Коомдук-саясый гезит
№34, 09.05.08-ж.

Меймансап
Форум




  Табакташтар тарыхынан

Кыргызстан нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Базарбай МАМБЕТОВ:
"Мамлекетибиз коңшулар колуна суу куюудан ашалбады"
- Базарбай Эстебесович, өкмөт энергосекторду менчиктештирүүгө мыйзамдуу жол ачты. Өздүк наркы үч тыйын турган энергия тармагы бүгүн эмне үчүн банкрот болду?
- Энергетика тармагындагы проблемалардын бардыгы бул тармакта мамлекеттик башкаруунун жоктугунан келип чыгууда. Ар бир тармак эффективдүү иштеш үчүн калыптанган система болуш керек. Эгер бул тармакта ушундай система иштесе, азыркы проблемалар болмок эмес. Бул тармак Акаевден мурда, андан бери үч-төрт жыл жакшы эле башкарылып келген. Акаев кийин бул тармакты профессионалдык дилетанттарга, политехте сабак бергендерге, лаборанттарга башкартып койду эле, мурда калыптанган башкаруу системасы бузулуп, рычагдар иштебей, байланыштар үзүлгөн. Ушундан кийин да эмне болсоң ошо бол деп карабай коюшкан. Ошо себептен коммерциялык жоготуулар чыккан. А чындыгында электрэнергия керектөөчүлөргө жеткенге чейинки жолдогу жоготууларга өтө жоопкерчиликсиз мамиле болгондо да алар 10-12 пайыздан ашпайт. Эгерде Өзбекстанда ушундай жоготуулар 5 пайыздан ашса, ага жеткиргендерди Каримов дароо түрмөгө отургузат.
А биздин дилетанттар чоң жоготууларды өкмөт деңгээлиндеги мыйзамдаштырууга жетишип жатышпайбы. Өкмөт болсо былтыр коммерциялык жоготуулар 36 пайыз болуптур, ошону быйыл 32 пайыздан ашырбайсыңар деп токтомго жазып, мыйзамдаштырды. Мындай иш дүйнөлүк практикада жок. Бийлик ушундай жоготууларга жол бергендерди кызматтан алып, жазалоонун ордуна, алар менен чогуу иштешип жатат. Бул деген жапайычылык. Муну казактар, өзбектер укса, бизди жаңы эле тоодон түшкөн жапайылар деп шылдыңдашат.
Биз азыр менчиктештирүүнүн экинчи этабына келдик. Гидроэлектрстанцияларды, кубаттуу генераторлорду сатпашыбыз керек. Анткени биз Токтогул суу сактагычы аркылуу Борборазия саясатына таасир эте алабыз. Муну колдон чыгарсак, бизде таасир берүүчү курал калбайт. Бул жерден иштелип чыккан энергияны жеткирүүчү жогорку вольттогу электр өткөрүүчү линияларды, башкача айтканда, 110, 220, 500 киловольтт кубаттуулуктагы энергия линиялар менен бардык аймактарга тарайт. Буларды менчиктештирүүгө болбойт. Бул тармактар аркылуу Камбарата-1-2 ГЭСтери иштеп чыккан энергияны экспорттойбуз. Буларды эффективдүү башкарса, мамлекетке көп пайда түшөт. Эми ошо жогорку вольттуу линиялар энергияны бөлүштүрүүчү компанияларга алып келет. Бөлүштүрүүчү компанияларды сатпасак болбойт. Анткени, бизде башка мүмкүнчүлүк жок. 17 жылдан бери ушу бөлүштүрүүчү компаниялар кыйроого туш болду. Мындайда дүйнөлүк практикада деле жеке менчикке берүүгө аракет жасалат. Ошондо да 100 пайыз эмес, 30-40 пайыз акция мамлекеттин колунда калышы керек. Сатканда да көрүнгөнгө кармата бербей, ачык шарт коюп сатылыш керек. Мисалы, Россия Белгород бөлүштүрүүчү компаниясынын 72 пайызын гана менчикке саткан. Аны сатып алган компания канча сумманы компанияга жумшайт, кантип реконструкция кылат, тариф кандай болот, канча кишини иштетет - булардын бардыгы так, даана жазылган. Биз сатканда да ушундай шарттарды коюп, сатып алган компания бул шарттарды аткарбаса, аны дароо эле мамлекет алып кое турган мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбашыбыз керек. Компанияны менчикке ала турган адам мамлекеттин жогорудагыдай шарттар камтылган программасына кол коюшу зарыл.
- Ушу ишке ашса, кандай проблемалар чечилет?
- Менчик ээси коммерциялык жоготууларды 3-5 пайызга чейин түшүрөт. Анткени ал бирөөлөр уурдап аткан же техникалык себептерден жок болгон энергияларды таап, жоготууга учуратпайт. Энергиянын акысын төлөбөй аткандарды төлөтөт. Бөлүштүрүүчү компанияны толугу менен реконструкция кылат. Кыргызстанда 68 миң км бөлүштүрүүчү линиялар бар. Булардын начарларын жаңыртып, кайра жасаш керек. Бул линиялар совет доорунда үйлөрдөгү эки-үч лампочкага эле ылайыкталып жасалган. Азыр булардын кубаттуулугун жогорулатып, бул линияларда турган 20 миңден ашык жергиликтүү подстанцияларды реконструкция жасоо милдеттендирилиши зарыл. Мисалы, азыр айылдарда төрт-беш үйдө ар кандай плитка, жылыткычтар сайылса, калган үйлөрдө жарык бүлбүлдөп калат. Демек, жергиликтүү подстанциялардын 0,4 киловольтт линиясы өтө алсыз, аларды күчтөнтүү керек.
- Эми ошо бөлүштүрүүчү компанияларды сөзсүз эле чет элдиктерге сатыш керекпи?
- Жогорудагыдай иштерди жасоого мүмкүнчүлүгү болуп, иштетүүгө көзү жетсе, бияктагы адамдарга сатууга эмнеге болбосун. Алар компанияларды эч жакка көчүрүп кетпейт. Кыргызстанда "Түндүкэлектро", "Чыгышэлектро", "Ошэлектро", "Түштүкэлектро" деген төрт бөлүштүрүүчү компания бар. Эң негизгиси, тариф саясаты мамлекеттин колунда болуш керек. Аны антимонополдук комитет бекитип берет.
- Бирок өлкө жетекчилери канчалык аракет кылса да, инвестиция бизге эмне үчүн аз келип атат? Энергетика тармагына инвесторлор көп келерине көзүңүз жетеби?
- Башында айтпадымбы, мамлекет тармактарды эффективдүү башкаралбай калганда, ал тармак өлөт. Эгерде кайсы гана тармак болбосун калыпка салынган система иштесе, ишкерлер үчүн да мамлекет белгилүү эрежелерди сактаса, анын ишине эчким тоскоол болбосо, көздөгөн пайдасын тапса, кайсы гана тармакка болбосун инвестиция келет. Кептин бардыгы ошо экономикалык системаны мамлекет жөнгө салалбай жатканында болуп атпайбы. Азыркы бийлик да буларды жөнгө салууда алсыздык кылууда.
- Бөлүштүрүүчү компаниялар кимге, кандай шартта сатылары жашыруун-жабык болгондуктан, аны ала тургандар үчүн тарифти 2025-жылга чейин көтөрүп, жолду тазалап бергендиктен, бийлик жең ичинен соодалап атат деген шек күч?
- Мунуңуз негиздүү. Өкмөт андай компанияларды ачык айтышы шарт. Алар ушу тармактарда иштеген бренддери бар компаниялар болуш керек. А бизде президентке же өкмөткө ким биринчи келсе, ошого макул дебатпайбызбы. Азыркы Жогорку Кеңеш көтөргөн тарифтер туура эмес, бул Дүйнөлүк банктын айтканы менен көтөрүлгөн тариф. Мен убагында азыркы тарифтерди да түшүрүү керек деп айткам.
- А министр С.Балкыбеков "2000-жылдан бери энергияга тариф көтөрүлөлек экен, ошонүчүн көтөрүшүбүз керек" дебедиби?
- Болуптур, тариф көтөрүлсүн. Анда 40% жоготуулардын ичинде төлөбөгөндөр да бар да. Тариф көтөрүлсө, аны төлөй албагандардын саны дагы 20-30%га дароо эле көбөйөт. Мисалы, Чубайс Россияда биртоп облустарда энергия тарифин эки эсе азайтып, бирок ушу тарифти сөзсүз төлөгүлө дегенде, эл макул болуп, бул проблема түбүнөн чечилген. Элдин көп бөлүгү төмөнкү тарифти төлөй албай жатса, эми ал жогорулаганда төлөмөк беле? Бизде энергетика тармагындагы бир да мыйзам иштебейт. Мыйзамдардын күчү коррупцияга жетпей, ага тебеленип калган. Муну өлкө башчысы да, өкмөт башчысы да түшүнбөй жатат.
- Энергосектордо энергобарондор пайда болгондугун ММК көп жазды. 40-50% жоготуулардын ичинен ушу энергобарондор жөнеле каражат таап жатышканы көп айтылды. Бул тармакта ондогон жылдар иштеген, аны банкротко алып келгендер С.Балкыбеков, Д.Ширшов, Б.Сартказиев дагы эле ушу тармактын саясатын жүргүзүп жатышпайбы. Булар качан жооп беришет?
- Булар аябай күнөөлүү. Энергиянын азыркы абалына сөзсүз жооп берүүлөрү керек, алардын начар иштешинен система толугу менен финансылык коллапска кептелди. Бирок булар жооп беришпейт.
- Анткени алар бийлик менен табакташ?..
- Ошондой деп болжосо болот. Энергияны жөнеле атайылап талаага чачканда да 40% жоготуу болбойт. Бакиев жаңы президент болгондо энергетика тармагын тартипке салбасаңыз, сизге эл ишенбейт. Тармактын чоңдорун ошол эле жерде иштегендерге алмаштырсаңыз, алар ишти жөнгө салышат деп кат жазып кайрылгам, ал ошо боюнча калды. Менимче, ал өзгөртүүнү каалабады окшойт. Ушу мени таңгалдырат. Бизде бул тармакты президент башкарбайт деген пикирлер айтылып калат. Ал тармакты өкмөт да башкарбаса, анда эмне коррупция башкарабы?
- Биртоптон бери Кыргызстанга энергия боюнча өзгөчө кырдаал киргизилип, жарык эки маал өчүп жатат. Мунун кайтарымы канча?
- 10-марттан бери биз ушундай абалда жашап жатабыз. Жарыкты өчүрүп сарамжалдап жатып да, бир жарым айдын ичинде Токтогул суу сактагычындагы абалды өзгөртө албадык.
- Эмне үчүн?
- Демек, бул проблеманы чечүүгө туура эмес мамиле жасап жатабыз. Мына, 1-майда Токтогул суу сактагычында суу көлөмү 6 млрд. 487 млн. куб болсо, а 1-апрелде деле 6 млрд. 500 млн. куб суу бар болгон. Бир ай бою ушундай экономия кылсак да, кырдаал өзгөрбөптүр. Биз энергияны көп колдонбой, кышкыга суу топтоп атабыз деп атсак, көрсө, мындан оң натыйжа чыкпаптыр. Буга кимдердин акылы жоктугун күнөөлөйбүз? Эми кырдаал ушундай болуп атса, 29-апрелде Бишкекте Борборазиянын суу, электрэнергиясы боюнча жетекчилери чогулуп, бизге жайында дагы 3 млрд. куб сууну көбөйтүп, кошуп бергиле деп талап коюуда. 3 млрд. куб сууну Кыргызстандын өзүнө керектүү электрэнергияны чыгаруу үчүн май-август айларында кое беришибиз керек. Тигилердики менен кошулуп, жайында 6 млрд. куб суу берүү алдында турабыз.
- Бул маселе кандай чечилет деп ойлойсуз?
- Биздикилер суу жок, силерге бералбайбыз дегендин ордуна, 15-майда дагы сүйлөшөлү дебатышат. Силер былтыр жайында 2 млрд. кВт/саат энергияны бизге саткыла деп кыйнабадыңарбы, ал энергияны Өзбекстан 1 центтен, Казакстан 1,5 центтен арзан сатып алып, Токтогул суу сактагычын силер суусуз калтырдыңар дегенди эчким айткан жок. Мурда бул эки өлкөгө электрэнергиясы 3 центтен сатылчу. Эгер жогоруда айтылган арзан энергияны аларга сатпаганда, азыр суу сактагычта дагы 4 млрд. куб суу кошумча болмок. Бул бизге кышка жетмек. Ошондо азыр бизде 10 млрд. кубдан кем эмес суу болмок. Жайында да суу толуп, октябрь айында суу сактагычта 14 млрд. куб суу чогулуп, биз кыштан энергия менен толук камсыз болмокпуз. Анын ордуна казактар, өзбектер бизге Бишкек ТЭЦине көмүрдү, газды жаккыла, жетпеген 1 млрд. кВт/саат энергияны да ушу ТЭЦтен иштеп чыккыла дебатышат. Бишкек ТЭЦинен иштелип чыккан 1 кВт/саат энергиянын наркы, Токтогул ГЭСинен иштелип чыккан 1 кВт/саат энергиянын наркына караганда, 55 эсе кымбат! Ошого баргыла дебатышса, биздикилер унчукпай баштарын жерге салып отурушат. Мен былтыр эле эгерде ушундай темп менен кете берсек, 1-апрелде Токтогул суу сактагычында 7 млрд. куб суу калат деп айткам. Иш жүзүндө 6,5 млрд. куб суу калып атпайбы.
- Суунун аз болушу эмнеге байланыштуу? Мындай абалды ким алдын алуусу керек эле?
- Бизде үч жылдан бери суу аз болууда. Канча кар жаайт, канча мөңгү эрип суу болот дегенди гидрометкызматы айтыш керек эле. Алар туура бүтүм бербегендиктен ушундай болду. Гидрометкызмат ушундай иштерди аткара албаса, аны кармап кереги жок. Мисалы, быйыл апрелде секундасына 265 куб Нарын суусу Токтогул ГЭСине агып турган, былтыркы жылы апрелде бул суу 464 куб болгон. Демек, былтыркыга караганда, быйыл суу 60%га аз келип атканын гидрометкызматы айтыш керек эле да. Мамлекет эстүү, көздүү-баштуу болсо, буларды небак ордуна коймок. Тилекке каршы...
Аскер САКЫБАЕВА



















Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan