Коомдук-саясый гезит
№35, 13.05.08-ж.

Меймансап
Форум




 "Кайдасың?.." телепрограммасы "Агымда"

"Издейм сени арасынан элдердин..."

Статистикалык маалыматтарда Россияда 15-17 миллиондой мыйзамсыз мигрант бар деп айтылат. Алардын айрымдары биздин жердештер. 2006-жылы Россиядан Кыргызстандын 5 миң жараны депортация болгон. Ал эми ата-энесине, жакындарына кабарын билдире албай, иш издеп кетип дайынсыз жоголгондордун саны канча? "Өлүү болуп көрдө жок, тирүү болуп жерде жок" тагдырга кабылгандарды жол карап күткөн ата-эне, уул-кыздардын, көөдөндү өйүгөн үмүттүү үшкүрүгүн улуттук 1-каналдын "Кайдасың?.." программасынын ар бир чыгарылышында чагылдырылат. Ошентсе да үмүттүн отун өчүрбөй, эртеби-кечпи жолугар күндү болжолдоп, гезитибизге кабары үзүлгөн замандаштарыбызды жарыялап турууну эп көрдүк.

Анара 1963-жылы Сокулук районунун Жыламыш айылында туулган. Мындан 12 жыл мурда соода-сатык менен Россияга сапар тарткан. Бир жылдан кийин кайтып келип, Нижневартовск шаарында товары калгандыгын айтып, бир жумадан кийин кайрадан үйбүлөсү менен кош айтышып жолго чыккан. Ырас, кеткенден кийин эки жолу телефон аркылуу байланышып, амандыгын айткан эле, ошол бойдон кабарсыз…
Аталган шаарга өмүрлүк жолдошу издеп барып, таппай келген. Ошондон бир жылча убакыт өткөндөн кийин эжеси Гүлнарага бейтааныш аял келип, Анара берип жиберген катты, акча жана посылка калтырган. Катта жакында келип каларын билдириптир. Күн санаган учур бүгүнкүгө чейин жетип, ошол аралыкта үйбүлөсү, биртуугандары кайрылып, издебеген жер калган жок. Капага катуу чөккөн атасы бир эмес эки жолу инсульт алып, 4 жылга жакын төшөктө жатып, кызымды бир көрсөм деп көз жашын төккөн бойдон келбес жайга кете берди… Эки уулу бой жетип чоңойгон менен, алардын да айталбас арманы ичинде. Бул Анаранын 16 жаштагы сүрөтү. Балким Россияга барып-келип жүргөндөрдүн бирөөнө тааныш чыкса ажеп эмес деген максатта жарыя кылдык. Ушунча жыл кайгыга баткан бир үйбүлөнү кубантып, көңүлүн көтөргөнгө жардам кылалы! Асанбекова Анара Садырбековна 1997-жылдан бери кабарсыз.

Кызылкыя шаарынын Караван айылынан келген кат ээси 60 жаштагы Имарова Күлүйпа 4 кыз, 1 уулдун энеси. 36 жашка келип калган жалгыз уулу Мансур дайынсыз жок болгонуна быйыл 14 жыл болот. 1989-жылы Украинанын Киев шаарына окууга барып, 1993-жылы май айларында жолдош баласы экөө Көкжаңгак шаарына практикага келишкен. Кийин Киевге кайтып барып, бир жылдан кийин " апа, май айында келип калам!"- деп телефон чалган. Чогуу жүргөн жолдош баласы Мураттын айтымында, Мансур Германияга кеткен имиш. Анда неге кабарлашпайт, алигиче белгисиз. Мансур Имаров 1974-жылы туулган. 1994-жылдан бери дайынсыз.

"Биз жеттик. Бардыгыбыз ишке кирдик. Бетон куябыз. Ата, апа! Кабатыр болбоңуздар, бардыгыбыз бир жердебиз. Айлык алганда телефон чалам деп уулуңар Расул". Бул катты 2004-жылдын 3-апрелинде Москва шаарына иштегени кеткен 26 жаштагы аты аталган жигит жөнөткөн. Кат жазып, телефон чалмак тургай, кийинчерек өзүнүн дайыны чыкпай калды. Биртуугандары бир нече жолу издеп-иликтеп көрүштү, натыйжа чыккан эмес. "Ал иштеген, ал жүргөн дарекке канча адамды жөнөтүп, издештирген менен жооп болбоду. Эми биздин үнүбүз, колубуз жетпеген жерге силерди жетеби деп үмүт артып турабыз, жардам бергиле!" деп жазышат Ош шаарындагы Расулдун үйбүлөсү.
Расул Тешебаев 1981-жылы туулган. 2004-жылдын апрель айынан бери кабарсыз.

