Коомдук-саясый гезит
№36, 16.05.08-ж.

Меймансап
Форум




  Шоу калаасынан…

Гүлнур САТЫЛГАНОВА оркестрдин коштоосундагы ири концерт камдоодо. Жакынкы эле аралыкта эмгек сиңирген артисттин жогорку даярдыктагы чыгармачыл кечесине төрт күн бою күбө болосуздар.

Актан ИСАБАЕВ өзү үчүнбү, же күйөрмандар үчүнбү, айтор жогорку сапаттагы альбом жаратуу максатында Нью-Йорк шаарына каттап турган кезеги.

"MIX" аттуу музыкалык дуэт жаралды. Эля жана Таня аттуу эки бийкечтин дебюттук ыры "Вопреки судьбе" деп аталат. Сахнага сүйрөгөн бул ыр кыздардын продюсери Эркин Мукашевге таандык.

Ислам АКМАТОВ Нарын шаарындагы "Жаш толкун" фестивалында калыстык милдетти аткарып, ал гана эмес, жаш таланттарга мастер класс өткөрүп кайтты. Айтмакчы, жакынкы күндөрү ырчынын "Периштем" жана "Коштошуу" ырларына тартылган клиптерге күбө болуп каласыздар.

АНЖЕЛИКАнын кызына ушул жумада 5 ай гана толсо да, "апа-ата" дегендин ордуна тили ыр менен чыга баштады. Дагы кызыгы, сүрөткө тартарда Айым чоң кишиче, жадагалса, көзүн да ирмебестен даярдана калат. Ал эми наристесинин улам бир кылыгына кубана Анжелика продюсери менен бирге күздөгү жеке концертине эмитен кызуу даярдык көрүүдө.

Айчүрөк ИМАНАЛИЕВАнын эстрадалык театры Алматы шаарында Республика ордосунда өтө турган эларалык ири концертке катышууга чакырылды.

Мирбек ИМАНБЕКОВ жайында Кытайга гастролго аттанмакчы. Ага дейре дипломдук иши менен алек. Быйыл студенттик турмуш менен кош айтышар ырчы жигит аккордеон бөлүмү боюнча Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтун аяктайт.

"Миңкыял FM" радиосунда кызмат өтөгөн диджейлер Лилия жана Алтын Мырза Түнкү каналдагы алпаруучулук милдетинен бошонушканы айтылууда. Анткени, теленин мыйзамы боюнча, радио кызматкерлери көгүлтүр экранда да иш алпарууга жол бербейт экен.

Сапар менен Назми Кытайдан келелек жатып, эми Хакасияга аттанганы турушат. Жай жаңырары менен бул түпмекендештер өлкө-сүндөгү сынак-фестивалда 5 номур менен Кыргызстандын атынан катышышмакчы.

"ЧОЛПОНАЙды" алагачып кетиптир" деген кептин аягы дале тыйылбай келет. Акыры бул сөздөн улам ырчынын жакындары да чындап кабатырлана баштады. Ырчы бийкечтин жана анын продюсеринин өтүнүчү менен бул чындыкка коошпогон ушак экенин эскертебиз.

"Кыргызстан обондору" радиосунун "Тентек микрофон" берүүсүнүн алкагында 150дөн ашуун күйөрман угарман чогулуп, диджейлер менен май майрамдарынын соңунан Аларча эсалуу паркында эсалып кайтышты. Күйөрман журттун сүйө күйгөнүн ушундан билиңиз, эсалуу чыгымын бүт өздөрү көтөргөн.

Даярдаган
Айнагүл САПАРБЕК кызы













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan