Коомдук-саясый гезит
№37, 20.05.08-ж.

Меймансап
Форум




  Эти Канаданыкы, сөөгү кыргыздыкы

Геология жана минералдык ресурстар мамагенттигинин лицензия бөлүмүнүн башчысы
Сагындык Обомбаев Кумтөрдүн тегерегиндеги абал боюнча кабарчыбыздын суроолоруна жооп берди.
"Камеко" башкарууну өлүп баратса да колдон чыгарбайт
- Сагындык мырза, миллиондогон доллар пайда берчү кенбайлыктарды казууга берилген лицензия наркы эмне үчүн 300 сом?
- Кептин бардыгы мыйзамга такалганында. Мыйзам концепциясы боюнча инвесторлор үчүн бардык тоскоолдуктарды алып салуу керек болчу. Бакиев премьер-министр кезинде ушундай кадамга барганбыз. Мурда лицензия 5-6 миң сомдон эле. 300 сомго токтогонубуз үч минималдуу айлыктын көлөмүнөн чыккан.
- Кыргыздын алтын кен байлыктары Лондондо листинг менен сатылып жатканынан кабарыңыз барбы?
- Акаев учурунда кен байлыктарды иштетүүдө тоскоолдуктарды алып салуу максатында бардыгын ачыкка чыгарган. Мурда геологиялык документтер жашыруун сыр деп эсептелчү. Азыр каалаган киши биздин фондго кирип, бардык маалыматты билип, жазып алууга укугу бар. Мамлекеттик сыр болуудан калды. Азыр бүт дүйнөдө жаратылыш ресурстарына талап күч. Өнүккөн өлкөлөр алсыз өлкөлөрдүн кен байлыктарын гана өздөштүрүүгө аракеттенишүүдө. Өз жериндеги кенди кийинки муунга калтырабыз деген ойдо. Дүйнө окумуштуулары кайсы өлкөнүн аймагында кен байлык көп калса, кийин ошолор бийлейт дешет. Анткени кен байлыктардын орду миллион жылда да толбойт. Латынамерикалык бир президент: "Чет элдиктер кен байлыктарды иштетүүдөн ордуна чоң аңдарды гана калтырышты, а эл кандай шартта болсо, ошондой кала берди" деген. Мен ушуга байланыштуу мыйзам долбоорун жазгам. Кенбайлыктар кандай сатылып жатканын көрүп атабыз. Кен чыккан жердин өзү сатылбайт. Сата турган адам маалымат топтоп, лицензия алган ишканадагы өзүнүн үлүшүн сатат, буга мыйзам жол берет. Ушундай жол менен сатылгандар көп, муну "тихая спекуляция" деп коет экен. Себеби, бекер алынган маалыматтар ошонүчүн сатылууда. Көп эле учурда бир эле акция кайра-кайра сатылган учурлар кездешет. Лондондо ишканалардын акциялары гана сатылышы мүмкүн. Учредителдик үлүштөрдү сатуу азыр аябай алдыга кетти. Биз эчнерсе кылалбайбыз. Биз үчүн ишкана лицензиялык келишимдеги милдеттерди аткарганы гана олжо. Мындан мамлекеттин мурда кен чыккан жерлерди чалгындоого, изилдөөгө кеткен чыгымдарды кайтара албаганы менен уттуруп атат. Себеби маалыматтын баары бекер болуп атпайбы. Мен кендин лицензиясын аукционго сатууга койгондо, мамлекет аны чалгындоого короткон каражаттын бүгүнкү баасын старттык баа кылууну сунуштагам. Мисалы, азыр бир метр жерди бургулоо 120 доллар турат. Маалыматты товар деп таанып, лицензия алынган кендин гектарына жараша жыл сайын көбөйүп турган төлөмдү киргизүү да сунушталган. "Жер казынасы жөнүндө" мыйзам 1992-жылы кабыл алынган, 1997-жылы жана 2003-жылы толуктоолор, өзгөрүүлөр кирип, азыр ушу мыйзам иштөөдө. Азыр өкмөт жаңы мыйзам долбоорун жөнөттү. Аны менен тааныштыгым жок. Негизи идеалдуу мыйзам кабыл алуу кыйын, бирок кенге кеткен чыгымды кайтаруу жана лицензиялык аянтка жыл сайын көбөйө турган төлөмдөрдү киргизүү зарыл. Ушул экөө киргизилип, кийин иштесе мамлекетке жетиштүү. А тыяк-быякта сатылгандар мындан ары деле боло берет. Себеби дүйнөдө геологиялык чалгындоолорду бирөө жүргүзүп, кийин аны кен каза тургандарга сатып жиберген фактылар көп эле кездешет. Ушундай болорун бизге эларалык эксперттер мурда эле айтышкан. Бирок ошолорду убагында оңдоого аракет болгон жок да. Мисалы, былтыр Чаткалдагы Курутегерек алтын кенин иштетүүгө лицензиясы бар ишкананын акциясы 7 млн. долларга сатылды.
- Кимдир бирөөлөр Лондондо отуруп алып эле биздин кен байлыктардын акцияларын бири-бирине сатып байып жатышса, мындан Кыргызстанга пайда түшпөсө, бу кандай? Ушуну мамлекеттин казынасына бурууга эмне үчүн болбойт?
- Бул маселеде мамлекеттин, инвесторлордун кызыкчылыктары кагылышат. Мисалы, казактар лицензияны биздей эле берет, бирок ал сот аркылуу гана жокко чыгарылат. Биз лицензияны өзүбүз берип эле, кайра өзүбүз жокко чыгарып коебуз. Казактарда эгер ишкана жакшы иштей албаса, анын кетирген чыгымын ошо кенди ала турган башка ишкананын эсебинен өндүрүп берет, берки ишкана ишти кайра баштайт. Мында акча мамлекет казынасына түшүп атат, бизде болсо акча жеке ишканаларга түшүп атат. Он беш жылдан бери Кумтөрдөн башка бир да кен иштетилелек, жакын арада иштетилери да күмөн. Бизде мисалы, бир ишкана кенге лицензия алып, баштапкы иштерин жасашат, ошол учурда башка бирөө келип, ага жаккан сумманы сунуш кылса, тиги акция үлүшүн сатып жиберет. Азыр башка чет өлкөлүк инвесторлордун бардыгы бизден кетти, кытайлар эле калды, алар кетишпейт да. Угушума караганда, кытайлыктар башка мамлекеттин кен байлыгын иштетип атам деген документтерин өкмөтүнө көргөзсө, өкмөт аларга пайызы жок ссуда берет экен.
- "Камеко" компаниясы Кумтөрдүн алтынын 716 тонна деген макулдашууга кол койгондон башка кен изилдөөгө аракет кылган жок. Силердин агентчилик эмне үчүн ушуну талап кылбайт?
- Бул жөнүндө ошо макулдашууда да жазылган. Жер алдындагы алтынды алар чалгындап, бекемдеп, эчак эле бүтүрүш керек эле. Биринчи макулдашууда "Кумтөр Голд Компаниде" 600 акция болуп, анын 400ү Кыргызстандыкы, 200ү "Камеконуку" болчу. Кийин "Центерра" деп айлантып отуруп, бүгүн биздин 17 пайыз акциябыз калды дешет. Мунун максаты эмнеде болгон? Ошо макулдашууда түшкөн кирешени бөлүшөбүз деп жазылган. Тигилер кийин киреше киргизген жок. Себеби, продукциянын наркын өтө кымбат көрсөтүүнүн негизинде кирешени жашырып коюшту. Кен чалгындоону улантуу боюнча көп жолу маселе коюлган. Алар өкмөттүн токтому менен чалгындоолорду артка жылдырып келишкен.
- 2003-жылы "Центерра" деген афера эмнеден чыккан?
- Канадалыктар ушуга барууга аргасыз болгон. Себеби, 2005-жылы Кумтөрдү башкаруу Кыргызстанга өтмөк. Эгер бизге өткөндө "ой, көп нерселердин наркын өтө жогору көрсөтүп, ошонүчүн киреше кылган эмес турбайсыңбы" деп айтмакпыз. Мындан башка да далай былык чыкмак. Ошонүчүн алар бизге башкарууну бергиси келген жок. Азыр деле алтындын өз наркы канча экенин эчким билбейт. Кумтөргө көп тийишпейли, "Камеко" таарынып кетип калса, эл ишсиз калат деген сунуш жок жерден чыкпаса керек.
- Алар эларалык сотко берсе, биз утушубуз мүмкүнбү?
- Беришсе биз утарыбызга ишенем. Анткени президент, премьер-министр качып кетсе, кийинки макулдашуу ратификация болбосо, көптөгөн коррупциялык элементтер турса, соттон эмнеге коркобуз?
- Орозбек Дүйшеев "эларалык соттон утулабыз" деп "Центерраны" коргоп кыйкырып чыкпадыбы?
- Алар адегенде каршы чыгышып, анан "Камеко" менен өз ара сүйлөшүп алгандан кийин эле 180 градуска бурулуп кетишет. Мен Дүйшеевдин өзүнө да айткам. Негизи бул маселе аябай чаташып турат. Танаев деле муну өзү жасабаса керек. Акаевдин командасы жасаган. Башкы макулдашууну өзгөртүүдөгү коррупциялык көрүнүштөр боюнча деп, биз өзүбүз эларалык сотко кайрылсак да болот. Мында Кыргызстандын бүт элинин кызыкчылыгы тебеленип атса, "Кумтөрдө иштеген 1500 адам менен алар баккан 150 миң адамдын эчтекеси жок калат, бул саясый толкундоолорго алып келет, ошонүчүн Кумтөргө тийишпейли" дегендер чыгып атат. Кыргызстандын үлүшү өтө аз, ошону сүйлөшүү жолу менен көбөйтөлү дешсе, тигилер "минтип тийише берсеңер, ишти жаап чыгып кетебиз" дешет экен. Жакшы киреше алып аткан жерден капиталисттердин чыгып кетерине мен ишенбейм. Аларда юристтер, аналитиктер аябай жакшы иштешет. Алар биздин элдин, чиновниктердин психологиясын жакшы өздөштүрүшкөн. Ысыккөлдүн кээ бир айылдарына ай сайын каражат бөлүп турат дешет, тынч тургула деп. Айыл эли болсо ушундан кийин "Камекону" коргоп чыгууга даяр турушат. Ошонүчүн эл да бирдей эмес. Эртеңки куйруктан бүгүнкү өпкөнү артык көргөндөр бар. Бул маселе кантип чечилет, белгисиз.
Аскер САКЫБАЕВА




  Өпөң-чычаң

Бакыт Бешимов, ЖК депутаты:
"Ажылдаган итке каптырбаш керек"
15-майдагы ЖК сессиясында спикер А.Мадумаров Б.Бешимовдун гезитке берген маеги үчүн парламент легитимсиз болсо мында эмне олтурасың, кетпейсиңби таризинде жооп кылды. Анда Б.Бешимов унчукпады. Эмне себептен экенин өз оозунан угалы.

- Адахан Кимсанбаевич менин гезитке берген маегиме жооп берди. Жообу ачууга алдырып, өтө эмоционалдуу чыкты. Ал мен козгогон маселенин мазмунуна маани бербей, керт башыма асылды. Парламенттин ишинин сапаты төрагага жана фракциянын жетекчилерине байланыштуу. Биз башында парламенттин спикери бир да фракцияга байланбаш керек, ага көзкаранды болбош керек деп айттык эле. Тилекке каршы мындай болбоду. Көпчүлүк акжолчулар колдоп беришти. Биз ар дайым мыйзамдардын санына карап, парламенттин ишине баа берип жүрөбүз. Бул туура эмес, укуктук мамлекет куралы десек, сапатына карашыбыз керек. Бизде мыйзамдар шашылыш кабыл алынып жатат. Мен шашылыш мыйзам кабыл албайлы деп Адахан мырзанын өзүнө да айтканмын. Бирок бул кишинин бир ыкмасы бар, чийки да болсо эптеп эле түртүп жиберүү. Вице-президент кезинде да, мамлекеттик катчы катары да ушундай эле. Билим берүү министрлиги өткөргөн коллегияда буларды мен элдин көзүнчө да айтканмын. Билим берүү тармагында реформа жасайм деп акыры чыр-чатак менен бүттү.
Мен да парламентти легитимсиз деген ойдомун. Ал киши айтып атат, ушундай ойлосоң, парламентте неге олтурасың деп. Бизде 95-жылдан бери шайлоолор мыйзам бузуу жолу менен өтүп келе жатат. Бул оорудан биз алиге чейин айыга элекпиз. Ошондуктан мен бул маселени принципиалдуу түрдө көтөрүп жатам. Ал эми Адахан мырза "айлык алып, жеңилдиктерди пайдаланып жатасың" дейт. Мен кайсы жеңилдикти пайдаланып жатам? Биз бул жерге А.Мадумаровдун каалоосу менен эмес, партиялаштардын өтүнүчү менен олтурабыз. Ал "Акжол" партиясы менен сүйлөшкөндө ошондой мамиле жасасын. Мен ал жерде сөз талашкан жокмун. Илгертеден бир нерсени билем: маданиятсыз, өтө орой адамдан сөз талашпайм. Адахан Мадумаровдун ким экенин жакшы билем. Мени өкүндүргөнү, ошондой жогорку жерде олтуруп өзүн өтө маданиятсыз кармайт. Бир эле биз менен эмес, өзүнүн акжолчулары менен да урушуп-талашып тиштешкенге чейин барды. Ажылдаган итке карап туруп каптырбаганга аракет кылыш керек. Ал эми ажылдаса ажылдай берсин.
Келдибек НАЗИРОВ













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan