![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №34, 09.05.08-ж. |
Меймансап Форум ![]() Айланбас жердин айланма жаңылыктары РОССИЯ. Дмитрий Медведев президенттик бийликке келди. 7-майда өткөн инаугурация аземинде ант берип, Дмитрий Медведев Конституциялык сот төрагасы тарабынан расмий түрдө Россия Федерациясынын президенти деп жарыяланды. Ошол эле күнү кечинде жаңы президент премьерлик орунга В.Путиндин талапкерлигин Мамдумага сунуштады. Парламент бул маселени кечээ карап, 448 добуштан 392 добуш (87,1%) менен Путинди премьерликке бекитти. ИЗРАИЛЬ эгемендүүлүгүнүн 60 жылдыгын майрамдап жатат. 1948-жылдан бери Израиль жашоочуларынын саны 9 эсеге көбөйгөн, азыр бул мамлекетте 7 миллиондон ашык адам жашайт. Өлкө аймагындагы узак убакытка созулган согуштук аракеттерге карабастан, Израиль калкты медициналык жактан камсыздоо жана айыл-чарбасын өнүктүрүү боюнча дүйнөнүн алдыңкы мамлекеттеринин катарына кирет. Эгемендүүлүк майрамы аскер парады, түрдүү шаан-шөкөттөр менен коштолот. МЬЯНМА. "Наргис" циклонунан өлгөн жана дайынсыз жоголгон адамдардын саны 80 миңге жетти. Иравади дарыясынын жээгин бойлой жайгашкан ондогон айыл-кыштактарды табигый кырсык түп-тамырынан бери жууп кеткен. Айрым маалыматтар боюнча, өлгөндөрдүн саны 100 миңден ашык адамды түзөт. Азыр бул жерге дүйнөнүн булуң-бурчунан гуманитардык жардамдар келип жатат. УЛУУ БРИТАНИЯ Россия менен болгон курч конфликтиде Грузияга колдоо көрсөтөөрүн билдирди. Тумандуу Альбиондун мындай демилгесин Тбилиси кубануу менен кабыл алып, Англияны Грузиянын Европадагы негизги өнөктөштөрүнүн бири атады. Ошол эле учурда британиялык министр эки мамлекеттин ортосундагы келишпестикти дипломатиялык жол менен чечүү керектигин билдирди. Анын сөзү боюнча бул оң жыйынтык берүүчү жалгыз багыт. ЯПОНИЯ. Бийлик менен оппозиция коргонуу үчүн космосту пайдаланууга уруксат берген мыйзам долбоору боюнча макулдашууга келишти. Мыйзам күчүнө киргенден кийин Япониянын коргонуу күчү чалгын спутниктерин иштеп чыгып жана аларды башкаруу укугуна ээ болот. 1969-жылы Япон парламенти космосту пайдаланууну чектеген резолюция кабыл алган. Буга карабастан, чалгын спутниктерин Токио бир нече ирет пайдаланды. Аталган мыйзам долбоор бул аракетти юридикалык жактан гана бекемдеп берет. ЛИВАН. Бейрут шаарында азык-түлүк баасынын жогорулашы саясый күчтөрдүн карама-каршылыгын туудуруп, оппозиция менен бийликтин ортосундагы кагылышууга апкелди. Акция катышуучулары шаардын жалгыз аэропортунун жолун тосуп, эчкимди киргизбей коюшкан. Мекемелер ишин токтотуп, дүкөндөр жабылган. Мындан аркы абал бийликтин үч күн мурда "Хезболла" кыймылына каршы кабыл алган чечимдерине оппозициянын берген жооп-аракетине жараша өнүгөт. Каршылык акцияларынан улам өлкөдө өзгөчө абалга жарыяланышы мүмкүн, ал эми айрым эксперттердин божомолунда мамлекетти жарандык согуш күтөт. ПОЛЬША. ПРО системасы боюнча АКШ менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Буга карата Варшавада эксперттердин төрт жумушчу тобу түзүлдү. Ал эми Америка тараптан 20 өкүл катышууда. Сүйлөшүүлөрдүн негизги маселеси - Американын ПРО системасынын элементтерин аталган өлкө аймагына жайгаштыруу мүмкүнчүлүгү, Польша армиясын модернизациялоого АКШнын аракети жана бул иш-чарага чыгымдалган каражат көлөмү. Дүйнөкүн ТАПДҮЙНӨ. Индиянын Матхура шаарынын жашоочусу жогорку катмардагы адамдар басып жүрүүчү жолдон төмөнкү катмардагы эне-бала өтүп койгондугу үчүн анын алты жашар кызын жалындаган отко таштап жиберген. Денесинин 30%ы күйүп калган кыз азыр ооруканада. Кылмышкер сотту күтүп, камакта отурат. Индияда социалдык белги боюнча дискриминациялоого Конституция жол бербейт, бирок ага карабастан, коомчулук төмөнкү тап адамдарын ушугезге чейин кабыл албай, атүгүл, алар менен мамиле түзүүнү уят көрүшөт. БАЙДҮЙНӨ. Россиялык олигарх Роман Абрамович кызынын 16-туулган күнүн өткөрүү үчүн 200 миң фунт стерлинг сарптады (1 фунт стерлинг болжол менен 2,5 долларга барабар). Туулган күн өткөрүү үчүн Лондондун жогорку тарабында жайгашкан "Paper" клубу толугу менен ижарага алынып, ага 120 000 фунт төлөнгөн. Дүйнөнүн алдыңкы ди-джейлери менен алпаруучулардын кызматына 8000 фунт сарпталса, конокторго арналган алкоголсуз махито коктейли менен банан дайкирлери миллиардердин капчыгын 70 000 фунтка жеңилдетти. Клуб фойесинде шамалдын элесин берүү үчүн кошумча 20 000 фунт сарпталды, ал эми өспүрүмдөрдүн атайы бий аянтчасы 15 000 фунт стерлингге сатылып алынган. Айтор, бул майрамдык иш-чара келген меймандарды гана эмес, билбеген балээси жок деген журналисттерди да таңгалдырып, оозун ачырды. КҮЙДҮЙНӨ. Американын Мичиган штатында үрөй учурган авторкырсыктан жапа чеккен кыздардын төртөө тең каза болгондугун ата-энелерине куткаруучулар билдирет. Бирок, алардын ичинен Уитни аман калып, анын сумкасынан Лора Ван Риндин күбөлүгү табылгандыктан, бардыгы аны Лора деп эсептешет. Андан кийинки окуя Болливуд тасмасын эске салат: Лоранын жакындары күнү-түнү кыздын жанынан чыкпай, камкордук көрүшсө, Уитнинин ата-энеси "кызын" жерге берет. Бирок бир нече аптадан соң эсине келген Уитни белгисиз аттарды айтып, күчүгүн чакыра берет. Ошондо гана Лоранын шектенген ата-энеси кызынан айрылганын билишет. ЖАШДҮЙНӨ. 1 -майда 118 жашка чыккан дагестандык Магомед Лабазановду Гиннес китебине киргизүү сунушу каралууда. Жергиликтүү райондун өкүлү Гаджимагомедовдун айтуусунда, буга чейин Гиннес китебине эркектер арасында 118 жашка чыккан адам кирген эмес. Өзүнүн узак жашоосунун себебин Лабазанов туура тамактануу жана чың жашоо мүнөзү менен түшүндүрөт: ал эч качан ичпей, чекпей, эң негизги тамагы катары жүгөрү жана ачкыл сүт азыктарын пайдаланган. ЭРДҮЙНӨ. Россиянын Всеволжск районунун жашоочусу,13 жашар Алексей Киселев өрт кырсыгынан адамдарды куткаргандыгы үчүн РФнын өзгөчө кырдаалдар министри Сергей Шойгу тарабынан "Өрттөгү эрдиги үчүн" медалы менен сыйланды. Түрмөдө отурган атасы менен тентип кеткен энесинин ордун жоктотпой, Алеша өзүнөн кийинки үч ини-карындашына жөлөк болуп келет. Ал күнү чоң энеси кезектеги отуруштан кийин мастыгы менен уктап калып, шамды өчүрбөй калат. Үйдү каптаган жалындан Алеша ойгонуп кетип, уктап аткан ини-карындаштарын бирден көтөрүп чыгат. Андан соң чоң энесинин бөтөлкөлөш досун алып чыгууга аракет кылганы менен, сүйрөп чыгууга алы жетпей, үйгө калтырууга мажбур болду. Жалгыз бөлмөлүү баш калкалоочу жайынан ажыраган балдар ичкич чоң энеси менен азыр ар кай жерде. Келечектери бүдөмүк. Миң түркүн адам Николя САРКОЗИ Кечээ президенттик бийликке келгенине бир жыл толду. Өткөргөн сапатсыз социалдык-экономикалык реформалары, элдин жашоо шартынын төмөндөшү жана жеке турмушуна коомчулуктун көңүлүн ашкере бурдуруусунан улам Николя Саркозинин популярдуулук рейтинги кескин төмөндөп барат. Бүгүнкү күндө Саркозинин саясаты калктын 32%нын гана колдоосуна ээ. Ал эми мындай көрсөткүч Францияда 27 жылдан бери биринчи жолу катталган. Саркози өлкөнүн мурунку президенттерине караганда өзгөчөлөнүп турат: АКШда эсалып, экзотикалык аралдарга көп барат. Жадакалса өзүнүн үйбүлөлүк турмушун эл алдына алып чыгуудан тартынбайт. Беш жылдык мөөнөттүн аякташын күтүп отурбай, француздар нааразылык акцияларын өткөрө башташты. Эл президенттин саясатын колдобогондуктан, жергиликтүү шайлоолордо да Саркозинин партиясы жеңилүүлөргө дуушар болду. Ал эми профсоюздук уюмдар көчөгө чыгып, каршылык көрсөтүүнү токтотпой тургандыктарын билдиришүүдө, демек, президенттиктин экинчи жылы да оор болчудай түрү бар. Мария ШАРАПОВА Айтылуу теннисчи кыз Берлинде өтчү биринчи категориядагы турга жана дүйнөлүк теннис ассоциациясынын рекламалык акцияларына катышпай койгондугу үчүн 1 миллион доллардын тегерегинде айып тартышы мүмкүн. Шарапова өзүнүн баш тартуусунун себебин Римде өтүүчү турнирге даярдык көрүп жаткандыгы менен түшүндүрүүдө. Мария үчүн бул турнирдин мааниси абдан чоң. "Күнүгө төрт саатка созулуучу фотосессия - бул кыйноо. Уюштуруучулар спортсмендердин абалы, шарты менен эч убакта кызыгып коюшпайт" дейт Шарапова. Михаил ГОРБАЧЕВ СССРдин биринчи жана акыркы президенти чөбөрө көрүүнүн алдында турат. Горбачевдун 28 жаштагы небере-кызы Ксения Горбачева менен күйөө баласы Дмитрий Пырченков баланын төрөлүшү үчүн Альпынын абройлуу клиникасын тандап алышты. Ымыркайдын кыз же уул экендиги өздөрүнө белгилүү болсо да, болочок ата-эне ырым-жырым карманып, азырынча эч кимге айтпай турат. Владимир ЭТУШ Баарыбызга белгилүү товарищ Саахов 85 жашка чыкты. Тасмалардагы Этуштун каармандарынын сөзү афоризм катары калыптанып, эл арасына кеңири тараган. Экинчи дүйнөлүк согушка өз ыктыяры менен кетип, көптөгөн кандуу кармашты башынан кечирген Этуш котормочулук да кызмат өтөп, сыйлык-наамдарга ээ болгон. 1944-жылы оор жарааттын айынан согуштан бошоп, Щукин атындагы окуу жайга окутуучу катары чакырылган. Актер 9-майды экинчи туулган күнүм деп эсептейт. МАДОННА Ырчы айым 2001-жылы 9 миллион фунт стерлингге сатып алган Улуу Британиядагы особняк үйүн сатууну чечти. Анын азыркы наркы 12 миллион фунт стерлинг деп бааланууда (бул болжол менен 24 млн. долларды түзөт). Үй жери 40,5 гектарды камтыйт, анда бир нече коттедждер да жайгашып, 8 ванна бөлмөсү, көлөмдүү ашкана жана бир нече спорттук залдар бар. Мындан тышкары, Мадонна Лондондо жайгашкан 6 особняк үйгө ээ. |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|