![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №35, 13.05.08-ж. |
Меймансап Форум Отургула, сот кетти! Замир МОЛДОШЕВ: "Буйрук "талкууланбайт, "аткарылат" Абдижалил ЖАМАЛОВ: "Соттолуп, акталгандар жогорку бийликте деле бар" Чегара кызматынын төрагасы генерал-майор Замир Молдошев жана анын 1-орунбасары, генерал-майор Абдижалил Жамаловдун айрым иштери боюнча биртоп дооматтар айтылып келет. Бул жөнүндө чегара кызматынын басмасөз кызматы маалымат каражаттарына түшүндүрмө, тактоолорун билдиришти. Биз жагдайды өз оозунан угуу максатында эки генералды кепке тарттык. - Чегара кызматында иштеп жаткан 34 кызматкер сот жообуна тартылган деп айтышат. Мыйзам боюнча, деги эле моралдык жактан да алардын иштеп жатканы туурабы? З.Молдошев: - Чынында ошол адамдар бүгүнкү күндө өз кызматтарын аркалап жатат. Алардын көпчүлүгү сот аркылуу акталышса, айрымдары айып төлөө менен чектелишкен. Мыйзам боюнча инсандын күнөөлүү же күнөөсүз экенин сот гана аныктайт. Биринчиден, алардын кызмат ордуна келишине менин да, генерал А.Жамаловдун да эчкандай тиешеси жок. Анткени аларга буйрукту биз эмес, чегара кызматынын мурунку жетекчилери чыгарышкан. Мен бир гана кенже лейтенант Эркинбек Супатаевге буйрук чыгарып, кызматтан алгам. Ал болгону жол эрежесин бузганы үчүн жоопко тартылган. А.Жамалов: - Р.Жамшитов жөнүндөгү дооматтар негизсиз. Анткени Чалдовар чегара бөлүгүнүн мурдагы башчысы капитан А.Акматовдун ишмердигин текшерүү боюнча атайын комиссия түзүлүп, ага чегара кызматынын тарбия иштери боюнча башкармалыгынын башчысы, полковник Р.Асанакунов жетекчилик кылган. А.Акматовдун кетирген кемчиликтери далилденип, аны кызмат ордунан бошотуу боюнча сунуш берилген. Ошонун натыйжасында ал кызматынан кол жууган. Ал эми подполковник Т.Сыдыков КР Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренеси менен кылмыш жообуна тартылып, Чүй гарнизондук сотунун өкүмү аркылуу толук акталып чыккан. Генерал Жамалов баарына киришип жатат деп мага арткан доомат негизсиз, бул эки кызматкерге менин эчкандай тиешем, тууганчылык, жердешчилик, жакындыгым жок. Соттолуп, кайра акталып иштеп жаткандар бир эле чегара кызматында эмес, жогорку мамлекеттик деңгээлдеги кызматтарда да болуп келген. Андыктан мындан трагедия жасап кереги жок. - Ал эми полковник чининдеги кызматкерлер буйрукту аткарбай жатканын кантип түшүндүрөсүздөр? З.М.: - Азыр негизги күчтү биз Чоңалай, Баткен сыяктуу кооптуу аймактарга коюшубуз керек. Биздин негизги милдетибиз чегара коопсуздугун сактоо. Башкы оперативдүү-ишмердик башкармалыгынын начальниги полковник Эсенбаев 2008-жылдын 29-январында төраганын буйругу менен Түштүк аймактык башкармалыгынын начальнигинин 1-орунбасарлыгына дайындалат. Бирок Эсенбаев буйрукту аткаруудан чечкиндүү баш тартып, өз рапортунун негизинде кызматынан бошотулган. Ал эми Д.Кожобергенов КР чегара кызматынын төрагасынын 2007-жылдын 11-майындагы буйругу менен Баткен чегара отрядынын начальниги болуп дайындалат. Бирок ал буйрукка макул эместигин билдирип, рапорт жазат. Полковник С.Шамыралиев да КМШ чегара аскерлер командачыларынын кеңешинин карамагына жөнөтүү буйругунан баш тартып, денсоолугуна байланыштуу кызматынан бошотулган. Көрүнүп тургандай, жогорудагы полковниктер Кыргыз Республикасынын "Аскер кызматкеринин статусу жөнүндөгү" мыйзамдын 5-статьясын одоно бузушкан. Алар буйрукту аткаргандан кийин гана ал буйруктун мыйзамдуулугу боюнча арызданса болмок. Азыр айрым министрлик,ведомстволорду Түштүккө которуу маселеси курч. Эгер чегара кызматы Түштүккө көчө турган болсо, биздин полковник чининдеги кызматкерлер баруудан баш тартып жатса, чегарабызды ким коргойт? Ошол эле М.Эсенбаевдин эки иниси, уулу чегара кызматында иштейт. Улуу иниси Х.Эсенбаев чегара кызматынын Түштүк аймактык башкармалыгынын штаб начальнигинин орунбасары болсо, андан кийинки иниси майор Т.Эсенбаев Түштүк аймактык башкармалыгынын ички аскердик коопсуздук кызматынын улук офицери. Ал эми баласы лейтенант М.Эсенбаев "Торугарт" чегара көзөмөл постунда кызмат аркалайт. М.Эсенбаев бизди жаманатты кылганы менен чегара кызматы аркылуу Ош жана Бишкек шаарларынан эки бөлмөлүү үй алган. Ал эми бизде көптөгөн офицерлер үй-жайсыз батирлеп жүрүшөт. Ошондуктан, алар борбордон кеткиси келбей, ар кандай шылтоолорду айтып, буйрукту аткарып эмес, талкуулап жатышат. А.Ж.: - Чегара кызматын Ошко көчүрүү ошол аймактагы кооптуу кырдаалга байланыштуу болуп атат. Азыр кызматкерлер арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, кеңешме сайын өз мүмкүнчүлүгүңөрдү, шартыңарды аныктагыла деп айтып атабыз. Кокус эртең көчкүлө деген көрсөтмө берилсе, кызматчылардын 30%ы Ошко барабы? Ошондуктан буга биздин даярдыгыбыз болуш керек. Чегара кызматкерин мамлекет 5 жыл окутат. Баткен, Чоңалай сыяктуу кооптуу аймактарга мыкты кадрлар керек. Баары эле борбордо калгысы келип, буйрукту аткаруудан баш тарта берсе болбойт да. Ошол эле Эсенбаевдин инилерин да мамлекет окуткан. Анын баласы жөнүндө да сөз көп. - Чегара кызматкерлеринин арасында жарака пайда болуп, өздүк курам экиге бөлүнүп калды деген сөздүн чындыгы барбы? А.Ж.: - Ал сөз чындыкка дал келбейт. Ошол беш-алты кызматкер эле ар түрдүү маалымат каражаттарына негизсиз дооматтарды айтышып, чегара кызматынын бетине көө сүртүп жатышат. - Мамлекеттер менен чектешкен чегара постторубуздун турак-жайлары начар экендиги, андагы жоокерлердин аскер кийимдеринин абалы жөнүндө сын пикир көп айтылат. З.М.: - Бул туура, азыр 2019-жылга чейин план түзгөнбүз. Ошол иштин негизинде Карасууда, казак-кыргыз чегинде жаңы постторду ачтык. Буга өкмөт да 6 млн. сомдун тегерегинде каражат бөлгөнү жатат. Ар бир отрядда бирден чегара постун мыкты үлгүдө куралы деген ниетибиз бар. Мындан сырткары, Баткен шаарына отряд турак-жайы салынып, аскер шаарчасын куруп атабыз. Айдаркен отрядында офицерлер үчүн жатакана салынууда. Бизге негизинен эларалык уюмдар чоң жардам көрсөтүүдө. - Сох, Ворух сыяктуу анклавдардан курал алып өтүү тартиби эки өлкөнүн ортосунда кандайча жүргүзүлөт? З.М.: - Биз алар менен бул маселе тууралуу сүйлөшкөнбүз. Бул жөнүндө бири-бирибизге алдынала кабарлап, ошол тартипте курал алып өтүү жүзөгө ашырылат. Эгер Пүлгөндөгү жол бүтсө, бизде Сох менен маселе болбойт. - Бирок өзбек тарап анклавдарга согуш техникаларын алып өтсөчү? З.М.: - Өзбектер Сохко аскер техникаларын Баткен коогалаңы чыкканда эле алып киришкен. БМП, БТР ж.б. биртоп аскер техникалары бар. - Каркырада мурда чегара заставалары бар беле? З.М.: - Жок болчу. 1999-жылдан бери бул маселе көтөрүлүп, 2004-2006-жылдары застава коюлду. Былтыр Жогорку Кеңеште ушул маселе көтөрүлгөндө Э.Карабаев, С.Аламанов менен Каркырага чогуу барып, элге картаны көргөзүп, кимге кайсы жер тиешелүү экенин аныктаганбыз. Азыр ошол жерге талапка жооп бере турган застава куруу боюнча аракеттер көрүлүүдө. - Акыркы кезде кыргыз-тажик чегарасында чуулгандуу окуялар тез-тез кайталанчу болду. Эгер чегараны бузуп кирүү сыяктуу фактылар катталса, анын алдыналууга биздин чегара кызматы даярбы? З.М.: - Былтыр 20-июнда комиссия менен Исфара шаарында тажик тарап менен жолугушуу өтүп, бир катар документтерге кол коюлду. Ошондон кийин чегарадагы чуулар 70%га кыскарды. Азыр кайсы маселе көтөрүлсө да, ошол жердеги эки тараптын командирлери сүйлөшүү жолу менен чечишет. Ал эми чечилбеген маселе болсо бизге кайрылышат. Биз ушундай сүйлөшкөнбүз. Экинчи жагынан эки өлкөнүн чегара постторун шахматтык тартипте жайгаштырууну макулдашканбыз. Мындай жайгашуу бири-бирине автомат кезөөдөн куткарса, экинчиден, көп аймакты көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк берет. Ушунун үстүнөн былтыр комиссия иштеп, азыр маселени карап атабыз. - Чегара кызматкерлеринин жашоо шарты кандай? - З.М.: - Бюджет жыл башында каралат. Ал эми азык-түлүк баасы күн санап жогорулоодо. Эми жарым жылдыкта бюджетке толуктоолор киргизилгенде бул маселени өкмөт караштырабыз деп жатат. Бирок биз өкмөттүн көзүн карабай, ар бир отрядда көмөкчү чарбалардын болушун талап кылдык. Ново-Покровкада эки көлмөгө балык өстүрүп жатышат. Быйыл отряддардын көмөкчү чарбалары үчүн 1 млн. 400 миң сом бөлдүк. - Чегарачыларды кызыктырган кызмат катары кыргыз-кытай, кыргыз-казак, кыргыз-өзбек чегарасындагы көзөмөлдөөчү посттордун майлуу орун экендиги айтылат. Коррупциянын башаты ушул жерде эмеспи? З.М.: - Айтканыңызда калет жок. Беш кол тең эмес. Бул көрүнүш бизде жок деп айтуу туура эмес. Эгер ошондой фактылар болсо, биз дароо комиссия жөнөтөбүз. Далилденсе - катуу чара колдонулат. Албетте, өлкө чегинде турган кызматкерлер жоопкерчиликти сезип, мындайдан алыс болушу керек. Алардын туура эмес аракети тез эле билинет. Анткени граждандар даттанышат, ал маалымат каражаттарына жарыяланат. - Чегара кызматкерлери үчүн пенсияга чыкканда майыптыгы боюнча камсыздандыруучу төлөмдөрдү алат экен. Булар кандай шартта жүргүзүлөт? З.М.: - Эгер чегара кызматкери кызмат учурунан сырткары мушташып же башка жол кырсыгына кабылса, мындай төлөмдөр берилбейт. Бир гана кызмат учурунда кырсыкка кабылса гана камсыздандыруучу акча төлөнөт. А.Ж.: - Чегара кызматы жаңыдан түзүлгөндө Садиев милициядан көптөгөн жигиттерди алып келиптир. Эми ошолорго пенсия алдында камсыздандыруучу сумма төлөнөт экен. Бул албетте туура эмес. Алар милициядан келип, ошол эле чини менен кызматка алынган. Мыйзам боюнча алар аскер комиссариаты тарабынан чакырылышы керек болчу. Эгер ал милицияда полковник болсо, мүмкүн аскер комиссариатында лейтенанттыр. Мына ушул чиелешкен жагдайда соттошуп жүргөндөр бар. Мыйзам боюнча алар милициядан бошогондон кийин чегара кызматына чакырылган тартипте гана келиши керек. Келдибек НАЗИРОВ |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|