![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №34, 09.05.08-ж. |
Меймансап Форум Акыркы коңгуроо алдында Жаш ырчыларыбыздын арасынан быйыл Бегимай ЭСЕНГУЛОВА мектепти аяктап, чоң турмушка аттанат. Ушул таптагы ырчы кыздын сезимдерине кызыктык. Бегимай: "Алгач сезимди парталашым билдирген" - Мектепти аяктар алдында кандай сезимдерге кабылуудасың? - Тажаганда акыры мектепти аяктап атам деп жыргап калам. Бирок, эжекелеримдин кийин сагынасың дегендерин эстеп, бир кызык сезимдер пайда боло калат. Чындыгында эле аябай сонун күндөр өттү. Учурда экзамендерден санаркап жатам. - Кайсы окуу жайына тапшырайын деп чечтиң? Кайсы кесипти тандадың? - Азырынча ойлонуп жатабыз. Өзүм юрист болгум келет. Бирок, апама бул чечим анча жага бербейт. Ал эми окуу жайлардан КАУ, КРСУ же балким, Улуттук университетке тапшырармын. - Кайсы сабакты жакшы окуйсуң? - Алгебра, орус тили. Тарых, биология, адабиятты, дегеле оозеки сүйлөөнү талап кылган сабактарды жактырбайм. - Ырдап чыкканыңда классташтар кандай кабыл алган? - Окуу жылдын аягында ырдап чыктым. Сентябрь башталганда мен башка мектепке которулуп кеттим. Ошол себептен, мурдагы классташтарымдын айрымдары гана телефон аркылуу байланышып, сурап жүрүштү. Ал эми жаңы мектепке келгенче, аз да болсо, сахнаны байырлап калган элем. - Канча мектеп алмаштырдың? - Төрт ирет которулдум. Бирок, айланып келип эле эң алгачкы ?38 мектепти аяктаганы турам. Жаман жери, бир мектепте жакын болуп жүрүп эле, которулуп кетсең, ошол досторуңдан алыстап кетет экенсиң. Бирок, мен кандай жерде болбосун, адамдар менен бат тил табышам. Алгачкы классташтарымдын азыр айрымдарын гана көрөм. Көбү башка мектептерге которулуп кетишкен, азыркыга чейин окугандары мени тааныбай да калышыптыр. - Мектеп турмушунда конфликттик окуяларга кабылган учурлар болгонбу? - Өзүм конфликттен алысмын. Жаман мамиледен да сактанам. Модага айланып кеткен "разборкаларга" да катышып көргөн эмесмин. - Мектепте башынан эле ырдачу белең? - 7-класста окуп жүргөндө, "Алтын күз" балында үч кыз ошогездеги хит ырлардын бирин ырдамакпыз. Баары жакшы колдоп атышкан, сүрдөп кеттимби, ырдын текстин унутуп койдум. Жөн эле созуп турам, бир маалда жанымдагы кыз улантып кетти. Элге байкалган жок, бирок, өзүм аябай жаман болгом. - Алгачкы мугалимиңди эстейсиңби? - Негизи эле баары ошол биринчи мугалимиңден көзкаранды экен. Ал сени кандай багытка салса, ошол нукта бара бересиң. Мен ага абдан ыраазымын. Аябай боорукер жан эле. Көрүп калам кээде. Жашы өтүп, азыр таптакыр башкача. - Алгачкы парта-лашыңчы?.. - Албетте, ал менин биринчи "душманым" болчу да (күлүп). Экөөбүз кырылыша эле берчүбүз. Күндө апама арызданып барам, бир ирет ал мектепке чейин келип, ошол баланы урушуп кеткен болчу. Урчу деле эмес, жакшы көрүп тийишкени мени ызалантчу окшойт. Ошол бала алгачкылардан болуп сезимин билдирген. Азыр политехтин лицейинде окуйт деп угам. - Апаң сенин балалыгыңды кандай эскерет? - Чоңойгонумду колумдан кармап билет. "Быйтыйган алакандар азыр колума батпай калыптыр" деп калат. Бакчага барган кезимде капкара, кайраттуу болот деп чачымды таптакыр алып салышчу. Балдардын ага асылып тийишкенин айтпаңыз. Кызыгып мен да апамдан балалыгымды сурай берем. Бирок, апамды көп деле кыйнабасам керек. Сабактарымдан да өз алдымча болчумун. Жаңырык ИСА: "Түшүмдө да комуз күүлөйм" Рубрика мейманы - Иса ЭМИЛ уулу (Омуркулов). Кичинесинен бери сахнада. Азыр 12 жашка гана чыкса да, ийгилиги азыркы жаш ырчылардын бир тобунан өйдө. Учурда бул көчөт ырчы тушоо кесүү ыр кечесине камынып жүрөт. Дайым жанынан чыкпай, жетелеп жүргөн апасы айтмакчы, уулунун турмушундагы алгачкы чоң сыноо, элден бата сурап турганы. Кичинесинен ыр дүйнөсүнө профессионалдык мамиле жасайт. Вокалдан Ирина Соболевадан сабак алат. Кандай ыр жаздырбасын, окутуучусу Исаны үч айлап даярдайт. Ыр жаздыруу маалында да студияда жанында болот. Жылдын башында эле Бишкектеги хореографиялык мектепте сабак алчу. Ал жактын расписаниеси менен көп нерсеге жетишалбай калгандыктан, кайрадан мектеп которду. Учурда Бишкектеги ?40 мектептин окуучусу. Өзү айтмакчы, жаңы классташтары "супер" кабыл алган. Жанында олтургандары да автограф сурап жүрүшкөн. Баары менен ырчы бала бат эле тил табышып, досторчо мамиледе. Концерттерге көп катышат. Ар кыл иш-чараларга чакырылат. Айтор, 12 жашар ырчынын жашоо темпи балалыктан тыш. "Кээде ойноп кетип калгым келет. Көбүнчө футболго кызыгам. Үйдүн жанында стадиондо демалыш күндөрү ойноп турам". Исада тентектик жок дейт апасы. Кандай сын айтылса, кулак салып калат. Репертуарынан да ар багыттагы ырларды уксак болот. Өзүнө классика менен элдик ырлар өзгөчө жакын. Ырларынын саны 25ке жетти. Акыркы кезде кыргыздын эски кайрыктарын созуп жүрөт. "Телефонундагы элдик ырларды уккан классташтары, атургай улуу уулдарым да түшүнбөйт. А бирок, Исанын өзүнө аябай жагат" дейт апасы. Чындыгында эле ырчынын телефону 50дөн ашык комуз коштоосундагы ыр-күүлөргө толгон. Акыркы кезде комузга да барат. Бир ирет түшүндө профессионал комузчудай күү чертип чыккан. Жанындагы таенеси чочуп, келме келтирип чыгат. Биринчи ыры эсинде калбаптыр, экинчиси - А.Огомбаевдин "Гүл" чыгармасын черткен. А бирок, чыныгы турмушта бул чыгарманы укканы менен, үйрөнөлек эле. Апасы Лиранын айтымында, Иса таятасын тарткан. Ал киши күү чертип, обон жаратып жүргөн адам болгон. Бир жарым жашынан эле таятасынын күүлөрүн тыңшап, кулак салып калчу экен. Ырга жөндөмүн байкаган соң, ата-энеси музыкалык мектепке берген. Кичинесинен эле бир канча балдар сынактарынын лауреаты болгон. "20 жашка чейин ырдайм. Андан кийин хирург болом" деп калат үйүндөгүлөргө. Бирок, апасынын баамында, ыр менен кете берсе, андан бөлүналбайт. Даярдаган Айнагүл САПАРБЕК кызы |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|