Эл өкүлү эмне дейт?

Бегалы НАРГОЗУЕВ, ЖК депутаты:
"Бизде чегирткелерди коррупционерлер коргошот"
Эл өкүлү Бегалы Наргозуев алгач Чүй облусунун райондорун кыдырып, андан кийин Аксыга барып биртоп кызыктуу фактыларга күбө болуп кайтты. Депутатка айрым суроолор менен кайрылсак, төмөнкүлөргө токтолду.

- Биз биринчи вице-премьер И.Айдаралиев менен бирдикте Москва, Сокулук райондорун кыдырдык. Биз менен бирге райондун акимдери, Чүй облусунун губернатору К.Сыйданов болду. Алардын негизги максаты бизге үшүк алган жерлерди көрсөтүү экен. Адистердин айтуусунда, ал жерлерди жакшылап сугарса гана түшүм берет, ал эми сугарылбаса, эгинден кол жууп калабыз дейт. Бардык жерде сугат суунун жетишпегенине арызданышты. Кыдырып жүргөндө Чүйдүн губернаторуна бирөө телефон чалып калды. Анын айтуусу боюнча, президент чалып, "мен өз кишилерим аркылуу Чүй облусун текшерип чыктым, кээ бир жерлерге суу жетишпей жатыптыр, ошол эле учурда суу дайынсыз агып жаткан фактылар бар экен, бул эмне үчүн мындай" деп президент ошол жерде К.Сыйдановго эскертүү берди. Биздин сапар өкмөт тарабынан уюшулган соң, алар өздөрү тандаган жерге алып барып жатышты. Мен мурда Сокулук, Москва райондорундагы көпчүлүк жерлердин камыш басып кеткенин көргөн элем. Азыр ошол жерлерди айдашып, эгин талаасына айландырганы мени кубандырды. Ошондой болсо да ар бир райондо айдалбай калган жерлер бар экен. Ошолорду көрсөткөнгө аракет кылдым.
Андан кийин Аламүдүн районунун акими экөөбүз Аламүдүн районундагы айдалбай калган жерлерди кыдырдык. Бир аз мурда мен ат менен айдоосуз жерлерди кыдырып чыккан элем. Акимге ошол жерлерди көрсөттүм. Эң өкүнүчтүүсү, жогорку Чоң Чүй каналынын астында менин эсебим боюнча 300 гектар, ал эми акимдин эсеби боюнча 160 гектар мол түшүм ала турган кара топурактуу жерди үч министрлик алып коюптур. Бул жер эмне үчүн айдалбай калды десем, аким жөнөкөй кишилерди айтсаң жасайт экен, бул жерде жалаң министрлер болуп жатпайбы дейт. Ошол айдоо жерди Марат Султанов, Үсөн Сыдыков, Акылбек Жапаров менчиктештирип алыптыр. Аким бул үчөөнө жериңерди айдагыла деп кантип айтат элем деп кол куушурду.
Албетте, бизде жер салыгы арзан, социалдык төлөмдөрү да аз, ошондуктан министр байларга бул акча акча деле эмес. Алар кыйналбай эле төлөп коюшат. Жок дегенде жер издеп жүргөндөргө арендага беришкенде болмок. Ошону көргөндөн кийин менде мындай ой туулду. Биз иштетилген жерге салыкты азайтып, тескерисинче, иштетилбей калган жерге салыкты 10-20 эсеге көбөйтүшүбүз керек экен. Ошондо бардык жерди иштетүүгө мажбур болушат. Анан да жерди алып жатканда сөзсүз түрдө айыл чарба багытында пайдаланам деп милдеттенме алышканы абзел. Мындан сырткары, айдоо жерге туракжай, өнөржай курууга тыюу салыш керек. Антпесек, жыл сайын элдин саны көбөйүп, азык-түлүк коопсуздугу курчуп баратат. Бизде каалаган чоңдор, министрлер жүздөгөн гектар жерди алып алып, өз билгенин жасап атышат. Дагы бир олуттуу маселе - айдоо жерлерге карата дыйкандардын мамилесин түп тамырынан бери өзгөртүү зарыл. Эгер Өзбекстанга өтсөң ар бир чарчы метр жерди да үнөмдүү пайдаланып, жолдун түбүнө чейин айдашат. Ал эми бизде кээ бир жер айдалса, кээ бир жер айдалбай, отоо чөп басып кала берет. Ошондуктан муну элдин аң-сезимине сиңирүү үчүн түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, мунун жолдорун издешибиз керек. Өзүбүздө суу мол болгону менен анын пайдасын коңшу өлкөлөр көрүп атат. Жолдорду айлантып салып жаткандай эле суубузду пайдаланууга да көзкарандысыз болушубуз керек. Ал үчүн ири каналдарды куруп, какыраган талааларды өздөштүрүшүбүз зарыл. Бир эле Аксыда союз учурунда өздөштүрүлгөн 7 миң гектар жер бар. Бүгүнкү күндө суунун жоктугунан иштетилбей турат. Мындай жерлер Кыргызстандын бардык аймагында бар. Эгер ошол 7 миң гектар жерге суу жеткирсек, миңдеген дыйкандар жумуш менен камсыз болуп, азык-түлүк коопсуздугуна пайдасы тиймек.
Кечээ Аламүдүн районундагы Ташдөбөдөн 3 гектар жер сатылыптыр дегенинен барып көрсөм, ал жерди казактар сатып алышыптыр. Азыр бир гектар жердин наркы 7 миң доллардан 10 миң долларга чейин. Алардын түшүнүгүндө жер өзүн актабайт. Андан көрө жерди сатып, мал алсам бир жылдан кийин пайдасы эки эсе көбөйөт деген өздөрүнүн эсеби бар. Бул бир кишинин кызыкчылыгында туура болгону менен, эртең эле башка кишилер "жерди казактарга сатып жиберди" деп бийликти күнөөлөп чыгат. Андыктан, сатса дагы өзүбүздүн Кыргызстандын атуулдарына сатса жакшы болмок.
- Азыр эң көйгөйлүү маселелердин бири - чегиртке маселеси болууда. Жыл сайын Евросоюз чегирткелер менен күрөшүү үчүн 8 млн. еврону грант катары берет экен. Аны менен Кыргызстанда чегирткени тукум курут кылса болот. Март айында эле менин шайлоочуларым чегиртке личинкасын таштай электе күрөшөлү деп телефон чалышкан. Бул маселени парламентте да көтөрдүм. Бирок тракторлор даяр болгону менен күйүүчү май, жумушчулардын маянасы чечилбей апрелге чейин создукту. Анан уча турган делталеттордун тендери туурабы, туура эмесин териштиребиз деп он күнгө токтотуп коюптур. Эми ошол өткөрө турган тендерин апрелде эмес, январда эле өткөрсө болот эле да. Ал эми чегиртке тендерди күтүп турбай күн сайын көбөйө берет. Эгер чын эле чегиртке менен күрөшүү максаттары болсо, тендер өткөрбөй эле болгон делталеттордун баарын ошол жакка жөнөтүш керек болчу. Мына ушундан кийин мага муну коррупционерлер атайын жасап атабы деген ой келди. Анткени чегирткелер жоголуп кетсе Евросоюз 8 млн. еврону бербей коет да. Болбосо колдон келип турган ишти неге бүткөрүшпөйт? А эми тажик туугандар биздин эки жеке менчиктеги АН-2 самолетторун жалдап алпарып, чачтырып жатышат. А биздин бир эле Аксуу районунда 30 миң гектар айдоо аянтын чегиртке каптап калган. Ноокен районунун да абалы ушундай. Мындан тышкары, Лейлек, Кадамжай райондорунда да чегирткенин болуп көрбөгөндөй көбөйгөнү байкалат. Берки тендерден жеңилип калган федерациянын башчысы айтат: "Мен шапкасын бербей койдум эле, менин делталетторумду катыштырбай койду" деп. Андыктан чегирткелерди быйыл да жеңе албайт көрүнөт.

Келдибек НАЗИРОВ