![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №33, 06.05.08-ж. |
Меймансап Форум Ат айланып... Арийне, бүгүнкү макалабызда кеп төркүнүн башка нукка бурмакчыбыз. Өткөн кылымдын 30-жылдарында жер которуп кеткен боордошторубуз да бар. Алардын бири - Жаныбек казы. Ал 1920-жылы Өзгөн шаарын башкарып турган. Орустар менен тил табыша албай, 1927-жылы Пакистанга көчүп кетүүгө аргасыз болот. Жаныбек казыдан 5 уул, 2 кыз калган. Учурда, анын неберелери дүйнөнүн булун-бурчунда жашап жана иштеп келишет. Көпчүлүгү бизнес менен шугулданып, 3-4 мамлекетте фирма ачышыптыр. Бизди сүйүнткөнү бул эмес, башка нерсе. Жаныбек казынын небереси Махмат Захит өз элине, туулган жерине кайтып келүүнү чечиптир. Махмат Захит Жаныбек: "Кыргызстандын аэропорту өтө кыйкымчыл экен" - Пакистанда жакшы эле жашап атыпсыңар. Эмне себептен Кыргыз-станга кайтып келүүнү чечтиңер? - Атам кайтыш болордун алдында насыят кылган: "Бизнести бардык жерде жасаса болот. Бирок, өзүңөрдүн мекенге кайтып баргыла, эне тилиңерди унутпагыла" деп. Мындан ары өз мекенибизде, Кыргызстанда жашайбыз. Пакистан, Дубай, Япония жана Кытайда фирма курганыма 15 жыл болду. Бизде көбүнчө кыргыздар менен уйгурлар иштейт. - Өз мекениңерге кайтып келдиңер. Бизнесиңерди бул жактан улантуу планыңарда барбы? - Пакистандын Гильгид деген шаарында 600 кыргыз бар. Кыргызстанга келгениме бир ай болду. Биз азыр Пакистан, Япония, Германия жана Лондондогу бардык кыргыз туугандарды Кыргызстанга чогултуп, Жаныбек казы атындагы корпорация куруп атабыз. Буйруса, 50-60% жумуш бүтүп калды. Анын ичинде 5 фирма бар, алар беш багытта иш алып барышат. Алсак, "Жаныбек казы лизинг" биздин кыргыз туугандарга виза, документ маселелерин чечишсе, "Жаныбек казы фонд" Өзгөнгө мектеп курган, эми мечит курулушун баштады. "Жаныбек казы экспорт-импорт" Дубайдан, Пакистандан Кыргызстанга продуктуларды ташуу милдетин аткарат. Мындан сырткары, Ошто фирма ачууну пландап атабыз. - Биздин Кыргызстанда коррупция гүлдөп-өнүгүп кетпедиби. Чет жерден келгендерге бизнес ачуу оңойго турбайт, сөзсүз "шапкасын" бериш керек дегендер жок эмес. Дегеним, сизге да ушундай талаптарды коюшса керек? - Жок, тескерисинче, жардам кылып атышат. Бизге окшогон кыргыздар чет жакта көп да. Алар мекенине кайтып келсе, өлкөбүздүн экономикасынын өсүп-өнүгүшүнө чоң өбөлгө болмок эле. - Мекенге кайтып келгенде кандай таасир алдыңыз? Кыргызстан өсүп-өнүкпөйт, келечеги жок деген ойлор да айтылууда. А сиз мамлекетибиздин келечегине кандай баа бересиз? - Ар бир жаран өз өлкөсүнүн патриоту болушу керек. Ал үчүн эне тилибизди сыйлашыбыз абзел. Өмүр бою Пакистанда жашасам да, кыргыз тилин унутпаганга аракет кылдым. Ошентсе да, анча-мынча уйгурча аралашып кетет. Мындан ары кыргыз тилин жеткиликтүү сүйлөгөнгө аракет жасайм. Албетте, Кыргызстанга кайтып келгенибизге сүйүнүп атабыз. Бул жердеги жакын туугандарыбыз чоң кызматтарда иштешет экен, жардам беришүүдө. Бирок, туристтерге, чет элден келген инвесторлорго Кыргызстанда азырак көйгөй бар. Мисалы, аэропортто документтериң туура болсо да убара кылышат экен. ТИМге барып виза алабыз, бул жакта жашайбыз дегендер убара болушууда. Андай болсо, биздин өлкөгө эчким келбей коюшу мүмкүн. Мен 30дан ашык мамлекетте болгом. Бирок, мындай көрүнүшкө күбө болгонум жок. Кыргыз бийлигине, президентибизге кайрылуу кылам, бул маселе боюнча. Болбосо, бизге туристтер аз келип калышы ыктымал. Дегеле, мамлекетибиздин гүлдөп өсүшү үчүн жалпылап аракет кылышыбыз керек. Бир адамдын колунан эчнерсе келбейт. Ошондойле, кыргыз элинин келечеги жок дегендерге кошулбайм. - Пакистандагы кыргыздардын акыбалы кандай? - Турмуш шарттары жакшы, бизнес кылышат. 70 жыл бизди жакшы караганына Пакистан өкмөтүнө да ыраазычылыгымды билдирем. - Жаныбек казынын неберелери көп өлкөдө жашашат экен. Алар эмне иш менен алектенет? - Америкада, Лондондо жашаган туугандарыбыз илимдин артынан түшкөн профессорлор. Германиядагылар "Азаттыкта" эмгектенсе, Турциядагы туугандарыбыз чарбачылык менен алектенишет. Ал эми Япониядагы туугандарыбыз атайын техника менен иш алып барышса, Кытайдагылар бизнес кылышат. Биздин 3-4 мамлекетте фирмабыз, 1 фабрикабыз бар. Нурканбек КЕРИМБАЕВ Кылкылдабай кымыраң кал! Кыргыздар темиржолдо кантип тонолот? Көроокаттын айынан сыртта иштеп жаткан жүз миңдеген мекендештерибиздин Кыргызстанга жөнөткөн акчасын өкмөт баш болуп санаганды жакшы көрөбүз. Бирок алардын кандай шартта күн кечирип жүргөнүн бир өздөрү, бир Кудай билбесе, башкаларыбыз кызыкпайбыз деле. Оор болсо да өз жеринде жумуш болуп, айлык берсе, бөтөн өлкөдө кимдин иштегиси келсин. Дал ошол акчанын азабынан чет жерде иштеген кыргызстандыктар сабалып, тонолуп, керек болсо мыкаачылык менен өлтүрүлүп жаткан фактылар жүздөп саналат. 2008-жылдын 22-апрелинде Москва-Бишкек каттамындагы ?28 рейске Жамбылдан ончакты белгисиз адам чыгып, тийиштүү документтерин көрсөтпөстөн эле жүргүнчүлөрдүн паспортун текшерген болуп, жардамсыз адамдардан акча доолаганга өтүшөт. Ким эле өз эрки менен акча берсин, "туура эмес", "эмне үчүн" деген нааразылык күч алганда, эркектерди тамбурга чакырып, чөнтөктөрүн тинтип, акчаларын бүт шыпырып алышат. Жүргүнчүлөрдүн айтуусунда, алар милиция кызматкерлерине окшойт. Себеби, эч нерседен чочубай Жамбылдан Меркеге чейин вагондорду бүт кыдырып текшерип, жүргүнчүлөрдүн жанында болгон акчасын зордук менен тартып ала беришкен. Редакцияга 85 адамдын колу коюлган катты Кайрат Момунов деген жигит алып келди. Анын айтуусунда, бул көрүнүш бир эле Казакстандын аймагында эмес, Россияда да ушундай. Чынында темиржолдо жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун эчким көзөмөлдөбөйт. ?28 рейс Россиянын карамагындагы поезд болгон. Ошого карабай, Бишкекке бараткандар кыргыздар экенин билип, карактап олтурушат. Поезд менен сапарга чыгуу өтө кооптуу. Милиция ачыктан-ачык эле акча доолайт. Эгер укугуңду талашып, арызданам десең, чөнтөгүңө наркозат салып коюшу да мүмкүн дейт жүргүнчүлөр. Анткени, "азиат улутундагы адам баланча грамм героин менен колго түштү" деген сөзгө күч органдары шектенбестен ишенет. Негизинен ошол күнкү тоноодон Санакан Маматов 800, Кыял Касымбаева 500, Рысбек Байсариев 1500, Бахадыр Асматов 150, Момура Кайыркулова 1000, Рашид Карбашев 700, Низамидин Калмурзаев 800, Виктор Атареев 500, Сүйүнбай уулу Мурали 1500, Уулбүбү Түркбаева 500, Дөөлөтбек Садыров 350, Айгүл Сыдыкова 2100, Канатбек Саадабаев 500, Кайрат Момунов 250, Шарипа Назарова 800, Дамира Салиева 1800, Советбек Назарматов 2000, Айдай Дубанаева 1000, Таласбек Садиров 2800, Сейдали кызы Самара 200 рублдерин каракчыларга тарттырып жиберишкен. Ал эми Россияда миң рублден кем "салык" албайт дешет жүргүнчүлөр. Булар бир эле рейстин жүргүнчүлөрү. Ал эми эчкимге кайрылбай тарттыргандар акчасын башынан садага кылып мекенин көргөнгө топук кылгандары канча. ?28 рейстен да болгону эки вагондогу эле жүргүнчүлөр кайрылып, алар карактаткан акчанын жалпы суммасы 18930 рублди түзүп олтурат. Ал эми калган онго жакын вагондо ким канча акчасын алдырганы белгисиз. Анткени алар кайрылган эмес. Муну ушул бойдон калтырып, көңүл бурбай коюуга болбойт. Себеби, биздин атуулдар ал акчаларды Россиянын токоюнан терип келип аткан жок. Ар бир рубль үчүн ичпей-жебей кысынып, бир бөлмөдө кир жууп, тамак бышырып, ит көрбөгөн кордукту көрүп тапкан маңдай терлери. Анан ошол акчаны жолдон каалагандай жыйнап алган казак баурдастарга биздин бийлик да кичине кайраттуу чара көргөнү оң. Өткөндө президент К.Бакиев Астанага барганда Н.Назарбаев Казакстандын ички иштер министрине "тиги татынакай айымдын даттануусуна жооп бер" деп биздин Айгүл Рыскулованы көрсөтүп кыйытып өттү эле. Бирок, биз тарап каргыш тиштегенсип отуруп берди. Келдибек НАЗИРОВ |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|