Коомдук-саясый гезит
№36, 16.05.08-ж.

Меймансап
Форум




  Танаевден табыш

"Исабековдун биотуалет бизнесине алмашам"
2-майдагы "Агымга" "Кумтөрдүн акциясы Танаевде да бар..." деген аталышта ЖК вице-спикери Кубанычбек Исабековдун интервьюсу жарык көргөн. Буга экс-премьер-министрдин уулу Александр Танаев төмөнкүдөй реакция жасады

- Александр Николаевич, Исабековдун айтканына атаңыз эмне деди?
- Силердин гезитке жарык көргөн интервьюдагы Исабековдун божомолуна: "Эгер мүмкүнчүлүк болуп, "Центеррадан" менин бир акциямды тапса, аны мен Исабековдун биотуалет бизнесине алмашканга даярмын" деди. Чынында анын эчкандай акциясы жок. Исабековдун колунда акция бар же жок экенин далилдөөчү документтери болсо, көрсөтсүн, айтсын, болбосо мындай сөздү досторунун арасында айтса да, гезит бетине айтпашы керек эле.
- Азыр Николай Танаев кайда, эмне кылып жүрөт?
- Санкт-Петербургда "Газпром" тармагында иштеп атат. 2006-жылы "Газпромнефтьинвест" ачык акционердик коому түзүлгөн. Бүгүнкү күндө ал "Охта-борбор" деп аталат. Бул ишкана Санкт-Петербургда "Охта" деген бийиктиги үч жүз метрлик мунара-имаратты куруп атат. Мунара шаар ичиндеги шаарча тибинде болот. Ушу долбоордун жетекчиси кылып атамды Алексей Миллер чакырган. Ал анын адамдык, ишкерлик сапатын баалаганы үчүн ушундай ишти ишенип берди.
- Атаңыз мындан ары бул жакка келбейби?
- Биринчи жолу ал Кыргызстанга март окуясынан кийин келген. Акаевдин өзү менен сүйлөшүп, отставкага кетишине чоң салым кошкон. Атама Москвада жүргөндө эле кылмыш иши козголгон. Бишкекке келгенде тергөө иштери уланып, Башпрокуратура суракка чакырып турду. Ошону менен 2005-жылдын декабрына чейин Кыргызстанда туруп, андан кийин Россияга кетти.
- Анын Кыргызстандан качкан себеби эмнеде?
- Ал жөнүндө айтпайт. Бирок Россияда калууну чечсе, демек, чоң себептери бар. Тергөөнү кызыктырган бардык суроолорго жооп берген. Атамдын ою боюнча -күнөөсү жок.
- Депутат Исабеков Танаевди Кумтөр менен Кыргызстан үчүн пайдасыз келишимге кол койгон деп күнөөлөп жатат. Бул боюнча атаңыз эмне дейт?
- Бул жөнүндө сүйлөшкөнбүз. Атамдын айтуусунда, ошол учурда бир нече токтом долбоорлору болгон. Кол коюлган варианты ошогезде өтө пайдалуу деп табылган. Муну Танаев жеке өзү чечкен деген туура эмес, эгерде документтерди көтөрүшсө, биртоп жергиликтүү, эларалык эксперттердин бүтүмдөрү бар. Атайын түзүлгөн комиссия иштеген. Болгону акыркы токтомго гана Танаев кол койгон. Бул документтер Кумтөрдө иштегендерде бар, мен сураштырып көргөм.
- Танаевге кайсы иштери үчүн кылмыш иши козголгон?
- Облус губернаторлоруна жана Ош шаарынын мэрине кызматтык машине бергени, Кыргызстанда жок медициналык аппарат алганы жана "Мээрим" фонду боюнча, республикалык ишкер борбордун курулушу үчүн айып коюлган. Губернаторлор үчүн алган машинелерди Танаев өз гаражына коюп алган эмес, Негизинен өкмөттүн буйрук, токтомдору боюнча айыпталып жатса да, ал буйрук, токтомдор жокко чыгарылбай, бүгүн да иштеп атат. Мыйзам боюнча бардык токтомдор сот аркылуу жокко чыгарылышы керек эле.
- Николай Танаевдин Кыргызстанда канча жакын тууганы калды?
- Улуу агам Алексей Москвада. Апам, мен, менин аялым, үч балам биердебиз. Апамдын карыган ата-энеси бар. Алар бат-бат оорушат, ошонүчүн апам аларды багып келет. Биз быякта жашап, иштеп жатабыз.
- Сиз ким болуп иштейсиз?
- Республикалык теннис федерациясынын аткаруучу директорумун. 1996-жылы институтту бүткөндөн бери эле ушу жерде иштеп келатам.
- Сиз Кыргызстандан кетпейсизби?
- Жок. Мен ушу жерде туулуп өстүм. Москвада, Питерде, башка өлкөлөрдө деле болуп, алардын турмушун көрдүм. Мен башка жакка баргым келбейт. Анүстүнө биерге бекем байланып калдым, анткени аялым кыргыз. Бир чети кыргыздар Россиянын, башка өлкөлөрдүн граждандыгын алып атышпайбы. Менин оюмча, Кыргызстанда жашоого, иштөөгө болот. Атама байланыштуу окуялардын бардыгы убактылуу деп ойлойм. Менин балдарым ушу жерде чоңоюп келатышат. Биякта жашоо тынч, анткени башка мегаполистердеги каякадыр шашкан жашоо мага жакпайт.
- Атаңыз чакырбадыбы?
- Мен быяктан кетпейм деп эчак эле айткам.
- Николай Тимофеевич Кыргызстанга келбейт турбайбы?
- Эгерде ага тагылган айыптоолор алынып салынса, келүүгө даяр. Бирок Питердеги ишин таштабайт. Өзү иштеген жерден жана башка тармактардан Кыргызстанга инвестиция тартсам дейт.
Аскер САКЫБАЕВА




  Жер кимдики?

Аким айтпаса, депутат кайдан укту?
Гезитибиздин өткөн санында ЖК депутаты Бегалы Наргозуев интервью берген эле ("Бизде чегирткелерди коррупционерлер коргошот"). Ал макалада кыргыздын лөкүйгөн үч аткаминери айдоо аянттарын менчиктештирип алганы кабарланган. Ошол макаладагы аты аталган адамдар менен байланышып, ойлорун угалы дегенбиз. Тилекке каршы, бирөөсү менен да байланыша алган жокпуз.


Алгач, президенттин кеңешчиси Үсөн Сыдыковго байланышка чыктык. Телефонду алган эже шефинин бир жумага жумушка чыкпай турганын айтты. Андан кийин А.Жапаровдун телефон номурун бурадык. Жардамчысы колтелефонубуздун номерин алып калган, кийинчерек жообун беребиз деп. Тилекке каршы, жооп болгон жок. Чамасы катуу ойлонуп аткан окшойт… Ал эми Марат Султановго байланышка чыга турган бир телефондон такыр жооп болбосо, экинчи номурдун линиясы жооп бербей туруп алды.
Ошентип, үчөөнөн тең жолубуз болбой, Аламүдүн районунун акимине телефон аркылуу байланыштык. Акимдин жообун берерден мурда, өткөн сандагы Бегалы мырзанын интервьюсунан үзүндү келтирсек: "…андан кийин Аламүдүн районунун акими экөөбүз Аламүдүн районундагы айдалбай калган жерлерди кыдырдык. Бир аз мурда мен ат менен айдоосуз жерлерди кыдырып чыккан элем. Акимге ошол жерлерди көрсөттүм. Эң өкүнүчтүүсү, жогорку Чоң Чүй каналынын астында менин эсебим боюнча 300 гектар, ал эми акимдин эсеби боюнча 160 гектар мол түшүм ала турган кара топурактуу жерди үч министрлик алып коюптур. Бул жер эмне үчүн айдалбай калды десем, аким жөнөкөй кишилерди айтсаң жасайт экен, бул жерде жалаң министрлер болуп жатпайбы дейт. Ошол айдоо жерди Марат Султанов, Үсөн Сыдыков, Акылбек Жапаров менчиктештирип алыптыр. Аким бул үчөөнө жериңерди айдагыла деп кантип айтат элем деп кол куушурду."

Саматбек КЕРИМКУЛОВ, Аламүдүн районунун акими:
"Антип айткан эмесмин"
- Силердин гезитте маалымдалгандай, Үсөн Сыдыков, Акылбек Жапаров жана Марат Султанов ал жерлерге ээлик кылбайт. Аталган айдоо жерлери башка бирөөлөргө таандык. Мүмкүн алар "подставное лицодур"… Муну документке таянып айтып атам. Жер ээлери жазылган тизмеде алардын ысымы жок.
- Анда ошол жер ээлеринин ысымы жазылган тизмени бизге бере аласызбы?
- Силерге бергенге укугум жок. Кааласаңар, тийиштүү органдарга кайрылып алсаңар болот.
- Демек, Бегалы Наргозуев жалган маалымат тараткан турбайбы?
- Мен антип айткан эмесмин... Жанымда башка адамдар да бар болчу. Ошол кишилер буга күбө. Силердин гезит жазгандай, Чоң Чүй каналынын астында 300 гектар эмес, 146,6 гектар мол түшүм ала турган жер бар. Анын ичинен 74,6 гектары Каражыгач айыл өкмөтүнө, калганы Көкжар айыл өкмөтүнө тиешелүү. Ошол айдалбай калган жерлерди мамлекетке өткөрүп берүү жагын ойлонуп атабыз. Бул маселе боюнча атайын кат даярдадык.
- Мен айдоо аянтты кыдырып чыктым. Өзүнчө коргондолгон жер бар экен. Ошол аймак Үсөн Сыдыковго таандык деп уктук?
- Ал жер Сарбашев аттуу бизнесмен жигитке таандык. Жерди коргондоп алганы үчүн сотко бергенбиз. Бирок, утулуп калдык. Өзүң деле көргөн чыгарсың, ал жер бош. Турак-жай салынган эмес.

Бегалы НАРГОЗУЕВ,
ЖК депутаты:
"Акимди куугунтукка алышы мүмкүн"
- Аламүдүн районунун акими Саматбек Казбекович менен байланыштык. "Депутат Бегалы Наргозуевге андай маалымат айткан эмесмин" деди. Бул маселе боюнча кандай комментарий бераласыз?
- Акимди туура түшүнсө болот. Не дегенде, ал аткаруу бийлигинин өкүлү. Биз эмне үчүн жер айдалбай калганын сурасак, айдоо аянттары Акылбек Жапаров, Үсөн Сыдыков жана Марат Султановго таандык экенин айтты. Андыктан, аларга эчкандай буйрук бералбасын билдирген эле. Анын бул сөздөрүн жалгыз мен уккан эмесмин. Жанымда журналист Курманбек Рысбаев, Кабыл деген телеоператор бар болчу.
Аким чочулап атса керек. Үсөн Сыдыков президенттин кеңешчиси. Калган эки министр не деген лөктөр. Убагында министр, депутат болушкан. Андыктан, Саматбек Керимкуловду күнөөлөбөйм. Аким ачыгын айтып койсо, беркилер куугунтукка алышы ыктымал. Ал киши мага: "Айдалбай калган жердин ээлери ошол кишилер, бирок, "подставной" кишилерге катталган" деп айткан эле. Кыргызда: "Кыңыр иш кырк жылда билинет" деген кеп бар эмеспи. Анын сыңарындай, аким айтпаса деле бул иш ачыкка чыкмак. Ага чейин бул маселе боюнча элден деле угуп жүргөнбүз. Аткаруу бийлигинде иштеп, ушунча жерди ээлеп алышканына таң каласың. Жерге ээлик кылгандарына каршылыгым жок. Колдорунан келсе, мыйзамды бузбаган болсо ала беришсин. Жок дегенде ошону ижарага берип койушса жакшы болбойт беле. Ансыз деле жер таппай жүргөндөр толтура. Жерди какыратып таштап койгон - чоң күнөө, кылмыш болуп эсептелет. Ансыз деле тамак-ашка болгон баалар өсүүдө. Ошончо чоң айдоо аянтына керектүү жер-жемиштер айдалса жакшы болбойт беле. Менин күйгөнүм ушунда болуп атпайбы.
- Аким айдоосуз калган жердин жалпы аянты 146,6 гектар деди. Ал эми, сиздин маалымат боюнча 300 гектарга чамалайт экен.
- Биз менен жүргөндө 160 гектар эле жер бар деп айткан. Мунун баары видеого жазылып калган. Диск бизде сакталуу.
Мына ушундай. Аким айткан эмесмин деп моюн толгосо, депутат мырза айткан сөзү чын дейт. Бул теманы ушул бойдон калтырбайбыз, журналисттик иликтөөгө алабыз. Не дегенде, жер маселеси - өтө орчундуу маселелерден болуп эсептелет. Жылына жерлер иштетилбей калды деп кейийбиз, ага дыйкандарды күнөөлөйбүз. Ал эми, Акылбек Жапаров, Марат Султанов, Үсөн Сыдыковго окшогон мамлекеттик кызматкерлер жерди менчиктештирип алды деп атпайбы. Анысы аз келгенсип, жерди иштетишпейт. Анда неге ал жерге ээлик кылышты? Айтор, жерди башка максатта алышкандай.
Нурканбек КЕРИМБАЕВ













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan