Коомдук-саясый гезит
№33, 06.05.08-ж.

Меймансап
Форум




  Имиштен илдет

Аликбек Жекшенкулов
Суудан таза, сүттөн ак
"Акыйкат үчүн" коомдук кыймылынын координатору Аликбек ЖЕКШЕНКУЛОВ мырзанын дарегине сын макала гезиттин өткөн санына жарыяланган. Экинчи жактын пикирин чагылдыруу максатында экс-министрге жолуксак, минтип жооп берди:

- Мен ал макалага олуттуу маани бербейм. Кимдин ким экенине, кандай иш кылганына эл күбө, эл өз баасын берет деп ойлойм. Мен өмүр бою мыйзамды сыйлап, анын чегинен чыкпаган кишимин. Бул менин жашоомдогу принцибим.
- Ошентсе да ошол мезгилде эмне үчүн кызматтан кеткениңиздин себебин айтып бербейсизби?
- Легендарлуу парламентте 360 депутат болгонун жакшы билесиңер. Анын ичинен 114 депутат "биз реформаторбуз, Кыргызстанга реформа жасашыбыз керек" деп тоталитардык системага каршы чыкканбыз. СССР урардын алдында чоң саясый күрөш болгон. Ошол маалда кошбийлик орноп калган. Компартия күчүндө болчу, жаңы келген президент дагы жаңыдан күч ала баштаган кез. Анан компартия менен Акаевдин ортосунда бийлик үчүн чоң күрөш болгон. Түштүктө ошогезде компартиянын таасири күчтүү болчу. Реформатор депутаттардын арасында жүргөнүмө жана менин башка региондон келгениме байланыштуу кызматтан кетиргенге аракет кылышты. Обком комсомолунун пленумунан талаш-тартыш болуп, чечим чыкпай калган. Ошондо мени жаштар колдоп чыгышканына ыраазы болдум. Кайжерде иштебейин, менин абийирим Кудайдын жана элдин алдында таза. Бирөө дагы мага келип, "сен туура эмес иш кылгансың" деп далилдүү айталбайт.
- Түптөгү окуяга ар ким ар кандай баа берүүдө. "Бул - оппозициянын акыркы иш-аракети болчу, андыктан, алардын күнү бүттү" дегендер да жок эмес. Сиз оппозиция лидерлеринин бири катары оппозициянын келечегине кандай баа бересиз?
- Оппозициянын да, бийликтин дагы саясый маданиятына жараша ушуга окшогон жагымсыз окуялар болуп атат. Эки тарап тең бир жыйынтыкка келиши керек. Эгерде мамлекетибизди сактап калалы жана келечекте өнүккөн өлкө куралы десек, саясый күрөш мыйзамдын негизинде жана цивилдүү жол менен болушу керек. А оппозиция болгону мезгил ыргагына жараша өсүп-өнүгүп турат.
- Коомчулукта эртең ким президент болот деген кызуу талаш маселе бар. Оппозициядагы үч лидерди президенттикке талапкер катары айтышууда. Алардын арасында сиздин да ысмыңыз аталып атат. Президент болуу оюңуз барбы?
- Журналист журтчулугу эмки президент бул же тигил болушу мүмкүн деп божомолдоп атасыңар. Ачыгын айтканда, мен буга анча маани бербейм. Бардыгын убакыт көрсөтөт. Саясат деген табышмактуу, кубулма нерсе да. Президент болчу адамдын төрт сапатын баса белгилеп өтсөм: таза, калыс, өз элинин патриоту, интеллектуалдык деңгээли жогору. Мына ушундай талапка жооп берген жигиттер арбын. Ал эми келечектеги президенттин түндүктүк же түштүктүк экени мен үчүн мааниге ээ эмес. Азырынча президент болуу дымагым жок. Кыргызда "Чуркаган албайт, буюрган алат" деген накыл кеп бар эмеспи...
Нурканбек КЕРИМБАЕВ




  Көзүрлөрдүн көчү кайда барат?

Бийлик төрүнө чыгып... төшөк жаңырткандар





P.S. Булар расмий үйлөнгөндөр. Жашыруун 2-3 аялдан алгандарын тек кое туралы.















Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan