Коомдук-саясый гезит
№33, 06.05.08-ж.

Меймансап
Форум




  Тарых тайгалакпы...

Марат Кайыпов, Адилет министри:
"Акаев Конституциясы менен азыркы Башмыйзамдын асман-жердей айырмасы бар"
Негизги мыйзамыбыздын тарыхына көз чаптырсак, ал жети жолу өзгөртүлүп, бир да жолу карапайым калктын укуктары же эркиндиктери чектелип калды деген нааразылык туудурбаптыр. Жалаң эле президенттин же парламенттин ыйгарым укуктарын бөлүштүрүүдөн улам талаш-тартыш жаралып, эмдигиче жаагы басылалек. Конституция майрамын шылтоолоп Башмыйзамдын тегерегинде кеп кылалы деп Адилет министрине кайрылдык.

- Марат мырза, легендарлуу парламент кабыл алган алгачкы Конституцияны абдан мыкты деп айтышкан эле, эмне үчүн аны өзгөрткөнгө мажбур болдук?
- 1993-жылы 5-майда кабыл алынган Конституция өлкөгө бейпилдикти орноткон, элди ынтымакка чакырган Конституция болгон. Андагы адам укуктарына, эркиндиктерине байланыштуу фундаменталдуу жоболор ушул мезгилге чейин сакталууда. Эмне себептен алгачкы Конституция тез жана кескин өзгөрүүгө дуушар болгон? Алгач Акаев парламент менен компромисске барып, кандай болбосун Конституцияны кабыл алуу ниетин көздөгөн. Акаевдин азырынча кабыл алына берсин, жасай турганымды кийин жасап алам деген ою да болушу мүмкүн. Анткени ошол эле Россияда Хасбулатов баш болгон депутаттар "Ельцин бизге баш ийсин" деп чыгышкан. Бирок Ельцин танк дивизиясы менен эң бийик мамлекеттик органын атып, ага каршы чыккандарды камап, Конституциянын долбоорун референдумга чыгарып, ошондон кийин гана Россия мамлекети стабилдүүлүккө ээ болгон.
Казакстанда деле президенттик бийликке парламент каршы чыккан. Н.Назарбаевдин көп чечимдерин парламент колдогон эмес. Болгону бир орус улутундагы журналист Казакстандын парламентин Конституцияга каршы деп Конституциялык сотко кайрылып, соттун чечиминин негизинде Назарбаев парламентти таратып жиберген. Ошондуктан, ушул кезге чейин саясат таануучулар Ельцин танк менен жогорку органды аткылап бийликке келсе, Назарбаевге бир эле журналисттин арызы жетиштүү болду деп айтат. Айырмасы болгон менен экөөнүн тең жаратылышы бир.
Биздин алгачкы Конституцияда да президенттин укуктары чектелүү болгон. Мамлекеттин ички жана тышкы саясатын Жогорку Кеңеш жүргүзгөн.
- Эгер 1993-жылкы Конституция өзгөрүлбөсө эмне болот эле?
- Анда парламенттик республика болуп калмакпыз. Келечегин айтуу кыйын. Анткени ошол убактагы парламент коммунисттик парламент болгон. Балким Балтика жээгиндеги өлкөлөрдөй мыйзамдуу менчиктештирүү жүрүп, завод-фабрикалар сакталмак. Ал кезде маселе мында эмес, бийликти кантип колго алууда болгон. Ошондуктан жыл айланбай парламентти таркатып, референдум жарыялап, андан соң эки баштуу парламент түзүлбөдүбү. Ошондо жаңы шайланган эки палаталуу Жогорку Кеңеш бир жылга жакын иштей албай олтурушту. Себеби, палаталардын бийлик укуктары кандай болору Конституцияда чечмеленген эмес. Андан кийин Башмыйзамды экинчи жолу өзгөртүүгө референдум жарыяланып, президент өзүнүн бийлигин бекемдеп алган. Акаев ушундай жол менен бийлигин төрт жолу бекемдөөгө жетишти.
- Сиз Конституциялык сотто иштегенсиз, экс-президент Акаевдин бийлигин бекемдөөгө Баекова баш болгон Консоттун судьяларынын салымы болгон дешет?..
- Мен 2001-жылдын ноябрь айынан баштап Консоттун судьясы болуп толук иштей баштадым. Ооба, 1999-жылы шайлангам, бирок шайланган менен эки палатанын алдында ант бербегендиктен бийлик укуктарым жок болчу. Депутат болоюн деп шайлоого барсам, мыйзам жол бербейт деп катыштырбай коюшту. Мен ошондо "Консоттун судьялыгынан бошотуп койгула" деп арыз жаздым. Бирок ал арыз эки жыл бою каралган жок. Эки жыл бою жумушу жок жүрдүм. Андыктан Акаевди үчүнчү мөөнөткө шайлоого барууга уруксат берген чечимге менин эч кандай тиешем жок. Чечим мен барганга чейин эле чыгарылган болчу.
- Ошол үчүнчү мөөнөткө жол таап берген чечим туура беле?
- Албетте, туура эмес да, ошон үчүн 2005-жылкы революция болду. Акаев мыйзамсыз президент болуп отурганын өзү да билчү. Мыйзамдуулук жана легитимдүүлүк деген түшүнүк бар. Акаевдин үчүнчү мөөнөткө баруусун Конституциялык сот мыйзамдаштырып берди. Тарыхта бир да президент мындай жол менен шайлоого барбаса керек. Бул иш Конституцияга өзгөртүү кирбестен жасалды. Ошондуктан эл, коомчулук, саясый чөйрө муну кабыл алган жок. Ал мыйзамдуу олтурганда качып кетпейт болчу. Легитимдүү эместиктин себеби ушунда турат.
- Мунусуна макул дейли, бирок 2005-жылдан кийин Конституциянын тегерегиндеги окуяларды алалы: ызы-чуулуу бир канча митинг өттү, Башмыйзамдын чуусу дээрлик эки жарым жыл бою басылбады го?..
- Бул кыргыз тарыхындагы саясый олку-солкулуктун белгиси. Акаев өз колуна чексиз бийликти камтып алгандыктан, президент К.Бакиев шайлоонун алдында элге берген убадасынын бири: бардык бийлик бутактарынын укуктарын тең салмактуу сактаган Конституцияны кабыл алуу эле. Бакиев ошол убадасын аткаруу үчүн Башмыйзамды парламент аркылуу кабыл алам деп аракет кылды. Ал эми парламент президент шайланганга чейин Конституцияны өзгөртүп жиберели деп шашылыш Конституциялык кеңешти түзүп жиберишти. Мыйзам боюнча президенттин милдетин аткарып турган адам Конституциялык реформага катыша албайт. Ошондуктан алар абдан шашып аракеттеништи. Анткени, ал парламент Акаевдин парламенти болчу. Кийин Бакиев президент болуп шайлангандан кийин Конституциялык кеңештин төрагалыгын аргасыз өткөрүп беришти. Андан соң Башмыйзамдын бир канча варианттары даярдалды. Бирок Жогорку Кеңеш эч бирине токтоло албай койду. Анткени жаңы Конституция кабыл алынса, биз ошону менен жашоого тийиш болчубуз. Жашайлы десек эле парламент таркап кеткени турат. Маселенин баары ушунда.
Кийин урушуп-талашып олтуруп, элди жумалап көчөгө чыгарып, түн ичинде азчылык добуш менен бир Конституцияны кабыл алышты. Бирок эртеси болбойт экен деп дагы шашылыш бир Конституцияны кабыл алып, ага президент кол коюп берди.
Бирок ноябрдагы Конституциядан кийин Жогорку Кеңеш кайрадан иштей албай калды. Андан кийин депутаттар бири-бири менен урушуп-талашып, удургушуп олтурушуп декабрда үчүнчү Конституцияны кабыл алышты.
- Бирок эл арасында декабрдагы Конституцияны президент атайын жасады деген түшүнүк бар.
- Эгер президент атайын жасаса ошол Конституция менен жашай бермек. Бирок, кабыл алуу эрежеси бузулган деп депутаттардын арызына Консот чечим чыгарып бербедиби. Ошонун негизинде президент парламентти таркатты. Референдум тарабынан жаңы Конституция кабыл алынып, өлкөдөгү стабилдүүлүк ушундан кийин гана башталды.
- Стабилдүүлүк боюнча макул, референдум боюнча да сөз көп. Бирок биз жаңы Конституция менен эмнеге жетиштик?
- Акаевдин тушундагы Конституция менен азыркы Конституциянын асман-жердей айырмасы бар. Ал учурда жогорку бийлик башындагы адамдардын дээрлик баарын президент дайындачу. Азыр андай эмес. Кыргызстан биринчи жолу пропорционалдык жол менен жүз пайыз парламентти түздү. Шайлоо кодексине өзгөртүү киргизилип, азыр парламенттин курамында гендердик баланс камсыз болду, унитардык мамлекет болгондуктан парламентке башка улуттардан да өкүл келишин толук камсыз кылдык, жаштарга орун бердик. Биздин бул жетишкендигибиз кээ бир өнүккөн батыш мамлекеттеринде да кезикпейт. Мисалы, Италияда жүз пайыз италиялыктар жашабайт, Германияда жүз пайыз немецтер жашабайт, бирок мындай форма аларда, жалпы эле Европанын бир да мамлекетинде жок. Себеби, биз, уруулар өзүнчө, өзбектер өзүнчө, орустар өзүнчө партия түзүп шайлоого келбесин дедик.
- "Ата Мекен" партиясынын түзүлгөнүнө көп жыл болду, ал эми "Ак жол" партиясы шайлоодон эки ай мурда түзүлдү. Бирок парламенттен көп орун алып СДПК менен Коммунисттерсиз эле маселе чечип жатканына эмне дейбиз?
- Оппозиция шайлоонун жыйынтыгы расмий жарыя болгон жок дешүүдө. Алар элди алдап жатат. Шайлоонун жыйынтыгы эки жумага жетпей жарыя болгон. Алар ар бир участокту жарыя кылып бер деп жатышат. Бирок эч жерде, эч бир мамлекетте мындай мыйзам жок. Ал эми "Ата Мекен" Ош шаарынан 0,5 пайыздык чектен өтпөй калган. Муну партиянын лидери өзү да мойнуна алган. Ал өлкө боюнча 30-40 пайыз добуш алсын, бирок бир облустан 0,5 пайыз ала албай калды. Демек, бир регион ага ишеним көрсөткөн жок. Мен бекеринен унитардык мамлекетпиз деп айтып аткан жокмун. Биз аймактарда уруу-уруу болуп чогуу жашайбыз. Баткенде ичкиликтер болсо, көлдө бугулар басымдуу. Биздин уруулук кесепетебиз ушунда. Бир мандаттуу шайлоого бара турган болсок уруу-урууга бөлүнүп бүтмөкпүз. Эгер биз жанагы аймактардагы 0,5 пайыздык чекти койбогонубузда эл дагы эле партиянын башында турган кишинин уруусуна карап добуш бере бермек. Улуттук консолидация жок болмок.
Эми "Ак жолдун" тез эле таанылып, элдин ишенимине ээ болгонуна келсек, тарых качандыр бир кезде президент Бакиевге өз баасын берет. Анткени Бакиев саясый жоопкерчиликти мойнуна алды. Ал кызынын же баласынын наамына жашынып партия түзбөй, ачык эле "Ак жол" партиясын түздү. Партияга ондон ашуун саясый күчтөр бирикти. Мына ошондуктан эл дагы президентке үмүт артып, ал түзгөн партияны колдоп берди. Кээ бир партиянын тизме башына карап ирээнжиген элди көрдүм. Ошондуктан эл өз тагдырын тобокелге салгысы келбей, президентке ишеништи.
- Турмуш бир орунда турбайт. Анын үстүнө саясат тынымсыз өзгөрөт. Эртең кеч күздө, айрымдар демилге көтөрүп, президенттин бийлик мөөнөтүн жети жылга узарталы деп кайра дагы Башмыйзамга кайрылсак кандай болот?
- Мен буга юрист катары жооп берейин. Биз Конституцияга кандай гана өзгөртүү киргизбейли, ал өзгөрүүлөрдү Конституция караган тартипте гана киргизишибиз керек. Эгер биз бул тартиптен четтесек, ал жанагы Акаевдин үчүнчү мөөнөтүндөгүдөй легитимсиз болуп калат. Россияны алалы, Путин үчүнчү мөөнөткө барбаганы менен дагы эле саясый лидер боюнча калды. Мүмкүн дагы бир-эки жылдан кийин кайра президент болуп келип калышы мүмкүн. Мындайлар тарыхта көп болгон.
Келдибек НАЗИРОВ




















Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan