Коомдук-саясый гезит
№36, 16.05.08-ж.

Меймансап
Форум




  Апта астрологиясы

Кой (21.03-20.04)
Жакындарыңыз менен акча тууралуу сөз кылбаганыңыз оң. Дегеле апта каражат маселесин чечүүгө ийгиликсиз. Ар ишти аткарууда шашкалактабай, так болуңуз. Майда-чүйдө менен алаксыбаңыз. Жалгыздык жандүйнөңүздү тереңирээк түшүнүүгө жардам берет.
Букачар (21.04-21.05)
Ички туюмга ишенип аракеттенүү жакшы жыйынтык бербейт. Ашкере демилгечилигиңиз ийгиликке да жеткирет, пикир келишпестиктердин да себеби болот. Сарамжалдуу болуңуз. Апта саякаттоо үчүн ийгиликтүү. Иш кагаздарына сак болуу зарыл.
Эгиздер (22.05-21.06)
Чала тааныш адамдар менен сүйлөшүп, мамиле түзүүнүн кереги жок. Алардын оң да, терс да таасирине бат кабыласыз. Өзүмчүлдүгүңүз менен жакындарыңыздын көңүлүн оорутуп алышыңыз мүмкүн. Жеке турмушуңуз үчүн ийгиликтүү убакыт.
Бөйөн (22.06-23.07)
Тобокелчиликтүү иш-чараларды баштоо өтө кооптуу. Көп маалыматка ээ болосуз. Иш алпарууда, чечим кабыл алууда аларды дыкат текшерүүдөн өткөрүү зарыл. Апта аягында денсоолугуңуз тынчыңызды алышы мүмкүн. Түгөйүңүздүн колдоосу чоң жардам берет.
Арстан (24.07-23.08)
Кошумча киреше булагына ээ болуу аракетиңиз сиз күткөндөй натыйжа бериши күмөн. Бардык иш-аракеттериңизге жоопкерчиликтүү болуңуз. Азыркы кабыл алынган чечимдериңизден келечек пландарыңыз көзкаранды. Жол жүрүүдө сак болуу керек.
Бийкеч (24.08-23.09)
Окуу менен ишти бир алып жүрүү кыйынга турат. Экөөнүн бирин тандап алуу керек болот. Азыр консервативдүү көзкарашыңызды таасирлүү адамдар да өзгөртө албайт. Тилекке каршы, мындай кадамыңыз ийгиликке жетүүгө тоскоолдук жаратат.
Тараза (24.09-23.10)
Жыйынтыкка тез жетүү далалатыңыз күч болот. Дароо ийгиликке жетем десеңиз жаңылышасыз. Акчага, материалдык ресурстарга жеңил ойлуу мамиле жасаганыңыздын запкысын тартышыңыз мүмкүн. Денсоолугуңуз тынчыңызды алышы ыктымал.
Чаян (24.10-22.11)
Жеке турмушка жана ишмердикке болгон консервативдүү көзкарашыңыз менен ийгиликке жетүү кыйла оор. Түгөйүңүздүн ишениминен ажырап калышыңыз мүмкүн. Үйбүлөлүк турмушуңузга бирөө-жарымдын кийлигишүүсүнө жол бербеңиз.
Жаачы (23.11-21.12)
Денсоолугуңузга этият мамиле жасаңыз. Жакын адамыңыз дайым эле сиз тарапта боло бербесин түшүнүү зарыл. Соода-сатык жасоо үчүн ылайыктуу мезгил. Ага-туугандарыңыздын, жакындарыңыздын материалдык колдоосунан баш тартпаңыз.
Текечер (22.12-20.01)
Көңүл ачууга ашыкча каражат коротпогонго аракеттениңиз. Кумар оюндарынан алыс болуңуз. Көп билбеген жумушту аткаруудан оолак болуу керек. Саякаттоо, баарлашуу үчүн ылайыктуу учур. Коңшулар менен жакшы мамиле түзүүгө шарт түзүлөт.
Суу пери (21.01-19.02)
Ички туюмуңузга ишенүүдөн жапа тартып калышыңыз мүмкүн. Чыгаша болосуз. Реалдуулукту туура эмес кабылдоодон улам үйбүлөдө айрым пикир келишпестиктер болушу ыктымал. Эс алып, кийинки аракеттерге күч топтоо үчүн ылайыктуу мезгил.
Балык (20.02-20.03)
Адамдардан көңүл калышы мүмкүн. Ишенчээктигиңизди көптөр пайдаланышы ыктымал. Так болуңуз, өзүңүздү алдоого жол бербеңиз. Достор менен убакыт өткөрүңүз. Юридикалык мүнөздөгү келишимдерди макулдашууга ылайыксыз мезгил.




  Көшөгө

Урматтуу түгөй издегендер! Жаштар! Жашы өтүп баратса да жашоодон жар издегендер! "Агымга" кабарыңарды билдирип, катташып туруңуздар. Азыр заман, мезгил баягыдай эмес. Гезит аркылуу таалайларын таап, өмүр бою таттуу жашап өткөндөр четтен табылат. Издеген адамыңызды биз аркылуу таап, бактылуу болсоңуз - биз да кошо кубаналы. Ак тоюңузга күбө бололу. Кана эмесе, кат жазгыла! Катташкыла! Биздин телефон: 66-56-70. Шаршемби күнү саат 10.00дөн 17.00гө чейин кайрылсаңыздар болот.

Абонент - 25. Жашы - 34, бою - 160, жерлиги - Бишкек, билими - жогорку, мүнөзү - токтоо. Турмуш абалы - туруктуу иши бар. Кандай мырза менен таанышат - иштеген, адамгерчиликтүү, токтоо, ичкиликтен алыс, үйбүлөнү барктап түшүнгөн, 45 жашка чейинки мырза менен турмуш куруу максатында таанышат.
Абонент - 26. Жашы - 36, бою -164, билими - жогорку, жерлиги - Нарын, мүнөзү - токтоо. Турмуштук абалы - өз үйү бар, бир кыздын энеси, иштейт. Кандай мырза менен таанышат - билимдүү, адамкерчиликтүү, аккөңүл, тамашакөй, иштеген, ичпеген, үйбүлөнү багууга кудурети жеткен, 36-43 жаштардагы нарындык, чүйлүк, көлдүк жигит менен турмуш куруу максатында таанышат.
Абонент - 27. Жашы - 37, бою - 160, жерлиги - Бишкек, билими - жогорку, мүнөзү - шайыр, ачык-айрым. Турмуш абалы - туруктуу иштеген иши бар. Кандай мырза менен таанышат - чечкиндүү, келбеттүү, туруктуу, тамашакөй, иштеген иши бар, үйбүлө үчүн камкордук көргөн 38-45 жаштардагы мырза менен турмуш куруу максатында таанышат.
Абонент - 28. Жашы - 63, бою - 175, жерлиги - Нарын, мүнөзү - ачык. Турмуштук абалы - жашоо-шарты жакшы, намас окуйт, материалдык жактан камсыз. Уул-кыздары турмуш куруп кетишкен. Кандай айым менен таанышат - өз ордун таба албай кыйналган, материалдык жактан колдоого муктаж болгон айымдар менен турмуш куруу максатында таанышат. Бир баласы болсо мейли.
Абонент - 29. Жашы - 39, бою - 164, жерлиги - Нарын, билими - жогорку, мүнөзү - токтоо, оор басырыктуу. Турмуштук абалы - иштеген иши бар. Кандай айым менен таанышат - материалдык жактан колдоого муктаж болгон, ыймандуу, адамгерчиликтүү, 34-40 жаштардагы айымдар менен турмуш куруу максатында таанышат.

Урматтуу түгөй издегендер! Ушул жазылган абоненттерден көңүлүңүзгө төп келгенине кат жазыңыз же болбосо "Көшөгөнүн" 66-56-70 телефону аркылуу байланышып, өзүңүздүн дарегиңизди калтырыңыз. Эгерде сиз өзүңүзгө өмүрлүк жубай же жандүйнөңүзгө жакын дос-курбу күткүңүз келсе, жогорудагы абоненттердей анкета толтуруп, аты-жөнүңүздү, паспорттун катталган жерин, номерин жазып бизге жөнөтүңүз. Дареги, паспорт номери жок каттар жарыяланбайт. Биздин дарек: Бишкек шаары, Чүй проспектиси, 132, "Көшөгө".













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan