![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №33, 06.05.08-ж. |
Меймансап Форум Шайтан арабада шапар теп Квадрациклге түшсөңчү 9-10-май күндөрү "Тогузбулак" курортунда "Экстрим фестивалы" өтөт. Анда тоодо жүрүүчү велосипед минген спортсмендер тик тоодон өз өнөрлөрүн тартуулашат. Квадрациклчендер, парапланиристтер да көрүүчүлөрдү таңгалдырууга аракеттенишет. Кыргыздар мындайга азырынча көнөлек, көбүнесе алыскы четөлкөлөрдөн, Россия, Казакстандан келгендер катышат. Сулуулар көлгө Пугачева, төргө Быйылкы туристтик сезондогу жаңылык - "Дүйнө Туризм сулуусу" конкурсунун финалы Ысыккөлдө өткөрүлөт. Буга элүүдөн ашык мамлекеттин сулуулары катышат. Мындан сырткары, эларалык музыкалык конкурс өткөрүлүп, анда Алла Пугачева калыстар тобун жетектейт деген кеп бар. Болсун. Арийне, курорттук-эс алуучу объекттер туристтерди кабыл алууга даярбы, Көлдүн жээгиндеги тазалык, жол жээктериндеги дааратканалардын жоктугу, барларынын абалы дагы нечен суроо жаратат. Бүйүжеттен сүйүжет Беш миң орун чын эле берилеби? Республикада жакында орто мектептердин бүтүрүүчүлөрү жалпы тестирлөөдөн өтүшөт. Азыр андан өтүү үчүн катталган окуучулардын саны 33 миңге жетти. Тестирлөөнүн артыкчылыгы, жогорку окуу жайларга келүү үчүн убара болбой, ар ким өзү жашаган жеринен тапшырса болот. Азыр республика боюнча 88 жерде тестирлөө өтөрү белгилүү. Кыргызстандагы бардык окуу жайларынан 5 миң орун ушу тестирлөөдөн өткөндөргө берилмекчи. Өчпөс от Эл эсинен кетпес Жеңиш Улуу Жеңиштин 63 жылдыгына карата борбордогу Жеңиш аянтында демейдеги эле иш-чаралар, эскерүү митинги жана фронттук "жүз грамм" куюлат. Азыр Кыргызстанда болгону 6 миңдей согуш ардагери жашайт. Аларды жылына бир эле жолу - 9-майда эстебесек, башка учурда түрткүнчүк мамиле кылабыз. Же элдин эсинен Жеңиш учкуну өчүп баратабы? Анткени азыр бир кезде фашизмди жеңгендер начар жашап, жеңилгендер жакшы жашап атпайбы. Бул да ойлонтпой койбосо керек. Олимпиада жарышы 20, 17, 15 миң. Азбы, көппү? Пекиндеги Олимпиадага Кыргыз-стандан 35 спортчу катышат. Азырынча биздин спортчулар 12 олимпиадалык лицензияны утуп алышкан. Олимпиада башталганга чейин дагы 8 лицензия алуу керек. Эгер биздин спортсмендер Пекиндеги Олимпиадада алтын медалга татыктуу болсо, ага өмүр бою 20 миң сомдон, күмүш медалга 17 миң сом, коло медалга 15 миң сомдон ай сайын стипендия төлөп туруу каралган. Ошону менен бирге эле алтын медаль алган кыргызстандык 150 миң доллар өлчөмүндөгү бир жолку акча сыйлыгын да алмакчы. Олимпиада ачылышына президент К.Бакиев да барат. Эски жайыт эми жок Башмыйзамга баш оорутпа Кечээ, 5-май Конституция күнү белгиленди. Кыргызстан биринчи жолу өз алдынча Конституцияны 1993-жылы кабыл алган. Андан берки он беш жыл ичинде Конституцияга 7 жолу оңдоп-түзөөлөр, өзгөртүүлөр киргизилген. Эксперттердин айтымында, биринчи кабыл алынган Конституция демократия талаптарына төп келет. Кийинкилеринин бардыгы бийлик бутактарынын полномочиелеринин аз-көптүгү менен гана айырмаланат. Негизги маселе Конституцияда эмес, аны аткарууда экенин турмуш көрсөттү. "Агым"-пресс Уруштан чыккан өлүм Ош облусуна караштуу Араван айылында 30-апрель күнү эртең менен белгисиз адамдын өлүгү табылган. Укук коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери маркум Араван айылынын 76 жаштагы тургуну экенин аныкташты. Кылмышкер тез эле табылды. Ал ошол эле айылдын 15-16 жаштардагы өспүрүмдөрүн башкарган 26 жаштагы жигит болуп чыкты. Өгөй атасына өчөшүп... 1-май күнү Чүй облусуна караштуу Кант шаарчасында жашаган 17 жаштагы жигит өгөй атасы менен уруша кетип, бычак менен бир нече жолу башка, көкүрөккө сайгылап өлтүргөн. Бул иш тууралуу азыр тергөө иши жүрүп атат. Шашкан - шайтан иш 3-май түнү Бишкек шаарынын 26 жаштагы тургуну өзүнүн "Фольксваген" автомашинасын катуу ылдамдыкта айдап баратып, рулун башкаралбай Чоңчүй каналына түшүп кеткен. Машинанын ичиндеги төрт жашар кызы менен айдоочу көз жумган. Жолкырсык Арсланбап-Базаркоргон автожолунда 2-май күнү "Мерседес" менен "ГАЗ" автомашинасы сүзүшкөн. "ГАЗ" автомашинасынын 49 жаштагы айдоочусу көз жумуп, экинчи айдоочу оор абалында ооруканага жеткирилген. Парачы судья Чүй облусунун Москва райондук сотунун судьясы кызмат абалынан пайдаланып, 2,5 доллар пара алгандыгы анык болду. Азыр пара алган кызматкер алган акчасын кантип кусуп берерин билбей, сурак берип отурган кези. Назгүл КАЛМАМБЕТОВА Азыркы Конституция өлкөбүздүн келечегине кандай таасир тийгизет деп ойлойсуз? Айылчы САРЫБАЕВ, экономика илиминин доктору, профессор: - Эчкандай таасир тийгизбейт. Бул жетинчи жолу кабыл алынган Башмыйзам. Конституциясы жок деле жашасак болот. Андай өлкөлөр толтура. Америка болжол менен 200 жыл мурда башмыйзам кабыл алган. Ошону менен эле жашап келатпайбы. Биз СССР Конституциясындагы коммунизм деген жерин алып салып эле жашай берсек болмок. Турсунбай БАКИР уулу, "ЭрК" партиясынын лидери: - Өткөн жылы Конституция элдик референдумда бурмалоо жолу менен кабыл алынды. Мен ага катуу каршы чыккам. Мындай референдумдарды өткөрүүгө болбойт. 90 суроону элдин пикирине коюш мүмкүн эмес да. Андыктан, бул Башмыйзам карапайым калктын жашоосун оңдогонго өбөлгө боло албайт. Аны кабыл алган адамдардын гана жеке турмушуна оң таасирин тийгизмекчи. Сабыр ЖУМАБЕКОВ, медицина илиминин доктору, профессор: - Былтыр референдум өтүп, Кыргызстандын 80%ы жаңы Башмыйзамды колдоп берди. Негизи конституция өлкөнүн өнүп-өсүшүн камсыз кылат. Анын негизинде коңшу өлкөлөр менен карым-катнаш кылып келебиз. Азыркы Конституция талапка жооп бербейт дегендерге кошулбайм. Сөзсүз түрдө Кыргызстандын келечегине оң таасирин берет. Амангелди МУРАЛИЕВ, коомдук ишмер: - Конституцияны туу сыяктуу ыйык тутуп, аны бекемдешибиз керек. Башмыйзам коомго оң таасирин тийгизиши үчүн Жогорку Кеңеште биртоп закондор кабыл алынышы зарыл. Өзгөчө жарандардын укугун коргоо жаатында. Жаңы кабыл алынган Конституция жемишин берүү үчүн убакыт талап кылынат. Алдын ала божомол айтууга али эрте. Нурканбек КЕРИМБАЕВ |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|