Коомдук-саясый гезит
№37, 20.05.08-ж.

Меймансап
Форум




 

Билерман Маамыт, билдиңби?
Бүгүн Барскоон суусуна төгүлгөн цианид авариясына 10 жыл толду. Ушуга байланыштуу Барскоон айылында дагы беш айылдын жашоочулары катышкан митинг өткөрүлөт. Уу заттын адамдарга, табиятка тийгизген таасири эл эсинен өчөлек.

Көрөгөч Маамыт, көрдүңбү?
Эр көкүрөк бирөө "Мерседес-Бенц S500" машинесине толтура курал жүктөп баратканда Жибекжолу-Алматы көчөлөрүнүн кесилишинен кармалды. Машинеден винчестер, оптикалык мээлегичи бар карабин жана 600 патрон чыккан. ИИМ изкубарлары аны өз убагында кармабаганда, алар кимдерге мээленет эле, ким билет...

Угарман Маамыт, уктуңбу?
Кыргыз улуттук академиялык театрынын алдындагы театралдык окуу жайдын студенттери 23-25-май күндөрү "Эр Төштүк" спектаклин тартуулашат. Спектакль "Эр Төштүктөн" үзүндүлөрдү колдонуу менен жер астына жана ааламга саякаттын негизинде коюлган. Режиссеру Вирлана Ткач. Оюнду коюуга АКШ элчилиги жардам берүүдө.

Аскер Сакыбаева




  Эй, кыргыз жигиттери!

Орденге орден кошулсун!
"Имарат-строй" курулуш компаниясынын башдиректору Бейшенбек Иманалиев Россия өкмөтү тарабынан өндүрүштө мыкты көрсөткүчтөргө жетишкендиги жана Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы кызматташтыкка, достукка кошкон салымы үчүн II даражадагы Улуу Петр ордени менен сыйланды. Союз мезгилинде да Бейшенбек Иманалиев курулуш жаатындагы эмгеги үчүн көптөгөн сыйлыктарга ээ болгон. Эгемендик жылдары жаңы жумушчу орундарды түзүп, бир канча имараттарды курууга жетишти. Компаниянын жогорку сапаттагы ишинен улам "Ганси" авиабазасынын объектилерин курууга активдүү катышууда.




Белгилүү журналист
Султан ЖУМАГУЛОВду
Таңгалдырганы:
"Революция өз балдарынын башын жутат" деген орус элинин ылакабынын чекеге аткандай таамайлыгына таң калдым. 2005-жылда болгон революцияга тикелей салымы барлардын (Тезекбаев, Кадырбеков) түрмөгө салынышы жана дагы биртоп революционерлерди камайбыз деп капас камдап жаткандарын карабайсызбы!
Сүйүндүргөнү:
Кулпунай кубулуп быша келди быйыл эртелей, токчулуктан кабар апкелаткансып. Жаншерик уулум терип келип, баарыбызды маарытты. Ошондо бу дүйнөдө ысык-муздак, жамандык-жакшылык, ачуу-таттуу жанаша жашарын эстей калып, бул оопасыз күндөр да өтөт деп каниет кыла бир мулуңдап алат экен киши.
Күйүндүргөнү:
Кыргызда наристе, секелек кыздарды зордуктоо күч алды. 6, 7, 11 жаштагы кыздарыбызды аңги жигиттерибиз зордуктап жатышат. 80ге чыккан кемпирди зордукташты. Түптө коңшусунун кызын зордуктап, ал наристе уялып жүрө берип, боюна бүткөндө гана айгай салып отурушат. Өнүккөн элде мындай кылмыш номуру биринчи жаңылык болуп, башкасы четке сүрүлүп калмак эле. Андай элде президенти баш болуп, вазирлери төш болуп, бүт атпай журту ызы-чуу түшүп калат, наристе зордукталса. Кыргыз журту болсо баягыдай эле камаарабайт. Эгер эки сотых жерин алып койсо, жакынын камап койсо - көчө-көйгө чуулдап чыгат элек...
Нурканбек КЕРИМБАЕВ




  Жакшы коңшулуктун салтында

Өткөн жума кошуна өлкөнүн Ходжент шаарында Кыргызстан менен Тажикстан Республикаларынын мамлекет башчыларынын бейформал жолугушуусу болду. Президент Курманбек Бакиев белгилегендей, бул жумушчу сапары болгону менен мазмуну жана жемиштүүлүгү жагынан расмий иш сапарынан ашып түштү. Анын баалуулугу эмнеде?

Кыргызстан да, Тажикстан да климаты, жаратылыш шарты жагынан окшош өлкөлөр. Анан калса, бири-бири менен кошуна жайгашкан. Эки өлкөнү жүздөгөн чакырым жалпы чегера бириктирип турат. Андыктан, Кыргызстан менен Тажикстандын чегара, суу-энергетика, терроризм коркунучу сыяктуу такай көңүл бурууну, чечүүнү талап кылган жалпы проблемалары бар. Албетте, шаан-шөкөттүү расмий сапарларды уюштуруп, кээ бир маселелерди ошолордун алкагында чечсе болот. Бирок бул үчүн кыйла убакыт керек. Мезгил, кырдаал болсо оперативдүү чечимдерди талап кылууда. Ошондуктан, эки өлкөнүн жетекчилери формалдуулуктан качып, жакшы коңшулуктун салты боюнча жумушчу жолугушууну тандап алышты. Анын жүрүшүндө чегара, транспорт, суу-энергетика ресурстары маселелерин чечүү багытында бир катар макулдашууларга жетишилип, эки өлкөнүн тиешелүү министрликтерине конкреттүү тапшырмалар коюлду. Бул көйгөйлүү маселелер министрликтердин жана ведомстволордун, региондордун жетекчилеринин деңгээлинде оперативдүү жана натыйжалуу чечиле баштады деген сөз .
Менимче, Тажикстан президенти бул жолугушууга абдан таамай аныктама берди. Тажикстандагы жолугушуу Бишкекте аныкталган туруктуу диалогдун уландысы экендигин белгилеп, Эмомали Рахмонов мындай деди: "Биз эки тараптуу чечүүнү талап кылган кандай гана маселе болбосун, аны талкуулоо үчүн өлкөлөрүбүздүн каалаган аймагында, анын ичинде региондорунда жолугушуу уюштуралы деп макулдашканбыз. Бүгүн ошондой жолугушуу болуп өттү".
Эки өлкөнүн мамлекеттер аралык координациялык кеңешинин түзүлүшүн да бул жолугушуунун үзүрү десек болот. Бул жөн гана формалдуу орган эмес. Буга чейин Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда ошондой Кеңеш түзүлгөн аз убакыттын ичинде конкреттүү натыйжаларды берип, турмуш өзү мындай органдын актуалдуулугун, зарылдыгын ырастап койду. Демек, бул координациялык кеңеш да натыйжалуу болот деп ойлойбуз.
Жээнбек АСЫЛКАНОВ




 

Айбандан айырмасы жок
17-май күнү Бишкек шаарынын Ленин РИИБнин изкубарлары тарабынан Акөргө конушунун тургуну, 1983-жылы туулган Т.Ниязов колуна кишен салынып, темир тор артына отурду. Көрсө, Т.Ниязов түнкү саат үчтөрдө Фучик көчөсүндө жайгашкан №1 оорукананын жанынан 22 жаштагы И.кызы М.-ны күч колдонуп зордуктаганы белгилүү болду. Азыр алаасынын азабын тарткан аңги кылган ишин мойну менен тартып, өкүнүп отурган кез.
Ууру узабады
Өткөн жылы Бишкек шаарындагы Акбосого жаңы конушунда жайгашкан №81 орто мектептен 40 миң сом акча белгисиз адамдар тарабынан уурдалган эле. Үстүбүздөгү жылдын 17-майында аталган жаңы конуштун тургуну А.Бакытаев милиция кызматкерлери тарабынан колго түштү. Көрсө, мектептен жоголгон акчаны А.Бакытаев жымырып алып, ушул кезге чейин билмексен болуп жүргөн экен.
Атанын каргышы ургур
Ысыккөл районундагы Ананьев айылынын 1956-жылы туулган тургуну Т.Дуулатов 17-май күнү саат 23төр чамасында денесинен алган оор жаракаттан улам ооруканага жеткирилген. Бирок, көп өтпөй ооруканадан көз жумган. Жабырлануучунун өлүмүнө себепкер анын 1978-жылы туулган уулу К.Дуулатов болуп чыкты. Ата-баланын ортосунда чыккан чырдын аягы ушинтип аяктаган. Азыр тергөө иштери башталды.
Өз жанын өзү кыйган
1989-жылы туулган Н.Тур-усбеков Балыкчы-Чолпоната-Каракол автожолунан "БМВ" жеңил машинеси менен 17-майда түнкү саат 23тө кетип баратып, рулду башкаралбай кырсыкка учураган. Машине талкаланып, керектен чыгып, ал эми айдоочу аман калган. Бирок, машине 1973-жылы туулган Ж.Токтомушевге тиешелүү болгон. Окуя болгондон кийин Н.Турусбеков мойнуна сыйыртмак салып, өз жанын кыйган. Эмне себептен өмүрүн кыйганы такталууда.
Жол боюндагы ажал
16-май күнү саат 18дер чамасында Бишкек шаарынын Космонавт көчөсүндө бейкапар ойноп жүргөн алты жашар И.Мирзажановду О 9769 С номурлуу "ЗИЛ" автомашинасы койдуруп кеткен. Автомашинанын айдоочусу Жапалак айылынын 20 жаштагы тургуну Д.Шаванов болуп чыкты. Жабырлануучу ооруканага жетпей көз жумган.
Даярдаган
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan