Коомдук-саясый гезит
№36, 16.05.08-ж.

Меймансап
Форум




  Биз турмушка аталардан кеч келип...

Сый-урмат.
Ак пейил.
Мээрим

Колуна азык-түлүк салынган каптагы гумжардам карматып, тизменин тушуна кол койдуруп алган ардагердин көзүнө карап көрдүңүз беле? "Кийинки" деген сөз менен узатып, кезектеги жоокерди тосуп алгандары…. Мен ал карыялардан ыраазычылыктан бөтөн нерселерди да байкадым. Жеңиштин наркы - жылына май айындагы бир ууч гүлазык элеби дегенсип, жаш менен ыза, ичтеги бук, түшүнбөстүк көрүнүп турат. Тилекке каршы, кайрымдуулук жүрөк түпкүрүнөн чыкканда гана максатына жетерин айрымдары түшүнөбү?

MegaCom компаниясы бир топ кайрымдуулук уюмдарына өрнөк болууга чамасы жетет. Согуш ардагерлерине жана тылдын эмгекчилерин колдоого арналган баардык акциялар майда-чүйдөсүнө чейин ойлонулуп, чоң мээримдүүлүк менен өткөрүлөт. Ушул жолку Улуу Жеңиштин урматына жайган салтанаттуу дасторкону да салттагыдай болду. Уюлдук компания Бишкектеги 250дөн ашуун ардагерге жан жыргаткан майрам тартуулап, түштүктөгү борбордо салтанаттуу дасторкон үстүндө Улуу согуштун 100 фронтчуларын чогултту.
- Зиночка, айланайын, нече жыл, канча заман өттү?! Келчи, сени кучагыма кысайын, көрүшпөгөнүбүзгө өтөле көп болуп кетиптир, - деп, төшүнө сыйлыктары кыдырата тагылган формачан карыя жүзүнөн жылмаюусу жанган, чачын эскиче жасалгалаган аялга кучагын жайды. Зиночка дасторконго отуруп, жайлангыча болбой, бираз кечигип келген өзүнүн согуштагы курбусун кубанып тосуп калды. Акырындап MegaCom кызматкерлеринин ардагерлерге чоң тамгадан башталган Майрам уюштуруп берүү максаты ишке аша баштады. Уюлдук оператор кызматкерлери аларга жолугушуп, баарлашуу үчүн шарт түзүп берүүнү да каалашкан. Бизге жөнөкөй көрүнгөн нерселерди фронтчулар алтындан артык баалашат. Бири-бириникине конокко бармак тургай, денсоолуктан тайып, айрымдары төшөктөн араң турушат…
Кезектеги май айындагы жолугушууга жетпей, акыркы сапарга узагандар да көп. MegaCom компаниясынын директору Андрей Силич аларды жана Улуу Жеңиш үчүн курман болгондорду эскерип, тынчтык мүнөтүн сунуштады. Андан соң биринчи куттуктоо сөзүн тартуулады.
- Ардактуу ардагерлер, 1945-жылкы Жеңиш үчүн сиздерге татый турган ыраазычылык сөздөрү жетпейт. Улуу Атамекендик согуштун залалы тийбеген Кыргызстанда бир да үйбүлө жок. Ар бир үйдө өзүнүкү, көбү жакындарынын гана эсинде калган баатырлар бар. Бактыбызга, өзүбүз жеке келип, ыракмат айтчулар арабызда бар. Биз үчүн, келечек үчүн жан аябай кызмат кылганыңыздарды бийик баалап, Улуу Жеңиш күнүнө карата MegaCom компаниясы уюштурган чакан майрам сиздерге жылуулук тартуулайт деп үмүттөнөбүз. Согуштун каармандарына терең таазим этебиз!
Согуш жылдарындагы ырлардын аткарылышы меймандардын эсине эмнелерди салбады? Сөздөрүн муңайыңкы "эсиңерде барбы?..." деген суроодон баштап отурушту. Өткөндү эстөө көтөралгыс жүккө айланбас үчүн MegaCom компаниясынын кызматкерлери "аскерлешке телефон чалуу" акциясынын башталышын айтып, кубандырышты. Планетанын каалаган жеринде жашаган аскерлешке телефон чалып баарлашуу мүмкүнчүлүгү келген ар бир ардагерге тартууланды! Ардагерлерге алдынала эскертилгендиктен, арбири досунун номуру жазылган баракчаны колуна бекем тутуп, чыдамкайлык менен өз кезегин күтүп олтурду. Уюлдук телефондон жүрөккө жакын адамдын үнү угулганда, телефон чалгандар аны экижүз мейман угуп атканын унутуп коюп жатты.
- Салам Анка-партизанка, Иван кандай? Аман-эсенби, жакындарың? Экөөбүз кабарлаша элегибиз канча болду, ыя? Таңгалбай эле кой, эч кандай миллион утуп алганым жок, жөн эле биздин уюлдук компания "аскерлешке телефон чалуу" акциясын өткөрүп атат. Анечка, ананайын, азыр сенин денсоолугуң үчүн чөйчөк көтөрдүм, оорубагыла, жакында кат жазып жиберем. Баарын айтып берем, азыр болсо - сени, сенин Ваняңды майрамыңар менен, белорусиялык биздин партизандар! Болуптур анда, жүзүңдөн сүйдүм, жакшы тур, - деп кезекти күттүрбөө аракетинде Анна Халтаева тез-тез айтып жиберди. Россия, Венгрия, Франция, США, Германия, Украина, Австрия - ошол күнкү телефондук дубай-саламдар кайда гана жеткен жок…
Ардагерлер фронттогу курбулары менен көңүлүн кандыра сүйлөшүп алгандан кийин жылыга борбор калаабыздагы Жеңиш аянтындагы Жеңиш күнүн майрамдоо салтанатынын режиссеру, 20 ордендин ээси Владимир Баев согуш жылдарындагы ырларды окуп берип, узун өмүр каалады. Меймандар арасынан да ардагер-досторун куттуктоону каалагандар көп болду.
- Ушул жерде жалын каптаган согушта болгондор отурушат. Ошол алаамат күндөрү биз бирге болдук, улуттар арасындагы улуу достук фашизмди жеңгенге жардам бергени үчүн тагдырга ыраазымын. Кыргызстандыктардын санына куралган Панфилов дивизиясы Москваны коргогонун унутпашыбыз керек. Бүгүн болсо, мен MegaCom компаниясына бизди чогултканы үчүн гана эмес, ондогон жылдары көрүшпөгөн аскерлештерибиз менен байланыштырып, сүйлөшкөнгө шарт түзүп бергени үчүн ыракматымды айтам! - деп, жалпы чогулгандардын атынан "Аскерлештер" КБ төрагасынын орунбасары Василий Плесков ыраазычылык билдирди.
Ардагерлерге Жеңиштин салт болуп калган белгиси - кызыл гвоздикага кошуп, миң түркүн азык-түлүк тапшырылды. Эмне гана жок! Өсүмдүк майы, сулуу, буурчак, күрүч, гречка, печенье, шоколад момпосуйлары, балык консервалары, шекер, ун, чай, коюлтулган сүт.
- Биз атайы чоң ата, чоң апаларыбызга майрамдык дасторкон кубандырарлык болушу үчүн эң мыктыны гана тандадык - деп, билдирди MegaCom кызматкери Асел Жоокаева .
Айтмакчы, ардагерлерге жана тыл эмгекчилерине азык-түлүк менен жардам берүү салты MegaCom компаниясы үчүн Жеңиш күнүн белгилөө менен эле чектелбейт. Эки жылдан бери ар чейректе бир ардагерлер менен тыл эмгекчилери азык-түлүк жардамын алып турушат.
- Белектерди го берип салдыңар, эми үйгө кантип жеткизебиз? - деп тамаша иретинде апалардын бири Мария Лебедева айтып калды.
MegaCom компаниясы меймандардын баарын үйлөрүнө чейин жеткирерин айтышты. Бирок Мария Петровна: "Мен денсоолукка пайда деп дайыма жөө басамын" - деп, жеткирүү кызматынан баш тартты. Анткени менен, оор баштыктарды көтөрүшкөнгө бизге - журналисттерге уруксат берди. Майрам тууралуу суроо узатканыбызда, Лебедева жылуулук менен жооп айтты:
- Аларга чоң ыракмат! Алар бизди жөн эле түштөндүрбөйт, эң негизгиси алар бизди сыйлашат. Эч кандай кагып-силкүү, жактырбаган мамиле жок, ал бизге дароо эле туюлат. Кайсыны айтайын, MegaCom кыздары бизге сый жараштырабыз деп, официанттарга жардам берип, тейлеп жүрүштү. Майда көрүнгөн менен, ушундай учурлардан ак ниеттүүлүк менен мээримдүүлүк байкалат. Биздей улгайган фронтчуларга эң алгач ушундай мамиле керек!













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan