![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №35, 13.05.08-ж. |
Меймансап Форум Алатаякчандар абайла, камыран калган Каттани! Нарын облгубернатору генерал Субаналиев алдым-жуттумдарды алкымдан алып жатыр дейт. Айрыкча, МАИнин көзүн май баскан кызматкерлери Каттаниден каман көргөндөй корко баштаптыр. Анткени генерал эски "Москвич" менен түндөсү шаар, айыл араласа, аркай жерден автоинспекторлор алатаягын ала чуркап тосот. Генерал машинени токтотуп, шоопурун жиберет. Аркандай шылтоо таап, алкымын агыткан алатаякчандарды өз көзү менен көрөт да, эртеси куйругун ичинен май өткөнчө толгойт. Айтор, нарындык шоопурлардын кыбасы кыт куйгандай канууда. Акаев аялы менен ажырашты Эл көзүнө ээрчишкенсип көрүнгөнү менен экс-президент аялы экөө чогуу жашабаганына көп болуптур. Акаев Барвихадан көчүп, уулу Айдар, кызы Бермет болуп Москванын элит үйлөрүнөн үч үлкөн квартира сатып алып, коңшу жашайт имиш. Майрам айым башка жакта түтүн булатып атыр дейт. Баса, Айдар мырза Москвада "Ашкана" ресторандар тармагын ачып, акчаны алакаптап табууда. Ишенбай Кадырбековду ийлеп-ийлеп итке салыштыбы Архитектура жана курулуш мамагенттигинин экс-жетекчисинин сыздаган үнү ?1 СИЗОдо угулду. Анын ага-туугандарынын айтымында, Ишенбай мырзаны майрам күндөрдө белгисиз бирөөлөр ушунчалык адистик менен ийлептир, денесинин сыртында жик жок, бирок бөйрөгүнө олуттуу доо кетиптир. "Жарыя айтпагыла, айтсаңар бийлик майып кылып коет" деп коркот имиш ага-туугандары. Ал эми адвокаты анын ачыгына чыгуудан аткез бериптир. Чайнаганда билип, жутканда унутту Спикер Адахам Мадумаров "Кыргыз туусу" менен "Слово Кыргызстана" гезиттеринин кызматкерлерин чогултуп, кызуу аңгеме курду. Анын айтымында, азыркы тапта өкмөттүк гезиттерден башка чындыкты чыңырта айтып, так маалымат берген басылма жок. Андыктан жалаң ушуларды гана окуп, суктангыла! Өкмөттүн үч гезитинин ар бирине 7 млн. сомдон бермей болду. Өз чөнтөгүнөн эмес, өмгөктөгөн казна чөнтөгүнөн. Анан да ал гезиттерди бюджет кызматкерлерине, мугалимдерге, врачтарга, студенттерге жеңилдик менен жаздырып, ар биринин нускасын 100 миңге жеткирмей болду. Өзү өлсө да, совет зордугунун көзү өлбөптүр. Министрлик чегирткени "чертип" кырдыбы? Өткөн саныбызда айылчарба министри менен матрезерв башчысынын тирешинен буудай аянтын чегиртке басып кеткенин жазганбыз. Министрликтин өсүмдүктөрдү карантиндөө жана коргоо, химиялаштыруу департамент директору А.Аргымбаев "АКИпресске" калп деп билдирүү таратыптыр. Чегиртке Аксыдагы 30 миң гектар жерди жеп кеткени, атургай буудай талаасына түшкөнү чындык. Буга, депутат Б.Наргозуев, Аксы акими А.Алиев күбө. Аким буудай, пахта талаасына чегиртке түшкөнүн көрсөтүү максатында Аргынбаевди телефон аркылуу чакырса, келем деп келбей качып кеткени да чын. Анан көрбөй туруп кайдагы калпты айтат. Ал эми Тажикстанда дары чачып жүргөн эки самолет департаменттики эмес экенин билебиз, бирок Кыргызстандыкы. Аргымбаевдин аласалдырмай оюндары тууралуу гезиттин 5-бетинен окуңуздар! Тынычбек Табылдиев бийлик куйругунан куру калбайт Советтик комсомолдун сомодой жоокери Тынычбек Табалдиев заман алты аласалса да бийликтин майлуу, жайлуу жеринде жүрөт. Акаев заманын айтпай-ак коелу, кечээки "Алга, Кыргызстандын" абройлуу сүрөөнчүсү жаңы бийлик келгенде деле жаңылбасак, вице-мэр болуп, вице-премьер-министр болуп дегендей, далай бийликтин башын мүлжүдү. Вице-премьерликтин и.о.сунан илгерилей албай, "Түндүкэлектронун" майлуу кызматын ээлеген. Эми И.Чудиновдун буйругу менен Миграция жана жумуш менен камсыз кылуу мамкомитетине статс-секретарь болуп бекитилди. Бабанов өтө бай банкты сатып алды ЖК депутаты Шарипа Садыбакасова АКБ "Кыргызстан" банкын 30-апрелде жергиликтүү олигарх, экс-депутат Өмүрбек Бабановго башоту менен сатканы анык болду. Бизге жеткен маалымат боюнча банк 25 млн. долларга бааланып, Бабанов мырза аны 30-майдан калтырбай төлөөгө тийиш экен. Шарипа эжейдин эмки планы "Аманбанкка" ээлик кылуу дешет. "Агым-пресс" |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|