Коомдук-саясый гезит
№37, 20.05.08-ж.

Меймансап
Форум




  Шоу винегрет

WWW: кумириң менен баарлаш!
Сахна жылдыздарына карай жол табалбай жүрсөңүз, биз жардамга келели. Алдыңкы жети ырчы жигиттин электрондук даректери төмөндө. Кат жазышып, кат алышыңыз, каалоо арнап, сын айтыңыз. Ал эми кийинки номурларда ырчы айымдардын даректерин тизмелейбиз, абай сала жүрүңүз.
?? ОМАР - omario_bf@mail.ru
?? Султан САДЫРАЛИЕВ - sultan_s86@inbox.ru
?? Мирбек ИМАНБЕКОВ - miriman@mail. ru
?? Урмат УСЕНОВ - macho2008-81@mail.ru
?? Ильяз АНДАШ - ilias_andash@mail.ru
?? Ильяз АБДЫРАЗАКОВ - iliyazik@rambler.ru
?? Замир МЫРЗА - zamir_myrza@mail.ru




Жылдыздар, футбол талаасына!

Обончу, аткаруучу Сыймык БЕЙШЕКЕЕВ саясат жана сахна жылдыздарын чогултуп, топ тептирүү камында. Июнь айынын акыркы күндөрүнө белгиленген бул жөрөлгө уюштуруучунун айтымында, жер-жерлерде да уланат. Ошол себептен, окурман калк, жарнамаларга көз сала жүрүңүздөр. Баса, С.Бейшекеев коомубуздун жылдыздарын сергек жашоо мүнөзүнө гана үгүттөбөстөн, өз сахналаштарын Камбарата ГЭСинин курулушуна салым кошуу ниетинде баш коштуруп, ушул айдын соңку эки күнүндө Бишкекте оюн-зоок тартууламакчы.





Кыял БАКИРОВА
Теле алпаруучу
Курагы: 19 жашта
Жерлиги: Ысыккөл облусу, Жетөгүз району
Келечек кесиби: социалдык-маданий ишмердүүлүк боюнча менеджер
Зодиак белгиси: букачар
Хоббиси: бий, компьютер оюндары
Ишенгени: Алла Таала
Сүйүнгөнү: ата-энеси, биртуугандарынын жана элдин амандыгы
Кызыкканы: саякаттап келүү
Кыялданганы: мыкты алпаруучу болуп такшалып, келечекте кайрымдуулук жасап өтүүгө жетишүү
Ыйык тутканы: ата-энеси
Сүйгөн тасмасы: "Побег из тюрьмы", "Моя прекрасная няня"
Сүйгөн тамагы: апасынын борщу
Сүйгөн жаныбары: күчүк
Сүйгөн түсү: кызыл
Сүйгөн сөзү: ыракмат!
Жашоо урааны:
"Дайым алга карай!"




  Кумирге кат

Мирбек
АТАБЕКОВго
...Сен жаңырткан ырлардан жандүйнөмө азык алам. Арбир ырың мага өзүнчө дүйнө ачып берет.
Неге мынча башкалардан өзгөчөсүң? Неге мынча жакшы адамсың? Сенден улуу болсом да, сага кандайдыр бир сезим катам. Бирок, чочулаба. Артыңдан ээрчип калбай, жаныңды жай койбочу жан эмесмин.
Ырларың бир башкача, мааниси андан бетер. А өзүңчү?! Бул дүйнөдө бар экендигиңе ыракмат! Сени жараткан Алла Таала жана апаңа чексиз таазим!
Канчалык таланттуу болсоң да, көтөрүлбөгөнүң жагат. Башкаларчылап ар кыл жерде төш какпаганың ыраазы кылат. Суранарым, бир кездеги "алтын үндүүлөрдүн" катачылыгын кайталаба, сахна күчтүү менен алсыздарга да бирдей. Астыңа аппак мамык төшөлүп, асманыңдан алтын жаап турса да азыркы кичипейил, жөнөкөйлүк, адамгерчилик сапаттарыңдан айрылба.
Ары жагымдуу, ары бөтөнчө үнүң кылымдарга жаңырып, ырларың муундан муунга өтүп жашасын!



















Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan