![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №37, 20.05.08-ж. |
Меймансап Форум Кытай мейманын өрттөп жибере жаздаган Кыргыз парламенти ЖКнын атайын меймандар үчүн сакталып турган "Мерседес - 500" унаасына Кытай парламентинин делегация жетекчиси Хань Цидени отургузушкан экен. Мамрезиденциясына жете бергенде түтөп, аз жерден өрттөнүп кете жаздады. Көрүп турган Кытай делегаттары баш чайкагандан башкага жарабады. Үсөн акенин агенттери оюн айтам деп... Үсөн аке Сыдыков Чүйдүн Аламүдүн районунан ондогон гектир жер ээлеп, бирок ээн калтырганы жөнүндө "Агым" өткөн санында жазган. Өзүн Улан деп тааныштырган агенти звандады. Кыязы, Акүйдөн. Анын 100 гектир жери Аламүдүндө эмес, Сокулукта дейт. Көрсөтүп берейин, фотоаппарат апкелип, тартып алгыла дейт. Ардактуу акенин аброюна шек келтиргенибиз үчүн жазасыз калбасыбызды да катуу эскертти. Айтмакчы, ал киши сыркоолоп атканына байланыштуу президентке азырынча кеңеш берелек экен. Ылайым сакайып кетсин. Кудай, Чыкенин чымындай жанын аман кой! Кыргыз коомчулугу ошентип үрпөйүп туру. Айтылуу жазуучу Чыкебиз (Айтматов) юбилейине карата Казанда киного тартылып жүрүп чикирттей калды. Татарстан доктурлары аны бөйрөгүнөн деп ооруканага алды. Кыргызстан саламаттык сактоо министри ошол замат учуп барды. Уулу Аскар Айтматовдун "24.kg" агенттигине берген маалыматына караганда, жазуучунун акыбалы оорлой баштаганына байланыштуу Германиянын эң мыкты делген ооруканаларынын бирине которулду. Ногоев "калп!" деди, чегирткелер "жалп!" дейби? Айыл, суу чарба министри Арстанбек Ногоев пресс-конференция уюштуруп, Түштүктүн Аксы ж.б. райондорунда миңдеген гектир айдоо аянттарын чегиртке басып кеткенин калп деди. Ошондой болсун! Бирок аны тартып көрсөткөн телекомпаниялар өткөн жылкы сюжетти көрсөттү дегени өлө кызык. Чегиртке кыянаттыгына каршы деп Евросоюз республикага бөлгөн 8 млн. еврону оозанбаганы андан бешбетер. Ооруну өлүм ашкерелесе, чегирткени жай, күз ашкерелеп коерун ардактуу министр билеби? Калмурат Садиев дагы канга забын болдубу? Аксы окуясына айыпталып жаткандардын бири - генерал Калмурат Садиев 16-майда соттон акталып чыкканын уккан Мамбек аксакал жүрөгүнөн жан бергенин "Азаттык" кабарлады. Акыркы сөзү: "Бизде акыйкат, чындык деген жок тура, адам өлтүргүчтөрдүн заманы болуптур". Мамбек аксакал 2002-жылы Аксыда бийлик огунан курман болгон Эркиналы Четинбаевдин атасы. Балык ичтиби? Балкыбеков ичтиби? Токтогул суу сактагычынын тегерегинде уу-дуу сөз көп. Сактагычта өткөн жылдын декабрь айында эле 12 млрд. куб суу болгон дешет. Бул 15 жылда чогулуптур. Таңкалыштуусу, 2 айдын ичинде жарымы кантип жок болот? Бүт дүйнөнүн балыктары деле аркы заманда да, берки заманда да Токтогул суу сактагычын тооруган Сапарбек Балкыбеков деле сууну мынчалык түгөтө ичпес эле. Андан көрө электр энергиясын иштеткен го. Иштетсе ал кайда сатылган сыяктуу күмөн, ушак, божомол-дөдөмөл күч. Аны биз териштирбесек да, тарых териштирет. Ал эми Энергетика жана отун министри С.Балкыбеков ишмердиги тууралуу коомчулук эмне дейт? Гезиттин 4-бетинен окугула. Танаев таңдан да тазабы? Андагы премьер Николай Танаев мындагы депутат Кубанычбек Исабековго телефон чалып: "Сиз мени көп күнөөлөбөңүз. Мен "Кумтөрдөн" тоголок кумдай алтын алмак түгүл, балдарыма, биртуугандарыма азыркы айлыгымдан жардам берип атам" деп жашылданат имиш. Антип актануусун К.Шабеков "Кумтөр" куйтуң-шуйтуңуна түптүз тиешеси бар экендигине жоруп атат. "Элмурза акама айтыңар, энесиге киргизсин" Тоголок Молдо менен Киев көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Жалалабад" чайханасында эмгектенген өзбек ашына ашпозчуларыбыз кийинки кезде казандын башында насыбай түкүрүп, жүн баскан билектерине камыр ороп, айтор элементардуу санитарияны буза баштады. Баарынан кызыгы, кечээ кечки саат жетиден үч мүнөт өткөндө Башпрокурор Элмурза Сатыбалдиев ушул чайханага келди эле, тосуп алган ашпозчу ийилип салам берип, өзгөчө бөлмөгө кийирди. Ошол убакта бир кыргыз куюлган тамакка нааразы болуп, ашпозчу менен ажылдаша баштаганда, тиги ашпозчулардын бирөөсү "Элмурза акамга айтыңар, энесине киргизсин" дегендей угузуп-угузбай күңгүрөдү. Буга биздин кабарчыбыз күбө. "Агым-пресс" Саясатчылар-дын үнү чыкпай, тынчый түшкөнсүйт. Эмне үчүн? Абдыганы ЭРКЕБАЕВ, коомдук ишмер: - Май айынын башы майрамдарга жык болбодубу. Саясатчылардын дагы эл катары майрамдаганга акысы бар. Алар деле адам да. Бирок, саясатчылар тынчып калды дегенге кошулбайм. Алсак, өткөн жумада Темир Сариев "Акшумкардын" ишин кайра жандандырды. Феликс Кулов саясаттагы өзүнүн жүзүн көрсөттү дегендей… Карыпбек АЛЫМКУЛОВ, Кыргызстан товар өндүрүүчүлөр ассоциациясынын президенти: - Лениндин айтканы бар го: "Биригүү үчүн адегенде ажырашыш керек". Анын сыңарындай, биздин саясатчылар парламенттик шайлоодон кийин ажырашышты. Өздөрүнүн мындан аркы кадамдары, алдыга койгон максаттарын аныкташ үчүн ойлонуп атышса керек. Анүстүнө өткөн жылдагы апрель митинги саясатчыларга жакшы сабак болду. Ошондон бери бөлүнүү процесси акырындап башталган… Жыйынтыгы кандай болорун мезгил көрсөтөт. Осмонбек АРТЫКБАЕВ, ЖК депутаты: - Телеканалдар бир жактуу берип атышат. Тескери сүйлөгөн саясатчылардын эфирге чыкканга мүмкүнчүлүгү жок. Журналист журтчулугу эки жактын тең оюн бирдей чагылдырса жакшы болот эле. Болбосо, эл кимге ишенерин билбей калышы мүмкүн. Саясатчылардын үнү чыкпай калды дегениңизге кошулбайм. Саясатчылар дымып калбай, тескерисинче активдеше башташты. Амангелди МУРАЛИЕВ, коомдук ишмер: - Арбир нерсенин өзүнүн убакыт-сааты бар да. Негизи, жайында саясатчылардын үнү анча чыкпай калат. Ойлонуп, өткөн-кеткен иштерин талдап атышкан окшойт. Көпчүлүгү өзүнүн партиясы менен алек. Жайы менен энергия, күч топтоп, күзүндө жаңы дем менен иш башташат эмеспи. Ибрагим ЖУНУСОВ, ЖК депутаты: - Оппозициянын үнү өчүп калды десеңиз, макул болмокмун. Жалпы саясый элитанын үнү чыгып атпайбы. Саясатчы десе эле жалындуу сөз сүйлөп, кыйкырып чыккан адамды элестетпеш керек да. Албетте, мурдагыдай пикет-митинг деген "шоулар" болбой калды. Анын ордуна иштеп, элдин турмушун оңдошубуз керек. Жыргалбек ТУРДУКОЖОЕВ, саясат таануучу: - Кандайча? Көпчүлүгүнүн үнү чыгып эле атпайбы. Бирок, элге пайдасы жок эски проблемаларды козгоп атышат. Жаңыланайын, өзгөрүлөйүн деген ниеттери жок. Ошондон улам, саясатчылардын үнү чыкпай аткандай туюлушу мүмкүн. Нурканбек КЕРИМБАЕВ |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|