![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №33, 06.05.08-ж. |
Ичикий, Ильич шамы Кайда кулап баратканыңан кабардарсыңбы?Жакында ЖК мыйзам кабыл алып, энергосекторду менчикке берүүгө жол ачты. Жарандык коомдун өкүлдөрү буга каршы чыгышты. "Кылым шамы" бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза АБДРАСУЛОВА менен ушу багытта сөз болду. - Азиза айым, энергетика тармагында кандай мыйзам бузуулар болгон? - 2001-жылдын декабрында мурдагы чакырылыштагы депутаттар Токтогул каскады боюнча мыйзам кабыл алышкан. Ал мыйзам боюнча, каскадга кирген ГЭСтер жана Бишкек, Ош ТЭЦтерине өзгөчө статус берилип, алар сатылбайт, күрөөгө коюлбайт, тышкы карыз эсебине кетпейт деп кепилдик берилип, 93,72% акция мамлекет колунда турган. 2007-жылдын 30-июнунда ЖК депутаттары бул мыйзамды кайра карашып, андан "Түндүкэлектрону" жана Бишкек ТЭЦин чыгарып кетишкен. 93,72% акциянын 10%ын жумушчуларга таратып бердик дешкени менен, жетекчилер эле бөлүп алып, 6%ы Соцфондго берилген. Биз С.Балкыбеков, Д.Ширшов, Ю.Даниловго "мыйзам менен корголуп турган акцияларды эмне себептен тараттыңар?", "мыйзамды эмне үчүн буздуңар?" деп кайрылып, жооп алалбадык. Мындан сырткары, 2001-жылдын 16-июнунда өкмөт 2005-жылга чейин улуттук энергетикалык программаны кабыл алган. Анда айтылгандар иш жүзүнө ашканда азыркы энергокризис болмок эмес. Мисалы, мурда иштеп, кийин иштебей калган кичи ГЭСтер Таластан экөө, Нарындан үчөө, Чүйдөн үчөө, Ысыккөлдөн экөө, Ош, Жалалабаттагы тогузун калыбына келтирип, бардыгы он тогуз ГЭСти иштетүү каралган. Мындан сырткары, ушул эле аймактардын ар бирине үч-төрттөн кем эмес, жалпысынан жыйырма кичи ГЭСтерди куруу, Каракечеден көмүр казууну 700 миң тоннага жеткирүү тапшырмасы коюлган. Ошондо 2005-жылга чейин эле Кыргызстандын бардык аймактарында кырк кичи ГЭС иштеши керек эле. Буларды кайра калыбына келтирүүнүн жана куруунун каражат булактары да даана көрсөтүлгөн. Ушу боюнча "программадагы кырк ГЭСтин канчасы иштеп жатат?" деп Балкыбековдон сурасам, "болгону үчөө иштеп жатат" деди. А сырттан келген 300 млн. доллар кредит так ушу кичи ГЭСтерди курууга жумшалыш керек болчу. 300 млн. доллар кайда? С.Дордоев, А.Сыдыков деген энергочоңдор "ага ТЭЦ үчүн мазут алганбыз, оңдоолорго жумшаганбыз" дешти. Бирок ТЭЦти тиги мыйзамдан чыгарып алышып, азыр ал жеке колдо күрөөдө жатпайбы. ТЭЦ кызматы үчүн канча адам акча төлөп атат, анда алардын эсеби кайда? Демек, булар 300 млн. доллардын чындыгында кайда жумшалганын жашыруу үчүн көрүнгөн шылтоону айтып жатышат. 2001-жылы Бакиев премьер-министр болуп турганда кабыл алган программа иш жүзүнө ашпай, алынган кредиттерди дарексиз жок кылышып, эми энергосектор банкротко учурап отурат. Бул тармакты банкротко алып келген жетекчилер эмне үчүн жооп беришпейт? Каражатты кайда жумшаганы ачык болбосо, бул тармак банкрот болуп жатса, жарандык коом шектенет. Себеби, суроолорго жооп алалбай жатабыз. Тескерисинче, бул тармакты кризиске алып келгендер мэр, министр, депутат болуп отурушат. Демек, бүгүнкү кризис жасалма. "Түндүкэлектро" 2007-жылдын июнунан бери жеке менчикке өттү эле, жарык эки маалдап өчө баштады. Энергосекторду менчиктештиребиз деген азаматтар эми мыйзамдарды комплекстүү өзгөртө башташты. Эң биринчи, энергетика жөнүндөгү, стратегиялык объекттер жөнүндөгү жана менчиктештирүү жөнүндөгү мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизишкен. Себеби, булар бири-бири менен тыгыз байланышкан. - Энергетика жөнүндөгү мыйзамга киргизилген өзгөртүүдө энергия мындан ары товар деп эсептеле турганына не дейсиз? - Бул Кыргызстан элине урулган чоң сокку. Себеби, мындан ары үйдөгү электр эсептегичи кокус токтоп калса, же анын бир жери туура эмес болуп калса, буга Кылмыш-жаза кодексинин 164-статьясы боюнча беш жылга эркинен ажыратуу каралган. Эгер энергия товар деп табылган соң, аны тандоого да мүмкүнчүлүк болуш керек эле. Биз бир бөлүштүрүүчү компания эмнени таңууласа, ошону алууга аргасыз болуудабыз. Рынок экономикасында жашап аткан соң, энергия товар деп табылган соң, демек, аны тандоого, товардын сапатына, энергияны бөлүштүргүч компаниялардын жоопкерчилиги да мыйзамда каралыш керек эле. - Бишкек ТЭЦи күрөөдө турат. Кимдин колунда, эмне үчүн? - Каржы министрлигине болгон карызы үчүн күрөөдө турат дешет, бирок бул да так эмес. ТЭЦ жогоруда айтылгандай, өзгөчө статусун жоготуп, мыйзам коргоосунан ажырап калган. Ошонүчүн ТЭЦтин бүгүнкү абалын жалгыз гана өкмөт чечет. Мындан ары анын керектөөчүлөрү үчүн да баасы көкөлөйт. - Абал мындай болгон соң, өкмөттүн кризиске каршы программасы бардыр? - Энергетика, отун ресурстар министрлиги антикризистик программа иштеп чыкканбыз дейт. Аны министрлик эмес, өкмөт иштеп, бардык тармактардын шарт-жагдайларын эске алышы керек эле. Өкмөттүн "мобу программа боюнча калк момундай корголот, жеке менчикке өткөндө да аларга таасир эте ала турган мындай рычагдар биздин колубузда" деген сөзүн укпадык. Тиги министрлик иштеп чыккан программа башкалар үчүн иштебейт да, анткени бири-бирине баш ийбейт. - Азыр өкмөт кабыл алдык деп ураалап аткан кайсы программа анда? - 2010-жылга жана 2020-жылга чейин жаңы экономикалык программа кабыл алынды дебатышат. Муну ким иштеп чыккандыгы жөнүндө сурасак, С.Балкыбеков жетектеген министрликтеги бир аналитикалык бөлүмдүн үч кызматкери иштеп чыккан дейт. Эми ушул улуттук программа, кабыл алып бергиле деп ЖКдан суранып атат. Улуттук программа кантип ушундай иштелсин? Биздин коркконубуз, мунун артында эчнерсе жок. Мына, Тажикстандын Худжаб облусунун энергия бөлүштүрүүчү компаниясын ирандыктар он эки жылга алышты эле, биринчи эле жылы алар кризиске кабылышты. Андан ары кандай болот, белгисиз. Ошонүчүн биздин шектенгенге акыбыз бар. Парламенттик угуу кылабыз деп бизди атайы чакырышат да, сөз бербей коюшту. Эгер энергосектор эртеби-кечпи менчиктешет, ага момундай жолдор менен баралы деп ачык айтып, биздин алдыбызга саман төшөтүүгө мүмкүнчүлүк берсе, эмне иштер болуп жатканын ачык айтышса, башка кеп болмок. "Ак жол" фракциясынын энергетиканы караган отурумуна барсак, жарандык коомдон барышкан алты аялдан качып кетишти. Биз милийса кубаласа да чыкпай койдук эле, "акжолчулар" башка залга бекинип, заседание өткөрүшүптүр. Элден качкан бул эмне деген фракция, эмне деген депутаттар? - Бөлүштүрүүчү компанияларды менчиктештирүүгө мыйзамдуу жол ачылды. Бизди эмне күтүп турат? - Орто жана кичи бөлүштүрүүчү компаниялар боюнча өзүнчө комиссия түзүлүп, башына Ф.Кулов барды. Ал өзүнүн ким экенин буга чейин эле көрсөткөн. Акаевдин убагында жеп-ичти деген айып менен камалган. Кыргызстандын ушундай абалга келишине анын да салымы бар. Ошондуктан Кулов менчиктештирүүнү ачык-айкын жүргүзөт деп ишеналбайбыз. Мындан ары кандай болорун айтуу кыйын. Бирок энергия кымбаттайт, кыйынчылык болот. Жума сайын бензин элүү тыйынга кымбаттоодо, аздан соң жолкире кымбаттайт. Тамак-аштын бардыгы кымбаттап, бир мүшөк ун үч миң сомго жетерин айтып жатышат. Минтип кете берсе буга чыдабай, адамдардан айрылып калабызбы деп чочуйм. Аскер САКЫБАЕВА Баракалла, парламентарий! Парламентте 45ке жашы толуп-тололек Пархат Түлөнбаев деген "баатыр ата", бакыйган депутат бар. 6 кыз, 4 уулдун атасы. Анын ушинтип керегеси кеңейип, уугу узарып атканына суктанган кесиптештерине: "Лебединовкада жашайм, аякта свет көп өчөт, ошондуктанбы, кудай берип атат" дептир. Анын азилин чын көрүп алган өкмөт башы Чудинов кыргыздын санын көбөйтөм деп электр жарыгын үстөккө-босток өчүрүп жаткан имиш. Үсөн ака "үф-ф!" дедиби? Оштун чок ортосунда базар бар. Ага улай Акбуура боюнда кесиптик-техникалык окуу жайы жайгашып, эчен жүздөгөн балдарды эң мыкты кесипке ээ кылган. Рыноктун ыркыраган шамалына туруштук бербедиби, же башка да себеби барбы, айтор окуу жай имараттары бузулуп, казкатар контейнерлерге айланды. Башка себеби дегенибиз, жаңы базар ээси айтылуу Үсөн Сыдыков имиш, окуу жайды ошол "үф-ф!" деп салган ушак-айыңы Ошту аралай чаап жүрөт. Орун алмашуудан сумма өзгөрөт ИИМге М.Конгантиев келгени министрликте бир топ кадрдык өзгөрүүлөр болду. Бишкектин МАИси Көлгө барса, Көлдүн МАИлери Бишкекке келди. Бирок ал орун алмашуунун артында "Шапкеси канча болду" деген "сумма" милициялардын арасында күбүр-шыбырланды. Министр кана факты деп үстөлдү "каңк!" эттире бир коюшу мүмкүн. Фактылар азырынча редакциянын кат куржунунда калкып чыгар күндү күтүп турат. Турдумамбетов туура айтабы? Ысыккөлдөгү төрт пансионат казактарга 49 жылга ижарага берилгенден кийинки кызыкты Маммүлктү башкаруу комитетинин төрагасы Турсун Турдумамбетов баштады. Анын айтуусуна караганда, төрт пансионат ээлеген жерди Ф.Кулов премьер-министр кезинде сактап калган экен. Башкача айтканда, казактар жерге эмес, бир гана имаратка ээ имиш. Андай болсо казактар пансионатка тиешелүү жердин тегерегин курчап кыргыздарды неге жолотушпайт? Болору болуп боесу кангандан кийинки Турсун мырзанын жаап жашырышы уяттуу жерин камыш менен калкалагандай олдоксон болуп калат экен. |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|