Коомдук-саясый гезит
№36, 16.05.08-ж.

Меймансап
Форум




  Сейилмаек

Гүлнара Тойгонбаева
Бомж менен да, чиновник менен да тил табышам"
Жашоо образы
Жаратылышка чыкканды жактырам. Чындап эсалып, жеңилдеп, күч алып кайтасың. Ал эми дискотекадагы "тарс-турс" музыкадан кыйналып кетем, мен анын тилин түшүнбөйм. Ички жандүйнөм менен таптакыр айкалышпайт. Балким, ички ыргагым абдан жай болсо керек.
Спорт менен машыкпайм, мындан 4-5 күн мурун Ататүрк паркында үстөл теннисин ойнодум. Өткөндө үйдүн жанындагы бий клубуна барып, чыгыш бий сынагына күбө болдум. Көчөт кыздардан улуу айымдарга чейин катышат экен. Алардан ушул чыгыш бийинен ырахат аларын көрдүм. Ошондон кийин мен да барсамбы деп ойлонуп койгом.
Спирт ичимдиктеринен конокко барганда, туулган күндөрдө татып коюшум мүмкүн. А бирок, ырчы катары чакырылган тойлордо, иш-чараларда мен таптакыр ичкилик оозума албайм. Себеби, ал мен үчүн жумуш. Саратанда пиво жакшы ичилет эмеспи, курбулар чогулганда пиво ичебиз. Ал эми чылым туурасында теманы жаап эле коелу.
Табит
Жашоодо мен табит менен жашаган адамдарды жактырам. Ар кимде ар кыл табит, аны талашка салып болбойт дечи. Бирок, турмушта таптакыр табитсиз адамдар кездешет го?.. Аларга жылмайып гана коем, ошондой жаралып, калыптанып калган соң анын табитин кантип өстүрөсүң. Айланамдагылардын пикиринде, кийимде болобу, ашкана жаатында болобу, же дегеле турмуштук көрүнүштөрдөбү, табитим жаман эмес.
Турмушта кесе пикир менен жашагандар да кездешет. "Бул - ак, тигил - кара" дегендер. Бирок, мен үчүн ак менен каранын ортосунда далай жаркын түстөр жашайт. Анткени, дүйнөнүн өзү көп кырдуу, түркүн түстүү. Жашоонун жыргалы - ошол көп түрдүүлүгүндө. Аял менен эркектердин тандамы деле ошол. Бир экспериментте 1000 түрдүү аялдын сүрөтүн эркектерге тандатат, ошондо бир дагы сүрөт көз жаздымда калбаптыр. Демек, ар бири өз табитине, көз баамына, жандүйнө жакындыгына жараша тандоо кылат.
Мырзаларга деле талабым татаал, бийик эмес. Балким, мурда мен аларды эч түшүнчү эмес окшойм. Жакындан бери аларга көзкарашым өзгөрдү. Мырза болгону сүйүп, коргоп, эч нерседен кем кылбай камсыздап, жубайына чыныгы аялдык бакытты сезе тургандай шарт түзалса, ал да аялдан ошого жараша жооп алат.
Сый тизмеги
Бир досумдун "Курбу-жолдошторуңдун баарын чогулт, мен тоого эсалууга алпарып келейин. Уюштуруу жагын бүт өзүмө алам" дегенинен улам мурдагыдан бетер сыйым арта түштү. Анын каражат жагын чечкени эмес, а ичинин кенендиги, берешендиги үчүн. Айтканын аткарды, чындап эле аябай сонун эсалып кайттык.
Жеке сый тизмегим жетишерлик узун. Ага чынчыл, акниет, кеңпейил, шайыр, берешен, сөзсүз түрдө интеллигент жана таланттуу адамдар кирет. Мен деле сыйдан кем эмесмин, жакындарым, досторум сыймыктанышарын айтып калышат, мактап калышат, сыйлап турушат.
Достук
Досторумдун баары мага өз-өзүнчө кызыктуу адамдар. Арбири, албетте, артыкчылык-кемчилиги менен. Мен алар кандай болсо, ошондой кабылдоого, артыкчылыгын баса белгилөөгө аракет кылам. Кимде гана кемчилик жок, эгер кемчиликке гана асыла берсек, анда достуктан оолак эле болгонуң дурус. Досторуңа кандай жандүйнө каалгасын ачсаң, алар да ошончолук сага кеңири ачат да, бир-бирине айкалышкан топ жаралат. Жамандык-жакшылыкта бири-бирине өбөк-жөлөк болот.
Бир адам менен узак, а балким, өмүр аягына дейре достошууга болот. Менин балабакчадан бери келаткан курбум бар. Ал экөөбүз эки башкабыз, бирок, окшоштугубуз да жок эмес. Көп нерсени ага ишенем. Жамиля Муратова менен 10 жылдан ашуун убакыттан бери доспуз. Албетте, кээде таарынышмай, түшүнбөстүктөр болбой койбойт. Бул дос эмес, биртуугандар арасында деле болот эмеспи.
Сапат
Шайырдыгым башкалар тарабынан көп белгиленет. Сабырдуулугумду жактырышат. Токпейилдигимди айтып калышат. Кайда болбосун күлкүм жаңырат. Адамдардын даражасына карабайм. Мен бомж менен да, жогорку чиновник менен да тең тил табышып кеталам. Мейли турмушту багындырып, ийгиликке маары, же мейли, түгөнүп өксүп, төмөн карай тереңдей бер. Кайсы бир бийик күчтөр алдында биз баарыбыз бирдейбиз.
Учурда психологиялык адабияттар кеңири тарабадыбы. Мен да кызыгам. Башка бирөөнүн аңсезимине сүңгүй албасаң да, өзүңдү таанууга жакшы өбөлгө. Кээде тынчтыкты эңсеп, жалгыз олтуруп калам. Өткөн-кеткенди, турмушта болуп аткан нерселерди талдап, аныктап, салмактап дегендей. Кээде жагымсыз окуяларга кабылып, ыйлаган учурларым деле болот. Пугачеванын бир ыры бар эмеспи:
Также как все, как все.
Я по земле хожу, хожу.
И у судьбы как все, как все,
Счастье себе прошу.
Ишеним
Аксынын Караванында, азыр Кербен эмеспи, төрөлүп-өскөнүм менен өзүмдү ошол аймакта конок сымал сезчүмүн, баарыбир ошол жерде калбасымды билчүмүн. Бул учурдун ишеними дейли. Дегеле мен ишеним менен тагдырды тизгиндеп алууга болоруна ишенем.
Политехте окуп жүргөндө эле ырчылыкка кетеримден шек саначу эмесмин. Ойлогондой эле сахнаны байырлап калдым. Сахнадан баар таптым, элге кызмат өтөп, белгилүү болдум. Өзүм популярдуу же жылдыз деген сөздөрдү жактыра бербейм. Белгилүү болдум десем эле жетиштүү. Аздыр-көптүр күйөрман бар. Мага алардын сүйүүсү кымбат.
Билим
Музыкалык билимим жок деген өксүк менде таптакыр болгон эмес. Баарын иш үстүндө үйрөнүп жүрүп олтурдум. Айрым терминдерди атайын үйрөнсөм, кээ бир нерселерди ички туюмум менен сезип өздөштүрүп алдым. Нота менен окубасам деле, мен 2-3 ирет уккандан кийин эле илип кеталам. Кээде Жамиля Муратова досума келип, машыгам.
Учурда Башкаруу академиясында окуйм, диплом алууга да аз убакыт калды. Маданият чөйрөсүндө да жаңы заманбап ыкмаларды пайдаланууга мезгил жетти деп ойлойм. Буга алган билимим сөзсүз керектелет. Группамда ар кыл тармактын адамдары бар, окутуучулар да аябай кызык адамдар. Азыркы алган билимиме ыраазы элемин, анткени, билбегенимди билип алдым, түшүнбөй жүргөн нерселерди аныктап алдым. Адамга ар кыл жактан өсүүгө умтулуу кайсы курак болбосун, керек нерсе.
Тилек
Адегенде Кудайга азыркы абалым, амандыгым, бардык болгон нерселерим үчүн ыраазычылык келтирем. Кайсы бир туура эмес ишим, кебим, атургай, ойлоп эле койгон оюм үчүн кечирим сурайм. Анан барып, суранчумду суранам, тиленчүмдү тиленем. Кээде кандайдыр конкреттүү маселе боюнча тилек айтышым ыктымал. Жалпысынан, Кудайдан мени туура жолго багыттап турууну суранам. Ар бир жасаган чечимим туура жыйынтык алып келишин тилейм.
Турмушта неге гана кабылбайсың… Эң оор, татаалы жакындарыңдан айрылганың. Ошол учурда жашоого азуу кайрашың да, депрессияга чөгүшүң да мүмкүн. А бирок, кайгыга болгон мамилени да өзгөртүүгө болот. "Баарыбир тигил жактан жолугабыз" деп бир жылмайып алган жакшы. Өлүм жеке пикиримде, жашоонун соңу эмес, ал биринчи фазадан экинчисине гана өтүшү.
Даярдаган Айнагүл САПАРБЕК
кызы












Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan