Коомдук-саясый гезит
№33, 06.05.08-ж.

Меймансап
Форум




  Шоу венегрет

Жизнь деген ар кандай...
"Кызбурактын" турмушунан
Кенже Дүйшеева баяндайт:
Жакында эле Кочкората шаарчасына концерт менен барганбыз. Улуттук кийимдерибиз кийизден жасалат эмеспи. Белдемчиме кыздардын тоголок тарагы жабышып калат. Мен ошол боюнча сахнага чыгам да, узакка сүйлөйм. Элдин көзү белдемчимде. Көрүүчүлөр тарак да костюмдун бир орнаменти го деп кабылдаган окшойт. Сүйлөп бүтүп, музыкалык аспаптарда ойноого олтуруп атып гана байкап атпайымбы. Тарткылап атып чыгарып алдым, эл ошондо түшүндү окшойт. Жапырт күлүп жиберишти. Сүрдөп кетип, жанымдагы кызга "көшөгө артындагы балдарга бер" десем, тарак анын кийимине жабышып калат. Оператор бала чыгып, таракты чыгаралбай жүрөт. Же ырыбызды баштай албайбыз, же таракты чыгара албайбыз десеңер.
***
"Кызбурактагы" улуу эжекелердин окуясынан
Айылдардын биринде концерт башталар маалга аз калганда бир кыз даараткана издеп, клубдун арткы эшигинен чыгып кетет да, ошол бойдон келбейт. Концерт аяктайт, эл тарайт, жанагы кыз дале жок. Бир маалда ошол жердеги бир киши чуркап келип, бирөөнүн үнү чыгып атканын кабарлайт. Баары жабыла чуркап барышса, даараткана салууга казылган чуңкурга түшүп кетиптир. Жип ыргытып атып, араң алып чыгышат. Эң кызыгы, ошол эжекебиз дал ошол айылга кийин келин болуп барган экен.

  Жанмаанай

Назира ДАНИЯРОВА, диджей:
"Наристе жытына тойбой турган чагым"
Биртуугандар арасында кыздар көп болгондуктан, атам мени эркек баладай кабыл алып, эркек баласындай мамиле кылчу. Айылдагылардын баары мени эркек бала дешер эле. Кыздардай болуп куурчак көтөргөндүн ордуна чүкө атчумун.
А бүгүн энемин. Ымыркай кучактап олтурам. Тааныш эмес, чоочун, бирок, жагымдуу сезимдерге бөлөнүп. Баягы эркек балдарча өсүп, калыптанган кыялдардын бири жок. Мээримим төгүлүп, чексиз бактылуумун.
Бир аз сыркоолоп кызымдын ыйы көбөйүп калса, ошондо апамдын баркы сезилет. Апам да мен сымал уйкудан калып, мени кучагына кысып далай күн-түндү өткөргөн чыгар. Маанайым чөгүп, качан көңүлү ачылат, качан күлкүсү чыгат деп санаркайм. А күлкүсүн укканда, жашоонун керемети наристенин күлкүсүндө беле дейм. Көңүл жазылып, жыргай түшөм. Ушул бакытты арбир айым татсын. Эне болуу бактысы арбир аялзатына ыроолонсун.




  Көңүл бургула: "Түзбайланыш"

ОМАР
Ушул жигит Юрмалада кыргыз желегин желбиретет. Жыл сайын өткөрүлүүчү "Жаштолкун" эларалык фестивалына кыргыз шоу бизнесинен алгачкылардан болуп Омар аттанат. Сиздер үчүн, ардактуу окурмандар, шоу сүйөрмандары, Омар менен түз баарлашууга мүмкүндүк түзөбүз. Бүгүн, 6-май , шейшемби күнү, кечки саат кечки 17.00дөн 19.00гө чейин 66-55-82 номурун бураңыз да, каалаган сурооңузду жолдоңуз, туура көрсөңүз сындаңыз, камдап жүрсөңүз, каалоо-тилек арнаңыз. Ал эми ошол күнү телефон чалууга шарт болбосо, алдынала aika01@mail.ru электрондук дарегине кат же 66-55-82 номуруна факс жөнөтүп коюңуз.













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan