Коомдук-саясый гезит
№33, 06.05.08-ж.

Меймансап
Форум




 

Футболчулар ууланып
"С" группасынын квалификацияланган АФК чакырыгы кубогунун турнири кечээ "Спартак" стадионунда башталды. Алгачкы оюн Афганистан жана Бангладеш командаларынын ортосунда болгон. Ал эми, Кыргызстан-Лаос таймашы Лаостун футболчулары козу карынга ууланып калганынан улам өтпөй калды. Эртең биздин футболчулар Афганистан командасы менен беттешмекчи. Афганистан ФИФАнын рейтингинде 196-орунда турарын эскерте кетели. АФК кубогу чакырыгынын 2008-2010-жылдагы жеңүүчүлөрү 2011-жылы Катарда өтө турган Азия кубогунун финалдык турнирине катышуу укугуна ээ болот.
Дегеле буга чейин мындай абройлуу турнир "Спартак" стадионунда өткөн эмес. Жалпы жонунан стадион 19 миң адамга ылайыкташкан. Ушул жылы "Спартакка" оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү. Анын маалымат борбору жаңыланып, интернет менен жабдылган.

Шайтан араба
Велоспортчу Евгений Ваккер жана анын машыктыруучусу жогорку деңгээлдеги мелдештерге катышуу үчүн заманбап шайтан арабаны ижарага алып жүрүшкөнүн айтышкан эле. Мындан улам, мамлекет Евгений мырзага жаңы үлгүдөгү шайтан араба сатып берди. Максатына жеткен Ваккер жел менен жарышып, Бээжинди "багынтып" калгысы бардыр.

Эркин күрөш
Польшанын Варшава шаарында болуп өткөн квалификацияланган турнирде Арсен Гитинов (74 кг салмактык категорияда) аттуу балбаныбыз финалга чыкты. Эми ал алтын медаль үчүн ат салышат. Гитинов башбайгени багындырбаса дагы, Бээжинге баруу укугуна ээ. Квалификацияланган турнирдин эрежесине ылайык алдыңкы үч орунду камсыз кылган спортчулар Олимпиада оюндарына катыша алат.

Тогуз коргоол
Өткөн жекшемби күнү спорттун ушул түрү боюнча республикалык чемпионат старт алды. Аталган иш-чара мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында өтүүдө. Уюштуруучулардын айтымында, бул мелдеште өлкөбүздүн дээрлик бардык аймактарынан келген 8 команда күч сынашат. Эркектерден түзүлгөн команда курамына 4 спортчу жана бир өкүл кирсе, аялдардыкында 3 спортчу жана бир өкүл бар. Аялдар менен эркектер ортосунда таймаш өз-өзүнчө өтөрүн эскерте кетели. Бул чемпионат Улуу жеңиш майрамынын эртеси жыйынтыкталмакчы.




  Тайгер Вудс - дүйнөдөгү эң бай спортчу


Кыргызстандын спорт тармагы жакшы телчиге албай аткан кези. Буга биринчи кезекте акча каражатынын жетишсиздиги себеп. Айрым учурларда эларалык деңгээлдеги абройлуу турнирлерге катыша албай калганын көп кездештирип жүрөбүз. Финансы көйгөйүнөн улам айрым спортчуларыбыз чет жактарга кетип, бөлөк элдин намысын коргоп жүрүшөт. Ал эми, өнүккөн өлкөлөрдүн спортчулары капчыгы калыңдардын катарын толуктап, "мен" деген миллионерлердин сабында турушат.
Forbes журналы дүйнөдөгү эң бай спорт жылдыздарынын тизмесин жарыялады. Аталган журналдын маалыматына таянсак, миллионер-спортчулардын көч башында Тайгер Вудс турат экен. Өткөн жылы Тайгер мырза 100 млн. доллар (!) киреше тапкан. Негизинен дүйнө спортчулары кирешени жеке бизнес жана жарнактык тасмаларга тартылуудан табышат. Анда эмесе, калган 9 спортчунун тизмесин окуп коюңуздар:
Оскар де ла Хойя (Бокс) - 43 млн. доллар
Фил Микельсон (Гольф) - 42,2 млн. доллар
Кими Райкконен (Ф1) - 40 млн. доллар
Михаэль Шумахер (Ф1, отставкада) - 36 млн. доллар
Дэвид Бэкхем (Футбол) - 33 млн. доллар
Коби Брайант (Баскетбол) - 32,9 млн. доллар
Шакил О'Нил (Баскетбол) - 31,9 млн. доллар
Майкл Джордан (Баскетбол, отставкада) - 31 млн. доллар
Рональдиньо (Футбол) - 31 млн. доллар
Даярдаган Нурканбек КЕРИМБАЕВ














Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan