Коомдук-саясый гезит
№34, 09.05.08-ж.

Меймансап
Форум




 

Чегарага качан чекит коюлат?
Казакстан бүтүп, эми Өзбекстан менен чегара тактоого кезек келди. Маселен, Аксыда эле 131 км. чегара такталалек. 9 талаш участок бар. Өзбек чегарачылар бир кадам өтүп кеттиң шылтоосу менен кыргыздын малын, үндүгүн, машинесин камап, кашайтып атыр. Эл Акүйгө жетпей акимге арызданат, андан жардам жок...

Эки дөө кагышса, ортодо чегиртке көбөйөбү?
Өткөндө Айыл, суу чарба министри А.Ногоев менен матрезерв башчысы П.Рахманов кер-мур айтышып кекенишкен. Булардын урушунан айыл жери аябай азап чегиптир. Дегеним, чегирткени уулоо боюнча айылчарба министрлигинде атайын тендер өткөн. "Композит" компаниясы утуп ишке камданып баштаганда матрезерв текшерип, "тендер туура эмес өткөн" деп жаап салат. 1-вице-премьер И.Айдаралиев Ногоев менен Рахмановду кагып-согуп араң ишке салгыча он күн өтүп, бул аралыкта чегирткелер айдоо аянттарды фашисттердей каптап, Аксыдан Ноокен, Алабуканы көздөй жайнап кетти. Чегиртке аз убакыт ичинде эле миллиондоп көбөйөт тура. Эми абадан сокку урганга, (уу чачканга) самолет, вертолету жетишпей, өкмөттүн эси эки болууда. Кызыгы, "эчки тууй албай жатып койго арачы болуптур" болуп, техника жетишпей жатса кыргыздын эки самолету Тажикстанда дары чачып жүрөт. Ошентип эки "дөөнүн" урушунан жүздөгөн гектар буудай аянтын чегиртке жеп кетти.

Президент барат, күткүлө
Сокулук районуна президент келет экен деп көптөн бери акимчилик алды шаңга бөлөнүп, окуучулар конок тосконго даярданып жатышты. Аким айлана-чөйрөсүн актап-түстөп, катуу даярданды эле. Күткөндөй президент эмес, премьер-министр И.Чудинов келип, Улуу Атамекендик согуштун ардагерлерин куттуктап кетти. Сокулук эли ажонун келем деп койгону да жакшы экен, тартип болуп, тазаланып алат экенбиз дешүүдө.

Ким кайда көчөт?
Боло жүргөндөй Акүйдө кадрдык алмашуулар майрамдан кийин болору жөнүндө жоромолдор айтыла баштады. Финансы министри А.Келдибеков, коргоо министри Б.Калыев, чегара башчысы И.Исаков, Россия элчиси М.Бакиев, Германия элчиси Ф.Кулов, Түп райакимине Ысыккөл губернатор орунбасары К.Алышбаев кудаланып жатыптыр.

Султан Палван шейх болгондо
Кечээ Кувейт шейхи, дүйнөнүн эң байларынын бири Ахмад Ашия Бишкекке келип, президент менен жолугуп, Кыргызстанга колдоо көрсөтүп, Нарынга эт комбинатын, Кеминге цемент завод курганга каражат бөлмөй болду. Кызыгы, андан мурда А.Салымбеков, А.Сабиров, С.Раев Кувейтке барат. Алар министрди укмуш баалайт экен. Раевди брондолгон "Жипке" салып, автоматчан аскерлер коштоп жүрдү дейт. Султан Палван "Мени эмне мынча кайтарышат" деп таңданса, депутаттар алакан чаап каткырышат дейт. Ошентип, Сукең бир күн шейх болуптур. Ахмад Ашиянын байлыгына аң-таң болгон булар азыр Кыргызстанда шейхти коштоп жүрүшөт.

"Агым-пресс"




  Башкарымдын баш оору

Өспөгөн элдин башчысы

Кыргызстанды чамасы чакталуу, өзү кичине өлкө дейбиз. Ал эми экономиканы өнүктүрүү жөнүндө сөз кылганда кол жетпеген нерселерди жасоону айтып, колдо бар каражатты сарамжалдуу пайдаланууну эске албайбыз.
Мына ушул алакандай Кыргызстанда 7 облус бар. Анын администрациясы, губернатору, орунбасарлары, катчысы, кызмат унаасы, телефону, иши кылып өкмөттүн казнасын бөксөртө турган алкымы бир топ эле. Облустук деңгээлдеги улукчулдук муну менен эле бүтпөйт. Ар бир министрликтин, комитеттердин ал жерде башкармалыгы, бөлүмдөрү бар. Анан кайра эле начальниги, эки орун басары, катчысы, кызматтык машинеси, аппарат жетекчиси, ж.б. ондогон адистери маяна алып, жан багып турушат. Ээлеген имараттарынын коммуналдык төлөмдөрү, күзөтчүсү, техкызматкерлери, айдоочулары - ушунун баары элден чогулган салыктын эсебинен кармалат. Терең изилдесек, облустук администрация, анын губернатору элдин анча-мынча арыз-муңун уккандан, кагаз иштерине кол койгондон башка алгылыктуу жардам көрсөтө албайт. Азыр дыйкандар, ишканалар өз ишин көрсөтмөсүз эле өздөрү жасайт.
Андыктан 7 облус бүгүн жоюлуп кетсе да эч кимге залакасы тийбейт. Тескерисинче, казна үнөмдөлөт. Ошол каражатты мугалимдер менен дарыгерлерге, пенсионерлерге бөлүп берсе болот. Дагы 44 район бар. Райондо да облустардай эле көрүнүш. Ай сайын айыл өкмөттөрүн чакырып, отчет сурап кеңешме өткөрүп, акимдер жер-жерлерди кыдырып элдин, арыз-муңун уккандан бөлөк жардамы да, пайдасы да жок. Анткени, каражат тартыш, мүмкүнчүлүктөрү чектелүү.
Кыргызстан 7 облуска, 44 районго бөлүнгөндөн бери он беш жылга жакын мезгил өттү. Бир да райондун акими уюштуруучулук иштерин жакшы жолго коюп, жумушчу орундарды түзүп, маданий мекемелерди талаптагыдай иштетип, элдин жашоосун өзгөртүү жагынан өзүн көрсөтпөдү. Ушунун өзү эле бул системаны түп-тамырынан бери өзгөртүү зарылдыгын айгинелейт.
Кандай өзгөртүп, кандайча бөлүштүрүү жөнүндө айрым саясатчылар сунуш да киргизген. Бирок, буга эч ким белсенип киришпей жатат. Казына каражатынан оңбогондой акча министрликтер менен мамлекеттик комитеттерге бөлүнөт. Бүгүн премьер-министрдин аппаратынан сырткары 12 министрлик, 5 комитет, 13 агенттик. Мындан тышкары канчалаган атайын кызматтар, комиссиялар, инспекциялар бар. Казнанын капчыгын эңшерген каражаттын басымдуу бөлүгү өкмөт курамындагы ушул түзүмдөргө бөлүнөт. Министрликтерди бир кезде бириктирип да көрдүк. Экинчи бир жагы аксап калды деген шылтоо менен кайрадан ажыратылды. Дагы эле министрлер, комитеттин төрагалары, агенттиктин директорлору иштин ойдогудай жүрбөгөнүн каражаттын тартыштыгына шылташат.
Жогорку Кеңештин депутаттары үчүн күнүнө он литрден бензин бөлүнөт экен. Ошондо токсон депутат 1 жылда 32850 литр бензин керектеп, анын наркы орто эсеп менен 886950 сом болот. Эми буга айдоочусунун маянасын кошуңуз. Ал эми министрлер, комитеттин төрагалары, агенттиктин жетекчилери райондун акимдери, губернаторлор күйүүчү майды мындан эки-үч эсеге көп сарпташат. Депутаттар менен министрликтердин чет өлкөгө саякаттары да өкмөттүн эсебинен төлөнөт.
Бүгүн айыл өкмөтүнүн башчысы 12, райондун акими 15, губернаторлор 18-20, министрлер 20-22, депутаттар 25 миңдин тегерегинде маяна алышат. Азыркы баа менен өлчөгөндө, бул анчалык деле көп эмес. Бирок, айрым айыл өкмөтү, акимдер, депутаттар ошол акчаны актап жатабы, кеп ушунда. Жаңы шайланган Жогорку Кеңеш иштегенден бери жарты ооз сөз сүйлөбөй, жарым барак мыйзам жазбай сабагынан аксаган окуучудай шүк олтурган депутаттар бар. Ошол депутаттар да убагында айлык алып, кызматтык машине минип, эки-үч жардамчы кармап эл өкүлү болуп жүрүшөт.
Чүй боорунда жашаган Төлөмүш байке төрт баланын атасы. Үлүшкө тийген бир гектар жерине беде айдап, 5 кой, бир уй кармайт. Балдары мектепте окуйт. Аялы да, өзү да жумушсуз. Ошол киши айтат: "90-жылдан бери өкмөттөн көргөн пайдамдын болгону балдарым мектепте окуйт, бир гектар жер берген. Башка пайдасын көрбөдүм. Казаныма жарым кашык аш салып берген жок" деп. Ошо сыңары бүгүн карапайым калк үчүн акимдин, губернатордун, депутаттын бар же жок экени билинбейт. Кыргыз өкмөтү, облус, райондор толугу менен жоюлуп кетсе деле Төлөмүш байкенин турмушу өзгөрүлбөйт. Ал эми Төлөмүш байкеге окшогондор он миңдеп саналат.
Бекем назар салсаңыз, Кыргызстанда карапайым калктын жашоосу өзүнчө, бийликте тургандардын жашоосу өзүнчө болуп бөлүнүп калган. Анткени, бийлик элдин турмушун аз болсо да жакшыртуучу кадамдарды жасай элек. Ошол эле Жогорку Кеңешке 2008-жыл үчүн бөлүнгөн 284 миллион сомго бир райондогу калктын турмушун коммунизмге айландырса болот. Ал эми Ош облусуна бөлүнгөн 1 миллиард 180 миллионду, Чүй облусуна бөлүнгөн 1 миллиард 236 миллионду ишкерлерге, фермер дыйкандарга бөлүп берип, талап койсо, Кыргызстан эчак эле сормо саздын баткагынан чыкмак. Ал эми губернатор, аким, министрлер сүйлөсө муну жасадык, тигини жасадык деп сандарды тизмектеп ташташат. Түгөттүкү, Төлөмүш байкенин турмушу он беш жылдан бери өзгөрбөй, өкмөттүн бар же жок экени ага билинбей жатпайбы.
Келдибек НАЗИРОВ













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan