Коомдук-саясый гезит
№34, 09.05.08-ж.

Меймансап
Форум




  Омардын күлкүсүнө кыздар эрийт

Бегимай Жээнбаева: - Омар, канча жашыңдан бери ырдап жүрөсүң?
- Кичинемден бери эле ырдачумун. Ал эми чындап киришкениме эки жылга жакындап калды.
Асел Керимбекова, Бишкек: - Сүйлөшкөн кызың барбы?
- Жок.
Бактыгүл Кудайбердиева: - Бишкекте качан концерт бересиң?
- Кудай буюрса, күзгө жакын.
- Ата-энең ырчы болушуңа каршы эмеспи?
- Азырынча каршы эмес.
Кымбат Эгембердиева: - Эң жакын досторуң ким? Достукка бекемсиңби?
- Достукту ыйык тутам. Эң жакын досторум - Жанузак, Данияр (2), Арзымат, чыгармачыл адамдардан: Арсен, Алмаз Адамалиев, Мирбек Атабеков, Тилек Каниметов, Ильяз Андаш, Азат Болотбек, Руслан Ботобаев.
Нуриса Талипова, Ош шаары: - Омар, сен мага кеч ырдап чыккандай сезиле бересиң? Мурда неге сахнага чыкпай жүрдүң?
- Менимче, кеч деле эмес. Картаң көрүнөт окшоймун, ээ? Азыр 19 гана жаштамын, дагы алдыда көп убакыт бар.
- Ошко концерт менен келесиңби, жок дегенде башкалар менен гастролго келип кетпейсиңби? Биз жакшына тосуп алабыз.
- Жеке концерт менен күздө барабыз, жакшылап тосуп аларыңыздарга үмүт кылам.
Кайыр Аманканова, Каракол: - Омар, кандай ырларды жактырасың? Ата-эне темасындагы ырларың барбы?
- Эне темасына арналган ырым жакында чыгат. Мага көбүнчө лирикалык ырлар абдан жагат.
Миржана Керимбек кызы: - Омар, сени жолугууга чакырсам келет белең? Мен сени туулган күнүмө чакырайын дегем. Достуктан башка эч нерсе күтпөйм. Болгону дос болууну суранат элем.
- Мен "Кондор" эсалуу борборунда ырдайм, туулган күнүңүздү ошол жерде өткөрсөңүз, мен ыр арнап куттуктайын. Кол сунганыңызга ыракмат, достуктан качпайм.
Нурбек Касымкулов: - Ырчылык менен өмүр сүрүүгө мүмкүнбү же сөзсүз дагы бир кесипке ээ болуш керекпи?
- Чыгармачылык каражат табуунун булагы эмес, ага чыгармачылык катары кароого тийишпиз. Ырчыларга катуу тийип калбасын, бирок, эрудицияга баарыбир дагы бир кесип зарыл. Кошумча кесипке ээ болуу эч кимге тоскоол болбойт.
Аида Эген: - Омар, азаматсың! Биз сени менен сыймыктанабыз! Дайым бар бол! Конкурста жеңип-жеңбесең да, мындай ийгиликке ар ким жете бербейт. Бир гана суроом бар, турмушта татаал жол менен басасыңбы же жеңил ишти тандайсыңбы?
- Бирдей татаал же бир өңчөй жеңил жол болбойт. Бирде өйдө, бирде ылдый болот дегендей, биз аны тандай албайбыз. Алла Тааланын буйругунан. Бирок, кандай болсо да, турмуш жолун татыктуу басып өтсөк болду.
Гүлзари Каленова: - Жашооңуздагы жетишкендик деп эмнени санайсыз?
- Эгер алдыдагы сынакта элимди уят кылбай, ишеним арткандардын ишенимин өчүрбөй, ийгиликтүү барып келсем, ошол мага чоң жетишкендик болот деп ойлойм.
Кулназар Шакир уулу: - Омар, эгер сени бир чиновник кызы жактырып, артыңдан ээрчип, жаныңды койбосо эмне кылмак элең?
- Мага кимдин кызы экени айырмасы жок. Эгер ал кыз менин табитимден тыш болсо, анда сезимин сыйлап, жай түшүндүрүүгө аракет кылмакмын. Балким, кыз мага да жагып калса, анда кол сунмакмын.
Махабат Нуркан кызы: - Сахна мүнөзүңдү өзгөрткөн жокпу?
- Мурда кандай болсом, азыр деле ошондоймун.
Нуркыз Айтыгулова: - Айтсаңыз, Омар, сахналаштарыңыздан көңүл калалекпи?
- Андай бололек, болбой эле койсун.
- Ырчылардан сыйлаганыңыз кимдер?
- Актан Исабаевди сыйлайм, бирок, баарлашып көрөлекмин.
Шахноза Эмил кызы: - Омар байке, канча биртуугансыз? Үйдө кичүүсүзбү же эң улуу уулсузбу?
- Эки биртууганмын, эжекем бар. Бирок, үйдө кичүүдөй эркелеп көргөн эмесмин.
Нурайым Кулубекова, Бишкек шаары: - Омар, саламатсыңбы? Жерлигиң кайдан?
- Атам Таластан, өзүм Бишкекте өсүп-чоңоюп, окуп, иштеп жүрөм.
- Туулган жылың кайсы?
- 1988-жылы төрөлгөм.
Элвира Курманбекова: - Өмүрүңүздөгү эң чоң белек эмне болгон?
- Бул жашоого келгеним. Тилектеримдин четинен орундалып, тапкан күйөрмандарым - жараткандын белеги.
Айзада Назирова: - Ырчылыктан тышкаркы кесибиң кандай?
- Учурда Улуттук университетте юридикалык факультеттин 3-курсунда окуйм. Буга чейин Финансы техникумун бухгалтер адистиги боюнча бүтүргөм. Тил үйрөнүү үчүн атайын курстарга барам. Ушул тапта Каржы министрлигинде стажировкадан өтүп жатам.
- Россия тараптан сунуш түшүп калса, өлкөнү таштап кетип калбайсыңбы?
- Азыр деле ар кандай сунуштар түшүп атат. Бирок, Кыргызстандын атынан сынакка катышып атып, орто жолдон таштап кетүүгө өз абийирим деле жол бербейт.
Айгерим Элипова: - Омар деген ысым - бул псевдонимби же чыныгы атыңбы?
- Бул сахналык ысым.
- Ырдап калууңа ким түрткү болду эле?
- Менимче, өзүмө өзүм эле түрткү болдум окшойт.
- Эл артисти болгуң келеби?
- Алланын буюрганын көрөбүз. Ага чейин мен иштей берем.
Асылкан Мамбетова, Бишкек шаары: - Азыркы чыгып аткан жаштар кыргыз эстрадасына чоң салым кошуп жатабыз деп ойлойсуңарбы?
- Кандай болбосун, арбири өз стилин жаратып, ноу-хау алып келүүдө.
- Жардамга муктаж адамдарга эмне жардам көрсөталасың?
- Мечитке барганда сөзсүз битир-садага таштайм. Азырынча колумдан чоң нерсе деле келелек. Ал эми ыр, обон жагынан мен чыгармачыл жоро-жолдошторумдан жардамымды аябайм.
Асел Ибраимова, Бишкек шаары: - Сизди көптөн бери сүйүп жүрөм. Көзүңүздү көргөндө, үнүңүздү, өзгөчө күлкүңүздү укканда аябай эрип кетем.
- Чоң ыракмат, сыйыңызга таазим этем.
- Үйбүлөңүздө чыгармачыл адамдар барбы?
- Жок, чыгармачылыкка эч тиешеси жок.
- Англис тилинде эркин сүйлөйт деп угабыз, ушул чынбы?
- Толук түрдө эркин сүйлөй албасам да, түшүнөм, түшүндүрө алам.
- Кичипейилсизби?
- Өзүмө өзүм баа берген болбойт, ал боюнча сиздер айтсаңыздар жарашат.
Айгерим Марат кызы: - Омар, сага кандай кыздар жагат?
- Оор басырыктуу, адамгерчиликтүү, жоош, максат кое билген, татынакай, ага жараша акылы тунук кыздар жагат.
Назгүл Асанбекова, БГУ, 3-курс: - Сахнада өтө шоксуз, а турмушта кандай адамсыз?
- Эл катарындагы эле карапайым жарандардын биримин.
- Жылдыз оорусу менен ооруй элексизби?
- Биринчиден, андан оолак болоюн, бирок, ошол дартка чалдыга тургандай деле абалга жетелекмин.

Уюштурган
Айнагүл САПАРБЕК кызы













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan