Коомдук-саясый гезит
№36, 16.05.08-ж.

Меймансап
Форум





Кайрадан Садыркуловго чабуул!
"Бишкек-таймс" басылмасы банкир Ш.Садыбакасова менен курулушчу А.Гасановдун коррупциялык жоруктарын айыптаган каттарды жарыялап, "жылкы теппей, жылан чакпай" туруп эле Медет Садыркуловду тиги экөөнүн "крышасына" айлантып ийишиптир. Бу гезиттин артында кадимки Үсөн аке Сыдыков менен Жаныш Бакиев тураарын эске алсак, ажо Курманбек Салиевичтин администрация башчысына чабуул кай тараптан урулуп жатканы түшүнүктүү.

Министрдин үйбүлөсүндөгү кырсык

Европага иш сапары менен жөнөй турган Ө.Абдуллаева (Эмгек жана социалдык өнүгүү министри) күтүүсүздөн Бишкекте калды. Төө-Ашуу жолунан эки уулу "Мерседес" менен автокырсыкка учурашып, оор абалда борбордун ооруканасына жеткирилишти. Ал эми министрдин бүлөсүнүн "Мерседеси" менен кагышкан автоунаанын 4 жүргүнчүсү тең курман болушкан.

Жегич аткаминерди колдогон Масалиев менен Текебаевди кайсы кара теке сүздү?
Он миңдеген долларлык "ставкалары" менен жүдөткөн И.Кадырбековдун жоруктарын билбеген бизнесмен-курулушчу Бишкекте дээрлик калбаганын эске алсак, "таптаза коммунистмин!" жарлыгын тагынган И.Масалиев менен "оппозициянын эң калыс лидеримин" деп төш каккан Ө.Текебаев кайсы ыймандык эреже менен түрмөгө түшкөн коррупционерди жанталашып коргоп атышат? Боптур, коммунисттер го өз партия мүчөсүн кыялбай жатыптыр дейли, а Өмүрбек Чиркешовичке не болду? Кадырбековдун чыныгы жүзүн билип туруп билмексенге салган соң, "Атамекен" лидери мораль жөнүндө ооз ачпай эле койгону оңдур?

Журналисттер менен сүзүшкөн Турдумамбетов

Мамлекеттик мүлк фондусу комитетинин төрагасы Т.Турдумамбетов жаман адат таап алды. Журналисттер менен кажылдашкан. Казак пансионаттары, энерготармакты менчиктештирүү сыяктуу бүйүр кызыткан окуялар боюнча ат тезегин кургатпай интервью бергенден, пресс-конференция кургандан Тукең э-эч чарчабайт. Анан эле "буерин туура эмес берипсиңер, тиерин кесип салыпсыңар, Акүйдөгү үлкөн чиновниктин заказы мени атайылап жаманатты кылып атасыңар!" кыязында эле күпүлдөмөйгө өттү. Соңку эле учурда ошентип "Кабар" директору Н.Айып, УТРК жетекчилиги менен өкүртө кайым айтышты. "Косяк" кимден кетип атканы бадырайып турса дагы...

Кинодогу Эралиевдин фокустары
"Кыргызкино" аттуу улуттук концернди Замир Эралиев башкарат. 2005-жылдын март окуяларынан кийин. СССР доорунда "Кыргыз чудосу" деңгээлине жеткен тармак бүгүн чакчалекей. Редакция куржунубузга Эсеп палатасынын текшерүүсү, киноөндүрүшүн педагог, архитектор, студентка кантип тейлегени, "фильмфонд" директору Э.Шапиевдин Замикенин жоруктары жөнүндөгү арыздары, былтыр киночу-бизнесмен Ю.Тойчубеков жана З.Эралиев экөө көл жээгинде эларалык кинофестиваль өткөзүп, кантип акча чачкандары жөнүндө материалдар түштү. Четинен жарыялай баштайлы деп чечтик.

"Бишкек - Ош" автожолунан Н.Сулайманов канча уурдаган?

Түрктөрдүн "Емек иншаат ИИТ", кытайлардын "Чайна Роудж Бридж Корп", Германиядагы "NTK", өзүбүздүн "Кыргызтерек", өзбектердин "ИРДОШАЗ" өңдүү компаниялардын колу менен жүз миллиондогон долларларды Акаев доорунда мойсогон Нурлан Сулайманов бүгүн кантип транспорт жана коммуникация министри болуп отурат? Бу суроонун жандырмагын кийинки жумада окуйсуздар.

Улуттук биринчи каналдагы жакшылыктар жана Эшимкановдун отставкасы
Соңку учурда калың журттун көңүлүн жылыта баштаган Улуттук телерадиокорпорацияда сырт дүйнө менен алака түзгөн саамалыктар да арбыган экен. Асыресе, дүйнөлүк "Рейтер" маалымат телеканалы менен кызматташууну күчөтүп, Орусиянын атактуу ОРТ телеканалы менен расмий келишимге кол коюлуп, андан сырткары Улан-Батордо өткөн ТВ боюнча эларалык конференцияда Мелис Асаналиевичтин менеджер азаматтары Пекин олимпиадасы менен футбол боюнча Европа чемпионатын толук түрдө түз алып көрсөтүү укугуна жетишкен. Жакынкы он күндө Кытайдын "СиСиТВ-9" жана Жапониянын "Жамайка" компаниялары менен сүйлөшүүлөр күтүлүүдө.
Ал эми Эшимканов ажого отставка сурап кайрылганы жөнүндө оппозициялык "Аалам", "Де-факто" гезиттери сүйүнчүлөп ийгенге үлгүргөндүктөн, биз экс-кожоюнубуздун өзүнө кайрылып, кыскача жооп алдык. "Мени кетире албай жаткан күчтөр президенттин жанында жетишерлик. Бир жума күтө тургула" деди Мелис мырза.

Ажонун уулу Максим кимге үйлөндү?

Эл оозунда элек барбы, атасы ажолук тактыга отурганы, Мишакелер бул Максим Курманбекович Бакиевди кимге гана кудалап, кимге гана "үйлөнтүшпөдү"! Адегенде генерал Куловдун кызы Жамийлага, андан соң латыш олигархы Белокондун карындашына, анан экс-чиновник М.Абдылдаевдин кызына, анан Ысыката акими Б.Кененбаевдин кызына... Биз текшерген маалымат боюнча: Жашы отузга келип калса да Максим али бойдок. Сүйлөшкөн-кудалашкан түгөйү байкала элек. Демек, акжоолук салынчулар (невесталар) вперед дейбиз да!

Жунусов неге жинденди?
Кечээ "Акжол" фракциясына Жогорку сот төрайымы Жаңыл Алиева судьялыкка талапкерлерди сунуш этти эле, депутаттар Жаңыл айымга соттор каалагандай тайраңдап жүрөт, арыздарды карабайсыңар, Карасуу райсоту Суранбаевдин тизгинин тартар киши жок деген доомат артышты. Депутат И.Жунусов: "Суранбаев кезинде К.Осмоновду тоготкон эмес, эми сиздин да тил өтпөйт, азыр "Алиеванын курсташымын" деп кылыгын кыйлага көрсөтүп жүрөт" деп төрайымга каарын төктү. Алиева оңдойм, түздөйм, тилдейм жооптор менен кутулду.

"Агым-пресс"













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan