Коомдук-саясый гезит
№36, 16.05.08-ж.

Меймансап
Форум




  Жик чыкты!

Темир Сариев
"темир генерал" эмес!
Экс-депутат, оппозициячы Темир Сариев
"Атамекен" партиясынан кетиптир, "Текебаев менен мамилеси суук-селки" деген сөздөр айтылууда. Кеп аныгын өзүнөн уксак.
- Темир мырза, парламенттик шайлоодо оппозиция неге өзүнүн алган добушун коргой албады?
- Декабрдагы депутаттык шайлоо шашылыш жарыяланып, кыска убакыт берилди. Муну туура түшүнөбүз, анткени Акүйдүн саясый технологдору ушундай тапшырма менен иштешти. Президенттин указы деле ушуга байланыштуу болду. Шайлоо кодекси партиялардын альянсы түзүлгөнгө бөгөт койду. Бизден көп адамдар, бейөкмөт уюмдар, оппозициячыл партиялардын биригүүсүн талап кылышкан. "Акшумкар" партиясынын чечими, "Атамекен" партиясынын сунушу менен оппозициянын бирдиктүү тизмеси менен чыктык. Элге дагы бир ыраазычылык айткым келет. Эл бизди колдоду. Эгерде биз бирикпей, ар ким ар башка партия менен кетсек, жыйынтык анда деле ушундай болмок, бирок бирикпедиңер деген нааразылык болмок. Биз көп добуш алдык. "Атамекен" партиясы бүгүн парламентте негизги орунду ээлеп турмак. Ошентип парламент эл добушу менен эмес, Акүйдүн саясый бөлүштүрүүсү менен түзүлдү.
- Сиз "Атамекенден" кеттиңизби?
- Ооба. "Акшумкар" саясый партиясынын кеңеши 14-майда өттү. Июндун экинчи жарымында партиянын съезди өткөрүлүп, уставда, уюштуруу иштеринде өзгөрүүлөр болот. Мындан ары партиялык курулушту жандандырып, баштапкы уюмдарды түзүп, элге партия программаларын жеткирип, күзүндө боло турган жергиликтүү органдарга шайлоолорго катышып, андан аркыларына да даярдык көрөбүз.
- Бул чечимди сиздин жакында эле Америкага барып келгениңиз менен байланыштырсак болобу?
- Жок. Америкага барганым жеке командировка болчу. "Сариев оппозициянын иштерине неге катышпайт?" деп ар түрдүү сөздөр да чыкты. Мен 15-апрелден 29-апрелге чейин Америкада болдум. Бир топ адистер, саясатчылар менен жолуктум. Оппозициянын Түптөгү ишине катышпаганым да ушу себептүү болду. "Акшумкар" Коомдук парламентте да, "Акыйкат үчүн" кыймылында да турат. Жакында боло турган съездде да өз максатыбыз жөнүндө айтабыз.
- Кубатбек Байболов кайра "Акшумкарга" келеби?
- Байболов өз оюн билдирген. Ал баары бир Кыргызстандагы абройлуу саясатчы болуп кала берет. Бүгүн анын саясый ишмердүүлүгү аз. Саясаттан тыныгуу алдык дешкен, мындан ары деле ошого жараша болот.
- Сиз Кыргызстандагы бардар адамдардын бирисиз. Бийлик кысым көрсөтсө, сиз дагы Байболовго окшоп, саясаттан кетип калбайсызбы?
- Саясатчылар өз жолун, көзкарашын аныктап алып, анан эл алдына чыгат. Менин позициям акыркы убакта көпчүлүккө белгилүү. Көп маселелер боюнча өз көзкарашым, сунуштарым бар. Айтып да жүрөм. Кандайдыр бир күч менен мага кысым көрсөтүү натыйжасын бербейт. Позициям туруктуу. Ар бир адамды сүйлөгөн сөзү, баскан-турганы менен бааласа да болот. Азыр саясатчылар арасындагы жетишпеген касиет - туруктуулук болуп турат. Мен саясаттагы туруктуулугумду бекем сактайм.
Аскер САКЫБАЕВА




  Жыттанган жокпу?

Экономика министри Акылбек Жапаров:
"Келишим жокко чыкса, "Центерра" покко чыгат" дейт
- Акылбек мырза, Жогорку соттун "Кумтөр" боюнча чыгарган чечимин кандай баалайсыз?
- Муну мен интернеттен окудум. Азыр, кийин берилген үч лицензия токтотулуптур. Мындан бөлөк мамлекеттик агенттигинин чечими менен лицензияларды кайрадан алабыз деп даярданып жатышыптыр.
- 2003-жылкы келишим да токтотулуптур. Эми маселе кандай чечилиши мүмкүн?
- Эгер сот келишимди жокко чыгарса, анда бул "Центерраны" жокко чыгарганын билдирет. Азыркы кыргыз тараптан сүйлөшүп жаткандардын ичинде мен да жокмун. Кыргызалтындын төрагасы Алмаз Жакыпов да жок экен. Эгер сот ошондой чечим кабыл алса, "Центерра" компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуунун кереги жок, жалгыз гана КАМЭКО компаниясынын өкүлдөрү менен сүйлөшүү керек. Бирок КАМЭКО биз менен сүйлөшүүгө барабы-барбайбы, бул дагы чоң суроо. Эгерде кыргыздын кызыкчылыктарын, иштеп жаткан инвесторлордун кызыкчылыктарын эске алып компромисс жолуна барбай турган болсок, анда биздин астыбызда эларалык сот турат. Биз эларалык соттон утабызбы, утпайбызбы - бир Кудайдын өзү билет. Быйыл "Жерүй" да, "Талдыбулак" да алтын бералбайт деген тыянакка келип жатышат. Эгер "Кумтөр" да биздин экономикага кошо турган салымын кошо албаса анда биздин өндүрүштө бир топ кыйынчылыктар болот.
Келдибек НАЗИРОВ




  Министр аке, акча кана?

Жалил СЫДЫКОВ:
"Раевди сотко берем"
Редакциябызга белгилүү композитор Жалил Сыдыков келиптир. Айта турган кебим бар, эл-журт билсин дейт. Угалы, айтыңыз дедик.
- Түнкү саат он экиде акын Сейит Алтымышев телефон чалып: " 21-мартка карата текст жаздым эле, "Бар бол, Нооруз" деген аталыштагы. Маданият министрлигинин заказы менен. Ошого хор жазып бериңиз" деп кайрылган. Түнү менен хорду жазып чыктым. Эртеси комиссия жактырды. Андан кийин ага аранжировка жасатып, үн жаздырдык. Нооруз майрамына арналган салтанатта хорду үч кыз, үч бала ырдады. Ошондо министр өзү "Бар бол, Нооруздун" жакшы жазылганын мактап, колумду кармап куттуктаган эле. Кылган эмгегибиз үчүн 9 киши 27700 сом алмакпыз. Он эки миң сомун алгам. Эки айдан бери Раевдин артынан ээрчип жүрүп, калган акчаны алалбай атабыз.
- Министр мырза эмне дейт?
- Ага үч жолу кирип чыктым. Жардамчысына, катчысына да кайрылдым. Бири бирине шылтап, ортодо бизди мышык-чычкан ойнотуп, ит кылып атышат. Раевге неден жазганымды билбейм? Силердин гезитке "Маданият министрлигин реформалоо зарыл" деген аталыштагы интервью бердим эле. Же ошого өчүн алып атабы… Бул жигитти такыр түшүнбөй койдум. Акыры өйдө-төмөн айтышканга чейин бардык. Өзүнө жолугуп: "Мен сага жаш баламынбы? Мен силерден карызга акча сураганым жок. 15 күндүк эмгегимди алалбай атам" дедим. Солисттерди, үнүн, аранжировкасын жасагандарды мен таптым эле. Эми алар менден акча доолап атышат.
- Маданият министрлиги карызыңарды кайрып бербесе, чара колдоносуздарбы?
- Сотко берем. Карызды үч-төрт эселеп өндүрүп алабыз. Не дегенде, мен жалгыз эмесмин. Акчасын алалбай аткан 9 киши бар.
- Султан Акимович биздин гезитке: "Ж.Сыдыков менен жолугуп сүйлөштүм, кызмат сунуштайын деп ойлонуп атам" деп айтты эле…
- Жакында министрликте айыл маданиятын тейлеген штат ачылат. Ошону жетектеп бериңиз, айлык акыңыз 12 миң сомдун тегерегинде дегенинен макул болгом. Андан кийин министрликтеги бир бөлүмдүн башчысы чакырып, инспекторлукту сунуш кылышты. Айыл жергесиндеги маданиятты оңдош үчүн жоопкерчиликтүү жумуш керек да. Акимдер инспекторлорду тоготпойт эмеспи. Менимче, Султан мырза эптеп эле менин оозумду жабуунун амалы кылган окшойт.
Министрге киргенимде: "Султан Акимович, сиз иштебей атасыз. Жер-жерлердеги китепканалардын, клубдардын мышык ыйлар кебетесине көңүл бурсаңыз боло. Жумуш кылбайле отура бересиңерби" деп ачык айткам. Улуттук маданият борборунда жетимиштей киши, министрликтин өзүндө кырктан ашык киши эмгектенет экен. Жүздөн ашык киши жөн эле айлык жеп отурушат. Бишкекте отура бергенден иш бүтпөйт да.
2007-2009-жылга карата маданиятты өнүктүрүү боюнча жаңы концепция кабыл алышыптыр. Мындан он бир жыл мурда "Маданият" деген программа кабыл алынган эле. Бир сыйра карап чыгып, ошону кайра көчүрүп алышканына күбө болдум. Маданият тармагы учурда оор абалда, талкаланып атат. Неге, министрлик ага көңүл бурбайт? Таңгалыштуу, табышмактуу дагы…
Нурканбек КЕРИМБАЕВ




  Бирөөгө ор казсаң...

37-жыл дейби?
Айчүрөк ТАЗАБЕКОВА, Граждандык турак-жай башкармалыгынын экс-директору
2006-жылдын 16-февралында Курулуш жана архитектура агенттигинин экс-директору Ишенбай Кадырбеков граждандык турак-жай курулуш башкармалыгынын эмгек жамааты менен жолугушуу өткөрүп, граждандык турак-жай курулуш башкармалыгын негиздеп, директорлук милдетти талаптагыдай аткарып жаткан Айчүрөк Тазабекованы "саясый чечим" деген айып менен кызматтан алат. Эми ошонун кандай болгонун Айчүрөк Чолпонбаеванын өз оозунан угалы.


- Мен кызматтан 2006-жылдын февраль айында кеттим. Ага чейин менин ишимди Эсеп палатасы баш болуп абдан катуу текшеришти, бирок эч нерсе табышпады. Ошого карабастан, кызматтан кетесиң деп жанымды койбоду. "Ким кетиргени жатат" десем, "Үсөн Сыдыков" деп жооп беришти. Мен ал кишиге барсам, "мен эмесмин" дейт. Анда мен "сизди айтты деген адамдын сөзүн диктофонго жазып алдым" десем, Үсөн Сыдыков "ошону мага бер" деди. Бул эле эмес, мамагенттиктин мурдагы деректири Анвар Турсунов "сенин кетишиңди Бакиевдин инилери да айтты" деп жанымды коюшпады. Муну менен Анвар Турсунов Бакиевдердин атына жамынып, алардын атын саттыбы же Бакиевдин инилери чын эле мени кетсин дешкенби, аныгын билбейм. Эгер гезитке жарыяланса, өздөрү чечишип алышсын. Бакиевдер кийлигише тургандай деле кызмат эмес эле. Баарынан да мени кызматтан алгандагы себептин "саясый чечим" деп аталганы 37-жылдагыдай кызык иш болду...
Келдибек НАЗИРОВ













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan