Коомдук-саясый гезит
№36, 16.05.08-ж.

Меймансап
Форум




  Генийлер кейиши

Атадан алтоо болсоң да,
ар жалгыздык башта бар
"Агымдын" өткөн (9-май) санында Сүймөнкул Чокморовдун биртууган агасы Намырбек Чокморовдун "Сүймөнкулдун керээзи аткарылган жок" деген интервьюсу чыккан эле. Анда Сүймөнкул Чокморовдун кудасы Кеңешбек Орозалиев тууралуу ой-пикирлер камтылган. Намырбек Чокморовдун айткан сөздөрүнө Кеңешбек Орозалиев каяша айтты. Ал киши да тегин жерден эместигин төмөнкү маалымат менен тааныштыра кетели.

Орозалиев Кеңешбек 1946-жылы 13-апрелде Ысыккөл облусунун Жетөгүз районуна караштуу Ичкебулуң айылында туулган. Жогорку билимдүү, эки диплому бар. Үч китептин автору. 1969-жылы Фрунзе атындагы заводдо диспетчерликтен комсомол, партиялык кызматта, МАИ башкармалыгынын орунбасары, бажы кызматынын директорунун орунбасары, Улуттук коопсуздук комитетинде иштеген. Персоналдык пенсионер. 2002-жылдан бери ЖЧК "Акжалгасын-алкону" жетектейт.
Бажы кызматынын 3-ранг-дагы мамлекеттик кеңешчиси, генерал-майор,
ИИМдин, улуттук коопсуздук кызматынын полковниги, Россия федерациясынын "Улуу князь Александр Невский" орденинин ээси.

- Бардыгы түшүнүктүү болуш үчүн башынан баштайын. Ыраматылык кудам Сүймөнкул тирүү кезинде Аларча паркынан бир ташты көрүп жүргөн экен. Жубайы Салимага "ушул ташты менин көзүм өткөндө эстелик кылып койгула" дептир. Мен анын эстелигин ак мрамордон койдуралы десем, Салима кудагыйым ошол таш тууралуу айтып калды. 14 тонналык кран алып барып, үч күн жүрүп, "МАЗ-503" машинеси менен политех институтунун артындагы бир мастерскойго алып барып түшүрдүк. Таш пирамида өңдөнгөн, бийиктиги 3 м, туурасы 2 метрдей болчу. Сүймөнкулдун көзү өтөр астындагы өтүнүчү менен ошол таштан эстелик койдурдум. Кудагыйым Салима экөөбүздүн демилгебиз болбосо, эстелик эмдигиче коюлбайт болчу. Эстелик жети жылдан кийин коюлду. Биртуугандары, анын ичинде Намырбек Чокморов ошол ташты издеп, эстелик коелу деген эмес. Эстелик даярдалып атканын Салима көрдү, бирок, аны койгончо көзү өтүп кетти.
- Сүймөнкул Чокморовдун туугандары эстелик тууралуу сөз кылган жокпу?
- Туугандарынан Сүймөнкулдун эстелиги тууралуу бир да сөз укканым жок. Эгерде туугандарынан мындай демилге болбосо, өзүм эле коеюн дедим. Үч-төрт жыл эстелиги коюлбай турду. Ушунча убакыт өткөндөн кийин баласынын атынан өкмөттүн жардамы менен мен жасадым. Салиманын көзү өткөндө Сүймөнкулдун жанынан жерге бердик. Бардыгы даяр болгондо Сүймөнкулдун биртуугандары келишти. Сүймөнкулдун көзү өткөндө карашына Чүй облусу бир жылкы, Аламүдүн району бир жылкы союп, бүт чыгымын толугу менен мамлекет көтөрдү. Андан кийинки кыркын, ашын да мен бердим.
- Күйөө балаңыз Бактыгул сиз менен чогуу жашайбы?
- Бактыгул кайнатасынын үйүндө күч күйөө болуп жашап атат деп айтыптыр. Анын өзүнүн үйбүлөсү, жакшынакай үй-жайы бар. Бир күн да чогуу жашаган эмеспиз. Менин кызым Сүймөнкулдукуна келин болуп барганда туугандарынын бирөө да кыргыздын салты менен отко чакырып, эшик-төрүн көрсөткөн эмес. Эгерде алар чакырып, анан булар барбай койсо, ошондо келишпейт деп айтышса болмок. Салима бир жылдан кийин каза болду деп жазыптыр. Чынында, кудагыйым үч жылдан кийин каза болгон.
- Сүймөнкул аганын экинчи аялы тууралуу да сөз болгон эле, буга чейин ушул туурасында маалыматыңыз бар беле?
- Адам катары караганда жаштыкта болгондур, жүргөндүр. Мен билгенден Салима үйдүн очогу болчу. Эгерде экинчи аялы бар экени чын болсо, эмне үчүн Сүймөнкул ооруп жатканда балдары менен бир жолу денсоолугун сурап келип койгон жок? Сүймөнкул ооруп атканда анын үйүнө денсоолугун сурап тез-тез барып, чер жазышып алчубуз. Бир күнү барсам, анын "ГАЗ-24" машинесин сырттан уурдап кеткендигин айтты. Ал жумасына үч жолу ооруканага барып турчу. Ага машине керек экенин билип, өзүмдүн ошол кездеги орунбасарымдын машинесин Сүймөнкулга бекитип бердим. Анткени, Сүймөнкул басалбай калган. Өлөр-өлгөнчө Сүймөнкулду ошол машине ооруканага алпарып, апкелип турду. Кийин жоголгон машинени Оштон таптырып бердим. Ал кезде министр Абдыбек Суталинов болчу. Машине табылганда өзү келип тапшырды. Экинчи машинеси тууралуу сөз болуптур. Ал машинени А.Акаевге кат жазып, Сүймөнкулдун машинеси жоголгонун айтып, акыры "ГАЗ-24" маркасындагы эски машине өкмөттүн чечими менен чыгарылган. Бирок, бул машинени Сүймөнкул тирүү кезинде алган жок. Кудамдын көзү өткөндөн кийин чуркап жүрүп, баласына атасынан эстелик болсун деп алып бердим. Намырбек айтып аткан эки машине ошол. Сүймөнкул менен болгону жети ай куда болдум, бирок, ушул убакыт ичинде абдан таттуу, түз сөздөрдү айтышып жүрдүк. Мага экинчи никеси туурасында эч айткан жок. Эгерде ошондой болсо, Бактыгулдун жалгыз экенин билет, мага бир ооз айтмак эле. Чындыгында, Сүймөнкулдун башка жакта 25 баласы болсо дагы мага баарыбир. Менин күйөө балам бирөө, ал - Бактыгул! Бүт байлыгы Бактыгулда калды, эки баласына эч нерсе калган жок деп жазыптыр. Эгерде алар чындыгында эле Чокморовдун балдары болсо, документтери, метиркелери каякта? Качан, каякта төрөлгөндүгү тууралуу билинмек да.
- Сүймөнкул кудаңыздын сүрөттөрүн сизди сатып жиберди дешет...
- Сүймөнкулдун сүрөттөрүн сатып, эки кабат үй, арак завод ачты деп айтыптыр. Мен Сүймөнкулдун канча сүрөт тартканын куда болгончо көргөн эмесмин. Эки кабат үйдү 1993-жылы Салиманын көзүнүн тирүүсүндө эле сатып алганбыз. Сүймөнкулдун көзүнүн тирүүсүндө берген, кийинчерээк Салиманын менин юбилейиме апкелген эки сүрөтү бар. Башка сүрөт жок. Өзүм өмүр бою ушундай жакшы кызматтарда иштеп жүрүп, Сүймөнкулдун сүрөттөрүн сатыш мен үчүн думаналык болмок. Мен ага чейин эле өз маңдай терим менен жеткен, бардар адаммын. Тескерисинче, Сүймөнкулду колумдан келишинче көтөрдүм. Намырбек Чокморов Сүймөнкул туурасында жазган китебинде уулу Бактыгул, небереси Атай тууралуу эч нерсе жазбаптыр. Намырбек айткан Сүймөнкулдун сүрөттөрү толугу менен жакшы жерде сакталып турат. Чындыгында ал сүрөттөрүнүн бирин да колума алып көргөн эмесмин.




