Коомдук-саясый гезит
№37, 20.05.08-ж.

Меймансап
Форум




  Беткүзгү

"Бардыгы сатык болуп кетти:
кызмат да, саясат да, искусство да..."
Опера-балет театрындагы мышык-чычкан оюну

Мен Тимур Саламатовду жакшы билем. Мыкты композитор катары. Адам катары. Жолдош катары. Бирок чиновник катары билбейт экем. Кийин, 2005-жылы Кыргыз академиялык опера жана балет театрына гендеректир болуп дайындалганда билдим. Бир жылдан ашып-ашпай искусство чиновниги катары аты "жер өрттөдү". Театр сүйүүчүлөр чөйрөсүн түшүнсө болот: ал келгенге чейин опера жана балет театры же бар эмес, же жок эместин ортосунда опоң-чычаң ойноп калган. Республика эгемендикке ээ болгону "жакшылык" көргөн эмес. 10 жыл ичинде бар болгону 2 жаңы спектакль коюлган. Четел сүрөөнчүлөрүнүн жардамы менен. Леонковаллонун "Паяцысы" менен Моцарттын "Волшебная флейтасы". А Саламатов келген 2005-2006-жылдагы театр сезонунда, б.а., бир жылда 4 жаңы премьера сахнага чыкты. Анан эле экинчи сезондун башында аны театр гендеректирлигинен алып ыргытты.
Тимур мырзанын аты "жер өрттөдү" деп атканым ошондон. Коомчулукта. Саясый чөйрөдө. Деректир кызматтан неге алынды? Болгондо да шашылыш? Премьер-министр Куловдун буйругу менен? Театр залын "Атамекен" партиясынын курултайына арендага берген үчүн дешти. Андагы ашынган оппозициячы Эдил Байсалов театр залын арендага алып, үйлөнүү тоюн өткөргөнү үчүн дешти. Ал учурда Бишкекте митинг, демонстрация дембе-дем болуп аткан. Демонстранттарга гимндин музыкасын жазып бериптир, Куловдун куйкасы ошого курушуптур дешти. Басмасөз бакылдагы башталды. Андан бир жума өтүп-өтпөй Ф.Кулов Т.Саламатовду кайрадан ордуна коюу тууралуу буйрук чыгарып ийди. Маданият министри С.Раевге сөгүш жарыялады. Туура эмес маалымат бергени үчүн. Бирок кайра эле алып ыргытышты. Бусаам өзү кетти дешти.
Андан бери көрөлек элем. Кечээ жакында жолугуп калдым. Көлдөмүн дейт. Жыргап калдым, ыракаттанып иштей турган нерселер менен алекмин дейт. Өткөн-кеткенди сүйлөшүп отуруп кайрадан театрга түшүп кеттик.
Саламатов маданият мансабынан неге аткез берди?
- Тимур, сен байкайсыңбы, байкабайсыңбы, бизде, мүмкүн советтик түзүлүштөн келаткан парадокс бар. Мисалы, бүт дүйнөдө врачтар адамдарды дарылайын деп билим алат. А биздин врачтар диплом аларын алып, чиновник болгусу, бери эле калганда, медицина чиновниги болгусу келет. Же жазуучу болгондон кийин китеп жазыш керек да. Биздин жазуучулар китеп да жазайын, анан жазуучуларды да башкарайын деп 70 жыл кыйкылдашып муунушуп келди. Коммунисттик идеология небак күм-жам болсо да, эми деле бири-биринин жакасына колу карышкан бойдон. Сенде андай адат жок сыяктанды эле, кийин музыка маданиятына чиновник болоюн деп аракет жасадың өңдөнөт.
- Опера-балет театрына деректир болгонумду айтасыңбы?
- Ооба.
- "Театрга деректир болгондон көрө эки мүшөк бүргө баккан жакшы" деп Бексултан Жакиев айтыптыр дечү эле. Азырак чагат дегени да. Мен айтар элем: искусство тармагына чиновник болуу - тикенек зым төшөп, үстүнөн жыңайлак чуркагандай эле кеп экен.
- Аны операга келгени байкадыңбы?
- Мурда деле билчүмүн. Мен чиновник болуп биртоп эле иштедим. Консерваторияда проректор болдум, музыкалык окуу жайына деректирлик кылдым дегендей.
- Алар канткен менен чиновниктен мурда агартуучу милдетин аркалайт эмеспи?
- Бирок адамдарга аргасыз чочоңдойсуң. Акча эсептеп, чарба жүргүзбөсөң, чачылып кетишиң ыктымал. Бирок аякта атмосфера, албетте, башка. Ал эми театрга чиновник болуш, ой-боой! Илгери бир кыргыз "жыргаганыман чочко кайтардымбы" деген тура.
- Коллектив менен иштешүү кыйынбы? Канткен менен таланттар назик, чыргоо, таарынчак, анан да амбициясы аттын башындай болот эмеспи.
- А дагы өтө татаал маселе. Бирок азыркы заманда өкмөт менен, министрлик менен тил табышуу, карым-катыш жасоо өтө кыйын экен. Өзүң көрүп атпайсыңбы, бардыгы сатык болуп кетти: кызмат да, саясат да, искусство да... Айрыкча маданият министрлиги искусствого эмес, искусство ага кызмат кылуу максатында түзүлгөндөй таасир калтырды мага.
- Туура. Азыркы бийлик жаңы мекемелерди ачып, чиновниктер армиясын көбөйтүү менен маданиятты көтөрүү саясатын жүргүзүп атыр. Конкреттештире кетесиңби?
- Албетте. Баргандан көп өтпөй баамга бул урунду. Министрлик өз апартаментин жаңылоо, жасалгалоо үчүн өзүнө тиешелүү мекемелерден өөнөп алмайды өөрчүттү. Б.а., театр, цирк, китепкана өңдүү маданий мекемелер мурда айлык фондусунан 1,5% министрликке чегерип келсе, эми 3% чегермей болду. Жалаа дебесин, буйрук номурун жат билем: ?021/13 от 27.01.06. Ансыз да каржы жаатынан өтөле каржалып турган театр жетекчилиги албетте, ага каршылык кылдык. Министрлик ошол замат чукул кеңешме чакырып, мени "тап душманы" деп тапты. Кийин Эсеп палатасы текшерип, менин тууралыгымды далилдеп, ал мыйзамсыз буйрукту кайра чакыртты.
- Демек, адилеттик бар экен да?..
- Министрлик ошону менен өзүнө караштуу мекемелерди талап-тоноону токтотсо, ошентип ойлоого болор эле. Тилекке каршы, министрлик жарым жыл ичинде эле театрдын 245 миң сомдук килем, муздаткыч, люстра, стулдарын тартып алды. Анысы аз келгенсип, буйрук артынан буйрук чыгарып, 2 миллиондон ашуун сомдук театрдын мүлкүн башка маданий мекемелерге алып берди. Бул ошол 2 жыл ичиндегиси эле. "Бүлүнгөндөн бүлдүргү алба" дейт кыргыз. Мен ошол театр бүлүнүп атканда бүтөйүн деп келгем. Бир жылдык финансы жыйынтыгын эле айтайын: 2005-2006-жылдагы театр сезонунда көрүүчүлөрдөн түшкөн каражат 412 560 сомдон 1140180 сомго, б.а., үч эсеге жакын, атайын эсеп акчасы 1431216 сомдон 2696980 сомго б.а., эки эсеге жакын көтөрүлдү. Сахнанын жарык берүү системасы жаңыртылды, балеттин репитиция залы, өрткө каршы резервуар, театр чатырчасынын айрым бөлүгү ремонттолду. Театр кызматкерлерине берилер сыйлык менен материалдык жардам 75%ке өстү. Республика эгемендикке жеткени театр биринчи жолу спектаклдерди, концерттерди өз акчасына койдура баштады, костюмдарды тиктирип, афиша буклеттерди чыгарды, өзүнүн интернет-сайтын ачты. Айтор айта берсе көп, отчет берип атып тажагам.
- Министрлик анын бирин дагы баалаган жокпу?
- Баалаганы ушул: бир жылдын ичинде 10 ирет текшертти. Кимдер гана текшерген жок? ИИМ, финансы полициясы, салык кызматы, Эсеп палатасы, атүгүл атактуу "үч тамга". Эчтеке тапкан жок. Иштегениме 8 ай толуп-тололегинде эле биртоп сүрдүү комиссия жиберген. Ал айрым сын пикирди сунуш иретинде билдиргени менен театрдын ошол таптагы ишмердигин колдоп чечим чыгарган.
- Демек, 2006-жылдын ноябрында сени кызматтан алууга эч себеп жок экен да?..
- Комиссия, текшерүүлөр эчнерсе таппагандан кийин министр Раев ротацияны ойлоп чыгарып атпайбы. Өзү келип мага Феликс Куловдун буйругун көрсөттү. Түшүнгөн жокмун. Эмне десем, кадрлар ротациясы, башка жактан иштейсиң деди. Кайсы жагын да айткан жок. Театр деректирин бир жылда эки жолу алмаштыруунун кандай кажети бардыгы да белгисиз калды. Көрсө ал өкмөттүн эмей эле министр Раевдин өмгөгү экен. Феликс Шаршенбаевич басмасөздө кеп боло баштаганда байкап калып териштирди. Мени кайрадан өз ордума койду.
- Театр залын оппозициядагылар иш-чара арендасына берип, митингичелерге гимн жазып бергени үчүн куулуптур деген жоромол да чыкпады беле?..
- Гимн дегени ошол - кайнаган митинг учурунда Кыялбек Урманбетовдун "Атамекен" деген ырына музыка жазгам. Ошону кимдир бирөөлөр "Атамекен" партиясына гимн жазыптыр деп жеткирсе керек. Ырдап жүрүшөт, алардын гимни башка. Каракурсактын камы үчүн бийлик көчүгүн жаламай табиятыма жат. Жалагандар жалай берсин. Менин өз көзкараш, өз принцибим бар. Театр залын мыйзамды аттабагандардын баарына бердим. Бийлик көзү тигиге түз, буга кыйшык деген жокмун. "Атамекендин" эле эмес, "Содружество", "Партия труда и единства" партияларынын съезддери да Опера жана балет театрында өттү.
- Министрликтин куугун-сүргүнүн коллектив кандай кабыл алып атты?
- Театр чөйрөсүндөгүлөрдөй, ММКлардай эле. Алакан жайып, нааразы болушту. Бирок жел каяктан согуп атканын баары билип турду. Албетте кайсы коллектив болбосун татаал организм. Бирине жаксаң, бирине жакпайсың. Министрлик да коллективди ичтен иритүүгө аябай аракет жасады. Өзүң билесиң, кайсы театрда болбосун муун азап-тозок менен алмашат. Өзгөчө биздин республиканын өлүмсөк экономикасынын шартында. Мен келгенде опера-балетте да ошондой тытыш күчүндө экен. 15 жылдан бери өкмөт же министрлик чечпесе, кимдир бирөө чечиш керек да. Биз аны колго алып, пенсия жашындагы артисттерге министрлик камкордук көрүп, иш таап берсин, чыгармачыл топ контракт системасына өтсүн деген демилге менен чыктык. Бүт дүйнөдө, анын ичинен Казакстанда ошондой. Министр маселени түшүнүп-түшүнбөй "эч кайда кетпейсиңер, айлыкты мен таап берем" деп айрым пенсионерлерди мага каршы үгүттөйт. Аттестация тууралуу жобону жылдап сүйрөп, ага ынабагандарды мага кайраштырат ж.б.
Мени кызматтан алуу тууралуу премьердин буйругу чыкканда аттестация өткөрүлүп, комиссия чечимин юридикалык жактан бекитүү гана калган. Министрлик аны таш каптырып, чыгармачыл коллектив арасындагы араздашууну андан бетер арбытты.
- Акыры театрдан эмне болуп кеттиң?
- Министр андан бетер тынч иштетпей койду. Кыязы өкмөт башынын чечими өзүнө катуу тийсе керек, мага өчөшкөнүн ачык чыгара баштады. Алты айдан кийин айрым жаштарды уюштуруп арыз жаздырып, комиссиянын биржарым жыл мурда чыгарган чечимин кайра каратып... Жаман жагымды айткандарды сүрөп, жакшы жагымды кошкондорду нары күрөп... Мага жалган жалаа жапкандары сотто жеңип алганыма карабастан кайра аларды колдоп, мени менен кайраштырып дегендей. Акыры "тойдум байдын кызына", маданияттан сен эле мансап күтчү деп арызымды алдына ыргытып кете бердим.
- Опера жана балет театрын бир кезде финансы-чарбалык жактан жабыркатып, миллиондорду солго солоп жиберген, анысынын "акыбетине" шарттуу кесилип, амнистия менен кутулду кылынган адам ошол эле театрга кайрадан гендеректир болуп келди? Кандай дейсиң?
- Кандай демексиң, "Кыргызстан күнүн астында баары өсөт" деп жазчу эмес белеңер. Ошентип атпайбы, ага эчким таңгалган жок.
- Маегиңе ыракмат, чыгармачылык ийгилик каалайм?
Алым ТОКТОМУШЕВ













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan