![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №35, 13.05.08-ж. |
Меймансап Форум Спорт дөө-шаасы Мухаммед Али Олимпиада чемпиону Кассиус Клей (биринчи аты) 1942-жылдын 17-январында Луисвиллде (АКШ) жарык дүйнөгө келген. Келечектеги дүйнө чемпиону 12 жашынан тартып бокс менен машыга баштаган. 1960-жылга чейин рингге спорт сүйүүчүсү катары чыгат . Римде болуп өткөн Олимпиада оюндарында белгилүү советтик мушкер Геннадий Шатковду жарым финалда жеңип алган. Ал эми, финалдык таймашта поляктык мушкер З.Петшиковскийди утуп алат. Ошентип, Олимпиада чемпиону аталган Алинин профессионалдык рингде жашоосу башталды. Унутулгус мушташ 1974-жылы 30-октябрда Киншаседе дүйнө чемпиондугу үчүн Жорж Формен менен беттешүү болду. Кезинде бул таймашты адистер "унутулгус улуу мушташ" сыпатында баалашкан. Жети раунд бою Али-Формен таймашы тең салмакта өтүп атты. Сегизинчи раундга келгенде Али атаандашына жаак талаштыра темир муштумун жөнөтөт. Формен турган ордунан бир айланып, анан эки-үч кадам шилтеп, "күп" эте кулап түштү. Ошондо залда отурган көрүүчүлөрдүн уу-дуусун айтпа! Ооба, бул - Жорж мырза болчу. Ал 42 жашында спортко кайтып келип, ринг үстүндө бирнече таймаш өткөрүп, көпчүлүгүн жеңген эле. Ошондон улам, бу саам да Формен жеңишке жетет дегендердин үмүтү чоң эле. Карьерасындагы урунттуу учурлар: 1964-жылы Сони Листон менен беттешип, дүйнөнүн абсолюттук чемпиону титулуна ээ болот. Ошол эле жылы Ислам динин кабыл алып, Мухаммед Али ысмын алган; 1967-жылы ринг үстүнөн (Нью-Йорк) Зоро Фоллиге туш келип, 9-раундда жеңишке жетишет. Кийинчерээк Вьетнамдагы согушка катышуудан баш тартканы үчүн 5 жыл эркинен ажыраган. Анысы аз келгенсип 10 миң доллар айып төлөйт; 1970-жылы АКШнын Жогорку соту бул чечимди жокко чыгарганы маалым; 1978-жылы үч жолу титулун сактап, бокстан кеткенин жар салган; Бирок, 39 жаштагы мушкер рингге кайтып келүүнү чечет. 1981-жылы ринг үстүнөн 5 жолу жеңилүү ызасын тарткан. Ошондон кийин гана спорттон кеткен. 37 нокаут 20 жылдык профессионалдык карьерасында 56 жолу рингге чыккан. Анын ичинен 51 жолу жеңишке жетишип (37и нокаут менен), 5 жолу жеңилүү ызасын тарткан. "Бокс дүйнөсүндө менин ордум бош" ("Аргументы и Факты" сайтына берген маегинен) - Бош убактыңызды кантип өткөрүп атасыз? - Түрдүү китептерди окуганды жактырам. Анын ичинде, албетте, Куранды көп окуйм. Колунда жок бей-бечараларга жардам берүүнү өнөкөткө айландыргам. Ушунун айынан жубайымдан көп жолу уруш уккан жайым бар. Жашоомдогу эң башкы максатым - Аллахты сүйүп, ислам динин элге жайылтуу. - Биртууган Кличколорго оюңуз кандай? - Алардын арбир таймашына кызыгуу менен көз салып турам. Мен экөөн тең профессионал мушкер катары эсептейм. - Майк Тайсон менен ринг үстүндө былчылдашмак белеңиз? - Бул мен үчүн кызыксыз таймаш болмок. Анткени, мен аны бир муштоо менен жыга коймокмун. Албетте, ал атаандаштарынын кулагын тиштеп алуу менен жеңишке жетем деп ойлошу мүмкүн. Бирок, ошол эле маалда, анын башын жутуп койчу атаандаштары бар экенин унутпаса. - Ушу кезге чейин өзүңүздү улуу мушкер эсептейт деп уккан элем… - Эгерде, менин денсоолугум чың болсо, бокс дүйнөсүндө мага тең келер атаандаш болмок эмес. - Сиз 23 жылдан бери рингге чыкпай калдыңыз. Азыр бокска болгон мамилеңиз өзгөрүлгөн жокпу? - Болуп аткан чемпионаттарга көз салып турам. Теледен айрым мушташтарды көргөндө делебем козголуп, өзүнөн өзү дене-боюм кыймылдап кетет. - Учурдагы бокс дүйнөсүнө эмне жетишпейт деп ойлойсуз? - Мен. Отто Гана Бокс чөйрөсүндө өчпөс из калтырып кеткен Мухаммед Али учурда коомдук ишмер. 2005-жылы АКШнын атуулдук укугун коргоо жаатына кошкон салымы үчүн дүйнөлүк Отто Гана сыйлыгына ээ болгон. Ага чейин бул сыйлыкка Михаил Горбачев менен Симон Визенталь ээ болгонун эскерте кетели. Ал эми, ата жолун жолдогон кызы Лейла Али бокс дүйнөсүндө жигердүү ийгиликтерге жетишти. 16-жолдомо Римден (Италия) бизге сүйүнүч-түү кабар келди. Лизенцияланган турнирде жердешибиз Канат Бегалиев (67 кг салмактык категория боюнча) коло медалды багындырыптыр. Грек-рим күрөшү менен машыккан балбан жигитибиздин бул ийгилиги биздин команда үчүн жайкы Олимпиадага алган 16-жолдомосу болуп эсептелет. Жалпы жонунан бул эларалык мелдешке Кыргызстандын намысын коргош үчүн алты балбаныбыз аттанган эле. Бул мелдеште Азиянын эки жолку чемпиону Данияр Көбөнов күйөрмандардын үмүтүн актай алган жок. Данияр мырза эстониялык балбан Эрик Апск менен беттешип, упай менен уттуруп койду. Ал эми, жаштар арасында дүйнө чемпиону Жанарбек Кенжеев (84 кг салмактык категорияда) коло байге үчүн таймашта хорбатиялык Ненат Зюгайдан жеңилүү ызасын тартып, Бээжинге баруу бактысынан ажырады. Учурда 16 спортчунун жайкы Олимпиадага барууга укугу бар. Алар: Базар Базаргуриев, Алексей Крупняков жана Арсен Гитинов, (эркин күрөш боюнча Азия чемпиондору), Руслан Түмөнбаев менен Канат Бегалиев (грек-рим күрөшүнөн Азия чемпиондору), Юрий Захаров менен Василий Данилов (суучулдар), Евгений Ваккер (велоспорт боюнча Азиянын эки жолку чемпиону), Татьяна Ефименко (бийиктикке секирүү боюнча Азиянын төрт жолку чемпиону), Юлия Архипова (марафончу), Расул Абдураим (таэквондо), Асылбек Таласбаев (эларалык бокс чебери), Руслан Исмаилов (мылтыктан ок атуу), Сергей Кочурин (фехтование) жана Елена Проскурова (дзю-до). Балким, бул тизмени толуктай турган кыргызстандык спортчулар дагы чыгар. Не дегенде, Бээжин олимпиадасына жолдомо берүүчү дүйнө, Азия чемпионаттары, эларалык турнирлер июнга чейин уланат. Футбол Ооганстандан утулуп Улуу жеңиш күнүндө "Спартак" стадионунда Азия Футбол Федерациясынын Чакырык Кубогунун алкагында Кыргызстан-Бангладеш беттеши болду. Экинчи таймда бангладештик футболчу Хасан Жахит эсепти ачкан. Беттешүүнүн 70-мүнөтүндө биздин чабуулчу Роман Корнилов эсепти теңегенге жетишти. Ал эми, "Дордой" футбол командасынын капитаны Руслан Сыдыков экинчи голду башы менен сүзүп киргизген. Жыйынтыгында биздин футболчулар 2:1 эсебинде жеңишке жетишти. Бирок, Кыргызстандын курама командасы Азия Футбол Федерациясынын Чакырык Кубогунун финалдык тобуна кошулбай калды. "С" тобунда биздин футболчуларды 1:0 эсебинде уткан Ооганстандын курама командасы финалдык оюндарга катыша алат. 5:1 Кичи футбол боюнча Азия чемпионатында Кыргызстандын курама командасы Индонезияны (1-тур, "А" группасы) 5:1 эсебинде утуп алды. Бул мелдеште эки гол киргизген Нуржан Жетибаев, Данияр Абдыраимов, Азамат Мендибаев жана Марат Дуванаев аттуу спортчуларыбыз жакшы оюн көрсөткөнүн эскерте кетели. Ошондойле биздин футболчулар кечээ күнү Ирактын курама командасы менен беттешүү өткөргөн. Бүгүн Таиланддын футболчулары менен талаа үстүндө ойношмокчу. Тай-бокс Кыргызстандык спортчу айым Валентина Шевченко Утрех шаарында болуп өткөн профессионалдык таймашта жеңишке жетишти. Анын атаандашы болуп Голландия чемпиону табылган эле. Нурканбек КЕРИМБАЕВ |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|