![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №36, 16.05.08-ж. |
Меймансап Форум Сая-саалы Кыргызстан саясаты карыларды кырууга өттү Кечээ эмгек ардагерлер биримдигинин лидери Валентина Житнева пресс-конференцияда ошентип билдирди. 300 грамм нан 10-15 сом турат, тартылган сүт 30 сомго чыкты. Биздин эсебибиз боюнча эптеп өлбөй калуу үчүн эле 1 миң 290 сом керек. Биздин карыларыбыздын 64%ы андай акча албайт. Расмий маалымат өлбөстүн күнүн көргөн андай жашоонун 2 миң 459 сом дейт да, ошол деңгээлде пенсия чектеп берүүнү ойлобойт дешет алар. Нарында салык сааны талашта Бизге түшкөн материалдарга караганда, Нурлан Абакиров Нарын районуна салык башкармалыгынын начальниги болуп келгени алдым-жуттумдук арааны аябай ачылган. Анткени анын борбордогу "домкраты" шумдук дешет. Президент указын тоготпой билемдик кылышууда.Кабарчыбыз анын ак-көгүн иликтөөгө аттанды. Атбашы менен Акталаада арчалар тап душманындай тазаланууда Акталаа-Атбашы район аралык жаратылыш коргоо инспекциясынын начальниги Майрамбек Ыбышев 21 даракты кыйып, ары аласалдырганы менен колго түштү. Биздин сокур бухгалтерлер эсебинде ал 4700 сомду түзөт имиш. Атбашы РОВДсу тияк-буякка өтпөө-качпоо кепилдиги менен кылмыш ишин козгоду. Өф-ий, коммунисттик колоңсо! "Коомдук парламент" деп куру айбатка койкоңдогон мырзалар "Атамекен Америка менен" аттуу коомдук бийликти өз койнубузга албайбыз деп чыкты. Анткени ал парламент сөрөйдүн башында Аликбек Жекшенкулов сыяктуу советтик комсомол, коммунисттик партия саркындылары отурат. Алар Америкадан башка душманыбыз жок деп мээбизге кыттай куюп келбеди беле. Баатырдык кылбай бабыран кал! КР ГУИН башчысы Икматулла Полотов ИТК-31 түрмөсүндө кылмышкер канкорлордун колунан каза болгон. Артында беш бала - үч студент, эки мектеп окуучу калган. Андан бери ЖК "Эрдик" медалын ыйгарабыз деп ыйкы-тыйкы. Үйбүлөсү 7 миң сом пенсия алат. Ал албетте, каякка жетмек эле? ЖК депутаты Гүлнара Дербишеванын айтымында, ал өлгөндө жанында 1,5 миң доллар, 100 миң сом, кымбат баалуу саат, түйүн телефону бар экен. Аны кайсы мамлекеттик эргул эңшерип кеткени белгисиз. Эсиңизде болсо, ал баягы атактуу депутат Тынычбек Акматбаев менен кошо курман болгон. "Эрдигиңди" ээриңе кат, бирок өз оокатыбызды өзүбүзгө бербейсиңерби деп атыр каралуу жесир. Мадумаров дагы "мат" кылды Кечээ Жогорку Кеңеш төрагасы Адахам Мадумаров дагы бир орунбасар министрди "мат" кылып, сессиядан айдап чыкты деген кабар тарады. Себеби... урматтуу төраганын алдына галстук тагынбай келиптир. Чудиновдун литва "чудосу" Кечээ Литва премьер-министри Гедиманас Киркалас келет деп, бүт Бишкек "согуш кырдаалында" турду. Жолдор кайратман аскер күчү менен кайтарылып дегендей. Киркалас келерин келип, өкмөт башы И.Чудинов аларга цемент менен шифер товарларын сунуш кылды. Кудум Кыргызстан тургай колтугубуздагы Казакстандан эле ашып аткансып... Анан Майлуусуу электрлампаларын Афганистанга жөнөтөм деди. Андан көрө Майлуусууну кимдер, кантип майкандап атканын, анын акыры кайда апарарын айтса болмок. Крим-аалы Энесиндей аялды зордукташкан аңгилер 10-май күнү түнкү саат үчтөрдө Бишкек шаарындагы Жаш Гвардия бульвары менен Л.Толстой көчөлөрүнүн кесилишинен 45 жаштагы аялды эки зөөкүр күч колдонуп зордуктап кетишкен. Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн изкубарлары тарабынан 1985-жылы туулган К.Батыркулов менен 1980-жылы туулган К.Эркинбаев энесиндей болгон аялды кордогону үчүн колго түштү. Азыр кылган иштерин моюндарына алып, күнөөнү мастыкка шылтап отурган кездери. Эки аяктуу айбан Бишкек шаарынын Свердлов районунун милиция кызматкерлери тарабынан күндүзгү саат үчтө Учкун жаңы конушунан 2002-жылы туулган алты жашар кызды зордуктаганы үчүн 1981-жылкы З.Өмүралиев деген эки аяктуу айбан колго түштү. Кичинекей кызды зордуктаган аңгини темир тордун ары жагында эмне күтүп турганы белгилүү. Жалган кабар тараткан "тамашакөй" ким? 14-май күнү 15.30да "102" номуруна бейтааныш адам телефон чалып, Чүй проспектисинде жайгашкан "Бета-Сторес" соода үйүндө жарылуучу бомба бар деп айткан. Аталган соода үйүнө барышкан Биринчимай РИИБ изкубарлары менен катар ИИМдин укук коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери текшерип, коркунучтуу эч кандай зат табалышкан жок. Мындай жалган маалымат менен элдин тынчын алган "тамашакөй" адамдын ким экени такталууда. Жол - ажал 14-майда түнкү саат бирлерде Бишкек-Ош автожолунда "Форестер" ЖЧКнын айдоочусу, 1946-жылы туулган П.Череденко "Мерседес-Бенц-814" маркасындагы автомашинасы менен 40-45 жаштардагы азиат улутундагы белгисиз адамды койдуруп алган. Окуя болгон жерден жабырлануучу дароо көз жумган. Учурда маркумдун ким экендиги такталалек, тергөө иштери жүрүп атат. И- тагдаалы Бөтөн жерде ууланып Россияда кыргызстандык өспүрүмдөр азык-түлүктөн ууланып, ооруканага жаткырылды. Алар Екатеринбург шаарында өтүп аткан "Жер - жалпыбыздын үйүбүз" аттуу эларалык фестивалга катышып аткан болчу. Балдар ашканадан тамактанышкан экен. Уулангандардын арасында Кыргызстандан башка Монголия жана Австриядан да балдар бар. Акыркы маалыматтар боюнча, алар айыгып ооруканадан чыгышкан. Маматов Акбагышевага нааразы Республикалык СПИД бирикмеси жана саламаттык сактоо министрлиги Замира Акбагышеванын "Кыргызстанда жардамсыз адамдар арасында СПИД дартын жугузуу чектен чыгып атат" деген билдирүүсүнө макул эмес. СПИД бирикмесинин башчысы Сагыналы Маматовдун айтуусунда, Аялдар конгресси СПИД менен күрөшүү боюнча Глобалдык фонддон грант алышат, бирок бул З.Акбагышевага өлкөдөгү эпидемиялык абалды баяндаганга укук бербейт. Акыркы кезде кошбойлуулар жана балдар арасында бул дартты жугузуп алгандар бар. Бирок, Акбагышева кабатырлангандай эмес имиш. "Хизб-ут Тахрир" чарчабады Ооба, үгүт баракчалары менен борбордон кармалышты. Бул жолу 52 жаштагы адам 23 диск, 3 китеп менен колго түштү. Алгачкысы эмес, экстремисттик уюм катары аныкталган "Хизб-ут Тахрирдин" мүчөлөрү камалса да, айып салса да чегинбей өз аракетин токтотпой, үзгүлтүксүз жүргүзүп келет. Ушинтип жүрүп бул уюм да акыр бир күн улут трагедиясы болобу деп коркосуң. Көпчүлүк жаштар бул уюмга кирип, мектепке барбай, эрте күйөөгө чыгып, паранжа кийип атканын ЖК депутаты Зулхабира Бакенова маалымдады. Турак-жай курууга жөнөкөй уруксат Эми Кыргызстанда курулушка уруксат алуунун алгылыктуу чараларын иштеп чыгуу боюнча мамлекет башчысынын указы жарык көрдү. Бул указга ылайык уруксат алуунун мөөнөтү, административдик процедуралар кыскарат, акы төлөмдөрү азаят. Байсалов үн катты Көрсө, Швецияда экен. Качкын статусун албаптыр. Келинчеги ошол өлкөдө окугандыктан, Швецияга көчүп барышыптыр. Эң кызыгы, Эдил мырза Акылбек Жапаровду СДПКнын штаттан тышкаркы мүчөсү деп атады. Өзү болсо чет өлкөлүк журналдарга макала жазып, кыргыз тарыхы боюнча китеп чыгарганы жатыптыр. Орус туугандар Россия элчилигин оодарабы? Бизде жашаган орус туугандар Кыргызстан эмгек ардагерлеринин атынан Россия премьер-министри (!) Владимир Путинге арыз жолдомой болду. Анткенинин себеби, Россиянын Кыргызстандагы элчиси Валентин Власов бу жердеги орустардын арыз-муңун угуп, жардам бербей атыптыр. Кыязы кайсы айылдын граждандары экендигин унутуп калышса керек. Үсөновго "ү-үү" дешти Бишкек мэри Данияр Үсөнов эмгек ардагерлерин шаар транспортунда анча-мынча жеңилдик менен жүрүү ырыскысын кыркам деп кырданып туру. Ага "Союз добрых сил" аттуу уюм айбат көрсөткөн демилге менен чыкты. Үсөнов менен карылардын кармашынын аягы кандай болот - көрө жатарбыз. Жума каарманы Кубанычбек Исабеков Бул инсандын көпчүлүккө жакканы - Ысыккөлүм, элим, жерим дегенде ичкен ашын жерге коюп турганы. "Кумтөр" долбоорундагы Кыргызстанга, кыргыз элине, жерине тийгизчү залакасын ар дайым канкакшап айтып да, аны менен күрөшүп да келет. Кечээ жакында Кумтөрдүн кунун кууп, эринбей океандын ары жагына чейин барып, Кошмо Штаттардагы жана Канададагы кыргыз алтынына тиешеси бар компаниялардын уюгуна жете кирип, бетин ачып келди. Кыргызстанды инвестицияга марытат, жыргатат имиш жаңы компания дегени Американын атом куралы сыналуучу Невада чөлүндөгү ээн талаа менен эрме чөлдүн бир какыраган жерине сайылган казык болуп чыкты… Ушунун баарын талдап-текшерип, биздин алтынга марып, бирок, кирешебизден куру калтырып келаткан чет өлкөлүктөр менен соттошуудан тажабайт. Өтүп бараткан жумада дагы соттошуп чыкты. Туулуп-өскөн Жетиөгүз элине оголе барктуу киши экен. Кадыр-баркына жараша бизнеси да биртоп. Башкасын коюп, Жетиөгүзду эле алсак, анын заправкасы жайгашпаган бир да айыл-кыштак жокко эсе. Заманың бөрү болсо, өзүң бөрүсүң да… (К.Исабеков менен болгон "Кумтөр" боюнча маекти 4-беттен окуңуздар) |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|