![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №35, 13.05.08-ж. |
Меймансап Форум Боордоштук бормуласы КМШны Казаккыргызстан карааны аралай баштады- Казакстан президенти Нурсултан Назарбаевдин Борбор Азия мамлекеттер биримдигин (БАМБ) түзүү тууралуу идеясы Кыргызстан президенти Курманбек Бакиев тарабынан колдоо тапты. Эки президенттин Астанадагы жолугушуусунда чуусу качантан чубалып келаткан чегара маселесине чекит коюлду, эки өлкөнүн бекем интеграциясына негиз түзүлдү. КМШ картасында дагы бир мамлекеттер биримдиги пайда болушу ыктымал, - деп жазат "Россия" гезити. Кыязы, коңшу өлкөлөрдөгү түгөнөт десе түтөгөн саясый кризис Назарбаевди жадатты сыяктанат. Анткени мурда сөз кырааты жалаң экономикалык байланыштарды чыңдоо, Кыргызстанга инвестиция тартуу, менчик күтүүнү мелжеп келсе, эми эң олуттуу маселе ортого коюлду. Казак лидеринин жогоркудай интеграция идеясы биринчи жолу айтылып аткан жок. Назарбаев буга чейин КМШ, ОДКБ, ЕврАзЭс алкагында Евразия идеясын жактоочу болуп келсе, эми өзүнүн Ортазияга гана тиешелүү долбоорун ишке ашыргысы келип атыр. Кыргызстан президенти Бакиевдин 18-апрелде Астанадагы иш сапарында айрым аймактарды алмаштыруу, Ысыккөлдөгү санаторийлерди Казакстан карамагына өткөрүү боюнча макулдашуулар бекиди. Казак нефтисин кыргыз кайра иштетүүчү заводдоруна да тартуу тууралуу чечим кабыл алынды. Эмгек миграциясына байланыштуу маселе чечилди. Иш сапарга бир жума калганда кыргыз парламенти Казакстан менен мамлекеттик чегара тууралуу Келишимди ратификациялаган жана Ысыккөл жээгиндеги төрт рекреацион объектилерди Казакстан менчигине өткөрүү тууралуу макулдук берген. Буга чейин Казакстан-Кыргызстан чегара аймагында айрым талаш-тартыштуу жерлер бар болчу. Келишим боюнча азыр Казакстан Талас чегарасындагы гранит карьерине, Бишкек-Балыкчы стратегиялык канжолунун кесимине, Каркыра жайлоосунан 620 гектир көз жоосун алган жерге ээлик кылат. Анын ордуна Кыргызстанга башка аймактан 1430 гектир жер берилет. Минтип аймактардын эки тараптуу алмашуусу кыргыз саясатчыларында карама-каршы пикир жаратты. Мисалы, Жогорку Кеңеш депутаты Марат Жураевдин айтымында, Кыргызстан Казакстанга баа жеткис объектилерди берүү менен анын ордуна "какыраган таштуу, шор баскан жерди" алды. "Самал" эс алчу жайы, "Автомобилист" пансионаты, КазМУ денсоолук чыңоочу лагери, "Олимп" пансионаты кезинде Казакстан каржысына курулганына карабастан, алардын казактарга өтүшүн Кыргызстандагы айрым күчтөр өтө кыжырдануу менен кабыл алды. Аларды Казакстан 2003-жылы эле 49 жылга арендага алган. Жаңы келишим боюнча эми Казакстан аларды 4 жылдыздуу отель деңгээлине жеткирип, анда эмгектенгендердин 80% ордун кыргызстандыктарга берет. Бишкек андай кененчиликке жыргаганынан барган жок. Кыргызстан мамлекеттүүлүгүнүн көп жылы созулган кризисинен арылып, өлкөнүн түндүк менен түштүккө бөлүнүү коркунучуна жол бербөө үчүн Бакиев алдуу-күчтүү коңшу мамлекетинин колдоосуна муктаж. Андыктан Кыргызстан президенти БАМБ идеясы ирегелеш мамлекеттерден колдоо таппаса дагы "экилтик союз" түзүүгө даяр экендигин билдирди. "Мындан Борбор Азия регион эли эң чоң утушка ээ болмок. Менин байкашымча, биздин айрым коңшуларыбыз мындан бекер кооптонуп жатат же бул интеграция пайдасына жетишердик баа бербөөдө" деп билдирди кыргыз президенти. Арийне Казакстандын эки мамлекет союзунан ары кулач жаюу аракетине коңшулар бут тосуп атыр. Өзбекстан президенти Ислам Каримов 23-апрелде Астанага расмий иш сапар менен барып, Назарбаевдин долбоору алар үчүн алгылыктуу эмес деп айтты. Тажикстан тандамалдарынын пикирин "Индем" аналитика борборунун жетекчиси Саймуддин Дуетов түрк тилдүү мамлекеттердин биримдиги тажик "этникалык коопсуздугун" пайда кылат маанисинде шардана кылды. Орто Азия республикаларынын ишкерлер чөйрөсү камыр-жумур интеграцияны, албетте, аябай каалайт. Бирок коңшу өлкөлөр мында Казакстан кожоюндук кылып кетет деп кооптонууда. Анткени бийликтин бир аткаруу органын түзүүнүн артынан бир президент шайлап, Астанадан лидер бекитүү идеясы чыгышы ыктымал. Казакстан азырынча Борбор Азия интеграция демилгесине Россия да кошулушу мүмкүн деп ойлобойт. Ошону менен ал регион мамлекеттеринин суу, жерге байланыштуу чыр-чатак жоопкерчилигин тобокелге салып өз мойнуна алууга да макул. Айталы, Кыргызстан Шахимардандагы өзбек анклавын алгысы бар, Өзбекстандын Ош облусуна болгон өмгөгү күч, Кыргызстандын Баткен облусундагы Ворух анклавында тажиктер менен талаш-тартыш үзүлбөйт. Орто Азия мамлекеттер ортосундагы территориалдык талаш азырынча "тоңуп" турат. Аны "эритпей" аткан да Россия таасири: бардык талаш-тартыш Россия негизги роль ойногон КМШ, ОДКБ тармактарынын алкагында ийгиликтүү чечилүүдө. Бул маселенин опурталы оңой эместигин Назарбаев да моюнга алат. Ислам Каримов менен сүйлөшүүсүндө суу-энергетика проблемалары Казакстан үчүн да, Өзбекстан үчүн да өзгөчө маанилүү экендигин айтты. "Биздин өнөктөштөр - Тажикстан менен Кыргызстанга суу боюнча төрт тараптуу консорциум түзүү сунушубуз азырынча аткарылбай атыр" деп белгиледи Казакстан президенти. Назарбаевге Кыргызстан түштүк ислам экстремизми менен күрөштө калканч, бекем шериктеш катары керек. Ошондой эле биримдик экономикалык долбоорлордун "крышасы", кредиттерди кайтарып алуунун гаранты, казак инвестицияларынын коргонучу катары да Казакстанга зарыл. Бул Бакиевге да аябай пайдалуу. Казакстандын Кыргызстандагы ролун күчөтүү өз мамлекетинин территориалдык бүтүндүгүн сактоого, оппозиция менен күрөштө элита күчтөрүн бириктирүүгө, Назарбаевдин Кыргызстандагы кадыр-баркынын аркасында өз кадыр-баркын көтөрүүгө өбөлгө түзөт. Казакстан-Кыргызстан биримдиги алкагында жогорку бийликти өткөрүү да ийгиликтүү ишке ашышы ыктымал. А бул эки республиканын тең эң талылуу жери. Анан да акырында, биримдиктин бул модели КМШ өлкөлөрүндө интеграция процессин өнүктүрүүгө да эң чоң өбөлгө түзөт. АКИpress ![]() Айланбас жердин айланма жаңылыктары СЕРБИЯ. Жекшембиде өткөн кезексиз парламенттик шайлоонун жыйынтыгында "Европалык Сербия үчүн - Борис Тадич" коалициясы 25% добуш менен жеңишке жетишип, Сербия парламенти - Элдик Скупщинадан 100 орун алды. Андан кийин Сербдик Радикалдык Партия - 28% добуш менен 75 мандатка ээ болду. Мындан тышкары, Сербиянын Демократиялык партиясы менен "Жаңы Сербия" коалициясы - 30, Сербиянын Социалисттик партиясынын жетегиндеги коалиция - 20 мандатка ээ болушту. Элдик Скупщина 250 депутаттык орундан турат. СУДАН. Хартум шаарынын жанындагы Омдурман аймагына кол салган козголоңчуларды колдогон деп айыптап, Чад мамлекети менен дипломатиялык мамилесин үздү. Ал эми Чад бул айыптоону четке какты. Эки өлкөдө тең 2003-жылдан бери бийликти кулатуу максатын көздөгөн топтор бар. Алардын козголоңчул аракеттеринен улам аталган эки мамлкекет бири-бирин айыптап келет. Ушу тапта Омдурман шаарында коменданттык саат жарыяланган. КАИР. Араб өлкөлөрүнүн лигасы Ливандагы оор жагдайды жөнгө салуу үчүн ортомчу делегациясын жөнөттү. Делегация курамына Катар, Алжир, Жибути, Йемен, Иордания, Марокко, Араб Эмираттарынын министрлери кирди. Бейшембиде башталган кандуу кагылышуу Ливанды жарандык согуш босогосуна такаган. Жакынкы Чыгыш аймагындагы мындай конфликтилерди бирден эмес, жалпы комплекстүү карап, талдоого мезгил жетти дейт айрым эксперттер. АКШ. Оклахома жана Миссури штаттарындагы торнадо кырсыгынан улам өлгөндөрдүн саны кеминде 23кө жетип, 150дөн ашык адам ооруканаларга жеткирилди. Катуу торнадонун айынан имараттар кулап, бактар тамыры менен жулунуп кеткен. Ал эми Пичер шаарчасы толугу менен жок болгон. ВЕНЕСУЭЛЛА. Өлкө президенти Уго Чавестин айтымында, колумбиялык кесиптеши Альваро Урибе АКШнын буйругу менен Венесуэллага согуш ачууга даяр. Колумбия менен АКШнын Венесуэлланы терроризмди колдоп, жаап-жашырууда деген айыптоосунун артында мамлекеттин революциялык өкмөтүн кулатып жана нефтиге бай чегарадагы Сулия штатын бөлүү максаты жатат. Биз өз жерибиздин миллиметр жерин да эч кимге бербейбиз, деп белгиледи Уго Чавес. ЛИТВА Россия менен ЕСтин ортосундагы энергетика, укук жаатында стратегиялык кызматташтык туурасындагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүнө тоскоол болбойт. Бул тууралуу Вильнюс шаарында Европа мамлекеттеринин тышкы иштер министрлери билдирди. "Биз компромиске келдик, эми ЕС менен Россиянын ортосундагы сүйлөшүүлөр өз нугу менен өтөт" дейт Словения тышкы иштер министри Дмитрий Руппель. НЕПАЛ. Катмандуда Тибеттин көзкарандысыздыгын колдоо акцияларына катышкан 600 аял кармалды. Алардын көпчүлүгү кечил аялдар. Жергиликтүү ММКлар бир эле күндө жалаң аялдар катышкан үч ири акция болуп өткөнүн маалымдайт. Үстүбүздөгү жылдын март айынан баштап Тибеттин көзкарандысыздыгын колдогон акциялар Тибеттин өзүндө да, коңшулаш Непалда да байма-бай өтүүдө. Ал эми Непал бийлиги Кытай менен мамилесин бузууну каалабагандыктан, тибеттиктерди колдобой тургандыгын расмий билдирди. WWW маалымат булактарынан даярдаган Канышай БЕШБАЕВА |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|