![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №36, 16.05.08-ж. |
Меймансап Форум ![]() Пейджер 13-майда "Пейджер" менен сүйлөшкөндөр: Урматтуу окурман! Кимдир бирөөгө же айрым бир жагдайда сын-пикириңиз, зарыл сөзүңүз, каалооңуз барбы? Ар аптанын экинчи күнү (шейшемби) эртең мененки 10дон 12ге чейин 66-55-68 телефонуна чалып же AGYMpage деген сөздөн баштап 3030 номуруна SMS-билдирүү жөнөтсөңүз болот. 3-4 сүйлөмдөн ашпаган куйкум сөзүңүздү, боорду эзген азил оюңузду, көңүл көтөргөн куттуктоолоруңузду күтөбүз. Бүйүр кызыткан билдирүү ээси "Пейджердин" белегине арзыйт. "Пейджер" - сиздин үнүңүз! Чалыңыз, SMS-билдирүү жөнөтүңүз. П-392. Милициянын полковниги Бекматов Кубанычбек мырзаны Токмок шаардык милициянын начальниги болушу менен куттуктайм. Жакшылыктар менен бирге тынчы жок жооптуу ишиңе ийгилик, карапайым калкка калыс жана кайрымдуу болушуңду каалайм. Кубанычбек мырза, неси болсо да экс-начендик Кулмурзаев Сатыбалды мырзадай болсоңор, ага чейин бирөө да андай болалган жок. Саламым менен Р.К.Дада. П-393. Көлдүк дегенде өлдүк дечү элек, көлдүктөр, эми силер өлдүңөр. Абонент. П-394. Согуштун ардагерлери ичтеринен ойлойт болуш керек, "атаңдын көрү, минтип гречка жеп, 100 грамм ичип кор болгондон көрө, Гитлер жеңип алганда, жок дегенде бирден "Ауди" минмек экенбиз" деп. Алмаз П-395. Кумирим Кулов каңгытты, Атамбаев алжытты, Эшимканов ээрчитти, Бабановуң бакыртты, Субаналиев суусатты, Байболовуң сабатты, Ногойбаев ноктолоп, Конгантиев каматты. Өтөр иш өттү өкүнбөйм, кетер иш кетти кейибейм. Анткени дат баспаган темир бар, сатылбаган эчкимге Сариев деген баатыр бар. "Атамекенчи" Асылбек Көчөрбаев. П-396. Биринчи күйөө - нактай күйөө, экинчи күйөө - кызыктуу күйөө. Караш Насер. П-397. Сойкунун бети күйүк, аңгинин алаасы күлүк. Караш Насер. П-398. Рита ханум, туулган күнүң кут болсун, / Турмушуңда көп жакшылык туш болсун. / Апамдын жашын берип, ийгиликтер жылоолоп, / Үйүңдө ар дайым Алатоодой кут консун. / Келин алып, келечегиң кең болсун, / Кыз узатып, куда-сөөктөн кут консун./ Бакыт кушу башыңарга уялап, / Дөөлөт берип, небереге үй толсун. Калиман Дадыбаева. П-399. Жылдар өтүп тил мыйзамы оңолбой, / Кайдыгерлик тилибизди кыйнап турат. / Эне тилде сүйлөй албас кыргыздарың, / Акүй менен Көкүйдө сайран курат. / Баркы кетип бааланбаган эне тилим, / Киргиздердин кылыгына ыйлап турат. Сейдана Бейшебекова. П-400. Бийликте жүрсөң керемет, акчаны күндө тебелеп, / Тайраңдап желин чыгарса, ойношу атыр себелеп. / Туруп да жебей, жатып жейт, / Бийликке башка не керек. Сейдана Бейшебекова. П-401. Саруулук Малик абам Бишкекке тойго келип, сүйүнүп кайткандарына ыраазы болуп отурам. Азиздин тушоо тоюна келип, Малик абам депутат, министр, бизнесмендерди артка таштап, телевизор алыптыр. Уулу Курманбек шаардык балдарды караандатпай, компьютер алды. Кызы Пепи кыздар арасынан биринчи келип, велосипед утуп алыптыр. Жеңебиз Венера жөн калбай, шаардык ойсоке келиндердин оозун ачырып биринчи келип, кухонный комбайн алыптыр. Айылда спорт жок дешет, тескерисинче, шаарда спорт жок экен. Үлгү алгыла, шаардыктар! Мээрим, Накүлүк. П-402. Алтынбек, алган машинеңдин азабын жеп бүттүң го. СТОдон башың чыкпайт, үйлөнсөң ЗАГСтан башың чыкпай калмак экен. Эй, Жылма, кичине ырымдап беш кишиге болсо да чай берип, бата алсаң болмок. Менче жоксуңбу, Каражыгачтагы үйүмдү майлап, "Монте-Карлого" 300 кишиге чай бергем. Эгерде ушунча эле итке минип калсаң, менден акча ала турбайсыңбы. Мики өмүр бою менден акча алып жашап келатат. Бардар жигит Колдур. П-403. Даркандык туугандар, менчик булутуңарды үч күнгө менчикке бере турсаңар боло, акысын күздө түшүмдөн берет элек. Саруулук Костя. П-404. Жабышмак ажал, азап сансыз эрге, / Жанбаска жанар тоодой толкун элге. / Парламент, чечимиңди бузгун дагы, / Казакка бергениңди кайтар элге! Эркин Жаныбеков. П-405. Ортонуралык Муканбет кызы Калича 90 жашка чукулдап, улуу жашадыңыз. Башыңыздан нелер өткөн жок, санагым келбейт. Жараткан колдойт деген ушул тура. Сиз улуусуз, кайраттуусуз, денсоолугуңузду дайым тилеген ж етимиш жаштагы уулуңуз Темиркан Турсунбеков. П-406. Экс-гендиректор, экс-губер-натор, экс-премьер А.Муралиевдин деңгээли билинип калды. Торпедонун бир аз зыяны болуш керек дейт. Эгерде Муралиев билбесе, айтып коеюн, торпедонун толгон-токой зыяны бар. Союз убагында Койсары курорту торпедонун айынан жабылып калган. Муралиевдин сөзү анекдоттогу "бир аз боюна болуп калыптыр" дегендей болуп калды. Урматтуу Амангелди мырза, намыс кылбай, менден кеңеш алыңыз. Р.К.Дада. П-407. Кулов мырза, Германияга кетесизби же Мьянмага элчи болосузбу - иши кылып апрелде жоголгон уук-кереге, бозүйлөрдү таап берип кетиңиз! Алмаз. П-408. Сокулуктун Кызылтуу орто мектебин бүтүргөн карлыгачтар Мария, Айсалкын, Сагынбүбүнү ушул айылдын Икан, Жекшен, Тукубай аттуу шумкарлары алакачып алышкан. Казан-аяк университетинин чөйчөк-кашык факультетине конкурссуз эле таш түшкөн жерде оор болуп отуруп калганбыз. 30 жыл өтүп, мөмөлүү дарактай мөмөлөдүк. Классташ-аяш болуп калдык. Бизге данакер таяке-аяшым Жекшенге ыраазыбыз. Эмесе, 30 жылдык жолугушуубуз шаңдуу өтсүн. Жээн аяшы Мария. П-409. Согуштан сенек бутчан кайткан аман, / Капталдык Бердалиев Асан агам. / "Карда жатсам ок жеп, канга чыланып, / Мага жакын бомба түшүп жарыла / Гранатчан эр андан жалын жамына, / Тепсээр танкты сүзө быт-чыт чыгарып, / Өлбөй калгам..." деген элге жалына. Эркин Жаныбеков. П-410. "Арнамыстын" лидери Ф.Кулов, сиздин жандүйнөңүзгө таптакыр түшүнбөй койдум. Нурзат. П-411. Кийинчерек КТРдеги "Алатоо" акыркы кабарларды берип атканда жергиликтүү жаңылык менен арасына эларалык кабарларды аралаштырып бергени эң туура болуп атат, кызыктуу да угулат экен. Дүйнө кабарларын дагы көбүрөөк эле кошсо болчудай, ансыз эмнеси акыркы кабар. Темиркан Турсунбеков. П-412. Эркин байке, мага тез арада телефон чалышыңызды суранам. Алмаз, т.: (0772) 449843. Жеңүүчүбүз - Алмаз (П-394), редакция менен байланышыңыз. Даярдаган Канышай БЕШБАЕВА |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|