Коомдук-саясый гезит
№34, 09.05.08-ж.

Меймансап
Форум




  Төбөсү менен төркүнү

Алмазбек БААТЫРБЕКОВ, Айылчарба министрлигинин мамлекеттик алкоагенттигинин директору:
"Кеп аракта эмес, "адамдын өзүндө..."
- Кыргызстандагы азыркы ичимдик тармагынын абалы кандай?
- Алкоагенттигине иштегениме эки ай болду. Кыргызстанда ичимдик тармагында эки спирт чыгаруучу, он сегиз арак чыгаруучу, коньяк-бренди чыгарган алты, кальвадос чыгарган эки, шампан чыгарган үч, вино чыгарган он беш завод бар. Андан тышкары, он пиво чыгарган заводубуз бар. Негизи ичимдик бардык эле өлкөлөрдө акчаны мамлекеттик бюджетке көбүрөөк салым кошор тармактарга кирет. Арак заводдорунда индикативдик план экономикалык мүмкүнчүлүгүнө жараша бир жылга бекитилет. Мындан мурда ар бир завод боюнча бекитилген индикативдик план жылдан-жылга аткарылбай келген. Анын себептери көп. Биринчиден, спирт да, сырьебуз да кымбат. Сырьенун кымбаттыгынын себеби, газды Казакстандан, Өзбекстандан алабыз. Өзбекстанда, Казакстанда миң кубу 106 доллар болсо, биздин заводдор 247 доллардан алышат. Буудай дагы коңшу республикаларга караганда биртоп кымбат. Бирок, биздин Карабалтанын спирт заводунан чыккан продукциянын сапаты жогору. Мисалы, жакында завод Вена шаарында өткөн эларалык көргөзмөдөн "Алтын сертификатты" алды. Орто Азия боюнча биздин "Арвин" заводунун "Шпилька" деген арагы Америкага жана башка өлкөлөргө экспорттолуп атат. "Алсу" деген заводдун продукциялары коңшу республикаларга, Россияга кетип атат. Булар сапаты, дизайны боюнча да элди өзүнө тартууда.
- Алкоголь продукциясынын сапаты башка өлкөлөргө салыштырмалуу өйдө деп атасыз. Бул тармак республикалык бюджетке канча салым кошот?
- Мисалы, бир бөтөлкө арактын акциздик маркасынан 10 сом 50 тыйын бюджетке түз түшөт. Ошондо 1 литр арактын акциздик ставкасы 21 сом. Орто эсеп менен индикативдик план 2008-жылга 1 млн. 500 далга (дека литр - ред.) эсептелген. Акыркы эки айда - январь, февралда 45 миң далга артта калган. Ошону март, апрель айында жаптык. Индикативдүү план апрель айында 102 миң далды түзсө, биз 120,1 миң далга, б.а.18,1 миң ашыгы менен аткардык.
- Алкоголду ашык чыгаруу элди ичимдикке көбүрөк берилип кетүүгө түртөт деп ойлобойсуздарбы же мамлекетке ашык пайда түшүрүү эле негизги максатыңарбы?
- Эгер заводдорубуз таза, сапаттуу арактарды чыгарып турбаса, ичип көнүп калган адам той-топурларда деле, коңшу Казакстандан келип аткан контрабандалык ичимдикти, же болбосо ашканасынан кол менен жасалган арактарды деле ичишет да. Андай продукция толук таза иштелип чыкпаган соң, уулангандар көп болуп, денсоолукка зыян келтирет. Ал эми планды аткарып салдык дегеним, өзүбүздүн көрсөткүчтөрдү айтып атам. Ичимдик көп чыкса эле элдин баары ичип кетет дегендикке жатпайт. Биздин спирттик ичимдиктер Казакстан, Россияныкына караганда алда-канча сапаттуу. Импорт десе эле сапаттуу дегенди түшүндүрбөйт. Өткөндө Россиянын бир арак заводунун абалын телевизордон көрүп таң калдым. Келемиштер чуркап жүрөт, тетиктери абдан кир экен. Ошондой санитардык жактан таза эмес арактарды импорт деп башка жакка өткөрө берерин айтышты. Бизде андай завод жок. Башка өлкөнүн өндүрүүчүлөрүн колдобой, өзүбүздүкүн колдосок, экономикабызга салымыбызды кошмок элек.
- Бир жылдары колго жасалган арактарга бөгөт коюш үчүн спирт ичимдиктердин баасын арзандатып жиберишпеди беле? Азыр спирт ичимдиктеринин баасын кайрадан кымбаттатып атасыздар, алар арзандайбы?
- Колго жасалган спирт ичимдиктерге бөгөт коюш үчүн заводдордон чыккан арактардын баасын төмөндөтсөк жакшы эле болмок. Бир кездерде арактын баасын арзандатып жибергенибиз, ошондо республикабызда Казакстандын сапатсыз арактары көбөйүп кеткен. Бирок, арактын баасы башка азык-түлүктөргө салыштырмалуу өскөн жок. Орто эсеп менен алганда, он пайызга жетпеген суммада кымбаттады.
- Азыркы учурда көпчүлүк заводдор менчиктештирилип кетпедиби, жаңы заводду ачып иштетиш үчүн уставдык капиталы канча болушу керек?
- Арак заводун ачыш үчүн мыйзам боюнча уставдык капиталы 5 млн. сомду түзүш керек. Лицензия алыштын мыйзамда жазылган өзүнчө талаптары бар, атайын адистер, технологдор болушу зарыл. Автоматташтырылган система жабдуулары керек. Кыскасы, абдан көп талаптарды аткарууга туура келет.
- Дүкөн ачыш үчүн аянтча 50 чарчы метрден кем болбошу керек деген мыйзам чыккан эле. Ушул тууралуу көп суроолор түшүүдө…
- Мыйзам боюнча бул шаар ичиндеги гана дүкөндөргө тиешеси бар. Ал эми айыл жеринде жергиликтүү администрация, айыл өкмөтү, акимиаттар уруксат берсе, ал критерий каралбайт.
- Азыркы учурда колго жасалган арак менен заводдон чыккан арактын айырмасы билинбегендиктен, кээ бир адамдар ууланган учурлар болууда. Аларды кантип билсе болот?
- Биринчиден, бардык алкоголь ичимдиктерин сатуу үчүн соода түйүндөрүндө уруксат кагазы - лицензиясы болуш керек. Лицензия мамлекеттин алкоагенттиги тарабынан берилет. Бардык алкоголь ичимдигине шайкеш сертификат, келишим, кайсы заводдон алып келингендиги тууралуу маалыматтардын негизинде бир жылга түзүлөт. Ошого жараша счет-фактура, накладной, товардык чеги жазылат. Эгерде ушулардын бирөө эле дүкөндө жок болсо, анда ал товарларды заводдуку деп далилдей албайт. Бүгүнкү күндө жасалма арактар көп. Ар бир заводдун өзүнүн жашыруун сырлары бар. Эгерде арактан ууланган адам кайсы дүкөндөн, кандай аракты сатып алганын далилдеп берсе, ал аракты текшерип, сапатын карайбыз. Албетте, арак сапатсыз болсо кайсы заводдон чыкса ошол тарап жоопко тартылат. А эгерде колго жасалган болсо, дүкөнгө кандай жол менен келгенин аныктап, текшерилет.Ошого жараша дүкөндүн ээсине чара колдонулат.
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА





 

Дзюдо
Спорттун ушул түрү боюнча жаштар арасында республикалык чемпионат "Динамо" спорт клубунда бүгүн старт алат. Бул иш-чаранын башкы максаты - Иеменде өтө турган Азия чемпионатына өлкөбүздүн курама командасын түзүү болуп саналат. Турнир эртең жыйынтыкталары маалым. Айтмакчы, дзюдо федерациясынын президенти Кореяда өткөн Азия чемпионатында татыктуу орунга ээ болгон Елена Проскураковага үч миң доллар өлчөмүндө сыйлык тапшырган. Эми Елена айым жайкы Олимпиада оюнунда өлкөбүздүн намысын коргомокчу.
Грек-рим күрөшү
Иван Панфиловдун жаркын элесине арналган эларалык турнир Спорт ордосунда бүгүн болот. Мелдешке жалпы жонунан Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстандан келген жүзгө чукул балбандар катышмакчы.
Футбол
1:0
Азия футбол конфедерациясынын Чакырык кубогунун алкагында "С" тобунун квалификацияланган турнири башталганын гезитибиздин өткөн санында маалымдаганбыз. Радио күнүндө Ооганстан-Кыргызстан беттешүүсү өтүп, биздин курама команда 1:0 эсебинде жеңилүү ызасын тартты. Беттешүүнүн 39-мүнөтүндө (1-бөлүк) ооганстандык жарым коргоочу Ата Хамрали эсепти ачкан. Оюндун экинчи бөлүгүндө да ийгилик биз тарапка оогон жок, тактап айтканда, кыргыз футболчулары эсепти теңдей алышпады. Эмки оюнда биздин футболчулар Бангладештен келген меймандар менен беттешмекчи.
Теп, топту!
Өлкөбүздүн "Дордой-Динамо" футболдук клубу Тараз шаарынын (Казакстан) командасы менен жолдоштук беттешүү өткөрөт. Таймаш Кант (Кыргызстан) шаарындагы "Цементник" стадионунда өтөөрү маалым. Ал эми, "Абдыш-Ата" (Кант) Ооганстандын курама командасы менен бүгүн Кант шаарында жолдоштук беттеш өткөрүшү күтүлүүдө.
134-орун
ФИФАнын апрель айына карата чыгарган жыйынтыгына ылайык, өлкөбүздүн футбол курама командасы 134-орунга татыды. Алдыңкы беш орунду Аргентина (1520 упай), Бразилия (1518 упай), Италия (1396 упай), Испания (1323 упай) жана Германия (1264 упай) мамлекеттери камсыз кылган.
Бразилияга ким барат?
Кичи футбол боюнча Азия чемпионаты Бангкокто бүгүн старт алды. Кыргызстан футболчулары Ирак, Таиланд жана Индонезия курама командалары менен беттешет. Бул турнир быйыл ноябрда Бразилияда футзал боюнча өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо ишин аркаламакчы. Учурда биздин курама команда дүйнөлүк рейтингде 108 өлкөнүн ичинен 14-орунда.
Америка футболу
10-12-майда америка футболу боюнча турнир "Спартак" стадионунда өтөт. Мелдеште "Барс" (Кыргызстан), "Титан" (Казакстан) жана америкалык "Crusaders" ("Evangel") командалары беттешет. Турнирдин биринчи күнүндө эларалык АКШ-Казакстан беттеши өтсө, 11-майда биздин спортчулар казактардын командасы менен таймашмакчы. Ал эми 12-майдан тартып "Барс" (Кыргызстан) америкалыктар менен таймашары маалымдалууда. Турнирдин уюштуруучуларынын айтымында, көрүүчүлөр үчүн белгилүү "Халлиганы и Ра" рок группасы жана DJ Graf өз өнөрлөрүн тартуулайт. Мындай жөрөлгө Бишкекте биринчи жолу өткөрүлүп атканын баса белгилей кетели.
Даярдаган Нурканбек КЕРИМБАЕВ











Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan