Коомдук-саясый гезит
№35, 13.05.08-ж.

Меймансап
Форум




  Токто, көзирмем!

"Азыркы кинолор баланын оюнчугундай..."
Гезитибиздин бүгүнкү мейманы - кино жана театр искусствосуна үлкөн салым кошкон КР эл артисти Дүйшөн БАЙДӨБӨТОВ.
- Өзүм Ысыката районуна караштуу Үчэмчек айылында төрөлгөм. Атам бардар өскөн киши экен. Убагында кулакка тартылып, Сибирге айдаганы атканда түнү менен из жашырып, Көлгө үйбүлөсү менен жөө-жалаңдап качып кетишиптир. Ал тарапта эки жыл үйбүлөсү менен жүрүп, кайра Сарөзөнгө келет.
Бүгүн Улуу Жеңиш күнүн айтпай кетпесек болбойт го. Улуу Атамекендик согушта ата-энемдин төрт уулу кетип, үчөө кайтпай, дайынсыз жок болгон. Бир гана агам аман-эсен кайтып келген. Атам мени жетимиш үч жашында көргөн. Апам ошондо кырк тогуз жашта экен. Ата-энем көп балалуу болуптур. Көлдөн кайтып келатканда Боом суусундагы кызыл көпүрөдөн ат үркүп, арабасы сууга кулап, эки баласы агып өлүптүр. Ошондо бирөө эмчекте болчу, аны кармай албай калдык дешет. Ал эми экинчиси "ата, апа" деп сүйлөп калган экен.Ошол окуяны эстеген сайын апам сыздап, көп ыйлачу. Мен балдардын кенжесимин. Атам мен 2-класста окуп жүргөндө, 81 жашында көз жумду. 12 жашымда апам жаман оорудан өлдү. Азыр ойлосом ошондо мен кичинекей эле экенмин, апам байкуш өлөрүндө: "Мен өлүп калсам куран окуп тур, арбагым ыраазы болсун" деп куран окуганды үйрөткөн. Апамдын көзү өтүп, жерге берип келгенде дароо куран окуганым эсимде.
- Ата-энеңиздин көзү өткөндө кимдер менен жашадыңыз?
- Улуу эжелерим, агаларым бар болчу, ошолор мени чоңойтушту. Чынында, жетим калуу эмне экенин билбей, эрке чоңойдум. Анткени ошол кезде биздин тукумдун эң кенжеси элем. Азыр болсо, тукумдун эң аксакалымын. Андан бери агаларым кайтыш болуп кетти. Согуштан кайтпай калган агаларымдын бала-чакасы бар. Бир гана Касым деген байкемен тукум калбаптыр. Себеби, анын үйлөнгөнүнө үч ай болгондо согушка кетип, кайтпай калган. Кичине кезимде доктур болом, апама окшогон ооругандарды айыктырам деп ойлочумун. Бирок, тилек менен максат келишпей калат экен. Мектепти аяктагандан кийин Москвада ГИТИСти окуп, аны аяктаганда, 1972-жылдан баштап Ош драма театрында иштедим. Оштон 1989-жылы Фрунзеге которулуп, ошондон бери Кыргыздрама театрында иштеп келатам.
- Сиз "Мен - Тяншань" кинофильминде башкы каарман Илиястын ролун ойноп, элге таанылгансыз. Ошондо канчада элеңиз?
- Анда 23 жашта болчумун. Фильм 1972-жылы тартылды. Турмушумдагы бактыма туш келген Ч.Айтматовдун ушул чыгармасына ыраазымын. Айтмакчы, а киши 50гө чыкканда мен "Эмгек сиңирген артист" наамын алгам.
- Бул наамды кинодо аткарган ролуңуз үчүн алдыңыз беле?