"Кайдасың?.." телепрограммасына келген дагы бир каттын ээси Токтосунов Төрө 1934-жылы туулган, тагырак айтканда, 74 жашта экен. Аксы районундагы айылдардын биринде жашайт. 1957-жылы Идиатулова Мария аттуу кызга баш кошуп, 6 жыл бирге түтүн булатышып, бир кыз, бир уулдуу болушкан. Тилекке каршы, 1963-жылы жубайлар ажырашып, алардын уулу жана кызы апасы Мария менен кетишкен. Эки баласын ээрчиткен Мария Жалалабатка келип, башка адамга турмушка чыгат.
Андан бери 44 жыл өттү. Азыркы убакта алар Россия федерациясында Самарада же Казанда же Уфада жашап жатышат деген маалыматтарды укканын айтат Төрө ата. Кызы Токтосунова Зульфия 1958-жылы туулган, ал эми уулу Токтосунов Фархад андан эки жаш кичүү. Балким бул адамдар жөнүндө маалымат билгендер болуп жүрбөсүн?..

"Балам, эсиң барда этегиңди жый, үйбүлөң менен маңдайыбызга кел, атаң да, мен да картайдык, төрүбүздөн көрүбүз жакын калды кулунум, биздин абалыбызды билгенге шашыл!" - деп жүлүнү зыркырап, жүрөгү сыздаган Салкын апа Талас районунан кат жөнөтүптүр. Анын айтуусунда, уулу Айтыкул 1991-жылы Элмира аттуу келин менен соода кылуу максатында Алтайга кетишкен. Бир жылдан кийин баш кошуп, уулдуу болушканын сүйүнчүлөгөн телеграмма келген. Ал эми 1994-жылы эки жаштагы ошол уулун жетелеп келип кетиптир. Бир жылдан кийин чечен улутундагы жигит менен дагы бир жолу келип, Элмира экинчи уулу Манас менен үйдө калгандыгын айткан…
Арадан эки жыл өтүп, Элмира өзүнүн кызы Жанара менен Салкын апанын небереси Мирбекти алып Кыргызстанга келип кетет. Андан бери 11 жыл өттү. Айтыкул үйбүлөсү менен ың-жыңы жок, дайынсыз. Курган эне санаасы тынбай келини Элмиранын Жамбулдагы эжесиникине чейин барып сураштырат. Алар Элмирадан келген акыркы катта - кичүу уулу Манасты Красноярскидеги балдар үйүнө өткөргөндүгү жазылганын, андан башка эч нерсе билбей тургандыктарын айтышат.
Изделип жаткан Айтыкул Аманович 42 жашта. Келинчеги Элмиранын мурдагы турмушунан 1 кыз, 1 уулу, Айтыкул экөөнүн 16 жаштагы Мирбек жана 13 жаштагы Манас аттуу уулдары бар.

"Күйөөм Тажикстандын тургуну. Үйлөн-гөнүбүзгө 2 гана ай болгон, эми минтип издей баштадым" -деп 19 жаштагы баткендик Сабахат көз жашын көлдөй төгүп, студияга ыйлап келген. Анын айтуусу боюнча үйлөнгөндөн бир айдан кийин күйөөсү Рахматжан Россиянын Пермь шаарына барып келген экен. Эмнегедир ал жакта кандай иш менен шугулданганын айтпаптыр, бир гана кийинки жолуТюмень шаарына бара турганын кыйыткан. Көп өтпөй кайрадан кетүүгө камынып, аталаш агасы кандайдыр тааныш эмес аялга кошуп жөнөткөндүгүн билет. Келинчегинин паспорту жок болгондуктан, кийин келип алып кетерин айткан.
Андан бери бир жылга жакын убакыт өттү. Рахматжандан же кат жок, же телефон чалбайт. Сураштырсак, ар ким ар кандай маалымат айтат, кудай анын өзүнө ыйман берсин, акыркы ишеничим сиздер!.. - деп сөзүн аяктады сагынычка батып, санаадан өңү саргая түшкөн Сабахат.
Мирназаров Рахматжан Ахмаджанович . Худжант областында туулган. 2007-жылдын апрель айынан бери кабарсыз.
Эгерде бул адамдар жөнүндө маалымат билсеңиздер төмөндөгү дарекке кабарлап коюуңуздарды өтүнөбүз:
Бишкек шаары,
Жаш Гвардия
бульвары, 59. "Кайдасың?.." программасы.
Телефон: 65-84-83. Нуркамал Асканова, Мухтар Жаркулов.
Электрондук дарек: kaidasyn@mail.ru
Даярдаган Назгүл КАЛМАМБЕТОВА












Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan