Коомдук-саясый гезит
№35, 13.05.08-ж.

Меймансап
Форум




  Бомбейкат

Барабан бакылдайт сөновдун
"ап-этети", карыларды капа этеди

Шаар башы Данияр Үсөнов автобус, троллейбуста бекер жүргөн пенсионерлерди сокур ичегидей кесип ыргытсак, турмушубуз майкөл- сүткөл болот эле дегенге чейин барууда. Ал эми алган пенсиябызга жараша 100дөн 200 сомго чейин кошумча берет имиш. Бул "А" пунктунан "Б" пунктуна чейин айына 10-15 жолу катта дегени да. Арзан продукту издеп базардан базарды кыдырып оокат кылгандар мында кантебиз?
"Атамекендик согуштун катышуучулары гана бекер жүрүш керек" дейт. Согуштун каарын, ооруктун азабын онтоп тартып, аларга тамак-аш, кийим-кече даярдап берип, эл чарбасынын пайдубалын кан менен тер ортосунда кармап калгандарчы? Данияр Үсөнов сыяктуу эсеп билбегенинен мурдакы совет курамындагы башка мамлекет бийликтери согушка катышкандар менен тылда эмгектенгендердин укугун бирдей карап, теңдеп атабы?
Абдыкудус ЧЕРИКБАЕВ, "Актилек" жаңы конушу, Чамгарак көчөсү, 10
Ильич шамы - иттартыш
Кулчулук - кудукка түкүртөт

Казакстан, Россия, Түркмөн-стан өңдүү өлкөлөр, газ, мунай ж.б. байлыктарын Европага чейин экспорттоп, экономикасын чыңдап атат. Биздин жападан жалгыз таянар тообуз - электр тармактары талкаланып кыйроо алдында турат. Аскар Акаевдин аткошчулары аны сатабыз, менчиктейбиз деп акырын айтып, эл тамырын тартып келсе, азыркы бийлик үзөңгүгө буту илингенде эле электр тармагын эптеп сатуу амалын ачык жасады. Акаев учурунда электр энергиясын жоготуу 40% деп келсек, эми 50-60%дын тегерегин айтып жатабыз. А да жөндүү. Анткени Акаев учурунда ал тармакты талап-тоноого жол ачкан С.Балкыбеков, Б.Сартказиев өңдүүлөр дагы эле ошол ишмердигин улантууда. Атургай андан да арбын апчып, арбын чач дегендей кызмат даражасын чоңойтуп, укук укуругун узартып берди. Алардын кылган-эткени, сол чөнтөккө кантип сологону алаканга салгандай ачык көрүнүп турса да эчкимдин, бүт Кыргызстан коомчулугунун, Жогорку Кеңештин, Кулов башкарган кыргыз өкмөтүнүн алы жетпеди. Анан кантип тармак оңолот?
Эми минтип суу жок деп оозду куу чөп менен аарчып, айыл-кыштакты мындай кой, борбор шаарыбызды эки күндүн биринде караңгылыкка чөгөрүп атабыз. Муну менен ансыз да өчүп бараткан элдин бийликке ишенимин кыязы электр жарыгы менен кошо таптакыр "жалп" эттирип өчүрөбүз. Быйылкы суу тартыштыгын мисал кылып, газ, мунай сыяктуу эле суу дагы товар экендигине Өзбекстан менен Казакстанды ынандыруунун ордуна электр тармагын, демек, суу мөңгү сыяктуу табият тандап берген байлыгыбызды сатабыз деп чамынуудабыз. Менимче, сатып алса, орус же казак инвесторлору алат. Алар Кыргызстанды ансыз да каалагандай калчап аткан. Дагы огобетер калчайт. Демек, мындан да тил кескен дудук, кулак кескен кул болобуз. Ошобу, 15-20 жылдан бери обдулуп жетпей атканыбыз?
Тариэл ТЕМИРБАЕВ
Уйкаш менен ураалап...
Оңолгун кыргыз, оңолгун!
Улантып ишин Манастын
Ульянов сөөктү агарткан.
Тентиген кыргыз калкына
Таалайдын шаңын жаңырткан.
Тамганы такап көзүмө
Түркөйлүк дарттан арылткан.
Текебер далай улутка
Теңата кылып тааныткан.
Томсоргон какыр талаага
Тоо түспөл калаа курулткан.
Орошон ошол эмгекти
Оңбогон шумпай унуткан.
Ордодо турган айкелин
Омкоро тартып жулдурткан.
Ошонун тийсе кесири
Оңолот кантип кыргыз жан.
Оңолгун кыргыз, оңолгун
Оңдогун кеткен катаны.
Ордонун көркүн чыгарып
Ордуна койгун атаны.
Асылбек СМАЙЛ, Чолпоната
Актануубу, тактануубу?
Кат "бээ"
деди эле...

Сокулук районундагы айыл тургуну Азим Жамалов эки жыл мурда АРИС программасына кирип, таза суу менен камсыз кылабыз дешкенинен акча чогулттук эле, бирок ал дайынсыз кетти маанисинде кат жазган. Ал "Бомбейкатка" ("А", 8.04.08) жарыяланган. Кечээ жакында 2007-жылдын 28-августунда түзүлгөн жыйынтык актыны жооп катары алдык. Анда долбоор бюджетти 588000 сомду түзгөндүгүн, ал солго солонбой түз эле таза сууга жумшалганы айтылат. Актыга айылдын "мен-мен" деген аткаминерлери кол коюптур. Анысы жакшы. Арийне, анда эмне айыл эмдигиче таза суу менен камсыз болбогондугу тууралуу сөз жок. Биздин түшүнүктө кат ошол маселени козгогон.
"Бомбейкат" борбору
Сөздөн сөөк издебе!
Тилиңе ысык темене

СССР деген улуу держава ыдырап кулап калгандан кийин түштүктүн эли жакшы жашоо издеп жабыла түндүккө көчүп келгенибизде бизди батырган түндүк элине, Чүй бооруна миң мертебе ыракмат. Убагында казактарды, дунгандарды, уйгурларды ж.б. элдерди батырган түндүк калкы кантип бизди батырбай коймок эле.
Айтайын дегеним жер жөнүндө эмес, тилибиз жөнүндө. Азыр көчөдө, базарларда, коомдук жайларда мага окшогон түштүктөн ооп келген элдин баары аркалыкча сүйлөгөнгө аракет кылабыз. Атургай акценти жок аркалык болуп калганыбыз толтура. Бирок ага карабай эле аркалык туугандар бизди шылдыңдап, кемсинтип койгон учурлар көп. Жакында жакшы көргөн радиом "Кыргызстан обондорун" угуп олтургам. Дайыма кыргызча сүйлөп, кыргызча ырдаган радио бир кезде "калейсиз ака, якшимисиз, ишлариңгиз якшими, чой ичиң" деп өзбекче сүйлөп кирсе болобу. Оозумду ачып, эсимди жыйгыча, артынан ырчы жигит "Түштүк кызы карындашым садагоо" деп ырдап кирди. Көрсө, маркум Чубак Сатаевдин түштүк кызына арнаган ырын жаңыча көркөмдөп чыккандагысы экен.
Бул ырдын тарыхын билбеген аркалыктарга айтып коер элем, Чубак Сатаев бул ырын өзбек кызга эмес, түштүк кыргыз кызына арнап чыгарган. Силер кыргыз кызды өзбекче сүйлөтүп койгонуңарга Чубак агамдын арбагы деле нараазы болот деп ойлойм. Себеби, түштүктүн кыздары кыргыздын жигиттерине жогорудагы айтылган радиодон уккандай өзбекче эмес, кыпкыргызча эле "кандайсыз ака, жакшысызбы, иштериңиз жакшыбы, чай ичиңиз" деп эле сүйлөшөт.
Ооба, бизде түштүктө мисалы "мейли" дегенди "майли", "мага дагы" дегенди "магаям", "бирөө" дегенди "битта", "экөө" дегенди "экита" ж.б. деп сүйлөйбүз. Мындан сырткары, өзбек тилине бурулуп кеткен дагы биртоп сөздөрүбүз бар. Буларды моюнга алабыз.
Бирок, түштүктөн келген көпчүлүк, айрыкча жаштар түштүктүн тили менен сүйлөгөндөн уялып түндүкчө б.а. адабий тилде сүйлөгөнгө аракеттенишет.
Кутман ТУРДУБАЙ уулу, Бишкек
Экс-акыйкатчыдан экмет
Эки катын эмне үчүн эсиңерден чыкпайт?

Коомдук турмушта гезитиңер-дин ээлеген өз орду бар, ошондуктан өлкөбүздө болуп аткан окуялар жөнүндө толук пикир алуу максатында гезитиңерди дайыма сатып алам.
Өкүнүчтүүсү, кээде текшерилбеген маалыматты басып жибересиздер. Анын бири - "Т.Бакир уулунун Ататүрк багында особнягы бар экен" деп жаздыңар. Ал паркта 2 кабат эмес, үйдүн изи да жок. Акыркы мисал: "Агымдын" 6-майдагы санында "Бийлик төрүнө чыгып... төшөк жаңырткандар" рубрикасында мени да айтып кетипсиңер. Ошол күнү кечинде Айтматов Чыңгыз абам экөөбүз чай ичип отурганыбызда, "Агымдын" ушул санын апкелип көргөзүштү. Мен дароо эле Чыңгыз абама "Асаба" гезитине 1995-жылы ушундай эле мааниде басылган макаласын эстеттим.
...Ошол күнү Жогорку Кеңешке шайланган жаңы депутаттар 1-сессияга шашып келатат элек, менин алдымда кетип бараткан Айтматов Чыңгыз абама: "Экөөбүздү "Асаба" гезити төшөк жаңырткан деп жазыптыр, эмне кылабыз?" деп кайрылдым. Ал мен жакка бурулуп: "Ошондой жазыптырбы?" деди. Мен "ооба" дедим. "Эгерде ошондой деп жазышса, анда эмне кылайлы" деди да басып кетти. Ошондо катуу ойлондум, "дүйнөгө атагы чыккан Чыңгыз Айтматов кыжалат болбосо, анда мен эмнеге кыжалат болоюн" деп.
Эми 13 жылдан кийин Чыңгыз аба экөөбүз бул маалыматка күлүп гана койдук. Бирок, үйгө келсем, уул-кыздарым гезитиңерге капа. 13 жылда булар да чоңоюп, бардык нерсени түшүнүп калышты. Ошондуктан "Агымдын" жакынкы сандарында ушул катымдын негизинде тактоо киргизип койсоңор. Жеңеңер менен депутат болгонго чейин эле жашап атканбыз. Эске салып коеюн, алгачкы жолу 1995-жылы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайлангам, экинчи жолу 2000-жылы, а 2002-жылы Кыргызстандын туңгуч Акыйкатчысы болуп шайлангам.

Мени туура түшүнөт деген зор үмүт менен,
Турсунбай БАКИР уулу

















Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan