![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №35, 13.05.08-ж. |
Меймансап Форум Оозуңа аш! Акимдин алкымы буулдубу? Каракулжа районунун акими Жаңыбай Асранов деген азаматтын иши эми прокуратурага өттү. "Ошэлектро" ААК акимди сотко берүү менен өз ишинин тууралыгын далилдемекчи. Көрсө, аким мамлекеттик үйдө жашап, бирок жарыкты өз жашоосу үчүн колдонсо да, эки жыл бою төлөбөй келген. Аны да мамлекет төлөйт деп түшүнүп алса керек. Моюндун кири жакага маалым Жок кадыр-баркты кантип көтөрөбүз? Экономикалык өнүгүү жана соода министрлиги конкреттүү иш кылгандын ордуна Кыргызстандын чет элдик уюмдардагы экономикалык рейтингин көтөрөбүз деп күүлөнүп жатат. Швейцариянын Давосундагы бүтдүйнөлүк экономикалык форумдагы атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү көрсөтүүчү отчетто Кыргызстан 119-орунда турат. Ал эми Бүтдүйнөлүк банктын көрсөткүчүндө 94-орунда. Эми ушуну 2009-жылдын аягына чейин 36-орунга келтиребиз деп аталган министрлик алкынууда. Эгерде экономиканы оңдоого чындап киришкенде, рейтинг өзү эле көтөрүлөрүн билишет болду бекен? Кимдин уулу эле? Айда, Максим! 16-майда Акүй администрациясына кайыктын калагын тапшырабыз,- дейт "Тынчтык-маданият жарыгы" коомдук бирикмесинин лидери Максим Кулешов. "Жарыктын өчүшү, жерлерди берүү, Кыргызстандын кенбайлыктарын четэлдиктерге карматуу, энергосекторду менчиктештирүү, укуктун жана мыйзамдардын тепселиши - булардын бардыгы Африканы гана элестетет. Президенттин колунда бир эле калак бар өңдөнөт, биз ага экинчисин беребиз". Анын ою боюнча бул калак менен өлкө башчысы жаман иштеп жаткан өз партиясын, шаар мэрин, өкмөт башчысын жазаласа болот. Төрталаш Өзүңдү мэр ойлосоң, башканы шер ойло! Оштогу Карасуу шаар мэри Ахмад Кари-мов менен Өзгөн тургуну Жаннатхон Каримова катуу кармашып атыр. Ж.Каримованын айтымында, өзбек улуттук маданий борбор курултайында Карасуу мэри төрагалык төрүн талашып аткан И.Абдрасуловго добуш берүү акысына 20 миң сом пара алгансың деп кордогон. Анысы аз келгенсип, эртеси жардамчылары менен келип уртокмокко алган. Натыйжада башы-көзү шишип, денесинен жаракат алган. Ал тууралуу доктурдун берген аныктамасы жанында. Эми облгубернатордон жалдырап жардам сурайм деп туру. Табак тартылат Ким кимди жеңер экен? Бүгүн премьер-министр Игорь Чудинов, ЖК вице-спикери Кубанычбек Исабеков жана мамлекеттик комиссияга кирген башка мүчөлөр Кумтөр кенине барышат. Анткени, 30-майда Кумтөр кенин иштеткен "Центерра" компаниясы менен кыргыз өкмөтүнүн ортосунда жаңы келишимге кол коюлат. Алмаз Атамбаев жасаган келишим боюнча Кумтөр 2007-жылдан тарта эле жаңы шартта иштеш керек эле. Бул келишимге катуу каршылык көрсөткөн К.Исабеков Кыргызстан үчүн эми кандай пайда келтирерин аздан соң билебиз. Финансы романсы Тажикан эже, тыйын бер! Кыргызстандын ветеринардык кызматына беш айдан бери өзгөчө коркунучтуу жана жугуштуу мал ооруларына каршы вакциналар үчүн керектүү каражат бөлүнбөй келет. Бул кызматтын жетекчиси Калыс Жумакановдун айтымында, жыл сайын сибирь жарасы, шарп, бруцеллез, кутурма өңдүү ооруларга каршы вакциналар үчүн 126 млн. сом зарыл. Быйылкы жылы бюджеттен болгону 41 млн. сом бөлүнүү каралса да, бул суммадан эмгиче дайын жок. Азыр вакциналардын запасы жок калды. Эгер малдын жугуштуу оорулары башталса, туруштук берүү кыйын болот. Жеңиш күнүнөбү? Исмаил Исакович, балдар эмнеге өлдү? Ош облусуна караштуу Тээке айылында 8-май күнү кечинде катуу жарылуудан онбеш жашар эки өспүрүм каза болду. Алардын биринин ата-энеси оор жарадар болуп ооруканада. Көрсө, каза болгон экөө жарылуудан мурда аскер полигонунда мал кайтарып жүрүшкөн экен. Ошо жерден эки жарылуучу курал таап алышып, бирөөсүнүн үйүнө алып келишип, ажыратып көрмөкчү болушкан. Жаңыдан башташканда эле жарылуучу механизм иштеп, эки бала турган жерден өлүп, ата-энеси чачыранды сыныктарынан оор жаракат алышкан. Бул факт боюнча териштирүү башталды. Кудай сакта-а! Аким ач айкырык салды Сөздүн түз маанисинде. Оштун Карасуу райакими Токтосун Барманов Салык жана жыйым мамкомитетинин жетекчиси Темирбек Курманбековду алкажакадан алганын "24 KG" агенттиги кыргыз кыйырына таратты. Акимдин айтуусуна караганда, салык башы 23-апрелде өлкө президенти менен республика ишкерлеринин жолугушуусунда Курманбек Салиевичтин: "Карасуу районунун салык инспекциясы башчылыгына эмне үчүн Анарбек Мойдуновду бекиткен жоксуз?" деген суроосуна, "район акими салык тармагында бир күн да иштебеген кадрды сунуш кылганына байланыштуу" деп жооп берген имиш. Эмне деген бети жоктук! Эгер ошентип айтканымды далилдесе, сот алдында кылмыш жообуна тартылууга даярмын. Далилдей албаса, Курманбеков култуңдабай кылмыш жообуна тартылсын маанисинде үстөлдү "тарс" бир койду аким. Акимдин айтуусунда, башсалыкчы ал кызматка өз колдогондорун коем деп, райондун мурдагы салык жетекчиси Анарбек Мойдуновду алакчылаган. Темирбек Курманбеков мырза коомчулуктун башын айлантканы аз келгенсип, эми өлкө президентинин көзүн будамайлабасын! Жумагул КАСЫМАЛИЕВ "Агымдан": Маселенин ак-көгүн аңдаштыралы деп Салык жана жыйым мамлекеттик комитетине телефон аркылуу байланышсак, комитеттин басмасөз кызматы президент менен жолугушууда биздин шеф республика акимчиликтериндеги тенденция жөнүндө айткан Токтосун Барманов тууралуу конкреттүү кеп козгогон эмес маанисинде жооп берди. Окуянын чоо-жайын кабарчыбыз изилдей баштайт. |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|