  Сүймөнкул Чокморовдун уулу

Бактыгул Чокморов:
"Атамдын башка уулдары бар экенине ишенбейм"
- Бактыгул, атаңдын агасы Намырбек мырзанын сени биз менен катышпайт, келбейт деген таарынычы бар экен… Атаңдын биртууганы катары боор тарткан жоксуңбу?
- Мен жамандык-жакшылыктарга чакырса дайыма барам. Мүмкүн мен билбеген туугандарга чакырбай калышы ыктымал. Эл катары, колуман келген кошумчамды берип эле келатам. Атамдан айрылганда 20 жашта болчумун. Ошондо мага туугандардын бирөө да телефон чалып, кабарымды билип, эмне кылып атасың, жашооң кандай деп сурашкан эмес. Өзүлөрү бирооз чалып, абалымды сурабагандан кийин мен деле алардан жардам, же акча сурап барган эмесмин. Алар жөнүндө бир да жаман сөз айткан жокмун. Атам каза болгондо албетте, кыйналдым. Кээде алар телефон чалып, биз карып калдык, жардам бербейсиңби деп таарынышчу. Ар кимдин өзүнүн жашоосу бар, алардын балдары деле бар да. Бирок, азыр колуман келген жардамымды берип келатам. Неберемди көрсөтпөйт деп таарыныптыр, уулум төрөлгөндө куттукташмак түгүл, сураганга жарашкан жок. Эгерде алар мага неберени көргөзүп, келинчегиң менен келип кет деп чакырса бир жөн. Мени менен эч кимдин иши болгон эмес. Азыр уулум Атай 15ке чыкты.
- Атаңдын башка никеден эки уулу бар турбайбы?
- Мен аны билчү эмесмин. "Сүймөнкул өлөрүндө эки уулун тааныштырган" деп жазган экен, мени атам эч ким менен тааныштырган эмес, ал жөнүндө айткан да эмес. Үйбүлөдө жалгыз бала катары өскөм. Атамдын көзү өткөндө гана "ушул сенин биртууганың" деп алып келишиптир.
- Ошондо кандай абалда болдуң?
- Анда мен атамды жоготуп, кайгырып аткан күндөр эле. Бардыгы күтүүсүздөн болгондуктан, таңгалдым.
- Азыр ошол балдар менен катышасыңбы?
- Жок. Булар сенин биртууганың деп жөнеле жабыштырып атышат. Атам өзү айтпагандан кийин, мен алардын биртуугандарым экенине кантип ишенем?
- Сен биринчи жолу көргөндө ал бала канчада эле?
- Атам каза болгондо бирөөсү келген. Ал 14-15тердеги бала болчу. Апам да ал тууралуу атамдын көзү өткөндө укту. Жумушка эки баласын ээрчитип бейтааныш аял келип, булар Сүймөнкулдун балдары деп айтыптыр. Буга чейин апам да укпаптыр, таңгалдым деп айткан.
- Болгон мурасы сага калган турбайбы?
- Мыйзамдуу баласы болсом, мага калат да. Эки квартирасы бар болчу дептир. Бул жалган. Атамдан 4 бөлмөлүү бир эле квартира калган. Экинчи эки бөлмөлүү квартираны атамдын көзү өткөндөн кийин өзүм сатып алгам. Ал эми сүрөттөрүнүн бири да жоголгон жок. Бардыгы жакшы жерде сакталуу. 1999-жылы атамдын 60 жылдык юбилейинде сүрөт көргөзмөгө коюлган. Эмдиги жылы атамдын 70 жылдыгын белгилейбиз. Буюрса, ошондо сүрөттөрүн кайрадан көргөзмөгө коем. Кантип эле атамдан калган мурасты, сүрөттөрдү сатып, же жоготуп жиберейин. Ал сүрөттөр тарых энчиси да... Мен сүрөттөрдү сатпасам деле жетиштүү жашайм.
- Калган эки машине тууралуу да сөз болгон эле…
- Ал эки машине аябай эски болгондуктан, аны "Аудиге" айырбаштап алгам. Атамдан калган төрт бөлмөлүү үйүм азыр деле бар.
- Азыр эмне иш менен алектенесиң?
- Мамлекеттик бажы кызматында иштейм. Мени полицияда иштейт деп айтыптыр. Полицияда иштебей калганыма он жыл болду.
- Атаңдын музейин эмне үчүн иштетпейсиң?
- Убагында шаардык мэрияга, маданият министрлигине кат жазып жакшы эле чуркагам. Атамдын музейи маданият министрлигинин эсебинде тургандыктан, эч нерсе кылалбайт экенмин. Эгерде жакшы спонсорлор болсо, аны оңдотуп, иштетсемби деген оюм бар. Анүстүнө музей эл көрбөгөн, билинбеген жерде жайгашкан. Музейди шаардын ортосунан, эл көп өткөн, оңой таап барчу жерден ачсакпы дейм.
- Атаңдын жолун улап, кинолорго тартылайын деген оюң жокпу?
- Кичинекей кезимде атам тууралуу документалдуу фильмге тартылгам. Мурда бир-эки жерден киного тартылууга сунуш түшкөн. Эгерде азыр сунуш түшсө тартылып көрмөкмүн. Гитарада, барабанда ойной алам. Ырдайм. Сүрөт тарталам, бирок уланткан эмесмин. Анткени, ыраматылык апам үйдө бир эле сүрөтчү жетиштүү деп калчу.
- Сүймөнкул Чокморовдун атайын фонду бар деп уктук эле...
- Ооба, ал фондго көп акча которулган. Президенттин администрациясы тарабынан, милиция, казактар, мэриядан, акимиаттан, айтор, көп жактан акча түшкөн. Азыр ошол акчалар болсо, музейди оңдотконго мүмкүнчүлүк болмок. Ал акчалардын кайда кеткенин билбейм.
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan