Коомдук-саясый гезит
№36, 16.05.08-ж.

Меймансап
Форум




  Мода. Жай - 2008

Бизде жайкы гардероб май айынан сентябрга чейин - беш ай маанилүү. Ошондуктан жайкы кийим-кеченин тренддерин, жаңы багыттарды өз убагында билип, мода менен шайма-шай жүргөн жакшы. Кыргызстанда мода Бишкектен тарайт. Борбор калаада болсо жарымы дүкөндөн, жарымы чет элден ала келген кайталанма. Быйылкы жайдын мода багытын эң кызык, асем кесиптин ээлеринен сурап билдик.

Бактыбек Тилеберди чет элдик компаниялар менен иш алпарган дизайнер, мода түптөлгөн жерлерде биринчи катарда жүрөт. 2008-жылы жай модасында "Түстүү бум" болоорун билдирди. Ачык, бажырайган түстөгү кийимдер жаздан баштап модада. Жаңы тренддер - спорт-шик, этника, жаңы романтика. Бут кийимдерден бийик такадагы, же ага карама-каршылык жалпак "балеткалар", аларды коштоп 80-жылдардагы кара көзайнектер. Эгер ак оправада болсо, андан да жакшы.
Бакыттын айтканына кошуп, Интернет булактарынан алынган маалыматтар боюнча кийимдин түрлөрү боюнча өткөн жылдардагы порно-шикти таштайбыз. Эми бели ачык көрүнгөн, өтө чаптаган кийимдер модадан чыгып калат. Кийимдин үстү жагы бираз бош отурган, көлөмдүү формалар - жайдын жаңылыгы.
Офистик кийимде ак көйнөктөрдүн боорунда барпыраган жабо, банттар, бүйүмөлөр көп. Алар аялзаттын назиктигин гана чагылдырып турат.
Улуттук түспөлгө дем кирди. Африка, Индия ыргактары негизинен аксессуарларда баса белгиленген. Алыска барбай өзүбүздүн кыргызча оймо-чиймелерин, нукура жибек, кийиздерди колдонсок, абдан жарашыктуу.
Чач жасалгасы боюнча Wella тренинг борборунун тренери Любовь Керимова адистик сырлары менен бөлүштү:
2008-жылдын төрт башкы тренди бар. Алар адамдардын табигый төрт түрүнө жараша: "Керемет дүйнө", "Минералдар байлыгы", "Өнөржай лирикасы" жана "Кутюр-аллюр".
"Керемет дүйнө" - аты айтып тургандай жомоктогу назиктик. Чачтын түстөрү ачык блонддун тунук, таза нюанстары. Узун, жумшак жасалгалар, же болбосо орточо тармал чачтар.
"Минералдар байлыгы" - кен байлыктардын түстөрү, күрөңдүн түрлөрү, жашыл тарамдарды кошуп койсо болот. Кочкул күрөңдөн, берметтин тунугундай жалтылдаган түстөр. Туура формада, түз сызыктай тегиздиги байкала кыркылган чачтар.
"Өнөржай лирикасы" - чоң шаардын стили. Түтүндөй куюлушун, чала байкалган түстөрдүн аралашмасы. Мала боз менен сирень түстөрүнүн аралашмасы. Башкысы - чачтын түсү бирөңчөй эмес. Ассиметрия менен кыркылып, тегиз сызыктар байкалат. Бирок, 90-жылдардагы панк стилиндеги ассиметрия эмес, гламурдун үлгүсү. Негизинен жаштар үчүн.
"Кутюр-аллюр" - аксөөктөрдүн байлыгын даңазалаган сыяктуу. Кымбат, салмактуу чачтар. Коюу, күңүрт бирөңчөй түстөгү чачтар. Мисалы, кара, же кочкул бордо. 70-80-жылдардагыдай көлөмдүү, барпырата жасалган чачтар, чексиз элеганттулукту көрсөтөт.
Нуржан Алымканова













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan