"Агым" "Темир тордогу үмүт" телеберүүсүнүн алкагында

Жараткан сыноосунан жаза өтөп…
Бирөө мастык менен, кимдир бирөө жаштык менен, кайбирөөсүн кырсык басып, дагы бири куру жалаа артынып темир тор аркасында. "Биз камалдык, а бирок, аңсезимге ким кишен салалат,- дешет абактагылар, - Ой басып, ой жеп коет. А бирок, үмүт жанат. Азаттык абасын эңсеп…" Улуттук телеканалдын "Темир тордогу үмүт" берүүсүн коштоп, Чүйдүн Петровка айылындагы N№8 жаза өтөө мекемесинде болдук.


Аталган абак аймагында илгери айыл чарбага зарыл шаймандар күргүштөп чыгып турчу завод болгон. СССР ураган соң каралбай калган завод жакындан тарта кытайлык инвесторлор тарабынан калыбына келтирилүүдө. Ишке кирген соң, абакчылар бул заводдон кыш чыгарышмакчы.
Ыр саптарына толгон эки калың дептерин көтөрө бизди айыпкерлердин ичинен алгачкы болуп Акбар КАБАЕВ тосуп алды. Абактан бошоноруна аз убакыт калганын айтып, боштондуктагы пландарын санап тургандыктан, Акбарды темир торго тыккан окуядан кеп чубабай эле коюуну чечтик. Анүстүнө өзү да акыйкатсыздыктын курмандыгы болгонун айтып бүталбайт. Ырларымды окуп, бир багытка сала турган акынга кезигем дейт азаттык алган күнү. Андан сырткары, өзү күбө, өзү каарман болгон темир тордогу турмуш баянынан китеп чыгарам деп тилек кылат.
Айрым ыр саптарына назар таштап коюңуз, окурман.
"Кайда акыйкат?"
…Ыйман кайда, ынтымактын ачкычы
Акыйкаттык ырыс-дөөлөт башчысы.
Арбир атуул жүрөгүндө бар чыгар,
Акыретте болот сурак запкысы.
Ырыс алды - ынтымактын башаты,
Силерсиңер бийлик башы жамааты.
Абак тордун ар жагында жатсак да,
Биз күйөрман, кыргыз элдин урпагы!
***
"Акыретте көрөрмүн"
Жабыркады жалпы кыргыз эзилип,
Амалкөйлөр турат дагы тизилип.
Кымбатчылык, жумушсуздук көбөйүп,
Зулум жашоо барат күндө уланып.
Токто зулум, кур дүйнөгө алданба!
Мансап, бийлик тик туралбайт ажалга.
Акыретте сурак күндө көрөрмүн,
Сот жүргүзөт жалгыз өзү бир Алла!
***
"Сыноо"
Абай жайы. Кусалыктын аралы,
Сабырдуулук, сабак берген чырагы.
Үмүт өнүп, күтүү менен зарланган,
Кайгы-муңдун курган турган ааламы.
Тагдырыбыз татаал болуп жазылды.
Айыпкер деп сот өкүмү табылды.
Жаза мөөнөт жүрөк өйүп ойлонтуп,
Нечен жылдар өз мойнуңа камтылды.
Ата-эне, биртуугандар алыста,
Куса болуп, олтурасың сагына.
Үйбүлөнүн элестери көзүңдөн,
Кетпей неге сүрөт болуп тартыла?
Эми билдик, жашоо-өмүр мыйзамын,
Келечекте адал жашоо сырларын.
Эркиндикти арзуу менен эңсеткен,
Бул сыноосу жаратуучу Кудайдын.
Муслим: - 2005-жылы соттолгом. Кезегинде туристтик бизнес менен шугулдангам. Эки жылдан бери Петровкадамын. Бул жерде биз үйдөн, туугандардан оолак болгонубуз менен өзүбүздү өлкөнүн толук кандуу жараны катары сезебиз. Спорт менен машыгууга мүмкүнчүлүк бар, эмгек менен алекпиз. Бул жерде баары жакшы. Бизди эмне түйшөлтөт - өлкөдөгү болуп аткан окуялар, эркиндиктеги элдин турмушу. Мамлекетибиз, аракет кылганы менен чабал кам көрүп келет. Бизди эмне кыжаалатка салат - пенсионерлерибиздин арзыбаган акча алганы, мугалим жана врачтардын энтузиазм менен гана эмгектенип атканы. Биз соттолуп, камакка алынганыбыз менен акыл-жүрөгүбүз эркин. ГУИНге жаңы келген жетекчинин дарегине да бир ооз сөз: комиссия келер алдында "показуханы" койгула. Бул жердеги кемчилик "воляда" жокпу? Жаап-жашыра бергендин кандай зарылчылыгы бар?..
Болотбек: - Казакстанда кимдир-бирөөнүн курмандыгы болдум. Жөн жеримден 10 жылга эркимден ажырадым. Бөтөн жерде көбүнчө сырттан келген адамдарды курмандыкка чалышат. Гастарбайтерлерди жумушка алат. Колуңа пакет берет, ошол замат пайда боло калган машине кармайт же жеткирип берчү дареги РИИБнин имараты болуп чыгат, анан кутулуп көр. Баңгизат менен кармаласың, жөн жерден абакка айдаласың. Мындай кылтакка илинген мекендештер толтура сыртта.
Бөлөк журтта кандай абалда болсок, эптеп которулуп, өз өлкөңө келсең да экинчи сорттогу адам катарында караласың. Казакстан, Өзбекстандан камалып, которулгандарга бул жерде гумманизация чаралары жайылтылбайт экен. Тийиштүү институттар ишиңди карамыш болот, ал эми жаза мөөнөтүң азайтылбай, сыртта кабыл алынган мөөнөттө сакталып атат. Бул жаатында да кандайдыр жагдайлар каралса деген ой.
Канат, 54 жашта: - Эки кызым бар, келинчегим менин айымдан каза болуп калган. Уулум менен катар. Экөөнө тең топурак салалбай калдым. Биринчисинде мага өлүм жазасы берилген, аялымдын ошондон жүрөгү токтоп калган. Кыздарым балдызымдын колунда, азыр кабар жок, алар окуп калышса, салам айтар элем. Буюрса бошоп барам, денсоолукта болгула демекчимин.
20 жыл алдым. Бирок, жообун тартып аткан кылмышка эч тиешем жок, агезде мен Бишкекте элем. Жалган эле моюнга илип салышты. Инимдин 10 га жери бар эле, ошонун этегинен эки адамдын сөөгү табылат. Биздин үйбүлөгө кийлигишип, анан эң улуусу катары жалган айыпка моюн сунгам. Бай орустардын балдары экен, мени айыптагандар азыр Россияга кетип калышкан. Кудай буюрса, аман чыгып, актыгымды далилдейм.
Алымбай, 38 жашта, Көл жергесинен: - Олтурганыма эки жыл болду. Урушуп кетип эле, талуу жерине тийип алган окшойм, каза болуп калды. Сегиз жыл мөөнөт алдым. Күнөөмдү мойнума алам, өкүнөм. Жаштарга айтарым, арактан алыс болгула, жаман жолго барбагыла. Кезегинде апам да мага аракты оозго алба деп какшаган. Апам, биртуугандарым аман болсун! Мен оңолдум, экинчи мындай кайталанбайт.
Тимур, Жалалабаттан болот, 23 жашта: - Мектепти жаңы аяктаган кез эле, Ошто иштеп жүргөндө ушундай окуя болуп олтурат. Түшүнбөстүктөн эле жаңжалдаша кетип, анын айынан бала каза тапты. Мен 16 жылга кесилип кеттим. Агезде 18де, жаштыкта, шоктукта дегендей. Азыр мен эмне туура, эмне натурасын аңдап калдым, акылга кирдик. Буюрса чыксак, жакшы ойлор бар. Туура жолдо, ак ниет, таза ойлор менен жаңы кадам таштайм. Ата-эне, биртууган, тууган-урук, достор бар. Келечекте жакшы жар таап, үйбүлө курам. Аз калды, кудай буюрса, баары жакшы болот.
- Бул жакта кыйналбайсыңбы?
- Баары жакшы. Бир-бирибиз менен ынтымактуубуз, бул жерде деле бүт нерсе мусулманчылыктан алынган. Төрт ирет бир абактан экинчисине которулуп, кайра ушул жерге келдим. Администрация да түшүнүктүү, алар менен талашпайбыз, урушпайбыз.
- Окууга тапшырганга үлгүрдүң беле?
- Жок, 2-сентябрда ушундай иш болуп калган. Окуу жагынан азатка чыккан соң, үйдөгүлөр менен кеңешебиз. Жакшы тилек, таза ойлор бар. Ата-эне гана сырттагыдай эле мамилесинен жазбайт. Аларды ыраазы кылып, жаркылдаган жар менен акыл-эстүү балдарды тарбиялап чыгаргым келет. Тууган-урукка, колдон келсе элге жардам бере турган адам болууга умтулам. Убакыт өттү, баарын көрдүк, түшүндүк. Сырттагыларга да туура жол тилейбиз. Жакшылык да, жамандык да Кудайдан, анын буйругу менен биз да чыгабыз. Башкысы бизде сабырдуулук бар, ишеним, түшүнүк, биримдик менен жашайбыз.
Эрмекбай: - Тогузторонун Атай айлынан болом. Бөөдө кырсык Алла Тааланын буйругунан болот тура. Келечек жаштарга айтарым, ичкилик татпагыла, ыйман жолуна түшкүлө. Ушул кырсык болгону 400 грамм спирттин айынан. Бул ичкилик дегениң акыры адамды түрмөгө апкелип тындырат экен. Эч бир жаман-жакшы айтышпай, сөгүшүп-чукулдашпаган адам экөөбүз олтуруп эле, урушуп кетип, ал каза болуп калды.
Түрмөгө көбүнчө кырсык менен жаштар келет экен, жаза мөөнөтүн очойто беришет экен. Баарын Алла жолуна түшүүгө чакырам. Ансыз да кыргыз саны аз. Бияктан чыккандары же окууга, же ишке жараксыз, ал-күчтү алып коет тура. Түрмөнүн бетин алыс кылсын.
Алтынбек, Атбашыдан, 24 жашта: - Гезитиңер аркылуу ата-энеме, биртууган, дос балдарга, айылдагыларга салам айтам. Эми бул да маңдайга жазылганы экен. Түрмөгө түшүш бат, чыгыш азап экен. Балдар менен мушташып эле түрмөгө кабылып калдым. Мурда да балдар менен мушташып кабылгандыктан, бу жолу 10 жыл берилди. Жаштыкка алдырып түшүнбөстүк кыла берет экенбиз, бул жактан баарын таразалап, салмактап, жыйынтык чыгарып калат экенсиң. Кудай буюрса, баары жакшы болот. Азатка чыксам, ата-энеме жардам берип, мал багышам.
Блокнот, альбом, жыгачтан буюмдарды жасайм.