Коомдук-саясый гезит
№33, 06.05.08-ж.

Меймансап
Форум




  Дөөлөрдүн махабаты

Жахангир жана Нур Жахан
Индиянын орто кылымдагы могол императору Акбар май-рам-тойлорду абдан жактырар эле. Байбачалардын аялдары, кыздары соода кылуу үчүн аркандай майда-барат жасалгалар, кездемелер, кооз буюм-тайымдар сатылчу "аялдар базарын" дал ошол император баштаган. Базар уюшулган ушундай күндөрдүн биринде анын уулу Салим жаш селки Мехруннисага жолугат да, ошол күндөн тарта бул сулуу менен ооруп калат. Кыздын атасы, императордун аскерлеринин миңбашы Гийяс Бег бакыт издеп Ирандан Индияга 1576-жылы сапар тартып, кызы жолдон төрөлгөн эле. Тактысын алып калчу уулунун бул селкиден башы айланганын жактырбаган атасы кабатыр болуп, өзүнүн аскерлеринин бири, иран улутундагы Шер-Афканга кызды алып берип, чоң кызматка көтөрөт да, аларды өздөрүнөн ыраак - Бенгалиянын Бурдван аймагына көчүрөт. Биртоп жылдан кийин Акбар дүйнөдөн кайтып, Салим тактыга Жахангир деген ысым менен отурат. Ошондо ал күйөөсү, кызы менен жашап аткан чүрөк Мехруннисаны эстейт да, Шер-Афкандын ага келүүсүн буюрат. Оюнда аны жубайы коштоп келет деген ишеничте болот. Императорго кызмат кылууда ниети түз, бирок өтө сак Шер-Афкан бир нерсени сезет да, ага баруудан баш тартат. Император Шер-Афканга Бенгалиянын башкаруу кызматында иштеген Кутб уд-дин аттуу адамды жөнөтөт. Императорго баш ийүүсүн түшүндүрүп киргенде эле Шер-Афкан тигини кылычы менен ичке сайып өлтүрөт да, өзү анын кароолунан жарадар болуп, эптеп үйүнө жетет. Өз намысын сактоо кыязында аялын өлтүрүүгө бет алат. Бирок, маңдайынан чыккан кайненеси күйөөсүн өлдү деп уккан Мехрунниса кудукка боюн таштаганын угузганда, кансыраган Шер-Афкандын жаны дароо үзүлөт.
Император Мехруннисаны Сарайына алдырат. Бирок, Мехруннисанын күйөөсү мамлекеттик чыккынчы аталгандыктан, мыйзам боюнча ага дароо үйлөнө алган жок. Арзыганы Акбардын жубайларынын биринин кол алдында жашап, көп жылдардан кийин гана экөө үйлөнүп, көз тайгылткан, таңдай тамшанткан той өткөрүшөт. Ошол күндөн баштап Мехрунниса Индиянын тарыхына Нур Жахан (Аалам Нуру) деген ысым менен кирет. Ошондо ал отуз төрт жашта болчу. Анын сулуулугу менен жаштыгынын сыры баарын таңгалдырчу. Ал мыкты колөнөрчү, Махфи деген псевдоним менен ыр жазган акын дагы эле. Буга чейин тогуз аял алган Жахангир аны жанындай көрүп, өзүнүн айтуусунда "жубай эмне экенин эми гана түшүнөт". Нур Жахан императорду өзү дарылап, мамлекет аралап жолго же мергенчиликке чыккандабы, дайыма жандап жүрчү. Аялынын пил үстүнөн жаа менен арстанды бир эле атып өлтүргөнүн өз мемуарында суктануу менен сүрөттөгөн. Бара-бара аны мамлекеттик иштерге да аралаштырып, өзү вино, апийим, оюн-зоокко тартылат. "Башкарууга анын акылы жетик, эрки күчтүү, мага болсо таттуу даам менен вино гана керек" дейт Жахангир. Нур Жахан империяны башкарууда алдыңкы орунга чыгып, ысымы тыйындарда жана мамлекеттик мөөрлөрдө күйөөсү менен бирге болот. Ал элчилерди, арызчы, сурамчы элди кабыл алып, согуш жана тынчтык көйгөйлөрүн чечет. Жер, кызмат маселелерин бөлүп таратат. Анын тууган-тааныштары бул жагынан биринчи орунда турган. Биртууган агасы Асаф Хан болсо эң биринчи кеңешчиси болуп дайындалат. Мындай башкаруу бурулушу басымдуу көпчүлүккө жакпайт. Жогорку кызматтагы Жахангирдин ишеничтүү жакын адамы Махабат Хан мындай намыссыздыкты, аялына болгон ишеним кумарын токтотуусун, эсине келүүсүн, тарых мындай нерсени башынан өткөрүп көрбөгөнүн айтат. Жахангир башкаруу чылбырын колго алууга аракет кылганы менен, Нур Жахандын падишахка болгон таасирине Махабат Хан сыяктуу эки жүздөгөн адамдын да күчү жетпейт. Император экөөнүн ортосунда бала болбогондуктан, такка бекем отуруш үчүн Нур Жахан эки никени байлайт: Жахангирдин уулдарынын бири Хуррамга Асаф Хандын кызын алып берет (кийин, Хуррам император болгондо, аялына арнап бүт дүйнөгө таанымал Тадж Махал мавзолейин курдурат); өзүнүн кызын дагы бир уулу Шахриярга баш коштурат. Мунун баары император өлгөндөн кийин бийликти алып калыш үчүн жасалат. Жахангирдин улуу уулу атасына каршы чыкканы үчүн көздөрүнөн айрылып, түрмөгө түшөт. Хуррам дагы каршылык көрсөтүүгө аракет кылып, бирок жеңилип берет. Атасынын кечиримине ээ болсо да, күрөшкө тойбогон боюнча калат. Коркунуч туудурган дагы бир уулу Парвиз - баш-оту менен Махабат Хандын таасиринде болот.
1626-жылы Нур Жахан башкарган топ менен Махабат Хан, Парвиз экөө башкарган топтун кармашы күчөйт. Туткунга алгач император түшөт. Махабат Хан императорго кызмат кылууда дале ишеничтүү адаммын деп, император эркиндикке ээ экенин, бирок мамлекетке аялы менен Асаф Хандын өзүмчүлдүгү коркунуч туудурганы үчүн Жахангир алардын кароолунда болуп турарын билдирет. Күйөөсүн бошотууга келген Нур Жахан да колго түшөт. Асаф Хан жеңишине кубанып, мындан ары эмне кыларын ойлоно баштады. Бирок Жахангир менен Нур Жахандын амалкөй калпына тез эле алданып, жеңилүүгө дуушар болуп, дароо чыгышка кетүүгө камынат. Ошол учурда Парвиздин өлгөнү туурасында кабар келип, ал ойлонбостон Хуррамга өзүнүн жардамын сунуштайт: Парвиз өлдү, кичүү инилери Жахандар менен Шахрияр болсо так талашууда олуттуу күч туудурбайт эле.
Жахангирдин денсоолугу күндөн күнгө начарлап, 1627-жылы 28-октябрда император кайтыш болот. Бийликчил жесир Нур Жахан күйөөбаласы Шахриярды такка отургузууга аракет кыла баштаганда эле тигил дароо мамлекеттик казынаны басып, өзүн падишах катары жарыялайт. Бирок, Асаф Хан да жөн турбай, көзүнөн айрылган, кийин түрмөгө отургузулуп өлтүрүлгөн ханзада Хусрунун али жаш уулун такка отурду деп жарыя кылат. Империя эмне, бийлик эмне экенин түшүнбөгөн боз улан өзүнүн курмандыкка чалынып атканын, Асаф Хан тымызын Хуррамга чабарман жибергенин аңдабайт. Биртууганынын чыккынчылыгынан Нур Жахандын каары төгүлөт. Бирок, Хуррам өзүнө атаандаш тигил экөөнү аркы дүйнөгө узатып, такка Шах Жахан деген ысым менен отургандан кийин гана бийликчил аял жеңилгенин түшүнөт…
Өзүнүн башкаруу жүрүшүнүн улуулугу менен Шах Жахан империяны кармап келген жесир Нур Жаханга жамандык келтирбейт. Шахриярдан айрылган жесир кызы менен өзүнө тиешелүү жерлердин бирине көчүрүлөт да, он сегиз жылдан кийин дүйнөдөн кайтканда, Жахангир жаткан жайга коюлат.
Даярдаган Салтанат КЫДЫРМАЕВА




  Улуттук теледолбоору

"Темир тордогу үмүт"

Ушундай аталыштагы берүү жакындан бери Улуттук телеканалда көрсөтүлүп келет. Анда абактагылар турмушу баяндалып, өкүнүч-арманы айтылат. "Темир тордогу үмүт" - абактагылар менен эркин дүйнө ортосундагы көпүрө. Эркиндик баркын сезбегендерге сабак" дейт берүүнүн автору жана алпаруучусу Назгүл Насиева. Бул көрсөтүү, кандайча жаралганы туурасында Назгүл айым өзү баяндап берсин.
Мындан жети жыл мурун ушул идея келген. Анткени, 2000-жылдан бери биздин ырчы-куудулдарды алпарып, абактагыларга концерт уюштуруп жүрөм. Алардын ый-арманын уктум, тагдырынан кабар алчумун. Анүстүнө көбү мага арыз арманын, укуктарынын тепселгенин айтышар эле. Бирок, юрист болбогон соң, аларга эч жардам бералбас элем. Мага оор жүк жүктөлгөндөй абалда жүрчүмүн, ошол оордукту ушундай бир көрсөтүү менен жеңилдетким келген эле. Алгач "Абактан салам кат" деген долбоор түздүм. Улуттук канал форматына туура келбестигин айтып мурунку УТРК жетекчилиги, Юстиция министрлиги да колдоого алган эмес.
- --
Мелис Асаналиевич келгени "Туңгуюк" деп атап, долбоорду окутсам, ал дароо макулдук берди. Атургай аталышын да өзгөртүп, "Темир тордогу үмүт" атады. Анткени, чындап эле үмүтү өчүп, туңгуюкка кептелген адамдан эмне күтүүгө болот. Андан көрө үмүт бүлбүл жанган шооласын да карап, алдыга илгерилеген адамды тарбияласаң болот эмеспи.
- --
Түрмөдө бир дагы бай же чиновник баласы жок, бүт кедей-кембагал, жакыр үйбүлөлөрдөн. Абактагы аялдардын саны миңге жетип-жетпейт, ал эми эркектердин саны 17 миңди чамалайт. Өмүр бою эркинен ажыратылган айыпкерлер 10 жылдап жертөлөөдө жатышчу. Гумманизация чаралары киргизилгенден тарта, алар да сыртка чыгарылып, күн көрүп калышыптыр. Алар да көрсөтүүгө тартылган. Өмүр бою эркинен ажыраган деген менен алар да үмүттөрүн өчүрбөйт, эртеңки күндү тосуп, жаркын өмүр сүргүсү келет. Оштогу ушул абалдагы айыпкерлер жаткан жерлерин ремонттоп, телевизор, компьютер коюп алышып, маалымат алып турушат экен.
- --
Эфирге чыккан үч айдан бери 8 гана берүү көрсөтүлдү. Бирок, ушунчалык көп пикирлер айтылып, редакцияга арбын кат келди. Жакындан тарта юристтерди да кабыл алдык, алар да абактагыларга юридикалык кеңеш берип турмакчы. Келечекте коңшу мамлекеттердеги түрмөлөрдү тартып, алардын абалы менен биздин түрмөлөрдү салыштырсамбы деп да ойлоп жүрөм.
- --
Оштун СИЗОсуна барганда 16 жашар бир кыз менен баарлаштым. Айтымында, классташ кызы менен уруша кетет. Ал камактагы кызды тебет да, бирок, өзү партага барып жыгылып, каза табат. Ал эми тигил кыз 10 жылга эркинен ажыратылып атат. Бул окуяда мен ошол мектеп мугалимдеринин позициясына таңгалдым. Ал кыздын эртеңки күнү не болот?
- --
Түрмөдө колунан көөрү төгүлгөн усталар бар. Келечекте ошол кол өнөрчүлүк боюнча да телесабактарды көрсөтүүгө камтыйбыз. Укмуш оймо-чиймелерди түшүрүшөт. Айрымдары ыр жазышат. Көпчүлүгү намаз окуп, тазаланууга аракет кылышат экен.
- --
"Түрмөдөн чыккандан кийинки жашооңду кандай элестетесиң?" деген суроону көп берем айыпкерлерге. Көбүнөн "Жакшы жолго түшүп, эне-ата, жакындардын тилин угуп, үйбүлө куруп, ак эмгегим менен акча таап оокат кылам. Түрмө жакшы жер эмес" деген жооп угам. Мени коркутканы - өспүрүм балдар арасындагы кылмыштуулук. Айрымдары түрмө эмне экенин элес албай, бирөөнүн соткасын уурдай качып, же дагы бир жаман топко кошулуп, клей жыттап алып кылмышка аралашып атышат. Алар түрмө десе эле "крутой", "общак" деп түшүнүшөт окшойт. Бирок, түрмө - жүрөктө кандай так калтырарын азыртан аңдап билишсе болот эле.
Даярдаган Айнагүл САПАРБЕК кызы

















Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan