![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №34, 09.05.08-ж. |
Меймансап Форум Ишенгүл айым, ишенелиби? "Бекен, бакка бука бак" же "Алиппе" талапка жооп береби? Кыргызстанда жаштардын (мектеп окуучуларынын, студенттердин) билим деңгээли башка өлкөлөргө салыштырмалуу төмөн. Буга далил катары "Пиза" эларалык уюмунун чечимин айтсак болот. Аталган уюм 56 мамлекеттин орто билим алган окуучуларынын билим деңгээлин изилдеп, Кыргызстандын мектеп окуучуларына арткы орунду ыйгарыптыр. Мунун себеби эмнеде? Албетте, себебин изилдей берсек, гезит бети түт келбес. Эгемен өлкө аталып, абадан кере-кере дем алганыбызга быйыл 17 жылдын жүзү болот. Тилекке каршы, билим берүү тармагында эгемендик желаргысы байкалбагансыйт. Окутуу орус тилинде жүргөн мектептерде Россиянын окуу программасы, окуу китептери боюнча билим берилип келатканы жашыруун эмес. Аларда кандай идеология, таалим-тарбия берилип атканын эчким көзөмөлгө албайт, сыягы. Алсак, Россиядан келген окуу китептеринде Иисус Христос жөнүндө материалдар, диний ырлар гимн түрүндө берилип жатканын кантип танабыз. Маселен, менин колумда 1998-жылы Санкт-Петербургдан басылып чыккан "Букварь" турат. Ошол китептин 162-163-беттерин барактап чыгыңыз. Орус кудайы Иисус Христос жөнүндө маалымат кенен чагылдырылган. Жаңыдан аң-сезими ойгоно баштаган (орус классында окуган кыргыз окуучулар) жаш жеткинчек орус туугандардын Кудайына, идеологиясына сугарылып калбайт деп ким кепилдик бералат? Албетте, бул бүгүн эле чыга калган маселе эмес. Ошентсе да, мындай маселелерди чечүүгө неге болбосун? Ал эми кыргыз "Алиппесинин" акыбалы кандай болду экен? Менин колумда Багдагүл Субанова менен Алмазбек Токтомаметовдун авторлугунда 2006-жылы 400 нускада чыгып, сыноого коюлган "Алиппе" китеби турат. Аталган окуу китебинин 15-бетинде "Үй жана жапайы канаттуулар" деген теманын алдында жаныбарлардын сүрөтү берилген. Баамымда, авторлор эшек, уй, иттер менен канаттуулардын айырмасын билишпейт сыягы. Дегеним, аларды канаттууларга кошушпайт эле. Балким, бул техникалык катадыр, андыктан оңдолгондур. Мейли, мунусуна деле макул бололук, бирок кеп маанисиа - китептин ички мазмунунда болуп атпайбы. Педагог эмес, карапайым адам китептин ичине бир сыйра көз жүгүртүп, чекиликтерди четинен табат. Алсак, "Б" тамгасындагы "Бака, бат атта. Бекен, бакка бука бак" деген сүйлөмдөн баланын эмес, чоңдордун да башы айланат. Өткөн кылымдын балдары "Ата, атка така как" деп чоңойсо, бүгүнкү күндүн жеткинчектери "бука бак" деп окуп чоңойобу? Айтор, мындай мисалдарды чекесинен тапсак болот. Мындан улам, Кыргыз билим берүү академиясынын кызматкери Сейит Жаанбаевди сөзгө тартып, жаңы окуу китептерин чыгаруунун жолу кандай, кандай шартта конкурс жарыяланарын билдик. - Сейит мырза, дегеле окуу китептерине конкурс кандай шартта жарыяланышы керек? - Буга үч негиз бар. Биринчиден, мектептерде окуу китеби жетпесе, экинчиден, окутулуп аткан окуу китептери талапка жооп бербесе конкурс жарыяласа болот. Үчүнчүдөн, конкурс Билим берүү министрлигинен эмес, өкмөттүн токтомунун негизинде мектептердеги окуу китептерин талдап, жыйынтыкталган справканын негизинде жарыяланат. Бул жолу ушул үч шарт тең аткарылган жок. Демек, сынак легитимдүү болгон жок дегенге толук негиз бар. Эксперттик комиссиянын протоколун алигиче көрөлекмин. Өткөрүлгөн "тегерек үстөлдүн" жыйынтыгы гана бар. 156 китептин ичинен 45и кабыл алынсын, 2005-2006-окуу жылына (окуучулардын санына жараша) чыгарылсын деген. Оңдоого жана толуктоого сунушталган окуу китептери эксперттик комиссияда каралып, басмага сунуш кылынышы керек болчу. Тилекке каршы, министрлик түзгөн эксперттик комиссия акча төлөбөй койгондугунан улам тарап кеткен. - Негедир түшүнүксүз болуп атат. Окуянын чоо-жайын жеткиликтүү айтып берсеңиз? - 2004-жылы 13-апрелде Билим берүү жана маданият министрлигинин ?231/1 буйругу чыккан. Анын негизинде "Жаңы муундагы окуу китептерин жазуу" аттуу конкурс "Эркин тоо", "Кутбилим" гезиттеринде жарыяланган. 1-мөөнөтү 15-октябрга чейин болчу. 2004-жылдын 8-октябрында министрдин ?725/1 буйругунун негизинде конкурстун мөөнөтү 2005-жылдын 15-январына чейин узартылган. 2005-жылы 14-февралда ?68/1 буйрук чыккан, эксперттик комиссия түзүү жөнүндө. Ошентип, конкурстун уюштуруу тобуна жалпы 156 окуу китеби келип түшкөн. Булар негизинен колжазма жана оңдолгон окуу китептери болчу. - Ал кантип өттү, талапка жооп бердиби, сиздин оюңузча, натыйжасы кандай болду? - "Алиппе" жана "Мекен таануу" (2-класстар үчүн) деген эки окуу китеби министрликте болуп өткөн "тегерек үстөлгө" катышкан комиссиянын чечими менен сыноого коюлган вариант деп сунуш кылынган. 2006-жылдын 22-мартында "Алиппе" баштаган жети китепти сынактан өткөрүү боюнча министрликтин ?170/1 буйругу чыккан. Анын негизинде министрлик аталган китептерди чыгарып, мектептерге таратмак. Ал эми сынак жүргүзүү Кыргыз билим берүү академиясына милдеттендирилген. Бирок, сынак ойдогудай жүрбөй калды. 2007-жылдын 29-майында Кыргыз билим берүү академиясынын окумуштуулар кеңеши өтүп, ошол жерден мындай белгиленген, министрдин буйругунун негизинде жалпы республика боюнча 19 мектепте 133 класста сынак өткөрүлүшү керек эле. Тилекке каршы, сынак 65 гана класста жүргүзүлгөн. Экинчиден, сынакка коюлган окуу китептери 2-чейрек, айрымдары 3-чейректен кийин гана колдонула баштаган. Сынактан мугалимдердин көпчүлүгү окуу китептериндеги кемчиликтерди оңдоп-түзөгөндөн кийин гана басып чыгарууга болот деп көрсөтүшкөн. - Анан авторлор сынакта айтылган пикирлерге жараша "Алиппени" оңдоп чыгыштыбы? - Авторлор колжазмаларды толуктоолор менен оңдоп чыгышты. Бирок, ал колжазмаларды башталгыч класстын адистери окуп чыгып анализдей элек. Себеби, министрлик түзгөн эксперттик комиссия тарап кеткен, ал эми Кыргыз билим берүү академиясындагы бөлүмдөрдө мурдагы китептин авторлору иштейт деген жүйөө менен каралган эмес. Ошондуктан, жаңы "Алиппе" китеби чыгалекте эле ар кандай талаш-тартыштын чордону болуп атат. Кыргыз билим берүү академиясынын 2007-жылдын 24-июлунда чыгарылган чечиминде (эл отпускада болчу) президент Калдыбаев Кадырбек Абдылдаевич "Министрлик тездетүүбүздү суранып атат, өзүм жооп берем" деп кол көтөртүп койгон. - Жаңы окуу китебин чыгарыш үчүн мурдагы окуу китеби жараксыз деп табылышы керек деп айттыңыз. Бүгүнкү күндө окутулуп аткан "Алиппе" китеби талапка жооп береби? Дегеле, быйылкы жаңы окуу жылында окуучуларды камсыз кылыш үчүн канча нускада "Алиппе" чыгарыш керек? - 10 жылдан бери Сулайман Рысбаевдин "Алиппеси" чыгып келет. Быйылкы жаңы окуу жылына 45 миң нускада окуу китеби бар. Талапка жооп бергени үчүн мектептерде окутулуп атпайбы. Ал жөнүндө бүгүнкү күндө жараксыз деген мугалимдин пикири же министрликтин, Билим берүү академиясынын да расмий чечими жок. Бирок министрликтин коллегиясы жарактуу деп тапкан жаңы "Алиппе" дагы 15 миң нуска менен чыгарылса, 1-класстын окуучуларын толук камсыз кылалабыз. Ошондон улам, жаңы түзүлгөн эксперттик комиссия 30 миң нускада чыгарууга уруксат берген. Бирок, авторлор 60 миң нускада чыгарабыз деген талабын коюуда. Эгемендикти алган жылдан бери 1-класстар үчүн "Музыка" жана "Көркөм өнөр" китеби чыгарылалек экен. Албетте, эң башкы себеби - акча каражатынын тартыштыгы. 10 жылдан бери окулуп, эчак сыноодон өткөн "Алиппеге" окшогон окуу китептери жетиштүү болсо да, ашыкча акча каражатын коротуп, саны бар, сапаты жок окуу китептерин чыгарууга негиз барбы? Нурканбек КЕРИМБАЕВ Кайдасыңар, классташтар? Жыйырманчы жаз... 1988-жылы жаз айында Атбашыдан Абды агайыбыз менен сүрөткө түшкөндө баарыбыз он жети жашта элек. Андан бери жыйырма жыл өтүптүр. Ушунча жыл ичинде эмнегедир бири-бирибизге жолукпадык, издешпедик. Бир топ классташтарыбыз арабыздан өтүп кетти. Мындайда да чогулбадык. Же каракийик жылында төрөлгөндөр ушундай мерес болушабы? Тамашакөй, ачык-айрым Айнура, олуттуу, бирок кээде күлкүчү Жаркын, Абды агай, азыркы тааныштарым "сен агезде бае экенсиң" деген мен, Пугачеванын, Ротарунун ырларын катыра ырдаган Жамал, бир сырдуу Гүлнур, дайыма жакшы окуган Гүлай, оюнкараак Назгүл, ошогезде эле орду менен сүйлөгөн Нургүл классташтарым кайдасыңар? Он жылдык, жыйырма жылдыктарды колунда бар, крутой эркек балдар болсо уюштурат, болбосо эч ким уюштура албайт дегенди угуп келебиз. Биз ошогезде крутой болууну эңседик беле?.. Кыздар көпчүлүгүбүз мугалим болгубуз келчү. Балдарыбыз инженер, зоотехник, агроном, ветеринар болсок дешчү. Каалаган ой-максатыңарга жете алдыңарбы? Бизди биринчи класста окутушкан алтындай агай-эжейибиз Апыш, Айдек раматы болгурлар, кээде эске түшөт. Жакшы көрүп, сыйлап-урматтаган, бизге сабактан мурда турмушту түшүндүргөн агай-эжейлердей мугалимдер азыр мектептерде калды бекен? Коммунизмди куруучунун моралдык кодексин жаттап комсомолго өтүп, окууну бүтүп, коммунизмге беттеп баратканда алдыбыздагы даңгыр жол жер жарылгандай жарылып, бардыгыбыз туңгуюкка кулап кеткендей болгонубуз, эгемендик келди деп сүйүнүп, бирок алдыда даңгыр жол жок кыйналганыбыз, кандай жашоону, кимге карай түздөнүштү билбегенибиз биздин муунга аябай катуу тийди. Бала чак, өспүрүм кез социализмде калып, бой жеткенден бери капитализмде жашап келебиз. Бала кезде максатыбыз, үмүтүбүз көп эле. Алар ишке аштыбы? Өзүм юрфакта окуп, сот болгум келчү.Ага жетпедим. Бирок азыр журналист болгонума өкүнбөйм. Урматтуу классташтарым, байланышалы десеңер, мени "Агымдан" табасыңар. Аскер САКЫБАЕВА |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|