![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №36, 16.05.08-ж. |
Меймансап Форум Алкымдан азап "Кумтөр" кумдай "куюлуп жок болууда" "Кумтөр" алтын кенинин тегерегиндеги маселелер боюнча ушу кенди ачкан адамдардын бири, геология-минерология илиминин доктору, профессор Кубат ОСМОНБЕТОВго суроо салдык - Кубат Осмонбетович, запасы боюнча дүйнөдөгү он кендин бири болгон "Кумтөрдүн" тегерегиндеги бүгүнкү абалга не дейсиз? - "Кумтөр" 1978-жылы ачылган. Такталып, бекитилген запасы 716 тонна алтын, 388 тонна күмүш, 1500 тонна вольфрам болгон. Канадалыктар да ушундай документке кол коюшкан. Борбордук участоктон башка жанындагы "Түштүк-Батыш", "Сарытөр", "Акбел", "Борду" деген участоктордо алтын бар. Ушулардын бардыгында болжол менен 1000 тонна алтын бар деп убагында божомол бергенбиз. Кумтөрдөй кендер дүйнөдө биртоп. Өзбекстанда эле мындай кенден үчөө бар. Бүгүнкү абалдын кандай чечилери 30-майда кыргыз бийлиги тарабынан кабыл алынчу чечимге байланыштуу болот. Концессиялык макулдашууну да кайра кароо керек. - "Камеко" бул участоктордо кандай иш жүргүздү? - Кептин баары ошондо, эч иш жүргүзгөн жок. "Кумтөрдү" он эки жылдан бери иштеткендер анын запасын көбөйтүп, башка бир да участоктун алтыны момунча деп геология жана минералдык ресурстар мамагенттигинен бекитишпеди. Себеби, "Камеко" геологиялык чалгындоолор, изилдөөлөр, долбоорлор үчүн каражат бөлбөдү. Демек, алар "Кумтөрдүн" үстүндөгү каймагын карьердик ыкма менен гана казып алып кетүүнү көздөп жатышат. Иштин жүрүшүндө келечек үчүн, илим үчүн эчнерсе жасалган жок. Мисалы, Красноярскиде "Кумтөргө" окшош "Олимпиада" деген кен бар. Аны "Полюс-золото" иштетип, чалгындоо, изилдөө иштерин жүргүзүп, жылдан жылга алтын запасын көбөйтүп, ал жерде азыр үч алтын иштетүүчү завод иштеп атат. Биздики илгери кандай болсо, ошондой эле калды. Азыр Кумтөрдүн 355 тонна алтыны казылалек. Казылганынын да биз үчүн пайдасы аз. Алтын менен кошо казылган 12 тонна күмүш, вольфрам кайда? Булар алтын менен такай чогуу болот. - Кезегинде "Кумтөр" кенин иштетүү үчүн бир нече окшош аталыштагы компаниялар түзүлгөнүнүн себеби эмнеде? - Алардын бардыгы акча жеш үчүн гана түзүлгөн. Алтындын баасы дүйнөлүк рынокко кайсы өлкө канча алтын ыргытып койсо, ошого жараша болот. Алтын кендин акциясы да рынокко жараша кымбаттап турат. Кумтөргө биз тараптан көзөмөл жок. 2003-2004-жылдары эле карьердик запасы бүтөт дешкен. Эми ал 2012-жылга чейин барат дегенди Атамбаевден, Жапаровдон угуп атабыз. 1999-жылы жылына 22 тоннадан казылып атса, азыр 10 тоннадан ашырышпайт. Себеби, өлкөдө стабилдүүлүк жок, руданын курамы төмөндөп кетти дегенди бетке кармашат. Сапаты төмөндөгөн Кумтөрдө эле эмес, дүйнөдөгү бардык кендерде жолугат. Анүчүн дагы чалгындоо иштерин жүргүзүп, запасты көбөйтүп, аныктап, мамагенттиктен бекемдетүү керек эле да. Мына, "Олимпиада" кенинде мындан ары жылына 50 тонна алтын казылат деп пландап жатышат. - "Центерра инк" боюнча келишимдер сот аныктамасы менен токтоду. Мындайда эларалык сотко беребиз деп коркутушчу эле... - Булар эларалык сотко бералбайт. Анткени мамлекет өз аймагындагы байлыгын каалагандай коргой алат. Мисалы, Венесуэла президенти Уго Чавес АКШныкы баш болгон биртоп нефть компанияларды мамлекетке алып эле койбодубу. Мындайда аны өлтүрүп кетүүлөрү гана мүмкүн. - Кыргызстандын алтын запасы бүгүн канча? - Улуттук банктын айтымында, 2,5 тонна. СССР кулаган учурдагы Макмалдын ошогездеги 2,5 тонна алтыны, Кумтөрдөн чыккан 200 тоннадан ашык алтын кайда? Булардын бардыгы бүгүн ачык эмес. - Айтмакчы, Кумтөрдү иштеткендерди аз да болсо Ысыккөлдүн эли саап келатат. "Камеко" эмне үчүн Нарын элине көңүл бөлбөйт? - Кумтөр Нарын суусунун башында турат. Калдык сактоочу жайы бирдеме болсо, ал Нарын суусуна куят, андан ары ал Сырдарыяга кетет. Жапа чеккендер, өлгөндөр болсо нарындыктар болот. Ысыккөлгө анын таасири жок. Кумтөр болгону Ысыккөл аймагында, Тарагайдын башында Карасайда турат. Цианид төгүлсө да Көлгө акпайт, себеби тескей Алатоо - Жууку тоосу тосуп турат. - Өкмөт эми кандай кадамга барышы мүмкүн? - Адегенде өкмөт өзү даярданып, анан парламентке маселе коет. Эксперттик комиссия төрагасы Акылбек Жапаров сыяктуулардын позициясына байланыштуу болот. Эгер бийлик Кумтөрдөн алчусун дагы алып койсо, "Акжолго" колдотуп, өзүнө ыңгайлуу чечим жасатат. Аман болсок көрөбүз. СССР тушунда эле Кумтөрдү ачууга 35 млн. доллар жумшалган. Муну да "Камеко" төлөй элек. Биздикилер Кумтөрдөн бирдеме алсак деп эле турушат. Аны ачкан геологдор унутта калды. Аскер САКЫБАЕВА Кумтөр казылып атат, криминалдык жактан Кубанычбек ИСАБЕКОВ: "Танаевди чыккынчы деп айтканга негиз бар" Кубанычбек мырза "Центерранын" мыйзамдуулугун жанүрөп изилдеп аракеттенип жүрүп, канадалыктардын жүрөгүн ооруткан Жогорку соттун чечимин чыгарды. Мындан сырткары, Кумтөрдөгү бир катар финансылык тартип бузуулардын бетин ачуу үчүн райондор аралык экономикалык сотко да кайрылган. - Кубанычбек мырза, Жогорку соттун чечими келишимдерди жокко чыгардыбы же токтоттубу? - Мен Жогорку сотко жанагы Николай Танаевдин мыйзамсыз токтомун жокко чыгаргыла деп арыз менен кайрылгам. Сот токтом менен бекитилген үч келишимди соттун акыркы чечими чыкканга чейин токтотту. Танаевдин ошол 2003-жылдын 31-январындагы №835 токтому генералдык келишимди жокко чыгарган. Демек, соттун акыркы чечими чыкканга чейин эң алгач түзүлгөн генералдык келишим толугу менен иштеп жатат. - Анда Атамбаев түзгөн келишим мындан ары кандай болмокчу? - Мен Атамбаев түзгөн келишимди сотко берген эмесмин, мен жанагы мыйзамсыз берилген үч лицензияны сотко бергем. Себеби, ал лицензиялар конкурс өткөрбөстөн берилген. Ошондуктан сот бул лицензияларды да токтотту. Алар "Сарытөр", "Түштүк Батыш", "Кумтөр аянты" деген лицензиялар эле. Себеби, ал лицензиялар болгону 900 сомго сатылган. - Азыр Кумтөр кенинде жумуштун жүрүшү кандай? - Кумтөрдө толугу менен иш жүрүп атат. Анда иштеп аткан эл коркпосун, канадалыктар качып кеткен жери жок. Анткени сот толук чечим кабыл алган жок. Мындан тышкары, район аралык экономикалык сотто жер салыгы боюнча иш каралат. Суммасы 94 млн. 177 миң сом. Дагы финполиция козгогон 530 миң сом бар. Ал эми айып, санкциялар менен биригип 719 млн. сом республикалык салык инспекциясы "Кумтөр Оперейтинг Компанини" текшерип чыгып, 98 млн. сомго жоопко тартып жатат. Эки жылдан бери текшерилелек "Кумтөр Голд компанини" да текшере башташты. Анткени, алар салык, бажы эрежелерин одоно бузуп, кенге алып келген күйүүчү майларга, химикаттарга эчнерсе төлөбөй туруп, жанагы "Түштүк Батыш" кенинен алтын казып башташкан. Себеби, кийинки үч кенге салык, бажы жеңилдиктери каралган эмес. Муну сөзсүз текшериш керек. Азыр өкмөттөн, Жогорку Кеңештен комиссия түзүлдү. Анткени Америкада алтынга байланышкан иштерде эчкандай жеңилдиктер каралган эмес. Ал эми Кыргызстанда алар түзүлгөндөн бери жеңилдиктер берилип эле жатат. Ушунча тайтаңдагандары жетишет! Мындан ары бардык төлөмдөрдү төлөшөт. - Орозбек Дүйшеев соттун чечимин туура эмес дегендей билдирүү жасады го? - Мен "Центерранын" адвокаты эмесмин. Мен Кыргыз эл депутатымын. Туура эмес болсо "Центерра" мени сотко берсин. Жогорку сот чечкен нерсени туура, туура эмес дегенге эчкимдин акысы жок. Кийлигишкенге да акысы жок. Дүйшеев эмес, мыйзам боюнча президенттин да акысы жок. Эгер Жогорку сот ошентип чечип атса, мен туура кылыптырмын. Дүйшеев депутат кезинде Кумтөр боюнча башкача сүйлөгөн. Азыр "Центерранын" адвокаты болуп алыптыр. Эми аксакал өзү билсин, өз абийирине койдук. - Өткөндө "Центерранын" акциялары Акаевде, Танаевде, Сарыгуловдо болушу мүмкүн, мында менин мандемин бар деген элеңиз. Бизге Танаев баласы аркылуу чыгып, "менде "Центерранын" акциясы жок, менин аракетим ошол мезгил үчүн туура болгон" дегендей наалыптыр... - Мен аны далилдей албайм, мойнуна коюу да кыйын. Бирок кызыкчылыгы болбосо, анда эмне үчүн мыйзам бузууларга барды? Эмне, ал чыккынчы беле? Бүгүн чыккынчы деп айтканга толук негиз бар. Себеби, мыйзамсыз аракеттерди жасап, ушул күнгө чейин биздин башыбызды айлантып отурат. Келдибек НАЗИРОВ (Экс-премьер-министр Николай Танаевдин Кумтөр боюнча Исабековго жообун 6-беттен окуңуздар). |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|