![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №34, 09.05.08-ж. |
Меймансап Форум "Бетме-бет" "Агымда" Президент, туугандары ММКны сотко бергенден алыс болушса УТРКда 7-майда берилген көрсөтүү кыскартуу менен берилди. Нурланбек Шакиев Азамат Калман Алып баруучу Азис Шаршенбаев: - Толук демократиялуу мамлекеттерде гана сөз эркиндигине өтө чоң маани берилип, аны жоготуп албоо биринчи орунда турат. 3-май күнү дүйнө эли сөз эркиндигинин күнүн белгиледи. Эксперттердин айтымында, коңшуларга салыштырмалуу Кыргызстанда сөз эркиндиги бар. Бийлик, оппозиция тарабынан ал кандай пайдаланылып жатат? Бул боюнча президенттин пресс-катчысы Нурланбек Шакиевди жана журналисттердин профсоюз уюмунун төрагасы Азамат Калманды студияга чакырганбыз. Кыргызстанда сөз эркиндиги барбы? Нурланбек Шакиев: - Эч жалтанбай туруп бар дегенге толук негиз бар. КМШ өлкөлөрүнө салыштырганда Кыргызстандагыдай сөз эркиндиги аларда жок. Азамат Калман: - Коңшуларга салыштырмалуу бизде сөз эркиндиги бар. Бирок "Алиби", "Де-факто" гезиттерин мамлекет башчысынын туугандары сотко бериши - президенттин өзүнө "медвежья услуга" болуп аткан жокпу деп корккондор бар. Ушундай учурларды алсак, сөз эркиндиги анча-мынча бар десек болот. Н.Ш.: - Бизде ушундай түшүнүк пайда болду, эгерде бийлик өкүлү өздөрү жөнүндөгү туура эмес маалыматтарды коомчулукка тараткандыгы үчүн ММКны сотко берсе эле, бийлик тарабынан кысым деп саясый мотив издей башташат. Азамат айткан гезиттерди президенттин иниси Кыргызстандын катардагы атуулу катары, өзү жөнүндө жарыяланган маалыматтын туура эмес экенин коомчулукка далилдөө үчүн сотко берди. Бийлик тарабынан сотко кысым болгон жок. А.К.: - Президенттин пресс-катчысы ага: "Курманбек Салиевич, мен деле журналистикадан келгем, туугандарыңыз сотко бербей эле коюшса жакшы болмок. Анткени сиздин атыңызга шек келип атат" деп кеңеш берсеңиз жакшы болмок. А.Ш.: - Демек, президенттин иниси сотко бербеш керек экен да? А.К.: - Курманбек Салиевич президент болуп турганда андайдан алыс болуш керек. Чет өлкөлөргө кайрылсак, АКШнын мурунку президенти Билл Клинтондун ойношу бар деп журналисттер канча жазып, отставкага кетсин деп жатышты. Ал бир да жолу ММКны сотко берген жок. Ушунча жыл бою Путин бир да ММКны сотко берген жок. А.Ш.: - Бизде эмне үчүн бийликтин гезиттери баары жакшы деп, оппозициялык гезиттер баары талкаланып жатат деп экиге бөлүнүп алышкан? Акыркы кезде "Агым" гезити гана оппозиция менен бийликке бирдей мамиле жасап келатышат. Бирок бул да канча убакытка созулат, белгисиз. Сиздер кандай дейсиздер, жогоркудай бөлүнүү туурабы? Н.Ш.: - Эки жакка эч качан бөлүнбөш керек. Болгону коомдо кандай гана көрүнүш болбосун, объективдүү бергенге аракет кылышыбыз керек. ММКнын негизги принциби - объективдүүлүк деп ойлойм. Бүгүнкү күндө айрым гезиттер өлкөдөгү жакшы жылыштарды көрүп-билип турса да аны көрсөтпөй, анын жаман жагын гана көрсөтүшөт. Ошол эле учурда бийлик тараптагы гезиттер ошо жетишкендиктерди чагылдырып койсо, бизде ишенбөөчүлүк пайда болуп, булар бир жактуу болуп атышат дешет. А.К.: - Тилекке каршы, бийлик эки жакка тең карабай жатпайбы. Курманбек Салиевич президент болгон эки-үч жылды жана 2005-жылга чейинки абалды салыштырсак, азыр телекомпаниялардын бардыгы бийлик тарапка өтүп кетти. Оппозициялык гезиттердин жазгандарынын 90 пайызы чындык болсо, 10 пайызы тамаша менен бийликти чычалатып келет. Жакынкы эле болгон окуя - президенттин Германияда болгонун алсак, пресс-кызмат чындыкты өз убагында айтып койсо, эл арасында айтылып жүргөндөй, президентти көөмп коюп, кайра тирилтип келүү болмок эмес. Ошол убакта пресс-катчылар да көбөйүп кетти: Мадумаров, Садыркулов пресс-катчы болуп чыга келишти. Мадумаров "президенттин өңү өзгөрүп калыптыр, эчким тааныбайт" дегенде эл "чын эле президентибиз о дүйнөгө кеткен экен" деп ойлоду. Ушул учурда пресс-кызмат так маалымат бергенде, жогоркудай ушак-айың болмок эмес. Н.Ш.: - Бүгүн коомчулук президенттин Германиядан аман-эсен кайтып, денсоолугунун мыкты экенин билди. Демек, биз айткан маалыматтар чын болуп чыкты. Биз президенттин денсоолугу жакшы, эмгек өргүүсүндө жүрөт, медициналык кароодон өтүүдө деп айтып жаттык. Азамат айткан ушак-айыңды чыгаргандар уят болушпадыбы. А.К.: - Нурлан, эл арасында ушактар болбош үчүн башында эле чындыкты айтыш керек болчу. Президент деле алтымышка жакындап калды, денсоолугун караш керек, туурабы? Анын Германияга дарыланганы кеткенин жаап-жашырбай айтсаңар болмок. "21-мартта келет, 24-мартта аянтка чыгып элди куттуктайт" дедиңер, келбеди. Ошондо көп эле кесиптештерибиз "пресс-кызмат Германияга барып видеокамерага президентти тартып келип көрсөтпөйсүңөрбү" дешти. Ошондой болгондо президенттин аман-эсен экенине ишенишмек да. А.Ш.: - Биз сөз эркиндиги жөнүндө сөздү улантсак. Дүйнөлүк ММКда сөз эркиндиги кандай? А.К.: - Европада, Америкада бийликти сындаган макалалар чыкса, алар чычалабайт. Президенттер, премьер-министрлер ММКларды сотко берген окуя жокко эсе. Анткени, инвесторлор да ушуга көңүл бурушат. Алар ММКларга кысым жасоо бар экенин билишсе, чочулашат. Эгер ММКларды чындык үчүн ушинтип жатышса, бизди деле жөнеле айдап чыгышы мүмкүн деген ойдо болушат. Н.Ш.: - Дүйнөнүн бардык эле өлкөлөрүндө сөз эркиндигине жоопкерчиликтүү мамиле кылышат. Маалыматтык коопсуздук деген бар. Журналист эмне жазып атса да, аны эки-үч жолу текшерип, маалымат кокус туура эмес болуп калса, кандай жоопкерчилик болот дегенди ойлонуш керек. Дүйнөдө журналисттер айтканына да, жазганына да жооп беришет. Бизде мыйзам ушу жагынан аксап жатат. А.К.: - УТРКнын байкоочулар кеңеши боюнча ЖК мыйзам кабыл алды. Анда байкоочулар кеңешинин гендиректорун президент шайлайт деп кетти. Пресс-катчысы, журналист катары президент ушу мыйзамга кол коердо кандай кеңеш бересиз? Н.Ш.: Байкоочулар кеңешинин гендиректорун президент өзү дайындайт экен деген мааниде айтып атасыз. Бул мыйзамдын авторлору Жогорку Кеңештин төрт депутаты. Алар жалпы телеканалдар, радиолор боюнча бирдиктүү мыйзам жазышты. УТРК боюнча мурдагы мыйзам шашылыш кабыл алынган. Ал боюнча ар бир телеканалдын өзүнүн мыйзамы болуш керек эле. Ошонүчүн азыркы мыйзам аркылуу бардык электрондук ММК иштери жөнгө салынат. Мурдагыдай эле байкоочулар ЖК тарабынан шайланат. Президент УТРКнын гендиректорлугуна талапкерди өзү көрсөтөт. Менимче, бул туура. А.К.: - Бакиев оппозицияда жүргөндө КТР коомдук телевидение болуш керек деп жүргөн. Президент болгондон кийин бир жолугушууда мен ага суроо берсем, ал "оппозицияга жеке телеканалдар деле жетишет, УТРКны Мадумаров экөөбүз бербейбиз" деген. Н.Ш.: - Президент эчкачан антип кесе айткан эмес. Акаев тушундагы КТР менен азыркы УТРКнын айырмасы асман менен жердей. Акаев тушунда оппозициялык журналисттер КТРге чыгалчу эмес. Бүгүн экөөбүз минтип эркин сүйлөшүп жатабыз. Бул бүгүнкү сөз эркиндигинин үзүрү. А.К.: - УТРКда Мелис Асаналиевич гендиректордун милдетин аткаруучу болуп келатат. Ал кишини бекитеби же ушундай асылган абалда кармап тура береби, билбейм. Менин сүйүнгөнүм - ал башка телеканалдардагы жаш журналисттерди УТРКга тартып иштетип атат. УТРКда өзгөрүү бар. Ушундай өзгөрүүлөрдү Мелис Асаналиевич аягына чыксын деп аны президент бекитеби-бекитпейби? Ал кризистик менеджер катары өзүн көрсөтө алды. А.Ш.: - Журналисттердин эң чоң проблемасы - аларга ар кандай саясый күчтөр тарабынан коркунучтар болуп турат. Ушундайда силерге кайрылса кандай жардам бере аласыңар? Н.Ш.: - 90-жылдары кабыл алган ММК боюнча мыйзамдар азыркы талапка жооп бербейт. Медиа өкүлчүлүк институту, журналисттер профсоюзу, ЖК депутаттары менен жаңы мыйзам иштеп чыгышы керек. Ошондо журналисттерге жардамдар, коргоолор көрсөтүлүшү зарыл. Муну тез арада ишке ашырсак жакшы болмок. А.К.: - "Пирамида" телеканалы көзкаранды эмес, объективдүү телеканал эле. Биз анын тегерегинде проблема болгондо жардам берели деп кеңеш берип, аракет кылдык. Тилекке каршы, ал башка колго өтүп кетти. Эми сөз эркиндиги боюнча айтсак, катардагы адам ММКны сотко берсе, ал кадыресе көрүнүш, бийлик адамы ММКны миллиондогон суммага сотко берсе, бул бийликке шек келтирет. Кагазга түшүргөн Аскер САКЫБАЕВА Бектер кетет... Орус менен дос болсоң... Ошентип, Россиянын акыркы жүз жылдык тарыхында эң жаш президент такка отурду. Медведевдин бийликке келиши турган иш эле. Не дегенде, Дмитрий мырза Путиндин мураскору аталып, март айында өткөн президенттик шайлоодо ат салышканы маалым. Бул өлкө президенти кимди колдосо, ошол адам бийликке келет дегенди туюндурат. Экономикалык, саясый абалы начарлап бараткан мамлекетти сегиз жылдын ичинде ирдентип, башка улуу державаларга атаандаша ала турган деңгээлге жеткирген Путиндин карапайым калк арасында абройу күчтүү. Анүстүнө кечээ орус думасы премьер-министрлик кызматка экс-президентти бекитти. Ошондон улам, Медведев бийлигин жаңы келген өкмөт башчысы менен бөлүшүүгө аргасыз дегендер да жок эмес. Дегеле Дмитрий мырзанын президенттик постко келиши менен Россиянын саясатында өзгөрүүлөр болобу? Коңшу мамлекеттер, анын ичинде биздин өлкө менен кызматташуу мындан ары кандай өңүттө жүрмөкчү? Мына ушул суроо кыргыз коомчулугунун бүйүрүн кызытып аткан чагы. Кыргыз саясатчыларынын көпчүлүгү орус элинин жаңы шайланган президенти Путиндин жолунан тайбайт деген пикирде. Маселен, белгилүү коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаков "Азаттык" радиосу менен маегинде бул пикирди тастыктаган: - Путиндин элге кайрылуусунда айтылгандай, Орусия инновациялык жаңы жол менен кетет деп көрсөтүлгөн стратегияны экөө биригип даярдашкан. Мына ошол стратегияны 2020-жылга чейин ишке ашырыш керек. Ошондуктан, саясый багыт жагынан эч нерсе өзгөрбөшү толук ыктымал. Экинчиден, Орусия мунайзат менен газды эле колко кылбай, жаңы технология менен кетели деген идеяны негиз кылып турат. Бул багыт боюнча да экөөнүн ортосунда эч кандай пикир келишпөөчүлүк болгон эмес. Муну да ишке ашыруу үчүн албетте, эч кандай өзгөрүү болбошу зарыл. Ал эми, экс-депутат, "Туран" партиясынын лидери Тайырбек Сарпашев эки жактуу мамилелер бузулат деп кооптонууга эчкандай негиз жок дейт: - Россиянын бизде геосаясый жактан кызыкчылыгы бар. Буга далил катары Кантта жайгашкан базаны айтсак болот. Анүстүнө биздин жүз миңдеген жарандарыбыз орус жеринде эмгектенип келишет. Менимче, Россия менен байланышыбыз үзүлбөй, өнүгүп-өсүүнүн үстүндө болмокчу. Бул биздин саясатчылардын пикири болду. Ал эми, орус жеринде иштеп келген Азамат аттуу жигиттин ою башка: - Эчкандай өзгөрүү болбойт. Айрыкча, быйылкы жылы канчалаган жарандарыбыз такыр баштардын колунан каза тапты. Кылмышка күнөөлүү деп сот жообуна тартылган фактыны укканым жок. Албетте, эки жактуу мамиле сакталышы керек деп келебиз. Бирок, орус бийлигинин кызыкчылыгы биздикине караганда күчтүүрөөк болуп атпайбы. Бул жакта иштеп жүргөн жаштар Россиянын экономикасынын өнүгүшүнө зор салым кошууда. Не дегенде, биз арзан күчпүз, өлтүрүп кетсе да эчким жооп бербейт. Андыктан, кыргыз бийлиги чет жакта жүргөн жаштардын коопсуздугун камсыз кылышы зарыл. Ооба, Медведевдин бийликти расмий өткөрүп алганына эки күн болду. Андыктан, Кыргызстан-Россия мамилеси бузулат же болбосо мурдагыдан да жакшырып кетет дегенге али эрте. Бардыгын убакыт көрсөтөт. Анүстүнө, Дмитрий мырза биздин өлкөдө бир да жолу боло элек... Нурканбек КЕРИМБАЕВ |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|