![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №33, 06.05.08-ж. |
Меймансап Форум Торбо толо эмес, бөксө Ач кадырын ток билеби? Былтыр азык-түлүктүн баасы кескин кымбаттайт деп эчким ойлогон эмес. Атургай бул жөнүндө өкмөт да билбеген. Бирок, кымбатчылык бир эле күндө башталды. Азыркы күндө дүйнөнүн айрым өлкөлөрүндө адамзат ачкачылыктан өлүп жаткан фактылар бар. Азык-түлүккө болгон баанын кымбатташын кыргыз өкмөтү жай мезгилине болжоодо. Ал эми күз кандай болот - бул жагы белгисиз. Дүйнөдө азык-түлүккө болгон баанын күн санап эмес, саат сайын өсүп жатышы бизди эле эмес, сыртка буудай экспорттогон Казакстан, Россия, Украина сыяктуу өлкөлөрдү да убайымга салууда. Ал эми дан эгиндери менен өзүн толук камсыздай албаган Араб өлкөлөрү дан өндүргөн ири мамлекеттер менен сүйлөшүп, күзүндө орулуучу буудайдын акчасын азыртадан эле төгүп жатышат. Өткөн жылда АКШ, Канада сыяктуу бир катар өлкөлөрдө кургакчылык болуп, түшүм ойдогудай болгон эмес. Экинчи жагынан, күйүүчү майдын кымбатташы азык-түлүккө болгон баанын кескин кымбатташын шарттаган. Өкмөт башчы И.Чудиновдун маалыматына таянсак, бүгүн дан азыктарына болгон баа 181 пайызга көтөрүлгөн. Азыр бир тонна буудайдын наркы дүйнөлүк баада 295 доллар турат. Ал эми Кыргызстанда азык-түлүккө болгон баанын өсүшү жайында күтүлүүдө. Өкмөт нарктын өсүшүнө чабуул жасаганга даярбыз дейт. Бирок кантип чабуул жасайт, каткан өсүмдүк майы, күрүчү, канты барбы, муну айткан жок. Болгону эле 70 миң тоннадай буудайды ун кылып тартып, сатыкка чыгарышат имиш. 70 миң тонна албетте көп, муну менен наркты бираз кармап турса болот. Бирок "Акун", "Яшар" сыяктуу тегирмени бар ири фирмалар, жеке ишкерлер 70 миңди бир эле күндө сатып алып, кампасына кийирип коерун өкмөт ойлобой жатат. Андыктан унду муктаж адамдарга даректүү жеткиргенде гана баа чабуулунан майнап чыгышы мүмкүн. Өкмөттүн берген маалыматы боюнча өткөн жылдын күзүндө 240 миң гектар дан айдалса, жаздык дан 25-апрелге карата 196,5 миң гектарга айдалган. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 48 миң гектарга көп. Анын ичинен буудай эгилген аянт 100 миң гектарга жакын. Эми мунун канчасы чын, канчасы төгүн, бул жагын өкмөт менен талашуу кыйын. Бирок бир нерсени эске алалы, быйылкы жаз адаттан тышкары келди. Апрелдеги каардуу суук мөмө-жемишти гана талкалабастан, дан эгиндерине да залакасын тийгизди. Жаан-чачын аз, ошондуктан буудай мындай турсун, беделердин да асты саргайып кетти. Андыктан күзүндө кандай түшүм болот, ал жагы белгисиз. 2008-жылдын биринчи кварталында буудай 11 сомдон 17 сомго чейин, жогорку сорттогу ундун бир килосу 28 сомдон 34 сомго, биринчи сорту 23 сомдон 29 сомго кымбаттаган. Расмий маалыматтар боюнча бир катар Африка өлкөлөрүндө, анын ичинде Египетте ачкачылык козголоңу чыгып, жалпысынан 40ка жакын өлкөдө азык-түлүк кризиси катталган. Дан эгиндерин өндүргөн ири өлкөлөрдүн дээрлик бардыгы стратегиялык маанидеги азык-түлүктү сыртка чыгарууга тыюу салышты. Ал эми биздин өкмөт күзүндө дыйкандар 800 миң тонна буудай өндүрөт деп жөжөнү азыртан санап, кам дарбызды кучактап олтурат. Бул жерде күнөөнү бир эле өкмөткө шылтаган туура эмес. Чүй боорунда Александровка деген айыл бар. Ал жерде дунган калкы жашайт. Ушул кезге чейин жашоосунун начардыгына өкмөттү айыптап, ээктешип саясатты кеп кылган эки дунганды көрөлекмин. Кыштын кычыраган суугунда помидор, бадыраң өндүрүшөт. Талаачылык жумуштарында мурда өздөрү иштесе, азыр күнүнө акча төлөп кыргыздарды иштетет. Ошол күн сайын дунгандын колунда жалданып иштеген кыргыздын да үлүшүнө жер тийген. Биз дагы ошолордой эмгектенсек болот. Бирок жалкообуз, өтө эле жалкообуз. Жери бар туруп, өзүн жылдык картөшкө, сабиз ж.б. жашылчалар менен камсыздай албаган кыргыздар толуп атат. Андыктан, чарбаларды ирилештирип, жерди да иштеткен адамга берүүгө мезгил жетти. 1,5 млрд. калкы бар Кытай бир кашыктан күрүч жегенде эле канча тонна болорун эсептей бериңиз. Бирок жогорку сорттогу күрүчтү 1,5 млрд. элдин жылдык керектөөсүнөн сырткары башка өлкөлөргө да сатат. Мунун эч кандай деле сыйкыры жок. Кытайлар таң аткандан күн батканга чейин кара жанын карч уруп эмгектенишет. Эмне болгон күндө да эл өкмөттүн азык-түлүк коопсуздугуна жасаган аракетине ишеним артпай, ар ким өз жанын сактоого, багууга кам көргөнү абзел. Анткени, күздүн кандай болорун эчким айталбайт. Ал эми ачкачылык, жокчулук кишинин башына кырсык сыяктуу бир эле күндө келет. Өкмөттүн башында тургандар өзүнүн жеке үйбүлөсүнүн азык-түлүк коопсуздугун эчак эле камсыздап койгон. Андыктан, курсагы ток бала ач бала менен эчкачан ойнобойт. Келдибек НАЗИРОВ Ашасын кыргыз өкмөтү! Кан жүгүртүү Жаңы икая. Бир орто дувандын орто чиновниги орунбасары менен план курат. Быйыл биздин мекемеге жер бөлдүрүп алдым, кудай буюрса, ал жерге эгин айдап, алган түшүмдү кызматкерлерибизгө бөлүштүрүп беребиз. Айдоо, себүү, жыйноо иштерин өзүм көзөмөлдөйм, сен ага алаксыбай күнүмдүк жана чарбачылык иштерди жүргүзө бер дейт. Техникаларды арендага алып, май таап, кыскасы бака-шака түшүп жатып калышат. Күз келет. Баягы таралчу эгинден дайын жок. Орунбасар жылдык отчетту барактап отуруп бир нерсеге таң калат. Айдаган эгиндин бир центнеринин өздүк наркы эгиндин баасынан он эсе көп болуп кетиптир. Жетекчибиз уят болгон экен, эми аны айтып огобетер ыңгайсыз абалга калтырбайын деп тим болот. Жаз кайра бат эле келет. Жетекчи орунбасары менен дагы план курат. Баягы жерди айдап, эгин себүү керек эле деп. Ой, аксакал былтыр эгин айдайбыз деп шерменде болбодукпу, эгиндин өздүк наркы баасынан он эсе ашып кетпедиби дейт орунбасар. Анда жетекчи, эчтеке болбойт, эң негизгиси, жаңы кан жүгүрөт, бар, иштериңди кыла бер деп бурк этет. Ай айланып, күз келет. Баягы эгинден дагы дайын жок. Бир күнү жетекчи орунбасарын чакырат. Барса башкы эсепчи менен отурган экен. Жетекчи эсепчиге кайрылып, бул дагы бирдемени билип калды окшойт, бер мунун үлүшүн дейт. Эсепчи орунбасарга бир тутам акча сунат. Орунбасар тердеп-кургап бөлмөсүнө кирип барып, эшикти илип алып акчаны санаса, 24 айлык же 2 жылдык маянасы экен. Бул мекемеде ар бир кызматкер бирден бөлмө ээлеп отурушчу. Бир күнү жетекчи орунбасарына кенен короого дагы кабинет курууну буйрат. "Ой аксакал баарыбыз бирден бөлмө ээлеп отурабыз, контордун эмне кереги бар?" деп айтып ие жаздап, орунбасардын оюна бир нерсе кылт эте түшөт да: "аксакал, эмне, дагы жаңы кан жүгүртөлүбү?" дей салат имиш. Жетекчи орунбасарды "мына эми такшалып, бирдеме түшүнүп калдың" деп далыга таптайт. Элдин айтымында, ошол жетекчи, көп узабай каза болуптур. Бирок ошол мекеменин короосунда фундаменти жана жарым дубалы тургузулуп бүтпөй калган курулуш ушу күндө да турат дешет. Ал бүтпөй калган имаратка канча кан жүгүргөнүн бир кудай өзү билет. Акаевдин заманында кан жүгүртүү боюнча чемпион болбосо да (чемпиондукту Акаевдин үйбүлөсү эч кимге бербесе керек, себеби, мүмкүнчүлүгү жогору болгон да) коло медалга татыктуу Тойчубек Касымов деген үлкөн чиновник эл арасында Жолчубек атка конгон. Таласта губернатор болуп жүргөн кезинде Таластын Казакстандын Луговой деген жерине кыска жол менен түшө калабыз деп жол курган. Жол куруу кан жүгүртүүнүн жакшы ыкмасы экенин түшүнүп калганбы, көлгө келери менен Алматы-Чолпоната жолун техника-экономикалык негиздемеси жок эле кыргызча кура баштады. Ал жол курулушун президент өзү ачып, миллиондогон акча бөлүп берди, албетте, ал акча президенттин өз чөнтөгүнөн эмес эле. Андан тышкары Көл өрөөнүндөгү арбир мекеме, жада калса бюджеттен жарыбаган айлык алган жарандардын макулдугун сурабай эле жолго деп айлыктарынан кармап калышкан. Облусттун бюджетинен атайын эсеп ачылган. Облуста эптеп жылган техниканын баарысы ошол "БАМга" жумшалып, а тургай борбордон техникалар тартылып келинген. Кыскасы, жарды өлкөбүздүн миллиарддаган акчасы кумга сиңген суудай болуп жок болду. Көлдөн Чүйгө которулуп келгенде кан жүгүртүүнүн ыкмасын жакшы билген Жолчубек Шамшы-Кочкор жолун кура коеюн деп жаңы атынан иренжидиби, айтор кан жүгүртүүнүн башка жолун тапты. Чүй облус борборун Бишкектен Токмокко которуу идеясын көтөрүп чыгып, оома ажонун макулдугун алды. Анда деле техника-экономикалык негизи жок эле, оюн кыпкызыл кыргызча ишке ашырды. Бийлик алмашканы Чүй облусунун көпчүлүк мамлекеттик мекемелери кайра Бишкекке көчтү. Бул башаламандыкка кеткен миллиондорду эчким эсептеген да, эчким жооп берген да жок. 2005-жылы марттан кийин элде көп үмүт пайда болгон. Ушундай башаламандык болбойт, байлыгын кумга сиңирген чиновниктер жазаланып, коррупция деген балакет жоголбосо да азаят деп ойлогон. Тилекке каршы, андай болгон жок. Карапайым калк же жолдон жок, же жолго деген акчадан жок адаттагыдай алаканды шак уруп отуруп калышты. Жаңы бийлик деле Акаевден арткан элдин мүлкүн, байлыгын бөлүштүрүү менен алек. Азыркы үлкөн, орто жана кичи чиновниктерибиздин оюнда дале кантип, кандай жол менен кан жүгүртүүнү ойлошот. Учурда бийликтегилер экономикабыз 8%ке өнүктү деп көкүрөк кагууда. Алардын көкүрөгүн аяп, бир жөнөкөй экономикалык мыйзамченемдүүлүктү эсине салып коелу. Эгерде экономика чын эле өссө, анда керектүү товарларга баа эчкачан өспөйт. Баанын өсүшү бул кризистин жакындаганын билдирет. Кайран эл чарчап бүттү. Азыр биздин эл өз башын канжыгага байлаган, чечкиндүү, адилет, таза, эң негизгиси, сөзү менен эмес, дили менен эл деген жетекчиге суусап турат. Жакынкы тарыхта андай жетекчилер болгон. Мисалы, Исхак Раззаков, Болот Мамбетов, Султан Ибраимов, Абсамат Масалиев. Азыр деле элибизде мындай жигиттер бар, бирок алар кошомат кылып, пара берүүнү билбегендиктен, бийлик босогосуна жолотулбай атат. Алар келсе, балким, жогорудагыдай кан жүгүртүү токтомок беле?! Адырбек ДҮЙШӨНБИЕВ, Бишкек шаары |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|