Коомдук-саясый гезит
№36, 16.05.08-ж.

Меймансап
Форум




  Токто, көзирмем!

Шайыр КАСЫМАЛИЕВА:
"Үмүтүм өчпөйт..."
Кыргыз улуттук Т.Абдумомунов атындагы академиялык театрдын көрүнүктүү актрисаларынын бири, Бакен Кыдыкеева атындагы сыйлыктын ээси, КР эмгек сиңирген артисти, кино-театр жылдызы, дайыма шайдоот, жаш болуп жүргөн Шайыр Касымалиева бүгүн мейманда.

- Шайыр айым, неберелүү болуптурсуз, бешик бооңуз бек болсун!
- Ыракмат. Жакында, 7-майда кызым уул төрөп, неберелүү болдум. Өзүм дагы эле ишенелекмин. Азыр кызымдын аман-эсен көз жарып алганына сүйүнүп, кубанычка толуп турам. "Баланын төрөлгөнүнө эмес, торолгонуна сүйүн" деген кеп бар эмеспи, анын сыңарындай, Кудайымдын мээрими, батасы менен чоңойгон балдардан болсун деп тилеп турам. Ал төрөлгөндөн бери эле күндө майрам, күндө той болуп атат.
- Небереңизди көрдүңүзбү, ысымын ким койду?
- Ооба, көрдүм. Ысымын азырынча тандап атабыз.
- Кызыңыз кайсы жердин келини?
- Кызым - кең Таластын келини. Талас жергесинде биринчи жолу "Бетме-бет" фильмине тартылганда үч-төрт ай жүргөм. Элинин кеңпейилдигине, жеринин кооздугуна суктанып, нанынын таттуулугунан жей берип, анча-мынча толуп да келгем. Куда-кудагыйымдын түбү Таластан, бирок, көп жылдан бери Бишкекте турушат. Азыр эки баланын сүйүүсүнөн жаралган неберебиз төрөлдү. Кудай ушул кубанычыбызды кут кылсын.
- Кандай аял өзүн толук бактылуумун деп эсептейт?
- Негизи, адам баласы өзүн толук бактылуумун деп эч убакта айталбайт деп ойлойм. Ал эми аялзатынын бактысы үйбүлөсү кашында, балабакырасы жанында, күйөөсү маңдайында болуп турса - аялзатынын бактысы ошол деп эсептейм. Ушул бакытты мен кызыма каалап, кызым эч убакта кем болбосо экен деп тилейм. Ошондуктан, кызымдын бактысы - менин бактым.
- Сиздей жакшынакай сулуу айымдын колун сураган мырзалар болсо керек. Эмне үчүн турмушка чыгып, бактыңызды сынаган жоксуз?
- Менин мырзаларга деген талабым жогору болсо керек деп ойлойм. Убагында колумду сурап, турмушка чык дегендер болду. Бирок, бир-экөө кесибиңди өзгөрт дейт. Мен бул кесибимсиз жашай албайм, андан көрө турмушка чыкпай эле койгонум жакшы деп эсептедим. Анүстүнө ал адамды сүйбөсөм деле керек деп ойлойм. Эгерде чындап сүйгөн болсом, балким, баарына кайыл болуп деле турмушка чыгып кете берет белем. Бирок, Кудай маңдайыма ушул жашоону азырынча жазгандыр, мындан кийин деле турмушка чыкпай калам деп ойлобойм. Бирок, менин мырзаларга талабым - анын ички дүйнөсүнүн тазалыгы, байлыгы, кенендиги. Андай адамды буга чейин тапкан жокмун.
- Бир убактарда Абдумалик Шерматов дүйнөдөн өтүптүр деген сөз интернет аркылуу тарап кеткен эле. Ушул ушак сиздерге да жеттиби? Сиз кандай абалда болдуңуз?
- Мен ал ушакка таңгалган деле жокмун. Андай кырсык болбой эле койсун дечи. Эгерде ошондой болсо сөзсүз түрдө кайним же кайынсиңдилерим телефон чалмак. Алар менен кээде сүйлөшүп турабыз. Ошол учурда мага гезиттерден да кайра-кайра телефон чалып сурай беришти. Кантип эле ошондой болсун деп ичимен ойлодум. Ошондуктан, мен жалган ушакка ишенген эмесмин.
- Кызыңыз атасы менен сүйлөшүп, байланышып турчу беле?
- Абдумалик менен кызыбыз кичирээк кезде ажырашып калдык. Ал атасына өтө байыралалек кези эле. Аны атам деп эле билбесе, өзүнчө, эрке болуп өстү. Биртууган иним атасынан артык карады. Кызым азыр ошол иним менен көбүрөөк сырдашып, атасындай мамиле кылат.
- Эгерде Абдумалик мырза сизге кайрылып келип, колуңузду сурап, кайра жашайлы десе эмне кылат элеңиз?
- Андай нерсени ойлогон да эмесмин, андай болбойт дагы. Себеби, тагдыр бизди бир кошкон, кийин ажырашканда кошулабыз деген ой болгон эмес. Аны эңсеген, күткөн да эмесмин. Ал деле ошондой ойдо болуш керек. "Эркектин баскан жолу аял" деген макал бар эмеспи. Анын сыңарындай, эгерде эркек чындап сүйбөсө, анда ал колкапты алмаштыргандай эле аялдарды алмаштырып кете берет. Мен аны сындап же башкача ой менен айтайын деген ниетим жок. Анын өзүнүн жашоосу, көз карашы бар. Ар бир адам өз жашоосунун ээси болот. Ошондуктан, аны күтпөйм. Менин жашоом, болочок жарым боло турган адам такыр башка. Ошол адамды азыр күтүп аткан учурум.
- Жалгыздык деген сиз үчүн эмне? Анын чеңгээлинен кантип кутулса болот?
- Жалгыздык деген бул күйөөң кашыңда, ата-энең жаныңда, балдарың маңдайында турса да, ар бир адам өзүн жалгыз сезиши мүмкүн. Бул ар бир адамга сиңген, түпкү жүрөгүндө жашаган сезим. Мен кызым турмушка чыкканга чейин эле жалгыздыкты сезип келгем. Бирок, жалгыз эмесмин деп дайыма айтып турчумун. Себеби, жүрөгүмдө мени сүйгөн, колдогон бир нерсе түрткү берип турчу. Мисалы, жалгыз болуп атам, кыйынчылыкта жолдошум болсочу деген учурда мен дайыма элди эстейм. Көчөдөбү, аялдамадабы, же маршруткада болобу мени таанып, батасын берип, чекемен өөп бактылуу бол деген апаларды эстесем, ошол убакта мен жалгыз эмесмин дейм. Менин искусстводогу образым элге сиңип аткандан кийин, демек, мени сүйгөн эл бар дейсиң. Бул өзүн-өзү сооротуу эмес. Бул чындык. Кызым турмушка чыкканда чындыгында эле башкача абалда болдум да, ошондо апамдын үйүнө келип алдым. Анда-санда гана алсыз болуп калбасам, кудайга шүгүр, бекемдигим бар. Убагында чүнчүп ыйлаган учурлар болгон. Бирок, улам жаш өткөн сайын адам курчуп, токтоо болуп калат экен.
- Жашоодо эмнеге өкүнөсүз?
- Азыр эчнерсеге өкүнбөйм. Себеби, алдыда дагы Кудай берген жашым бар. Ошондон көбүрөөк нерсени күтөм. Өкүнөсүңбү, өкүнбөйсүңбү пайда жок. Ал жашоо өткөн-кеткен. Ыйлайсыңбы, боздойсуңбу, жер тепкилейсиңби, баарыбир эч нерсе кылалбайсың. Ошонүчүн өкүнүп кереги жок. Гезиттин окурмандарына да айтарым: эч качан өкүнбөгүлө, артка кылчайып карабагыла, алдыга гана умтулгула, алдыдан Кудай бак берсин деп жашаш керек. Менин жашоодогу урааным да: Алга!
Маектешкен Назгүл Калмамбетова




 

Эркин күрөш
Кыргызстандын чемпиону Яна Панова (72 кг салмакка чейин) лицензияланган турнирге катышмакчы. Аталган иш-чара 17-18-майда Эдмонтон шаарында (Канада) өтөт. Дене тарбия, спорт, жаштар иши жана балдарды коргоо мамлекеттик агенттигинин маалыматына караганда, өлкөбүздүн аялдар курама командасы Пекинге жолдомо алып калышы ажеп эмес. Не дегенде, 31-май күнү Стокгольмдо (Швеция) өтүүчү эларалык лицензияланган турнирде катыша турган спортчу айымдарыбыздын мүмкүнчүлүгү зор. Үмүт артып туралы…
Стол тенниси
XV эларалык турнир бүгүн борбор калаабызда старт алды. Мелдеш Жеңишбек Таласбаевдин жаркын элесине арналган. Теннисчи кыргыздардын ичинен биринчилерден болуп СССРдин спорт чебери аталган эле. Бул эларалык турнирде Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстандын жана Кыргызстандын спортчулары таймашышат. Жеңүүчүлөр Бишкек шаардык дене тарбия, спорт жана туризм комитетинин, ошондой эле КРнын стол тенниси ассоциациясынын баалуу белектери менен сыйланмакчы.
Ок атуу
Спорттун ушу түрү боюнча эки эларалык турнирге кыргызстандык мерген Руслан Исмаилов катышат. Алгач Руслан мырза Мюнхенде (Германия) өтө турган Дүйнө кубогуна катышса, экинчи этап Милан шаарында (Италия) уланары кабарланууда.
Футбол
14-майда Мамлекеттик дене тарбия, спорт, жаштар иши жана балдарды коргоо агенттигинде футболчу айымдарга "Спорт чебери" жана "Спорт чеберлигине талапкер" наамдарын тапшыруу аземи болуп өттү. Аялдардын "Азалия" футбол клубунун оюнчулары мындай сыйга татыктуу болушкан. "Спорт чеберлигине" татыктуу болгон Кыргызстандын үч жолку чемпион айымдары: Мирланбек кызы Айгүл, Наргиза Алымкулова, Динара Такирова, Таалай кызы Арууке, Юлия Медведева жана Светлана Покачалова. Ал эми "Спорт чеберлигине талапкер" футболчуларыбыздын ысымдары: Нурдин кызы Баяна, Сүйүнбек кызы Эркинай, Светлана Тынькова жана Вероника Вернацкая. Аты аталган спортчуларыбыз наамдарын Аялдардын футбол федерациясынын президенти Айгүл Рыскулованын колунан алышты.
Волейбол
Өткөн жекшемби күнү Чүй облусунун Москва районунда кыргыз элинин чыгаан уулдары Мукан Рыскулбеков, Үсөн Кудайбергенов, Раатбек Санатбаев, Баяман Эркинбаевдин жаркын элесине арналган волейбол боюнча турнир болуп өттү. Мелдеш кызыктуу жана жогорку деңгээлде өтүп, жыйынтыгында үч команда алдыга суурулуп чыкты. Баш байгени Жайыл районунун волейболчулары ээлесе, экинчи орунга Улан кичи районунан келген команда татыктуу болгон. Ал эми коло медалды Москва районунун спортчулары багындырышты . Бул иш-чаранын өтүшүнө Улуттук олимпиада комитетинин президенти Мурат Саралинов менен "Байтик-Ата" маданий спорт ордосунун президенти Турдубек Молдобековдун кошкон үлүшү зор.

Даярдаган Нурканбек КЕРИМБАЕВ













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan