![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №33, 06.05.08-ж. |
Меймансап Форум Бий аянт "Версус" Аталган топтун жаралганына беш жылдын жүзү болду. Бул убакыт аралыгында "Версустагы" кериле ийилген төрт бийкеч маданий иш-чаралардын гана көркүн ачпастан, өз алкагында жакшы тилек менен "Тумар" деп атап, экинчи муун түзгөнгө да жетише алды. Мурда өздөрү гана ээрчишип бийлеп жүрсө, акыркы жылдары шыктуу балдар-кыздарды топтоп, бий үйрөтүп жүрүшөт. Заңгыраган, кенен класстарды камтыган бий студиясын ачуу кыздардын келечек пландарында. Бир нече ирет сахнаны таштап, өз кесиптери менен кетүүнү чечишкен. Бирок, улам бир аткаруучудан концертке чакыруу алып, андан баш тарта албай жүрүп, топ беш жашка келип калды. Акжоолук салынып, турмуш курганча бийлей беришет өңдөнүп калды. Беш жылдык мааракени башкаларчылап белгилегилери жок. Кыздар андайга көп көңүл бөлө беришпейт. *** Топтун курамындагы Жаркынай менен Жийде учурда өз кесиптери менен иштешет. Айпери менен Айгүл дипломдорун колдоруна быйыл гана алышат. Беш жылдык эмгектин аркасы менен кыздар азырынча бий залын ижарага алып турушса да, ары-бери жылганга машине сатып алууга үлгүрүштү. *** Акыркы кезде бий топторунун көбөйгөнүн да ураалап кабылдашат. Анткени, арбиринин багыты да, стили да айырмаланып турат. "Бир-бирибизге эч тоскоол этпейбиз. Бирок, бийге терең мамиле менен карашса" деген гана каалоолору бар. *** Түзүлгөндөн бери кайсы гана ырчылар менен иштешпеди. Айрымдары менен достук жаралса, алгач түзүлгөндөн бери кызматташып келаткан Гүлнур Сатылганова менен эже-сиңдилердей жылуу мамиледе. Жыл сайын бул ырчы менен бийчилер Кыргызстан боюнча кайрымдуулук турне жасап келишет. *** Былтыр жайда актер эмес, кыздар түнкү клубда бийлеген бийчилер катары тасмага түшүшкөн. Бирок, ал тасманын Кыргызстанда көрсөтүлүшү күмөн. Себеби, Аскар Акаев туурасында, фестивалдык максатта гана тартылган. Болгондо да "Диктатор" аталып, аны корей режиссерлору тартышкан. *** Кыздардын бири да турмушка чыгалек, бирок айрымдарынын сезим арнаган адамдары бар. Мисалы, Жаркынай менен саксофонист Ролан (экс-"делмарчы") экөөнүн бир жарым жылдан бери мамилелери бар. Ал эми Айпери менен ырчы Микаэлдин достугун айрым басылмалар сүйүүгө да айлантышкан. Бирок, бийчи бийкеч өзүнүн жигити бардыгын, ал эми Микаэль эң жакын гана досу экендигин баса белгилейт. Жийде менен Айгүлдүн азырынча колу бош. *** Жаркынай жумушунан, Айпери сабагынан чыгып, көчөт бийчилерди даярдашат. Анын натыйжасы - "Тумар" тобу. Акырындан бул топ да элге көрүнүп келаткан чагы. "Бала кезден бий менен алек болуп келип, ушул өнөрдү жөн жерден токтотуп койгубуз келбеди. Биз тарбиялаган балдар улантышын кааладык" деген кыздар "Тумар" атына жараша элдин колдоосуна татыйт деген тилекте. "Центрум" Көчө багытындагы бул топ курамында азыр эки гана жигит бар. Алгач Каракол шаарында мындан 8 жыл мурун түзүлгөн… Бишкекте дал ушул жигиттердин багытындагы мелдеш өтмөкчү болот. Караколдук брейкерлер чогулуп, бир команда болуп борборго аттанышат. Топтун аталышы да кокусунан ошол мелдеште жаралган. Алгач ар кыл варианттарды ойлоп табышканы менен, анык бир аталышка токтолуша элек эле. Мелдештин уюштуруучулары сурай калганда гана жигиттердин бири "Центрум" дей салат. Ошентип, бул топ дайым күйөрмандардын көңүл чордонунда бололу деген ниетте ушул аталышты азыркыга дейре сактап жүрөт. Эрмек: - Караколдо бизди чогулткан Андрей деген жигит эле. Тилекке каршы ал биздин арабызда азыр жок. Тимур: - Ал тирүү кезде командабыздын курамы да чоң, ынтымактуу да элек. Ал автокырсыкка кабылып, арабыздан кеткен соң, Эрмек экөөбүз гана топту жоготпой келатабыз. Эрмек: - Бирөө үйлөндү, бирөө башка жумуш менен кетти. Экөөбүз биротоло Бишкекке келдик да, клубдарда, анан сахнага чыга баштадык. Бирок, бул бизге хобби гана болуп эсептелет. Тимур: - Эгер бий биз үчүн бүткүл жашоо десек, анда калп айткан болобуз. Анткени, экөөбүз тең ар башка кесип ээлерибиз. Эрмек: - Ар күнү бийлей бербейбиз. Чакыруу болсо гана барабыз. Бирок, эл алдында уят болбош үчүн албетте, даярданабыз, репертуарды жаңыртабыз. - Акыркы кездерде Саулени кошо сахнага алып чыгып жүрдүңөр. Тимур: - Спорт ордосундагы жаңы жылдык концерт эле. Номурубузда "Кичине балаты" ыры да бар эле, кызык болсун деп бенгаль шамын кичине кыз же бала көтөрүп чыгыш керек деп ойлодук да, Сауледен сурандык. Сценарий боюнча, ал дароо эле сахнадан түшмөк. Бирок, артыбызда ал бийлей берди. Ошондон кийин биз аны менен иштешүүнү чечтик. - Угушубузда, Алматы түнкү клубдарына көп чакырылат экенсиңер. Эрмек: - Биринчи жолу жөн гана шаарды көргөнү барганбыз. Кыдырып жүрүп, бир түнкү клубга баш багып калдык. Бий боюнча мелдештин үстүнөн чыгыппыз. Уюштуруучудан катышууну сурансак, ал Кыргызстандан мейман катары мелдеш соңунда чыгууну өтүндү. Биз бийледик, жанагы уюштуруучуга биздин номур абдан жагыптыр. Ал башка клубдардагы тааныштарына чалды. Ал жакта да бийледик. Администратор дарегибизди алып калды, ошентип, уланып кетти. Тимур: - Келишим түзүп иштөө да сунушталган. Макул болсок, ал жакта жашоого туура келет. Ошол себептен, баш тарттык. - Номурлары-ңар абдан татаал. Денсоолукка зыян келген учурлар болбойбу? Эрмек: - Албетте, андан качып болбойт. Бутумду оорутуп алып, жакындан тарта эле кайрадан бийлей баштадым. Күч келгенде нервдер кысылып калыптыр, ошондон башым айланып, ооруп жүрдү. Тимур: - Ошол себептен, көбүнчө мен Эрмекти көтөргөнгө аракет кылам. Эрмек: - Бир номурда от пайдаланабыз. Спорттук бут кийимди эритип алган учурлар болот. Бир ирет Тимурдун буту мурдума тийип, бийдин аягына дейре мурдумдан кан агып бийлегем. Дагы бир жолу Тимурдун бир манжасын сындырып алгам. Тимур: - Нарында беле, Ошто беле эсимде жок. Кроссовкамдын буугучу жакшы байланбай калса керек, бутумдан ыргып, сахнанын бир бурчунан тигил бурчуна учкан. - Айрымдар көчө бийи дешет, кээси таптакыр эле бий катары кабыл алышпайт. Өз багытыңарга кандай аныктама берет элеңер? Тимур: - Биз өз номурларыбызга балет, улуттук бий элементтерин кошуп келебиз. Аралашма, шоу жасалат. Ошол себептен, клуб бийи десек туура болот. - Силердин багытта канча жашка чейин бийлесе болот? Анткени, татаал трюктар жаш куракта гана жасалат го?.. Эрмек: - 60 жашка чейин. Биз циркке барып сабак алабыз, машыктыруучубуз 60та, ал трюктарды өзү көрсөтүп берет. Демек, курак бийге деле тоскоолдук кылбас. Даярдаган Айнагүл САПАРБЕК кызы |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|