-дивизиясын түзүп, согушка жөнөп кетишет. Москваны коргоого болгон катуу, кандуу салгылаш тарыхтан маалым. Атам ошондо кошо согушкан. Катуу салгылашта И.В.Панфилов жана дагы 28 жоокер ошол жерден окко учушат. Панфиловдун 15-16лар чамасындагы кызы атчан келип, атамдын өчүн алып бергиле деп ыйлаган экен. Аны көрүп баарыбыз ыйладык дейт, атам. Ошондон көп узабай атам оор жарадар болуп, аны госпиталга алты итти чанага кошуп жеткиришет. Операция болуп, анча айыга электе эле кайра согушка жиберет. Анткени адис пулеметчу жетишсиз экен. "Душмандар менен согушуп жүрүп, канча кыш, канча жай өткөнүн билбей да калдык. Согушту Сталиндин кайраты менен жеңдик. Согушуп жатсак да кулагыбыз радиодон Сталиндин сөзүндө болчу. Туугандарыбызга кат жазганга да үлгүрчү эмеспиз. Ошентип, Белоруссияга жакын калганда дагы жарадар болдум. Болгондо да бир көзүм сокур болуп, госпиталга жаттым. Жасалма айнек көз салышты",- деп эскерип калар эле атам. Согушта атам көп орден алган. Аны бир ак жуумал орус аял атка мингизип жеткирип келгени эсимде. Ал аял балдакчан, эки буту баспаган, бир көзү жок атамды алып келип, апамды чакырып: "Эгерде силер баш тартсаңар, кайра алып кетебиз" дептир. Ал кезде согуштан жарымжан, майып болуп келгендерди үйбүлөсү багалбай, баш тарткандар да болгон экен. Апам болсо атамдын тирүү келгенине кубанып, андан баш тартпайм деп кол коюптур. Атам биз менен учурашып, бактын түбүнө отуруп калганда айылдагылардын баары келишип, менин баламды көрдүңбү, менин күйөөм тирүүбү деп сурап, ыйлап атышты. Атам өзүнүн уялаш биртууганы Райке экөө Сталинградга чейин барышыптыр. Ошол жерден Райке атчандар полкуна өтүп, атам Панфилов дивизиясына кетиптир. Иниси менен коштошпой, жакшы бар деген боюнча эле кетип калдык деп айтып калчу. Көрсө, инисин акыркы жолу ошондо көрүп, узаткан экен. Атам келгенде мен "чоочун киши келди" деп андан чочуркап, качканым эсимде. Атамдын өз ата-энеси кичинесинде эле өлүп, чоң энеси багыптыр. Атам согушта жүргөндө чоң апамдын көз жумганын сездим деп айтып калчу. Өзүмдүн апам айылда, колхоз талаасында буудай оруп, таш чогултуп, эртеден-кечке жаны тынчу эмес. Азыркы Чоң Чүй каналын казчубуз деп айтчу апам. Чоң апам улгайып калгандыктан бизди багып үйдө отурчу. Жүн тытып, жип ийрип, күнүгө "Кудай жаштын тилегин берет, атаңардын аман-эсен келишин тилегиле" деп ыйлачу. Бизди чоң энелерибиз машак терип келгиле деп жиберчү. Колхоздун талаасында буудайды колго оруп кетишчү. Ошондон бирдеке калдыбы деп жерден машак терип келип, аны жанчып, жүгөрү нан жечүбүз. Аны да ысыгында жебесең, муздаганда бытырап кетчү. Өзүбүздүн огородубузга биртике жүгөрү айдачубуз. Чоң энем үч уулун согушка узатып, өзү бирин да көрбөй арманда көз жумду. Атамдын өзү менен кошо согушка кеткен эки иниси кайтпай калды. Кичинемде атам согуштан алып келген ордендери менен ойносом, апам аларга тийбе деп урушуп калар эле. Анда атам тим кой, балдарым ойносун, согуштун мага кереги жок, экинчи болбосун деп апамды тыйып калчу. Согуштан келгенден кийин атам көп жылга чейин бутунан ооруп жүрдү. Жакшы болуп сакая баштаганда өз кесиби - мугалимдикке жарабай, колхоздо кампачы болуп, таразада иштеди. 2-группадагы майып, согуштун ардагери, активист, колхозго көп жардамын берген инсан эле. Кийинчерек бутун карасам, бутунда тоголок, дөмпөйгөн жерлери бар экен. Бул эмне десем, согуштан калган сыныктар деди. Мен операция кылып алдырып салалы десем, "кой кызым, ушул сыныктар өзүм менен кетсин, экинчи согуш болбосун" деп койду. Эми согуш болбосун, элибиз аман болсун деп тилечү. Кудая шүгүр, элибиз аман, ал киши көз жумган. Кагазга түшүргөн Назгүл КАЛМАМБЕТОВА Тагдырдын тайгүлүк ташы Капаста калган өмүр Жамалкан мешке отун калап жатып, бүлбүлдөп барып "дүрт" эте күйгөн отту карап отуруп, күйөөсүнүн эртең мененки урушун эстеди. "Сенин айыңан менин жолум байланды. Ата-энем болбогондо дегеле сени менен жашамак эмесмин. Тиги кызыңды карачы өзүңө окшош, өлжүрөп. Сен үчүн досторумдун шылдыңынан арылбадым" деген күйөөсү эшикти тарс жаап чыгып кеткен. Эми ал ушуну менен кечинде келет мас болуп. Кайра эле Жамалканды кекээрлеп, аны эч качан алгысы келбегенин, кайната-кайненесине калың бериштин ордуна, алар ага калың беришкенин айтып көпкө чейин шылдыңдайт. Жамалкан мындайда эмне кылмак, унчукпай кутулат. Болгону көз жашын жаздыкка чыгарат. Күйөөсү экөө бир топтон бери чогуу да жатпай калышкан. Беш жашар Алинасын кучактап жатып, ал уйкуга кеткенде ыйлап, мындай турмушка кандайча туш болгонун кайта-кайта эстей берет. Анда Жамалкан он алтыда эле, онунчу класста окуп жаткан. Жакшынакай туруп эле түшүнүксүз ооруга кабылды. Уктап кеткенден бир-эки сааттан кийин ойгонот да, эчкимге ээ-жаа бербей, түшүнүксүз бирдеңкелерди айтып, эшикке жулунат. Кызынын бул абалынан чочуган энеси балким өтүп кетээр деп, эч кимге билдирбөөгө аракет кылды. Жамалкан эки-үч күн тынч уктайт да, кайра баягысын дагы баштайт. Мындайда Жамалкандын тили булдуруктап, эч кимди тааныбай, анан аябай күчтүү болуп кетет. Бир жолу ошентип жулунуп атып, огороддун башынан аны ата-энеси араң кармап келишкен. Кармап келгенден кийин дагы жулунуп чыгып кетпесин деп аны керебетке таңып коюшту. Эртеси Жамалкан ойгонуп, керебетте таңылуу жатканына таңгалып, апасын чакырды. Апасы келип, кызынын түндөгү абалын айтса, ал аябай таңгалып, эч нерсе билбей турганын айтты. Энеси кызынын эчнерсе билбесин укканда огобетер убайым тартты. Бир топко ойлонуп отуруп, райборбордо турган эжесине барып кеңешип келмекчи болду. Жамалканды ээрчитип алып, машине тосуп районго келди. Эжеси экөө Жамалканды майда-чүйдө алып кел деп базарга жөнөтүп, кеңири сүйлөшүштү. Акыры Жамалкан эпкиндеп кетиптир, тезинен молдого окутуш керек деген бүтүмгө келишти. Атүгүл ушул эле райборбордо жаңыдан чыгып келаткан дубасы күчтүү молдонун бар экенин, эртеңден калбай Жамалканды ага көрсөтүүнү чечишти. Ошентип, жашы кырктар чамалаш, жапалдаш бойлуу, чокчо карасакалы жылтылдаган, шыпылдаган молдо Жамалканга жумасына бир жолудан дем салып турмак болду. Жамалкан канчалык каршылык көрсөтсө да, энесинин тилинен чыгалбады. Райондогу молдонукуна келгенде, анын жаш кызды эркелете караганы, колунан жумшак сылаганы кыз үчүн такыр түшүнүксүз эле. Бирок атайын бөлмөдө молдо экөө жалгыз калганда, ал бат эле үргүлөп уктап кетчү... Арадан жарым жыл өткөн соң, Жамалкан түнүчүндө жулкунуп тура качпай, тынч болуп калды. Энесинин да көңүлү тынчып, "кызымдын эпкини өтүп кетти" деп, тиги молдого миң мертебе ыраазы болуп жүрдү. Бирок анын тынч жашоосу көпкө созулбады. Байкаса, кызынын баскан-турганы салмактанып, ичи чыгып келатат. Ошо замат кызынын жер-жеберине жеткизе тилдеп, ким менен жатканын сурап, Жамалкан эч ким менен жатпаганын айтып карганганда гана, көңүлүнө бир нерсе тык эте түшүп, шалдайып отуруп калды. Маңдайында көз жашын төгүп отурган кызынан дуба түшүргөн молдо жөнүндө сурай баштады. Жамалкан анын бөлмөсүнө кирери менен эле уйкусу келип, уктап кетип жүргөнүн, анын андан ары эмне кылганын билбегенин айтты. Апасы кызынын жагдайын түшүндү. Жамалкандын абалын атасы билсе, экөө тең оңбой каларын ойлогон эне ар шылтоону айтып, бир торпокту саттырып, бая райборбордогу эжесиникине кызы экөө жөнөп кетишти. Эжеси абалды түшүнгөн соң, райондук ооруканада иштеген тааныш доктурун үйгө чакырып, Жамалканды көрсөтүштү эле, ал анын алты айлык боюнда бар экенин айтты. Таңаткыча эже-сиңди эмне кыларды кеңешип, эртеси Жамалкан апасы экөө Бишкекке кетишти. Апасы айылдан угуп жүргөнү боюнча Ош базарынын тегерегиндеги майда көчөлөрдөгү үйлөрдүн биринен ижара таап, бир жумага деп акысын төлөдү. Эжеси экөөнүн сүйлөшкөнү боюнча, кызын үйдө калтырып, өзү Аламүдүн кичирайону тарапта жайгашкан төрөт үйүнө келип, аборт жасай турган доктурду иликтеди. Жашы элүүгө келип калган эткээл сары аял анын айтканын кунт кое укту да: "Аборт жасоого болбойт, жасалма жол менен гана төрөтүүгө болот" деди. Тиги анын айтканына шар эле көндү, иши кылып кызым боюнан бошосо болду деди. Ишти үч миң сомго баалашып, эртеси Жамалкан энеси экөө сары аял айткан жерге келишсе, тиги күтүп турган экен. Ал Жамалканга үч-төрт жолу ийне сайып, кыздын үнү Кудайга жеткидей чаңырып жатып, үч сааттан кийин энеси экөө ал жерден чыгышты. Канчалык жашырса деле болбой, бул окуяны бүт айыл сөз кылып жатты. Айласы кеткен энеси Жамалканды окуудан чыгарып алып, коңшу айылдагы мурда эки аял кетирген Асыранкулдун ата-энеси менен сүйлөшүп, ага кармата берген. Асыранкул менен үч жыл жашап бир кыздуу болушса да, Жамалкандын багы ачылбады. Бир кезде тагдырына балта чапкан молдону, апасын, эрксиз өзүн тилдегенден башка айла таппай, буулугуп жашап келет... Гүлбара СЕРКЕБАЕВА |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|