- Жок, театрда иштеген эмгегим үчүн. Театрда көп роль ойнодум. Кинодо болсо өзүмдүн шартыма, режиссерлордун пайдаланышына жараша 10-15тей роль жараттым. Акмагын да, адамын да, жиндисин да, соосун да, мамлекеттик кызматкерди да аткардым.
- Рекламалык роликтерге да көп тартыласыз го…
- Эми аларды кичинекей эле бутактар деп койсо болот. "Акбаранын көз жашы" фильмин тартарда Дооронбек Садырбаевге: "Байке, менин персонажым Базарбай татаал, жөн жүрбөгөн шум образ болуп атат. Мүнөзүм туура келбейт го" дедим. Анда Дооронбек байке: "Сен артистсиңби, демек, итти ойно десе ит болуп, ошол образга киришиң керек. Ошонүчүн сен артистсиң" деп айтты. Мен макул болдум.
- Ырчы С.Бейшекеев "Мен - Тяншань" фильмине ыр жазып, уландысы менен клип тарттырды го, бул кимдин идеясы эле, кантип жаралып калды? Жаш кезиңизде тартылган роль менен азыркы роль кандай таасир калтырды?
- Мага жакшы таасир калтырды. Мындай тагдыр жалаң эле чыгармаларда эмес, жашообузда деле кездешип атпайбы. Адам жаш болот, бала болот, алгачкы сүйүү болот. Анан биринчи турмуш курууң болот. Биринчи жаңылыштык болот. Ал жаңылыштык болгондо да өтө трагедиялуу болуп, ажырашып кетет. Арадан көп убакыт өтүп кайрадан ошол адамга жолукканда, баарыбир ары жагыңда "аттиң" деген арман, өкүнүч болот. Сыймык бир күнү театрга келип, "Аселге кат" деген ыр жаздым эле, ошого клип тарттырып, алып чыксамбы деген оюм бар" деди. Бул клипти кышында тартмак болуп, бирок, Аселди ойногон Д.Чоочунбаеваны издеп, кармай албай койдук. Улам эле четмамлекетке кетип калат. Ошентип күн ысыганда тарттык. Адегенде ал кыйылды. Анын ордуна бөлөк бирөөнү деле тартса болмок, бирок, жүрөккө терең жетпей калмак. Акыры ал макул болуп, клипти бир эле күндө шаардын четине чыгып тарттык. Клипти тартып бүткөндүн эртеси эртең менен Сыймык мага телефон чалып, азыр телевидениеден бергени жатат, көрүп коюңуз дейт. Телевизорду койсом болуп атыптыр. Келинчегим көрүп алып, "Ушинтип ажырашпай эле коюшпайбы" деп ыйлады. Аңгыча Токмоктон тааныштар телефон чалып: "Биз сиздин клипти көрүп, ыйлап атабыз" дешти. Эми бир көргөн адамга жашоодогу кайра кездешүү, жолугушуу, өкүнүч, арман сезилет. Жөнөкөй тартылып калганы менен бул клип чоң ой бере алган. Себеби, жашоо токтоп калган жок, уланып атат деген философия жатат. Сыймык кийинчерек ушул клипти фильмге айландырсамбы деген оюн айтты.
- Азыркы тартылып жаткан кинолорго кандай көзкараштасыз?
- Азыркы кинолордо көп мүчүлүштүктөр бар. Чыныгы кино тартыш оңой эмес. Учурда көп эле фильмдер тартылып атат, бирок, алар балабакчадагы баланын оюнчугундай эле болуп калды. Бир-эки сериялуу супсак фильм тарткандан көрө, 20 мүнөттүк жакшы фильм тартса, ойдо каларлык болмок.
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА




  Сандан санга: сериал

Назгүл Калмамбетова
Бейтаалай

Алмаз өзүн көздөй келаткан Замира менен жанындагы жигитке кыжыры келе, алар жакындап калган кезде машинесин от алдырып, катуу айдап кетип калды. Алмазга Рашидди "тууганыбыздын баласы" деп тааныштырайын деп келаткан Замира эмне кыларын билбей, томсоруп калды. "Болду, эми Алмаз мени кечирбейт… Азыр үйгө барганда экөөбүз урушабыз" деп корккон Замиранын денесин майда калтырак басты.
- Эмнеге коркосуң, коркпой эле кой, карыган эриңди алдап койгонго алың жетпейби, жакшылап эркелетип койсоң, эрип кетет… - деди Рашид ырсалактап.
- Сен Алмаздын мүнөзүн билбейсиң, ал бир көгөрчү болсо жазылмагы азап. Мүнөзү аябай оор, араң эле чыдап жашап жүрөм.
- Анда карыган киши менен эмнеге жашап жүрөсүң, ажырашып кетпейсиңби…
- Ажырашып каякка барам… Сен мени аласыңбы, аны менен ажырашайын?
- Койчу, каяктагыны айтпай… Азыр мен үйлөнө албайм, окуумду аяктап, иштеп, карьера жасашым керек. Андан кийин гана үйлөнөм, - деди Рашид.
- Мен сени менен эмнеге жүрөм, өзүм да түшүнбөйм…
- Сенин күйөөң картайып баратат. Ал жаштардай энергия бералбайт, аны менен жашоо сага кызыксыз. Анүстүнө эриңдин көзкарашы да башка, оюңар дал келбейт. Ошонүчүн андан тажап атасың, - деди акылдуусунган Рашид.
- Кой, тезирээк үйгө барайын да, Алмазга жолугайын. Антпесе, ал мени үйдөн кууп чыгат, - деп Замира шашыла жөнөмөкчү болгондо Рашид:
- Эми экөөбүз качан жолугабыз? - деди.
- Билбейм, сага өзүм телефон чалам… - деп Замира шашкалактай такси тосуп, үйүнө жөнөдү.
***
Алмаз жумушуна барбай, түз эле үйүн көздөй бет алды. Короодо бейкапар Актанды көтөрүп жүргөн Алтынайды көрүп:
- Замира каякта? - деди.
- Билбейм, бейтапканада калган…
- Чыныңды айтчы, Замиранын бирдеңкесин байкаган жок белең?
- Жок… Эмне болду?
- Мен аны көчөдөн көрдүм… Акмак десе!.. Азыр келсин, ага көрсөтпөсөм элеби!
Алмаздын минтип катуу ачууланганын Алтынай биринчи жолу көрүшү. Эмне кыларын билбей, кофе кайнатып, Алмаздын жанына келип:
- Кофе ичиңиз, Замира эже азыр келип калат болуш керек… - деп көңүлүн анча-мынча болсо да алаксытайын деди.
- Ыракмат, - деди кофе ичип отурган Алмаз. - Замиранын жаш жигит менен көчөдө колтукташып баратканын көрдүм. Ал мага бейтапканада дарыланып, доктурга көрүнүп атам деп калп айтып, өзү көңүл ачып жүргөн турбайбы. Эми мен анын ким менен эмне иш кылып жүргөнүн түшүндүм, - деди оор улутуна. Алмаздын сөзүн уккан Алтынай Замиранын "жаш жигитти сүйүп калдым" деп айтканын эстеди. Аңгыча сырттан өң-алеттен кете шашып Замира кирип келди.
- Жаным, мени эмне күтпөй кетип калдың? - деди шыпылдай.
- Ойношуң экөөңөрдү качан келет деп күтөйүнбү?! - деп бурк этти Алмаз.
- Каяктагыны айтпачы, ал менин бөлөм болот. Көчөдөн капысынан жолугуп калып сүйлөшүп баратсак…
- Жетишет! Мени антип жаш балача алдап коем деп ойлобо! Баягы миң калпыңдын бириби?!
- Жаным, экөөбүз өзүбүзчө сүйлөшөлү… Алтынай сыртка чыгып турчу, Алмаз экөөбүз сүйлөшүп алалы, - деди Замира. Анын сөзүн уккан Алтынай кичинекей Актанды көтөрүп сыртка чыгып баратканда Алмаз:
- Отура бер, Алтынай. Андан көрө мага чай куюп берчи, - деди. Алтынай Алмаздын айтканын аткарарын же Замиранын сөзүн угарын билбей, ортодо ыңгайсыз абалда туруп калды.
- Алтынай, мен сени сыртка чыгып тур деп жатам! Алмазга чайды өзүм куюп берем! - деп буюра сүйлөдү Замира.
- Сенин Алтынайга антип сүйлөгөнгө кандай акың бар? Алтынай келгенден бери колуң узарып, каалаганыңды жасап, атүгүл ойношуңа жолукканга да үлгүрүп атпайсыңбы! Же аялдай болуп үйдө бала багып, тамак жасап, маңдайымда отуруп атасыңбы, качан келсем күзгүнүн жанындасың!
- Мен сенден ушундай мамилени күткөн эмесмин… Сага менден да Алтынай, мобу арамсийдик бала жакын болуп калдыбы? - деп Замира адатынча бышактап, каракүчкө ыйлап, уктоочу бөлмөгө кирип , жатып алды.













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan