Коомдук-саясый гезит
№35, 13.05.08-ж.

Меймансап
Форум




 ... кыйла жерге секиртет

Тойгончо жеп, күлгөнчө карганабы?
"Де-факто" гезитине (№31, 08.05.08) Ош шаардык соту тарабынан бир нече статья менен беш жылга эркинен ажыратылган Ош облус губернаторунун мурдагы орунбасары Кушбак Тезекбаевдин "түрмөдөн жазган салам каты" жарыяланды. Катта ал саясый заказдын курмандыгы болуп жатканы айтылыптыр.

Тезекбаевдин айтымында, "Күч органдары ойдогудай иштебей жатат. Кылмыштуулук тескерисинче күчөп кетти. Коррупция мурда болуп көрбөгөндөй гүлдөдү" деп айта койгону үчүн ал кудуреттүү кишилердин каарына калган имиш. Резондуу суроо туулат. Сенсация, жарылган бомба катары резонанс жараткандай, "күч органдары ойдогудай иштебей жатат" деген сөз биринчи жолу айтылып жатты беле? Коомдук пикирдин, бийликтин бардык бутактарында айтыла берип ашмалтайы деле чыккандай болду.
Анын бул сөзүнө жаш бала эле ишенбесе, акыл-эси токтолуп калган киши ишенбейт. Бийликти сындаганы үчүн ушу кезге чейин бир киши ыдык көрүп, куугунтуктала элек. Борбордук аянттагы митингдерде оппозиция лидерлеринин оозунан ак ит кирип, кара ит чыгып атты. Эгер ошон үчүн эле камай берсе түрмөгө киши батпай кетпейт беле?
Ой жүгүртө билген адамга түшүнүктүү эле болуп турбайбы.Тезекбаев өтө оор статьялар менен соттолду. Ал жөн гана бюджеттик акчаларды жок кылып ийсе да бир жөн. Губернатордун мурдагы орунбасары шериктери менен солго солоп ийген акчалар жер титирөөнүн кесепетинен үй-жайынан айрылып, кыштын суугунда чатырларда калчылдап-титиреп жашап аткан бечаралар үчүн бөлүнгөн. Мындайча айтканда, Кудайдан корккон, бетинде бир аз эле кызылы, ыйманы бар адам дегеле кол салганга дити барбай турган ыйык каражат болчу. Эми Тезекбаев "май кармаган бармагын жалайт" болуп, ошол гумжардамды тымызын жок кылып ийгем десе, муну уккандардын баары "сага чала болот, сот беш эмес, он жылга камаса болмок экен" дебейби. Ошондуктан ал "ак жеринен айып тагылган" шордуунун кейпин кийип, өзүн бийликтен кордук көргөн кишидей көрсөтүүгө далбастоодо. Бул да болсо тойгончо жеп, өлөрчө карганган уурулардын бир долу ыкмасы эмеспи.
Ал эми Тезекбаевдин "эгер абакта менин өмүрүмө кокусунан балта чабылса..."деп алдынала айгай салганында да саясый максат бар. Жалпыга белгилүү эмеспи, абактагылар "маслократтар" деп жанагындай статья менен отургандарды аябай жек көрүшөт. Анан калса, ал жерде да гумжардамды жеген кандай оор күнөө экенин түшүнгөн кишилер бар. Андыктан, Тезекбаев тиякка барганда аны кандай тагдыр, кандай сыноолор күтүп турганын эң сонун түшүнөт. Баса, Кушбак мырза катынын башында өзүн март революциясынын активдүү катышуучусу катары көргөзүп, ошол күндөрү Ошто жасаган эрдиктерин бирден санап чыгыптыр. Кудайга шүгүр, март революциясынан бери көп деле убакыт өтөлек. Бул окуяда Тезекбаев кандай роль аткарганын билген, көргөн кишилер арабызда эле басып жүрүшөт. Андан көрө Кушбак мырза Ош шаарында кантип парад өткөрүп, Баяман "корбашыга" кантип таазим эткенин, өзүнүн оройлугун, чоң муштумдугун, Каракулжа РИИБсинин начальнигин оозго алгыс сөздөр менен тилдеп, эркек башы менен карасуулук аялды кантип чаап жибергенин айтып берсе, окурман үчүн кыйла кызыктуу болмок.

Жумамидин ПАЯЗОВ, Ош шаары




  Баракалла!

"Арнамыс" партиясынын төрага орунбасары Эмил Алиев:
"Элдин абалын көрүп "жардам берели дедик"
- "Арнамыс" партия лидери Феликс Кулов президент указы менен жаңы кызматка отурду. Муну менен силерди толугу менен бийлик тарапка өттү деп түшүнөбүзбү?
- Жок, эч убакта. Ф.Кулов баштаган "арнамысчылар" элдин оор абалын көрүп, жардам берели дедик.
- "Апрель митингисинен эч натыйжа чыгара албагандан кийин, Кулов кайра бийликке кол куушуруп барды" дебатышпайбы?
- Ал бийликтин креслосун кучактаган жок. Эгерде артка кайрылсак, Кулов түрмөдө отурган 2000-жылы биз "тегерек стол" өткөзүп, Кыргызстанды канткенде оор абалдан чыгарууга болот, мамлекет түзүлүшү, Конституция, сот системасы кандай болуш керектиги боюнча сунуштарды бийликке бергенбиз. Мына, энергетика боюнча абал кыйындады, биз орто, кичи ГЭСтерди куруу, альтернативдүү жылуулук булактарын, шамал энергиясын табуу, иштетүү боюнча долбоорлордун үстүндө иштеп атабыз. Мурдагы бийлик деле буларды жасаса болмок, мындай долбоорлор ошогезде деле бар болчу.
- "Феликс Кулов мурунку бийликте Акаевден кийинки эле адам болуп, эмне деген кызматтарда болгон жок. Кыргызстандын азыркыдай оор абалда калышына анын да үлүшү чоң. Кийин деле премьер-министр болду, колунан эчнерсе келбеди" дегендерге не дейсиз?
- Кээ бир көралбагандар муну айтып атат. Ал мурда деле мындай иштерди жасап келген. Азыр казынадан бир тыйын албай, чоң жумуш жасаганы атат. Биз бюджеттен маяна да албайбыз. Дирекцияда азырынча үч эле киши иштеп жатабыз. Имарат караштыруудабыз. Тескерисинче, казынага акча төгөлү деп атабыз. Булардын баары инвестиция түрүндө келет. Энергетика тармагына инвестиция жасагысы келгендер Куловго ишенип, ошончо каражатты берип жатышат. Жыл аягына чейин бул тармакка 100 млн. доллар инвестиция келет.
- Энергетика тармагындагы төрт-беш мамлекеттик мекемелерден силердин кандай айырмаңар бар?
- Дирекция жеке капитал менен иштешет, ошонүчүн коррупция болбойт. Коррупционерлер биздин шабашканы тартып алды деп бизди жаман көрүп атышат. Дирекция мамлекеттик мекеме эмес.
- Инвестиция келгенде кимдир бирөөнүн кепилдиги менен келет да. Силер мамлекеттин кепилдигин бере албасаңар, алар Куловдун кепилдиги үчүн келишеби?
- Мамлекеттин кепилдиги - бул мыйзамдын иштегени. Алар иштеш үчүн Кулов президент менен жолукту. Президент да түшүнүп, бардык жагдайды караштырып, мыйзам бузулбагыдай иштегиле, чиновниктердин силердин чөнтөгүңөргө кол салуусуна жол бербейм деп жатат. Негизи Куловдун аты эле кепилдик.
- Оппозиция өкүлдөрү силерге кандай пикирде болуп жатышат?
- Түшүнгөндөрү бар. Оппозиция лидерлери деле элдей, деңгээли өйдөсү, төмөнү бар. Алар муну жасабагыла, андан көрө бул бийлик тезирек куласын деп айта албайт да. Бийлик менен иштешип кетишти дегендери да бар. Биз бийлик үчүн эмес, эл үчүн иштеп атабыз. Партиянын позициясы деле мындан ары ушундай болот. Биз көзкараштарды дайыма ачык айтып, туураны туура, туура эмесин туура эмес деп келебиз.

Аскер САКЫБАЕВА




 

Ф.Куловдун майда ГЭСтерди өнүктүрүү демилгесине кандай карайсыз?
Айылчы САРЫБАЕВ, экономика илиминин доктору, профессор:
- Бул жеке эле Куловдун демилгеси эмес. Мындай маселенин айтылып келатканына көп болду. Мурунку өкмөт, кийинкиси деле сүйлөгөндөн башка эчнерсе кылган жок. Чакан жана орто электр станцияларын гана эмес, станциялардын дөөсү Токтогул ГЭСин талкалап жок кылып атышат. Өндүргөндү эмес, сатканды билген өкмөт муну деле ишке ашырарына күмөнүм бар. Болбосо, бул жакшы демилге.
Жыргалбек ТУРДУКОЖОЕВ, саясат таануучу:
- Бул маселе Куловго чейин эле көтөрүлүп келген. Учурда энергиянын альтернативалуу булактарын пайдалануу маселеси көтөрүлүп атат. Мындай идеяны ишке ашыруу үчүн оптималдуу долбоорлор түзүлүшү абзел. Андан кийин укуктук негиздерин аныктап, аны ишке ашыруу ресурстарын табыш керек. Бирок, мен Куловдун бул идеяны ишке ашырарына көзүм жетпейт. Не дегенде, ал буга чейин чоң кызматта жүрдү. Тилекке каршы, ушуга окшогон долбоорлорду ишке ашыра алган жок.
Алтынбек ЖУСУПАХУН уулу, Бишкек шаарынын тургуну:
- Куловго эл ишенбей калды деп ойлойм. Болбосо, кечээ бийликти жерден алып көргө салып жүрбөдү беле? Бүгүн минтип Акүйдө башкача "ырдап" отурат. Майда ГЭСтерди өнүктүрүү демилгесин көтөрүп чыгыптыр. Менин билишимче, Феликс Шаршенбаевич энергетика тармагын жакшы түшүнбөйт. Андыктан, колунан келбеген ишке чарпылбайле койсо болмок. Майда ГЭСтерди куруп жибергенден эле электр энергияга болгон баа төмөндөп кетпейт да. Элге сөз жүзүндө эмес, иш жүзүндө далилдеш керек. Ал эми Феликс мырза өзүнүн ким экенин буга чейин эле көрсөткөн.
Абдыганы ЭРКЕБАЕВ, коомдук ишмер:
- Өткөн күндү эстейличи. Кулов апрель митингин өткөрдү, анан Россияга кошулабыз деп чыкты. Андай иш-аракеттеринен эч бир майнап чыккан жок. Албетте, кандай кадам жасары - арбир саясатчынын жеке иши. Ошентсе да, саясый беделин түшүрүп алды. Бийлик менен компромисске бара турган болсо, анчалык ызы-чуу чыгаруунун кереги бар беле? Эми электр тармагындагы көйгөйлүү маселелерди чечмекчимин деп атат. Элге, мамлекетке иш кылсам дегени жакшы. Анын жыйынтыгы кандай болорун убакыт көрсөтөр.
Тайырбек САРПАШЕВ,
"Туран" партиясынын лидери:
- Орто жана чакан электр станцияларын өнүктүрүш керек. Мен мындай демилгени колдойм. Бирок, ал үчүн атайын программа иштеп чыгуу зарыл. Майда ГЭСтерди куруу үчүн инвесторлорду тартуу көйгөйү келип чыгат. Андыктан, бул процесс ачык-айкын, таза жүрүшү керек.
Нурканбек КЕРИМБАЕВ













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan